01.10.10 "Айдоо жердин кыртышын
жана жайыттын
асылдуулугун арттыруу"
Жайыт департаментинин директору Абдымалик Эгембердиев:

"Туура багыт берели"
Республикабызда жер жана агрардык реформа жүргөндөн кийин бардык жерлер жеке менчикке өткөндө биздин жайыттар кандайдыр бир ээсиз калып, кошумча проблемалар пайда болду. Ошол жайыттарды пайдаланууну иретке келтириш үчүн 2002-жылы Өкмөттүн атайын токтому кабыл алынып, ошонун негизинде пайдаланып жүрдүк.

Анда үч баскычтуу башкаруу кирген. Айыл четиндегиси айыл өкмөтүнө, ортоңкусу райондук администрацияга, алыскысы облуска караган. Үч кожоюн болуп, кайсыл жайыт кимге кандай берилгенине көзөмөл,
жоопкерчилик жүргүзүлбөй калган. Жана Амангелди Мурсадыкович "бирөө 500 гектар жерди алып, өзү каалагандай пайдаланып келди" деп айтты го. Мындай көрүнүштөр көп болду. Мисалы, Нарында, Ысык-Көлдүн сырттарында, башка жерлерде миңдеген гектар
жайытты алгандар, аны жеке менчиктей башкаларга ижарага берип пайдалангандар болду. Кийинки 20-25 жылда жайытты жакшыртуу боюнча эч ким иштеген жок десе да болот.
1990-жылы биздин мекеме аркылуу жайыттарга 179 миң тонна минералдык жер семирткич чачылган экен. Азыр бул өлчөмдөгү жер семирткич жалпы республика боюнча жок. Ошол акыркы мезгилде биздин мекеменин бюджети 18 миллион рубль болгон экен. Ошол кезде доллардын курсу менен алганда жылына 20 миллион доллар жайытты жакшыртууга, инфраструктурасын кармоого каржыланчу экен. Эми азыр ал каражатты учурдагыга салыштырып айткандан тартынасың. Ошентип олтуруп жайытты туура эмес пайдалангандыгыбыздан, улам бир жерге малды чыгара берип жайыттар ар түрдүү деңгээлдеги 70 пайыз бузулууга учураган. Бул тышкы таасирден эмес, жайыт пайдалануучулардын туура эмес мамилелеринен болду.
Экинчиден, жол, транспорт маселелери чечилбегендиктен алыскы жайыттар пайдаланылбай, өзгөчө жакынкы жайыттар колдонулуп бузулууга көп учурады. Анын үстүнө жайыттарга минералдык жер семирткич чачып асылдандыруу, көпүрө куруу, жолун оңдоо, суу чыгаруу деген маселелер такыр чечилбей калган. Бул кырдаалдан кантип чыгуу керек деген ой бардыгыбызды эле ойлондурган. Ошол максатта Дүйнөлүк банктын жардамы менен Кыргызстандын жайыттарын башкарууну жана жакшыртууну колго алуу боюнча атайын долбоор иштеп жатат. Ошол долбоордун каржылоосу, колдоосу менен жайыттардын мыйзамы даярдалды. Аны кабыл алууда фермерлер, окумуштуулар, өкмөттүк, өкмөттүк эмес уюмдар кызуу талкуулап, жакшы ойлор, сунуштар айтылып, Өкмөт колдоп, Жогорку Кеңеш бекитип берген. Албетте, анда дагы азыр кайрадан карай турган бир топ маселелер бар. Бирок, бүгүн жайытка мамиле кылууну, жайытты жакшыртууну, башкарууну бир топ иретке келтире турган ченемдик, укуктук нормалар ал мыйзамдарда бар. Алар кайсы? Биринчи биз ошол жайыттын ээсин табууну максат кылганбыз. Ошонун негизинде мыйзамга ылайык баягы үч баскычтуу башкаруудан бүт жайыттын бардык түрлөрү жайыт пайдалануучуларга, элдин өзүнө, 448 айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитеттерине өткөрүлүп берилди.
Эми, ушундай чоң жооптуу милдетти жайыт комитеттери аткара алабы, алар эмнени жасай алат деген суроо берилиши мүмкүн.
Баары жакшы иштөөдө деген ойдон алысмын. Бирок, башкаларга үлгү боло турган, жайытты жакшыртууну колго алышкан жайыт комитеттери бар. Алардын айрымдарын мисалга келтире кетейин. Биз мал чарба жана
жайыт институту менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Оргочор, Ак-Талаадагы Терек айыл өкмөттөрүндөгү жайыт комитеттеринде эксперименталдык тилке (участка) деп бир топ жерлерди тосуп, бир жыл мал жайбай эс алдырууга жетиштик.
Эч кандай минералдык жер семирткич, башка кошумча каражат жумшалбады. Ошол жердин 20-30 пайызга чейин чөбүнүн өсүүсү, сапаты жакшырды. Ошон үчүн жанагы жайыт комитеттеринин эң негизги милдеттери жайыттарды пайдаланууну пландаштыруу. Беш жылга чейин күзгү, жазгы, жайкы, кышкы жайыттарды кайсыл мезгилдерде колдонуунун мөөнөттөрүн иштеп чыгуулары керек. Эң башкы кемчилигибиз жайыттагы чөптү малга тамырына чейин жедирип, такыр кылып жараксыз абалга жеткиргендигибиз.
Азыр жайытты өз учурунда которуштуруп сарамжалдуу пайдаланууну колго ала баштадык. Сокулук районундагы Ново Павловка айылындагы жайыт комитети өздөрүнө түшкөн каражаттын эсебинен азыраактан болсо да жайытты кезектештирип эс алдыралык деп жатышат. Бул дагы жайыт комитеттеринин жайытты жакшыртуу аракеттеринин бири.
Кечээ эле мага телефон чалып, Лейлек районундагы Тогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинен кабарлашты. Быйылкы жылы жайыттардан түшкөн каражаттан алыскы жайлоолорго барчу 4 көпүрөнү, 5 чакырым жолду оңдошуптур. Башка жайыт комитеттери дагы мындай иштерди жүргүзүшсө жакшы болот эле.
Суусамыр өрөөнүндө ПРООНдун чоң долбоору иштөөдө. Республика боюнча 300 миң гектарга чейин караган, алтыгана өсүп каптап кеткен. Ал биринчиден жайытты азай-
тууда экинчиден, козу, улактар кирип кетсе чыга албай өлүп калган учурлар болуп жатыптыр. Ошону долбоордун колдоосунда жок кылганы жатабыз. Быйыл Суусамыр жайлоосунун 25 гектарына дары сээп жок кылууну баштадык. Натыйжа берсе эмдиги жылы да көбөйтүп улантабыз. Муну айтканым, жайыт комитеттерине туура багыт берсек, алар улуттук байлыгыбыз болгон жайыттарыбызды туура пайдаланууну колго алышат. Ошондо гана урпактарыбызга сыймыгыбыз болгон керемет жайлоолорубузду жакшы деңгээлде калтыра алабыз.

Даярдаган Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу",
Сүрөттөрү Кымбатбек МУСАЕВдики




  Мамдирекция маалымдайт

Жабыр тарткан ишкерлерге көмөк көрсөтүлөт
Кечээ КРнын вице-премьер-министри, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев республиканын түштүк аймагындагы июнь окуяларында жабыркаган ишкерлер менен жолугушту.

Вице-премьер-министр билдиргендей, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын ишкер чөйрөсүнө катуу зыян келтирилген. "Ал зыян сиздердин гана кызыкчылыгыңыздарга каршы келбестен, бүткүл өлкөгө оорчулук келтирүүдө. Жабыркаган ишкерлерге өкмөт тарабынан өзгөчө көңүл бурулат жана кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет жасалат", - деди ал.
Башкы директор өкүнүү менен белгилегендей, өкмөт жабыркагандарга кеч көңүл бөлө баштаган. "Бул биринчи кезекте суук түшкөнгө дейре жабыркаган турак-жайларды куруп, калыбына келтирүүгө болгон аракеттен улам болду. Учурда үй-жайсыз калгандар өткөөл турак-жай менен камсыз боло баштады, - деди Ж.Сатыбалдиев. - Эми өкмөт ишкерлерге көңүл бура баштамакчы. Буга байланыштуу аталган аймактагы массалык баш аламандыктар учурунда келтирилген зыянды аныктоо боюнча түзүлгөн комиссия жабыркаган ишкерлерден документтерди кабыл ала баштады".
Өз кезегинде ишкерлер республика өкмөтүнүн дарегине аларга салкын мамиле жасагандыгы үчүн кескин сын айтып, өлкө жетекчилигин жардам берүүнү тездетүүгө жана келтирилген зыянды калыстык менен баа-
лоого, ошондой эле ишкерликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана анын коопсуздугун камсыздоого үндөдү.
М.АЛАГУШЕВ




Элибиз нан менен толук камсыздалат
Жакынкы 10-15 күндө республика боюнча оруп-жыюу иши толук аяктайт. Учурда Баткен, Чүй облусунда оруп-жыюу иши аяктап, Ош жана Жалал-Абад облусунда 90-95 пайызга бүткөрүлдү. Демек, Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бул туурасында КРнын вице-премьер-министри Александр Костюк билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы республика боюнча 870-890 миң тонна буудай жыйналаары күтүлүүдө. Мындан тышкары Казакстандан, Россиядан ташылып келе турган жана былтыркы жылдан калган буудайдын эсебинен жетиштүү көлөмдө дан бар жана калк азык-түлүк буудайы, нан менен толук камсыз болот. Мындан тышкары азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон негизги азык-түлүктөр -өсүмдүк майы, эт, сүт зарыл көлөмдө камсыздалат.
Вице-премьер-министр Казакстандан 150 миң тонна буудайды ташып келүүгө квота бар экендигин, ошондой эле жергиликтүү дыйкандардан 40 миң тонна буудай сатылып алынаарын кошумчалады. Мамлекеттик материалдык резерв фонду үчүн буудай дыйкандардан килограммы 10 сомдон сатылып алынууда.
А.Костюк буудай жана ундун баасын туруктуу кармап туруу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар өз натыйжасын берип жаткандыгын белгиледи. Быйылкы жылы Кыргызстанда 870-890 миң тонна буудай жыйнала тургандыгы күтүлүүдө. Мындан тышкары коңшу Казакстандан жана Россиядан буудай ташылып келет. Жалпысынан республиканын буудайды керектөөсү 1,2 миллион тоннаны түзөт.




1-октябрь - улгайган адамдардын эл аралык күнү
Ырыска шерик карылар
Карыялардын бул күнүн салтанаттуу тосуу көп жылдан бери жакшы салтка айланган. Бишкек шаарынын Свердлов районунун жетекчилиги карыялар күнүн жылдагыдай эле шаанилүү майрам катары белгиледи.

"Шерине" кафесинде өткөн бул кечеге райондун администрация башчысы-акими Айнагүл Чылабаева айым өзү катышып, карыя-байбичелерди улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
- Сиздер биз үчүн эң кымбат адамсыздар, - деди ал. - Өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө ак эмгегиңиздер менен күрдөөлдүү салым кошкон, өмүрүңүздөр өрнөк болгон ардагерсиздер. Биз ар убакта сиздер үчүн кызмат кылабыз. Сиздер бактылуу жашоого, кутмандуу карылыктын убайын көрүүгө татыктуусуздар.
Карыялардын атынан убагында борбордогу камволдук-нооту комбинатында иштеген ордендүү эмгек ардагери, Жогорку Советтин депутаты Турсунбүбү Нурманбетова, республикага эмгек сиңирген геолог, персоналдык пенсионер Асанкары Сагындыков ыраазылык сөздөрүн айтышты.
Кечеде карыяларга белектер жана сый тамак берилди. "Ардагер" жана "Кызыл гвоздика" ансамблинин өнөрпоздорунун ыр-күүлөрү тартууланды. Анда айрыкча Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 83 жаштагы Валентина Короткова гитаранын коштоосунда орус жана кыргыз тилинде ырдап, "Лезгинканы" бийлеп, көрүүчүлөрдү ыраазы кылды.
Бекбай АЛЫКУЛОВ, "Кыргыз Туусу"




Ынтымак бар жерде ырыс бар
Бүгүн кадырлуу карыяларыбыздын урматы үчүн жер-жерлерде атайын иш-чаралар өткөрүлөт.
1-октябрь - Карылардын майрамын өлкөбүздөгү ар бир улуттун өкүлдөрү белгилей алышары айкын. Кыргызстан калкынын ассамблеясы даталуу күндөрдө ага кирген улуттардын башын бириктирип, жакшылыктарды, майрамдарды бирге өткөрүүгө шарт түзүп берип келет. Кечээ, Кыргызстандагы казак
боордошторубуз ККАнын имаратынын алдында, ак дасторкондорун жайышып, карылар күнүн белгилешти. Чакан майрамдык салтанатты "Алаш" коомдук бирикмеси менен Кыргыз Республикасындагы казак "Отан" маданий борбору биргеликте уюштуруп, алар ардактуу эс алууда жүргөн карыялардын көңүлүн улап, баталарын алууга үлгүрүштү. "Биздей кары адамдарга көңүл эле керек. Жай отуруп, жан эргиткен жакшы сөздөрдөн айтышып, көңүлдөрүбүздү жубатып кетүүдөн башка жакшы нерсе жок", - дейт аземге келген белгилүү ырчы Аманбек Нуртазин ага. Эмесе бар болуңуздар, улуу урматтуу кадырман карыялар!
А.АКИМБАЕВА