Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 2
  Түз байланыш

"Ак шумкар" саясий партиясынын лидери
Темир САРИЕВ:
"Өнүгүүгө жети кадам" - экономиканы өркүндөтүүнүн өбөлгөсү"
Абдулла ИНАЯТОВ,
Ош облусу, Кара-Суу району:
- Темир Аргенбаевич, шайлоого аттанган партия лидерлери дыйкандарга мынча пайыздык кредит беребиз деп убада берип жатышат. "Ак шумкар" партиясы парламентке келсе дыйкандарга жер иштетүүгө канча пайыз кредит берүүнү колдойт? Алган кредитин убагында төлөй албай калып, күрөөгө койгон үйүн банкка алдыргандар өткөндө Бишкекке барып плакат көтөрүп турушту го...
- "Ак шумкар" партиясынын агрардык секторду өнүктүрүү боюнча атайын программасы бар. Сиздер билгендей, элибиздин 65 пайыздан ашыгы айыл жергесинде жашайт. Дүң продукциясынын 30 пайызга жакыны ошол айыл чарба продукцияларынан түзүлөт. Биздин программада сиз айткан маселеге каражатты кайсы булактардан табуунун жолдору да так көрсөтүлгөн. Биринчиден, "Айыл банкы" жана микрокредиттик кампаниялар аркылуу кредиттерди узак мөөнөткө берүүнүн жолун таптык. Ал 5тен 10 пайызга чейин берилип, мөөнөтү үч жылдан жогору болушу кажет. Экинчиден, мамлекеттин эсебинен жыл сайын 1000ге жакын трактор, 100гө жакын комбайн алып келип, дыйкандарга лизингке берип, ирилешкен машина-трактордук станцияларды куруу керек.
Тактап айтканда союз мезгилиндегидей тейлөөнүн борборуна айланган МТСтерди кайра калыбына келтирүүгө мезгил жетти. Үчүнчүдөн, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча программабыз бар. Кыргызстанда кичи шаарларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Ага биз 20 кичи шаарды тандап алдык. Кайра иштетүү ишканалары да ошол кичи шаарлардан орун алса, иш орундары менен камсыз кы-лууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Программабыздагы ар бир сунуштун аткарылуучу конкреттүү булактары аныкталды.
Акыркы жылдары сапаттуу сорттогу үрөн өндүрүү чарбалары, асыл тукумдуу мал фермалары биротоло каралбай калды, жоюлду, тонолду. Ар бир айыл өкмөтүндө мамлекеттин эсебинен айлык маяна алган ветеринар иштебесе болбойт. Анын маянасына көп каражат деле кетпейт. Малды өз учурунда сапаттуу эмдеп туруу зарылчылыгы өсүп жетти.
Эми сиз айткандай, банктар кредитти абдан чоң пайыз менен берип жатканы түйшүктөрдү жаратууда. Карайлаган эл алууга аргасыз болуп, жашап турган үйлөрүнөн ажырагандары бар. Бирок, ошол эле учурда элге арзан кредит берүүнүн жолдору да жок эмес. Дегеле кредитти алгандан кийин аны өз убагында төлөбөсө иш опурталдуу жакка айланып кетиши рыноктун катаал шартында болуп турчу көрүнүш.
Жумгалбек ТОКОЕВ,
Каракөл шаары,
гидроэнергетик:
- Бизде иштеген мыкты энергетиктер, гидрокурулушчулар чет өлкөлөргө кетип калышты. Алардын эмгек акысы көтөрүлсө кесипкөй адистерибиз кайра кайтып келишмек. Эмгек акыны көтөрүү боюнча убадалар көп, натыйжа аз болуп жатат.
- Ооба, туура айтасыз. Союз мезгилинде "Нарынгидростройдун" союзга аты чыгып турган. Абдан уникалдуу гидрокуруучулар Токтогул суу сактагычынын плотинасын курушту. Бийик тоолуу жерлерге беш ири ГЭСтин курулушу да союз мезгилинде ишке ашып, анда өтө тажрыйбалуу, билимдүү адистер эмгектенишкен. Эми Камбар-Ата - 1 ГЭСин салып алсак, Нарын суусун өзүбүз үчүн да, кошуна мамлекеттер үчүн да пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Эгерде, Камбар-Ата - 1 ГЭСи салынып, Камбар-Ата-2 ГЭСи күчтүү иштесе биз орточо 12 млрд. кв.саатка чейин кошумча электр кубаттуулугуна ээ болобуз. Андан тышкары 25 млрд. кубометр сууну топтоого, аны көзөмөлдөп, коё берүүгө, тескөөгө өтөбүз. Бул өлкө үчүн теңдешсиз байлык. Анткени Кыргызстанда бир жылда 50 млрд. кубометрге жакын суу агып чыгат. Ошонун 25 млрд.ка жакынын топтоп, тескөөгө алсак чоң жетишкендик. Себеби, жыл өткөн сайын элдин саны көбөйүүдө. Андыктан сууга болгон муктаждык өсүүнүн үстүндө гана болору анык. Мына ошондуктан жогорудагы курулуштарга, аларды бүткөрүп иштетүүгө керектүү адистер керек. Тажрыйбалуу кадрларга болгон муктаждык да өсөт.
Буйруса, жумушчу орундары арбып, сыртка кеткен тажрыйбалуу кадрлар кайра келе баштайт. Гидроэнергетика тармагы Кыргызстанда өндүрүштүн флагманы десек болот. Жакынкы келечекте аны мындан да чоң күчкө айлан-туучу мүчкүнчүлүктөрүбүз бар. Бүгүнкү күндө гидроресурстарыбыздын күчү менен 150 млрд. кв. саатка чейин электр энергиясын алууга болот. Мындан ары аны өркүндөтүү менен келечекте гидроэнергетиканын арзан, кайра калыптануучу булактарын таба алабыз. Дүйнө жүзүндө мына ушул кайра калыптандыруучу булактарды табуу керек деген талап күчөп жатат. Ал эми өлкөбүздө кайра калыптандыруучу булактардын бирден бири - гидроэнергетика. Андыктан адистердин маяналарын көтөрүү да эртеңки эмес, бүгүнкү күндүн талабы.

КАНАТБЕК,
Бишкек шаары, Биринчи май району, Кызыл-Аскер аймагы:
- Темир Аргенбаевич, биз, бир топ жашоочулар чогулуп, сизге телефон чалып жатабыз. Ушул маселени көп жетекчилерге жеткирдик, бирок көйгөй чечиле элек. Ден Сяопин менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмө жерде эртең менен, кечкисин абдан тыгын болгондуктан, жумушка кечигүүдөбүз. Унаалардын тыгынын болтурбоо үчүн ылдыйкы Жибек-Жолу проспектисин Профсоюз көчөсүнө улап, трасса салынат деген шаардын генпланында бар экен. Биздин пикирибизче "Ак шумкар" партиясы сөзсүз парламентке барат. Депутат болуп калсаңыз республикалык бюджетти караганда ошол трассаны салууга каражат бөлүүнү колдосоңуз. Себеби, сиз депутаттыкка барсаңыз парламенттеги Экономика жана бюджет комитетин жетектейт болушуңуз керек. Болбоду дегенде ошонун мүчөсү болосуз. Ошол учурда биздин маселени көтөрсөңүз.
- Сиздер туура маселени көтөрүп жатасыздар. Жыл өткөн сайын машинелер көбөйүп, шаардын көчөлөрүндө жүрүү кыйынчылыгы жаралууда. Бул чоң шаарлардын негизги проблемасы. Туура, Фучиктеги чоң шакекчени эки деңгээлдеги жол кылуубуз керек. Азыр, тилекке каршы, Бишкектен батышка чыга турган бир эле жол ошол болуп калды. Үстүдөгү Лев Толстой көчөсү Сыдыгалиев көчөсүнө чыгып, бирок айланып келип эле Ден Сяопинге кошулууда. Ошону үчүн алтернативдүү жол катары Жибек Жолун са-лууга мезгил жетти. Дегеле ар бир чоң шаарларда айлампа жолдор бар. Сиздер айткан маселени башка шаардыктар да айтып жатышат. Аракет кылабыз.

Анара СТАМКУЛОВА,
Бишкек шаары:
- Темир Аргенбаевич, бизде бир эмес эки революция өтүп, талап-тоноолор менен коштолду. Атамекендик ишкерлер чет өлкөгө бизнестерин чыгарып кетишүүдө. Ал эми сырткы инвесторлор биротоло эле токтоп калган жокпу? Буларсыз эртеңки экономиканын тагдыры кандай болот? Бизнестин көзүн жакшы билген адам катары пикириңизди айтсаңыз?
- Рахмат Анара, сиз жакшы суроо берип жатасыз. Биздин "Өнүгүүгө 7 кадам" деген кризиске каршы программалуу документибиз иштелип чыккан. Ошондо сиз айткан маселе боюнча кыска мөөнөттүн ичинде кечиктирилгис көрүлүүчү иш чаралардын планы бар. Буйруса, 10-октябрдагы парламенттик шайлоо тынч, ойдогудай өтүп калса, айдын 20-октябрына жакын парламент толук кандуу иштеп, Өкмөттүн курамы түзүлөт. Ал эми 1-ноя-брдан баштап, алгачкы иштелүүчү иштердин бири кризиске каршы "Өнүгүүгө 7 кадам" программасы болуп саналат. Анын эң алгачкы орчундуусу - жеке менчикти сактоо, экономика саясатындагы турук-туулукка жетишүү.
Эгерде мамлекет экономиканын туруктуулугуна, менчиктин кол тийбестигине кепилдик бербесе, таланып, тонолуп, бүлүнүп кете берсе бизге тыштан инвестор келбейт. Ошону үчүн инвесторлор, ишкерлер ишене турган күчтүү экономикалык саясат жүргүзбөсөк болбойт. Мамлекет алардын менчигин коргошу зарыл. Андан тышкары салык саясатын улам өзгөртпөй, туруктуулукка жетише турган учур келди. Ошол эле мезгилде бизнес чөйрөсү мыйзамдуу, тең укуктуу атаандаштык менен өсүүгө тийиш.
Банк системасын да биз толук кандуу коргоп берүүгө милдеттүүбүз. Кыргызстанда менчикти басып алуу, тартып алуу, кайра бөлүштүрүү сыяктуу жаман өнөкөттөр орун алды. Ага кылмыштуу топтор, алар менен кошо укук коргоо органдары өздөрү да аралашып кетишти. Мындай көрүнүштөрдү күчтүү тартип, мыйзамдарды аткаруунун катуу көзөмөлү менен токтотуп, экономикалык багыттарды четинен ишке ашырышыбыз керек.
- Темир агай, экинчи суроом бар эле. Республикадагы ири экономист катары айтсаңыз, Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы канчага барып токтоду? Буга оптимисттик бир нерсе айта аласызбы?
- Мен Финансы министри болуп 7-апрелден кийин кызматка келгенде республиканын бюджетинин тартыштыгы 13,5 млрд. сом болчу. 65 млрд. сомго чейин чыгаша менен кабыл алынган. Андан кийин биздин бюджеттин тартыштыгы дагы өстү. Буга бир нече жагдайлар түрткү болду. Биринчиси, сатылып кеткен "Кыргызтелеком", "Түндүк-электр", "Чыгышэлектр" тармактарын мамлекеттин эсебине кайрып алдык. Андан түшө турган 2 млрд. сомдун тегерегиндеги каражат бюджетке кирип калган. Ал автоматтык түрдө тартыштыкка кирди. Андан тышкары революциядан кийин биз электр тарифтерин 1 сом 50 тыйындан 70 тыйынга түшүрдүк.
Тариф кымбаттатылганда пенсионерлер менен бюджетте иштегендерге 150 сомдон 300 сомго чейин жеңилдиктер берилген. Биз ал жеңилдиктерди алып салбай ошол бойдон калтырдык. Булар чогулуп 1,5 млрд. сомду түздү. Ага кошумча болуп 42 күн чегаралар жабык тургандыгына байланыштуу бир топ ишканалардын иши үзгүлтүккө учурады. Андан биз 3 млрд. сомго жакын салык албай калабыз деген божомолдор бар болчу. Ушулардын баарын бириктирип келгенде республикалык бюджет 18 млрд. сомго жакын тартыштыкка жеткен.
Республиканын түштүгүндөгү кандуу окуялардын кесепетинен талкаланган жайларды кайра калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик дирекция түзүп, ага 100 млн. доллар карадык. Ал дагы бюджеттин эсебинен каржыланат. Ошонун баарын кошкондо бүгүнкү күндө 22 млрд. сомдун тегерегиндеги бюджеттин тартыштыгы бар. Бирок, ушунун баарына карабай, буйруса шайлоо тынч өтүп кетсе, аларды жаба турган булактар да жок эмес. Анын ичинен 300 млн. дон ашык долларга чейинки эң ири көлөмдүү булагын Дүйнөлүк банк, Бүткүл дүйнөлүк валюта фондусу, Азия өнүктүрүү банкы берет. Мына ушуларды алып, бюджеттин тартыштыгын жаап, андан кийин карыжылана турган статьяларды каржылаганга мүмкүнчүлүк алабыз.
АЙЗАТ, Бишкек шаары:
- "Ак шумкар" партиясы парламентке көпчүлүк добуш менен келип, мүчөлөрү бийлик бутактарына барып калса, университетти бүтүп, жумушсуз жүргөн жаштарга жумуш орундары менен камсыз кылууга багытталган программаңыздар барбы?
- Ооба, менин көп жылдык ишмердүүлүгүм экономика тармагына тийиштүү. Өлкө кыйын кырдаалга туш болгон апрель окуяларынан кийин да Убактылуу өкмөттүн төрайымынын аталган тармак боюнча орун басары, Финансы министри болуп иштедим. "Ак шумкар" саясий партиясынын Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча күчтүү программасы, ага кошумча өлкөнүн экономикасын бүгүнкү кризистен чыгарууга багытталган "Өнүгүүгө 7 кадам" аттуу план-программасы да бар. Агрардык секторду, андан тышкары республикадагы 20 кичи шаарды өнүктүрүү сыяктуу программалары иштелип чыгып, даяр турат.
Партиябыздын планы боюнча ар бир шаарга орто эсеп менен 5000ден жумушчу орунду түзсөк болот. Мерчемделген ошол аймактардын инфратүзүмүн оңдоо; жолун, социалдык мекемелерин, коммуналдык- чарба тармактарын ж.б. калыбына келтирүүгө, жаңысын курууга мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Мына ошолордо иштөө үчүн биздин эсебибиз менен 100 000ге жакын жумушчу орундарын ачсак болот. Ал эми инфратүзүмү бардык талаптарга ылайыкталса жеке ишкерликке, бизнестин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Андай шартта байланыш системасын жакшыртууну колго алуу да оңой. Мындан тышкары "Ак шумкар" партиясынын региондорду өнүктүрүү боюнча атайын программасы бар.
- Темир агай, эгерде сиз айткандар ишке реалдуу аша турган болсо,анда жакшы экен. Түштүк облустарын айтпаганда да, ушул эле Ысык-Көл, Нарын, Талас аймактарынан Бишкекке жумуш издеп келгендер бүгүнкү күндө деле токтой элек.
- Туура айтасыз,Айзат карындашым. Эми мен сизге кичи шаарлардын кайсыларын өнүктүрүү программабызга киргиздик, ошолордун бир нечесин эле санап берейин. Мына, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Нарын, Каракөл, Балыкчы, Миң-Куш жана башкалары кирет. Элибиздин баарын Бишкек менен Ошко батыра албайбыз. Союз мезгилинен бери каралбай калган кичи шаарлардын инфратүзүмдөрүнүн баарын бара-бара калыбына келтирип, жаңыларын заманбап жашоо образына ылайыкташтырбасак болбойт.
Чакан бизнести, ишканаларды ачууга шарт түзүп, турак-жайларды курушубуз зарыл. Жумушчу орундары пайда болсо эл өзү көчүп бара баштайт. Муну экономикада мультификативдүү натыйжа деп коёт. Анан мына Кара-Балта, Токмок кичи шаарларын өнүктүрүү боюнча да пландар бар. Буйруса, ал жакта жогоруда айтылгандай шарттар түзүлөт. Тегерегиндеги айылдардын жаштары жумуш издеп түз эле Бишкекке жөнөбөй, түзүк маяна менен райондук борборлордо, кичи шаарларда иштеп калышат.
Булардын баарынан тышкары Бишкектин жанына эки спутник шаарын курушубуз керек. Ал Шопоков жана Кант кичи шаарлары. Ошондой эле Ош шаарында да ушундай эле Өзгөн жана Ноокатты спутник шаарларына айландыруу күн тартибиндеги акыркы эмес маселелерге кириши керек. Себеби, ал жакта да элдин саны өсүүдө. Ал эми чет мамлекеттердеги ири мегаполистерде иштеп, цивилдүү жашоо образын өз көзү менен көрүп келген жаш муундун өкүлдөрүнүн психологиясы ошол жактагыдай турмуш табитин талап кылып калат. Биз ага да даяр болушубуз керек.
Мигранттарды жумушчу орундары менен камсыздап, Ата Журтта алып калуунун жолун издебесек болбойт. Башкысы, бүгүнкү күндө биз дагы алдыдагы шайлоонун тынч, таза, эч бир коогалаңсыз өтүп кетишин Жараткандан тилеп турабыз. Эр азаматтардын өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок... Эгерде кыргыз жергесинде бейпилдик болсо "Ак шумкардын" программасын сиз менен биз биргеликте чогуу ишке ашырабыз.
- Рахмат, Темир Аргенбаевич, буйруса "Ак шумкарга" 10-октябрда добуш беребиз.
ГҮЛСИНА, Бишкек шаарынын тургуну:
- Темир Аргенбаевич, кабат үйлөрдө жашагандардын кабатыр суроосуна жооп берсеңиз. Газга, электр энергиясына, коммуналдык төлөмдөргө шайлоодон кийин баа өсөт деген имиштер чыгып жатат. Саясий партиялардын лидерлери болсо ар кандай убадаларды беришүүдө. Сиздин да пикириңизди билели дедик?
- Убактылуу Өкмөт электр энергиясына болгон тарифти кайра 70 тыйынга түшүргөнүн жакшы билесиздер. Бул баа энергетиктер үчүн оорчулук жаратпайт. Мындан ылдый түшүрүүгө да болбойт. Анда энергосистеманы начар абалга түшүрүп алышыбыз мүмкүн. Ал эми коммуналдык системаларга болгон төлөмдү сентябрь айына калтырганбыз. Себеби, апрель айында жылытуу мезгили аяктап калган. Жаңы парламент, жаңы Өкмөт бул боюнча жаңы чечим кабыл алышы керек. Бизде жылытуу системасы абдан көп чыгым тартып, 40 пайызга жакын жылуулук коромжуга учуроодо. Ага кошумча болуп, ТЭЦке көмүр, газ, мазутту коррупциялык жол менен сатып алышчу. Мунун эсебинен жылуулук менен ысык суунун наркы өсүп отурган.
Эгерде, биз коррупцияны четтете алсак, коромжуну азайтып, ТЭЦ, коммуналдык тармактар үчүн рентабелдүүлүктү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө жетише алмакпыз. "Ак шумкар" партиясы бул маселелерге объективдүү мамиле кылып, тарифтердин өздүк наркын түшүрүүгө боло тургандыгын эсептеп чыккан. Ал эми коммуналдык төлөмдөрдү толук төлөөгө каражаты жетпеген калктын социалдык катмарына даректүү жеңилдиктер буга чейин кандай берилсе ошол тартипте калышы керек.
- Рахмат, биз "Ак шумкар" партиясынын акыркы төрт жылдагы туруктуу позициясын колдойбуз. Бишкек шаарындагы Новая көчөсүндө жашаган шайлоочулардын атынан партиялаштарыңызга салам айтып коюңуз.
Сабыркүл АТТОКУРОВА,
Нарын шаары:
- Темир иним, шайлоо бүтөөрү менен ун, май, шекер сыяктуу азык-түлүктөр кымбаттайт деп жатышат. Кээ бир үй-бүлөлөрдө оокат-ашты арзан кезинде толтуруп алалы деп, жыйып жаткандар да болууда. Экономиканы жакшы түшүнгөн саясатчы катары алдын-ала божомолдоруңуз барбы?
- Дүйнөлүк азыркы тенденцияны алып карасак канттын, кумшекердин баасы бир аз көтөрүлөт. Быйылкы жылы буудайдын түшүмү начар болду. Буга да баа азын-оолак өйдөлөйт. Бирок, муну шылтоолоп, кол куушуруп отура берүүгө болбойт. Бул жаңы курала турган Өкмөттүн мойнуна илине турган жүк. Эми "Ак шумкар" партиясынын мына ушул сиз сураган жагдайдан чыгуу боюнча программасын иштеп чыккан күчтүү, алдыңкы адистерибиз, экономисттерибиз бар. Эгерде чечим кабыл алуучу бийлик бутактарына мурдагы коррупцияга баткан бийликке алданып, алардын коюн-колтугуна кире качпаган, катаал жылдары ар дайыма эл менен болгон, таза партия келип калса ал маселелер чечилиши керек.
КЫЛЫЧ, Бишкек шаары:
- Темир Аргенбаевич, бир топ чоң партияларды Америка, Түркия, Россия каржылап жатат деген сөздөр чынбы же калппы?
- Чоң мамлекеттердин кайсынысы партияларга каржылык жардам берип жатканын колунан кармап калбаган соң так кесе айтуу кыйын. Албетте, биздин өлкөгө ири мамлекеттердин кызыкчылыктары бар. "Ак шумкар" болсо эч бир тараптан каржылык жардам алган жок. Ошондой болсо да мен Убактылуу Өкмөттүн курамында иштегенимде бир нече жолу Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга барып, ал жактагы алдыңкы жетекчилери, саясатчылары менен жолугуштум. Экономикалык байланыштар, чек ара, тарифтер ж.б. маселелер көп ирет талкууланган.
- "Ак шумкар" партиясы бийликке келсе ошол байланыштар уланат турбайбы?
- Буйруса уланат.
Козубек ИМАНКУЛОВ,
"Талас турмушу" облустук
гезитинин башкы редактору:
- Темир Аргенбаевич, Тарас-Талас жолунун Дүйнөлүк банктын көмөгү жана эл аралык долбоорлор менен Чатбазар айылына чейин курулушу жүргүзүлүп жатат. Анан ал Чатбазардан Кырк-Казык аймагына чейин республикалык бюджеттен каржыланмак болчу. Ошол иш быйыл токтоп калды. Мунун тагдыры кандай болот?
- Тарас-Талас жолу быйылкы бюджетке кирбегенин ачык айтуум керек. Түп-Кеген жана Баткен-Ош жолуна акча бөлүп бердик. Калгандарынын эл аралык финансылык уюмдардын жардамы менен курулуусу каралган. Ошонун ичинен Торугарт-Бишкек жолуна асфальт төшөлүп жатат. Мен Финансы министри болуп турганда Талас шаарына 10 млн. сомдук каражатты таап, бөлүп бердик. Буюрса, парламенттик шайлоо аркылуу кайра бийликке келсек, эмдиги жылдын бюджетинин эсебинен быйыл Талас
шаарынын жолдоруна жана сиз айткан аймактын жолдоруна каражат бөлүп, аягына чейин курулушту бүткөрүүбүз керек. Мындан башка Ысык-Көлдүн айлампа жолуна да каражат бөлүп, ошону менен негизги магистралдык жолдорду бүгүнкү талапка жооп бергендей куруп алабыз.
Кыргызстанда жол маселеси абдан кыйындап кетти. Жакында Нарын облусун бүтүндөй кыдырып, Ак-Талаа, Жумгал аймактарына да бардым. Эң начар жолдор бул Кочкор менен Жумгалдын ортосу. Нарындын, Таластын жана Казарманга каттай турган жолдордун абалы биротоло колдон чыгып, эскирип бүтүптүр. Шайлоо өнөктүгү менен жүрүп, республиканын жолдорунун көбүн көрүп, көңүлгө түйүп, жазып алып да жүрүп отурдук. Албетте, мамлекет жол куруу саясатына өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Себеби байланыштардын 98 пайызы автомобиль жолдору аркылуу жүрөт.
- Темир Аргенбаевич, таластыктар сизге абдан ыраазы болуп жатышат. Себеби, буга чейин жолдорубузга акча бөлүнбөй келген.
Быйыл сиздин тике аракетиңиз менен жолдорго каражат которулду. Облтеатрдын курулушу да нечен жылдан бери токтоп калган болчу. Буга да республикалык бюджеттен каражат барды. Облустук УВДнын имаратына 20 млн. сом бөлүндү. Облустук администрациянын өрттөнүп кеткен имаратына өлкө бюджети кыйын учурда турса да акча барды. Рахмат.
Темирбек АСАНКОЖОЕВ,
Балыкчы шаары, пенсионер:
- Темир балам, парламентке "Ак шумкар" партиясы жакшы добуш алып келерине ишенем жана биз үй-бүлөбүз менен добуш беребиз. Бирок, парламентке барсаңар пен-сионердин жашын өйдөлөтүп салбагыла. Балдарым Россияда иштейт. Байбичем экөөбүздүн караганыбыз эле пенсия. Көбөйтсөңөр жакшы болот эле.
- Бүгүнкү берилип жаткан пенсия минималдык каржынын чыгашасын жаппайт. "Ак шумкар" саясий партиясынын мүчөлөрү бул маселени быйыл эле көтөрүп чыгышкан жок. Эгерде бийлик таза иштеп, алиги ишкерлер төлөп жаткан акчалар мамлекеттин казынасына толук түшүп, Социалдык фондко барса анда пенсияны көбөйтүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк бар. Мына биз быйыл өлкөдөгү кыйын абалга карабай милиция кызматкерлеринин айлык маянасын 80, андан башка күч органдарынын айлыгын 50 пайызга көтөрө алдык. Мүмкүнчүлүктү табууга болорун далилдедик. Пенсияны көбөйткөнгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетиштүү. Буйруса, аны сөзсүз көбөйтөбүз. Анткени, бүгүнкү пенсионердин алып жаткан пенсиясы анын жашоо тиричилигине жетпейт.
"Ак шумкар" партиясынын программасында жакын аранын ичинде пенсиянын көлөмү 8000 сомдон, мугалимдин, дарыгердин, бюджетте иштеген жарандын айлык маянасы 15 000 сомдон кем болбошу керек деп жаздык. Эгерде бизнести мамлекет тарабынан колдоого алып, экономиканы өнүктүрсөк, таза, ачык финансылык саясат жүргүзө алсак, муну өлкө бюджети көтөрө алат. 7-апрелден кийин мамлекет катаал окуяларды башынан кечирди. Ошондо да бардык кыйынчылыктарга карабай пенсияны бир күн да кечиктирген жокпуз. Мен ушул үчүн "Кыргыз Туусу" гезитинин түз байланыш рубрикасы аркылуу республиканын Социалдык фондусунда иштеген кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирип койгум келет. Дагы белгилеп койчу жагдай бар. Пенсияны көбөйтүү бир стандартка салынып калган. Айталы, кээ бир ардагер 30 000ге чейин пенсия алса, көп карыялардыкы 2000ден ашпайт. Эми биз жогорку өлчөмдө алгандардыкын коё туруп, ылдыйкы өлчөмдө пенсия алган карыялардын пенсиясына акча кошушубуз керек. Ал эми пенсияга чыгуу жашын көтөргөнүбүз болбойт. Бул боюнча туруктуу позицияны карманабыз.
АКЖОЛТОЙ, Бишкек,
М.Кашгари атындагы Чыгыш университетинин студенти:
- Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер болуп келди. Эми парламентке ошол эле саясатчылар партиялар аркылуу бара жатасыздар. Шайланып келип алып, дагы чатакташып, "Эки дөө кармашса ортосунда чымын өлөт" болуп, эл жабыр тартып калбайбы?
- Акжолтой, сиз абдан орчундуу маселени көтөрүп жатасыз. Ооба, Убактылуу Өкмөткө түрдүү пикирдеги, ар башка партиялардын башчылары кирген. Биз парламенттик башкаруу системасын тандап алдык. Ошого жараша дагы ар түрдүү багыттагы партиялардын, күчтөрдүн өкүлдөрү келе жатат. Бирок, ошол партиялардын жетекчилери менен өкүлдөрү парламенттин сыртында, акимчиликтердин имаратынын алдында элди катыштырып талаш жүргүзбөй, өлкөгө керектүү мыйзамдарды, маселелерди маданияттуу, цивилдүү түрдө парламенттин ичинде талкууга алып чечим кабыл алышы керек. Ошол эле учурда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл анынган маселе өтө турган жакшы эреже бар. Бирок, парламентке бир нече партия келип, таза эле пикир келишпестик болуп кетет деген кооптонуу эл арасында көп. Ошого карабай ал жердеги саясатчылар өз амбициясын тыйып, токтото билгенге көнүшү зарыл. "Ак шумкар" партиясы ага даяр. Биз элдин ишенимин алып шайлангандан кийин, саясатты жоопкерчиликтүү жүргүзөбүз.
Токтосун ЖАБИЕВ,
Кара-Балта шаары,
пенсионер:
- Темир балам, айрыкча 2005-жылдан бери кыргыз саясатчылары Конституцияны кайра жазып, мамлекеттик системаны өзгөртүү керек деп жыл сайын көчө толтура митинг өткөрүп жаттыңар. Алардын жоон тобу Акаевди кетирген революциядан кийин папке тийбей калгандар болчу, чынбы? Бир топ саясатчыларга Бакиев папке бергенден кийин Конституцияны ойлобой калышкан. Эми бул шайлоодон өтпөй калган партиялар Конституцияны кайра өзгөртөбүз, дагы чаласы калыптыр деп элди көчөгө чыгарбагыла. Жигиттик менен партиялар этикалык келишимге кол койгондон кийин ошону аткаргыла. Болбосо мамлекет башчысы шайлоону токтотуп койсо, каражатыңарды чачып, куру кол отуруп каласыңар.
- Конституция - коомдун негизги жашоо эрежеси. Биз аны ар бир эки жылда өзгөртө бердик. 1994-жылы 350 депутаттуу парламент бар эле. Андан кийин эки палаталуу эл өкүлдөрү 70, мыйзам чыгаруу палатасы 35 болуп, 105 депутаттуу болгонбуз. Кийинкисин дагы өзгөртүп, 60 мыйзам чыгаруу, 45 эл өкүлдөрү дедик. Кийин бир палаталуу 75 депутаты бар парламентке ээ болдук. Буга дагы ыраазы болбой 90 депутаттуу кылып өзгөрттүк. Округдук да, партиялык да система кылып өзгөрткөн сайын, алардын ыйгарым укуктарын кошо өзгөртүп жүрүп отурдук.
Эгерде негизги эрежебиз - Конституция тынбай алмаша берсе, бийлик институттары түптөлүп күчтүү болбойт, бийликтин маданияты өспөйт. Парламенттик институттун тажрыйбасы да өнүкпөйт. Эл ошол эрежени кабыл алууга көнүп калышы керек эле. Башка мамлекеттерде бийлик башындагы адам мыйзамга карата өзгөрөт. Ал эми бизде бийлик башына келген адам өзү өзгөрбөй Конституцияны алмаштырууга көнүп алышты. Бул эң чоң катачылык. "Башчы болуу оңой, баштап кетүү кыйын" - деген элибиздин улуу сөзү бар. Мына "Ак шумкар" саясий партиясы баштап кетүүгө даяр. Ушундай жагдайда катуу тартип орноп, мыйзамдар иштей баштайт, бардык жагдайда биротоло туруктуулук пайда болот. Мына Россияны алалы. Владимир Путин президенттикке шайланган биринчи эле жылы "Конституцияны өзгөртүп, ыйгарым мөөнөтүңдү узартып ал" - деп кеңеш айткандар көп болду. Бирок ал "Мен бийликте турганда Конституцияны өзгөртпөйм" - деп жооп бербедиби.
КУБАНЫЧ, Бишкек шаары:
- Темир байке, Ички иштер министринин эки-үчтөн орун басары бар. Жеке жумушум менен барып, карап отурсам ар бир орун басарынын артында жан сакчылары ээрчип жүрөт. Алар мамлекеттин казынасынын эсебинен айлык төлөтүп, жан сакчы алууга укугу жок да, туурабы?
- Кубаныч, коомдогу кооптуу учур али кете элек. Эми аларга азыркы күндө бир топ чечимдерди кабыл алып, кылмыш топтору, бүгүнкү бийликке каршы күчтөр менен күрөшүүгө туура келүүдө. Азыркы опурталдуу кырдаалды эске алып, аларды убактылуу түшүнүп коюу керек. Бирок, мыйзам боюнча министрлер, алардын орун басарлары мамлекеттен каржыланган жан сакчы күтүүгө укуктары жок дегениң ырас. Андай укук Президентке, Премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин төрагасына гана берилген. Биз, бийликке келсек мунун баарын тартипке салуу оңой эле.
Эрнис КАСЫМБАЕВ,
Бишкек, эркин журналист:
- Темир Аргенбаевич, маданият министрлигин кайра агенттикке айлантууга жол берүүгө болбойт. Парламентке шайланып барып калса ушул сунушумду колдоорун "Акшумкарчылардан" өтүнөм. Экинчиден, Тил мамлекеттик комиссиясын кайра калыбына келтиргиле.
- "Ак шумкар" саясий партиясынын парламенттик шайлоого чыгар алдында иштеп чыккан мамлекеттик түзүмдөр тууралуу долбоору бар. Ал долбоордо Маданият министрлиги жоюлбайт деп жазылып турат. Ал эми Мамлекеттик тил комиссиясы боюнча Убактылуу Өкмөттүн атайын чечими чыккан. Бирок, Мамлекеттик тил комиссиясын кайра калыбына келтирсек эле бардык көйгөйлөр өзү чечилип калбайт. Анын иштөө ыкмаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө туура келүүдө. Кыргызстанда жашаган ар бир жаран мамлекеттик тилди билүүгө мажбур кыла турган механизимдердин киргизилиши керек.
Азиза МАМБЕТОВА,
Бишкек шаары:
- Темир агай, жолдошум машинебиз менен эл ташып каражат табат. Мен бала менен үйдөмүн. Квартира акысына 3500 сом төлөйбүз. Кээ бир партиялар он жылдык мөөнөт менен 9 пайыздуу ипотекалык квартираларды курабыз деп жатышат. "Ак шумкар" партиясынын программасында ипотека боюнча маселе барбы?
- Биздин "Ак шумкар" партиясынын программасында ипотекалык программа бар. Мен Финансы министри болуп иштеп турганда көптөн бери курулушу токтоп калган көп кабаттуу социалдык үйлөргө каражат бөлүнүп берилди. "Ак шумкар" партиясынын Бишкек, Ош
шаарларына спутник шаарларды курууга жана республика аймактарында 20 кичи шаарды өнүктүрүү боюнча пландуу программаларыбыз тууралуу сизге чейинки окурмандарга жооп бердик.
Мына карасаңар, мурдагы бийлик бизге акыркы беш жылдан бери Россиянын бир да банкын киргизбей жатышкан. Алардын кредиттери арзан жана узак мөөнөттүү болмок. Айталы, Россиянын "Сбербанк" деген банкы киргизилбей койгон. Кыргызстан ал жакта эмгектенген мигранттардан бир жылда 2,5 млрд.дан ашык доллар алат. Россиянын банкы ачылып калса мекендештерибиз акчаларын арзан, ыңгайлуу которушмак. Андан тышкары Россиянын чоң банкы ири иштерди жүргүзмөк.
Акыркы беш жылдан бери бийлик башындагылар өз чөнтөгүн гана ойлоп, ар бир нерседен өзүбүз бизнес кылып, пайда табалы деп калышкан. Буларда элге жардам берели деген ойдун болбогондугун ушундан билсе болот. Муну кеткен бийликти куру бекер сындагандык катары кабыл албаңыз. "Ак шумкар" партиясынын банк системасын өнүктүрүү, анын ичинде ипотекалык кредитти жолго коюу, социалдык үйлөрдү салуу боюнча программасында бар.
Асан БАПЫГУЛОВ,
Кемин району,
Быстровка айылы:
- Темир Аргенбаевич, "Ак шумкар" партиясында бирдиктүү саясат, идеология, мүчөлөрүнүн арасында ынтымак барбы же шайлоонун алдында депутаттык кызыкчылык үчүн бириге калдыңарбы?
- "Ак шумкар" саясий партиясы акыркы беш жылдан бери активдүү саясий чөйрөдө жүргөнүн билесиздер. Андыктан калыптанып калган идеологиябыз бар. Шайлоонун алдындагы бир күндүк болуп түзүлө калган партиялардын катарына кирбейт. Туруктуу мүчөлөрүбүз жүздөп эмес, миңдеп саналат. Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча партиянын программасынан тышкары, "Өнүгүүгө жети кадам" деген кризиске каршы программа иштеп чыкканбыз. Агрардык секторду өнүктүрүү, ар бир ре-гионду өнүктүрүү боюнча ж.б. ар бири конкреттүү пландар менен бекитилген программа иштелип чыккан.
Түз байланышты алып барган
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу",
Сүрөттөрү
Кубат ОСМОНОВдуку




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
28-сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
Кыргызстан менен Американын
аралыгы дагы жакындады
2-бет
Кыргызстан менен Американын аралыгы дагы жакындады
3-бет
Өнүгүүнүн негизи түзүлүүдө
4-бет
Султанов Марат Абдразакович:
"Күчтүү оппозиция - кыргыз элинин кызыкчылыгы"

5-бет
"Ак шумкар" партиясына
добуш берүүнүн 7 себеби

6-бет
Соттор жумуштан эмне үчүн бошотулушту?
7-бет
"Бийликке жаңы кан жүгүртчү инсан келатат"
8-9-бет
"Ак шумкар" саясий партиясынын лидери
Темир САРИЕВ:
"Өнүгүүгө жети кадам" - экономиканы өркүндөтүүнүн өбөлгөсү"

10-бет
Жаштар мамлекетти башкарууга барышат
11-бет
Улут ңгусун издеп...
же келечектин модели
"Манастабы"?

12-бет
Окугандан кийинки ойлор
13-бет
Дубандардан эмне кеп?
14-бет
Айтылуу таланттар
жолугушканда...

15-бет
Мамбеталынын айткандары
16-бет
Өргө умтулган Күн-Чыгыш



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 121

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 121

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 121


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 121

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 121

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 121


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 121

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 121

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_8_9.htm on line 121