Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 2
"Ата Журт" партиясынан
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешине талапкер
Султанов Марат Абдразакович:
"Күчтүү оппозиция - кыргыз элинин кызыкчылыгы"
Султанов Марат Абдразакович 1960-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1983-жылы Москвадагы болот жана аны эритүү институтун бүтүрүп, эмгек жолун ошол эле институтта кенже илимий кызматкерликтен баштаган.
1987-жылы Кыргыз улуттук университетинде кенже окутуучу, кийинчерээк доцент болуп студенттерге сабак берген. 1992-жылдан 1997-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук банкында бөлүм башчы, башкармалыктын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу, орун басар, 1994-жылы улуттук банктын башкармасынын төрагасы болуп эмгектенген. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын финансы министри, Борбордук казынанын (казначейство) төрагасы, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып, парламентте бюджет жана финансы комитетинин төрагасы болуп жүрүп, "Эл күчү" ("Сила народа") депутаттык тобун жетектеген.
2005-жылы Марат Султанов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү чакырылышына депутат болуп шайланган. 2006-жылы ага депутаттар ишеним көрсөтүп, кыргыз парламентине төрага болуп шайланган. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун төрагасы, андан соң 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын финансы министри болуп иштеген. I класстагы мамлекеттик кеңешчи, физика тармагында жарым өткөргүчтөр боюнча 50дөн ашык илимий эмгектердин, 90го жакын мыйзамдардын автору. Бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

- "Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке шайлоого аттануу менен сиздин туу тутунган инсандык позицияңыз?
- Бүгүнкү шайлоого аттанган ар бир партиянын өзүнө гана мүнөздүү өзгөчөлүгү, артыкчылыктары жана жетишпеген жактары бар. Чынын айтсак азыр Кыргызстанда төгөрөгү төп келген идеалдуу партия жокко эсе. Бирок Кыргызстанга жардам берүүгө чын ниети менен аттанган партиялардын бири - бул "Ата Журт" партиясы. "Ата Журтка" өз мекенин сүйгөн, кыргыздын духу, руху бийик пат-риот уул, кыздары чогулду десем
жаңылышпайм деп ойлойм.
Алыс барбайлы, жакында эле болуп өткөн Түштүктөгү кагылышууда өз өмүрлөрүн тобокелге салып, эл арасында тынчтыкты сактоо максатында жүгүрүп жүрүшкөн Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Азамат Арапбаев жана башка биздин партиянын азаматтарынын эрдигин бүгүн айтпасак качан айтабыз? Экинчи жагы, бул партияга өз кесибин мыкты өздөштүргөн нукура таланттуу адистер чогулган. Биздин партияда дээрлик бардык тармактын өкүлдөрү бар. Мисалы укук коргоо, сот тармагынан Мыктыбек Абдылдаев, Курманбек Осмонов, экономика жана чарбадан Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Нурлан Сулайманов, Садыр Жапаров бар.
Биздин партиянын дагы бир өзгөчөлүгү биз жаш кадрларды колдойбуз. Биздин катарыбызда Улан Чолпонбаев, Жаныш Кудайбергенов, Улан Примов, Эмил Ысманов сыяктуу өз мүмкүнчүлүктөрүн бизнес тармагында көрсөткөн жаштар бар. Биз аларды саясатка аралаштыруу менен келечекке татыктуу адистерди даярдамакчыбыз.
Төртүнчүдөн, биздин партиянын программасынын дагы бир колдоого ала турган идеясы - биз Кыргызстандын Түндүк-Түштүгүн жиксиз бириктирүүнү көздөйбүз. Мына азыр эле биздин партиянын тизмесинде Кыргызстандын бардык аймактарынын, бардык райондорунун атуулдары бар. Партиянын программасынын эң негизги, бешинчи бөлүгү - партиянын курамынын даяр адистер командасынан түзүлгөндүгү. Эгер партия парламенттик шайлоодо утуп чыкса, кимиси болсо да тайсалдабай иш баштай берүүгө даяр адистер.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эки жолу депутат, спикер болуп жүрдүңүз, айтыңызчы, кайсыл мыйзамдардын кабыл алынышына сиздин түздөн-түз тиешеңиз болду?
- Мен 90го жакын мыйзамдардын авторумун. Ошолордун ичинен өзгөчө иштеген бир катар мыйзамдар бар. Алардын катарында бийик тоолуу, шарты оор райондордун тургундарына жардам мыйзамдары бар. Ушул мыйзамдардын негизинде көптөгөн нарындык, алайлык жана башка тоолуу аймактарда жашаган жарандар жогорулатылган даражада, эрте-рээк пенсия, пособия алганга мүмкүнчүлүк алышты.
Бишкекте банкрот болгон банктарда аманаттары калып кеткен жарандарга мыйзам чегинде жардам бердик. Ушул мыйзамдын негизинде инвесторлорго, аманатчыларга жардам бергенге өзгөчө шарт түзүлүп берилди. Чакан кредит системасынын өркүндөшүнө, бюджет ачык болушуна дагы салым кошкон мыйзамдардын автору болдум. Андан тышкары Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолунун курулушуна жана Ош шаарына өзгөчө макам берилиши боюнча мыйзамдардын авторумун. Бул мыйзамдардын дээрлик бардыгы акча каражаттардын адилеттүү бөлүнүп берилишине өзгөчө шарт түзүүдө.
- "Ата Журт" партиясы өз программасында "Кыргызстандын экономикасын көтөрөбүз, элдин турмушун жакшыртабыз, Кыргызстандын элине жаркын келечек", - деген ураандар менен чыкпадыңыздарбы, сиз финансы тармагын мыкты билген адис катары, Кыргызстандын финансы-экономикалык мүмкүнчүлүгүн абдан терең билген жана талдай ала турган инсан катары айтыңызчы, биздин мамлекеттин экономикасын көтөрүүнүн кандай жолдору, кандай кыймылдаткыч күчтөрү бар?
- Биз экономикалык классификация боюнча кичине мамлекеттердин катарына киребиз. Ошондуктан, экономика-финансы багытында бул өзгөчөлүктү эске алышыбыз керек. Кичине мамлекеттер элге керек болгон бардык азык-түлүктү, товарды өндүрө албайт. Ошондуктан биз өзүбүздүн күчтүү жактарыбызды колдонуп, дүйнөлүк кооперацияга кошулушубуз керек. Демек, Кыргызстанга, биринчиден, чет өлкөлөр менен болгон эркин соода керек. Биз товарлардын чек арадан өтүшүн жөнөкөйлөтүп, бажы тос-коолдуктарын кескин төмөндөтүшүбүз керек. Ошол эле учурда, Кыргызстан айыл чарба тармагында экологиялык таза, адал продукцияны өндүрүүгө көбүрөөк көңүл буруш керек.
Мисалы, Европада мындай продукция башкаларга караганда төрт-беш эсе кымбат турат. Кичи жана орто бизнеске өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Туура, алар технологиялык жаңылануунун локомотиви мүмкүн боло албайт. Бирок, алар жакырчылыкты кескин төмөндөтүүгө, демилгелүү коомго өзгөчө өбөлгө түзөт. Башкача айтканда, бул чоң бизнеске, алдыңкы технологияны колдонуучу бизнеске кадрларды даярдоочу булак болуп берет. Ал эми, чоң бизнес Кыргызстанга келиши үчүн биз шарт түзүп беришибиз керек. Ачык-айкын, адилеттүү мыйзамдарды кабыл алып, аларды туруктуу кармоого аракет кылышыбыз керек.
Мисалы, 90-жылдардын башында кыйраган банк системасына биз адилеттүүлүк, ачык принциптерин киргиздик эле, эки жылдын ичинде банк системасындагы негизги капитал четтен келген капитал болуп калып, Кыргызстандын финансы системасын сактап калганбыз. Ошондуктан, биз Кыргызстанды банк-финансы борборуна айландырсак болот. Бирок, биздин эң негизги байлыгыбыз - бул биздин эл. Биз адам капиталына, башкача айтканда адамдын дилине, рухуна, илим, билимине, жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Ушул багытта иштеген мамлекеттер гана жетишкендикке ээ болушту.
- Парламенттик башкарууга сиздин жеке пикириңиз кандай?
- Парламенттик башкаруунун көптөгөн жакшы жактары бар. Биринчиден, ал эч качан үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейт. Экинчи жагынан, коррупциянын деңгээлин алда канча төмөндөтөт. Себеби, ар бир чечим парламент аркылуу өтүш керек, демек, коомчулук ал жөнүндө сөзсүз маалымат алат. Ката чечимдердин кабыл алынышынын мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Бирок, терс жактары да бар. Мисалы, азыркы дүйнө эбегейсиз чечимдерди тез-тез кабыл алып туруучу дүйнө. Бекеринен биздин кылым - космос ылдамдыгынын кылымы деген атка конгон эмес.
Ал эми парламент тез чечимдерди кабыл ала албайт. Андан тышкары, тышкы саясатта, коргоо жана улуттук коопсуздук багыттарында Президенттин өзгөчө укуктары болуш керек. Себеби, Президентти да эл шайлайт. Чыныгы парламенттик системада Президентти парламент шайлайт. Ошондуктан, мен аралаш система азырынча Кыргызстанга көбүрөөк дал келет деп ойлойм. Башкача айтканда, мыйзам чегинде иштеген күчтүү Президент керек. Бирок, Президентти, Өкмөттү көзөмөлдөгөн күчтүү парламенттин болушу абзел. Акаевдин да, Ба-
киевдин да эң башкы катачылыктары, алар күчтүү парламент менен иштегилери келбей койгондугунда.
- Эгер сиздердин партия көп добушка ээ болуп, сиз депутат болуп калсаңыз, мамлекетте тынчтык жана туруктуу кырдаал болуш үчүн кандай чара көрөсүздөр?
- Биринчиден, биз саясий күчкө ээ болгон саясий топторду максималдуу иштешкенге чакырат элек. Бизге тирешүүнүн кереги жок. Бирок, идеология жактан биригүүгө мүмкүн болбогон күчтөргө биз оппозициялык ишмердүүлүк менен жакшы шарт түзөт элек. Себеби, оппозициясы күчтүү мамлекет гана жакшы өнүгө алат.
Туура, оппозициясы жок мамлекет ишти тез баштап, тез алдыга жылып кете алат, бирок бир нече убакыттан кийин сөзсүз жолунан адашат. Ошондуктан күчтүү оппозициянын калышы бул кыргыз элинин кызыкчылыгы. Ошол эле учурда, мындай укукка ээ болгон оппозиция эч качан революциялык жолго барбайт, себеби бийликтин каталарын көрүп, аны сындап, кийинки шайлоолордо утууга мүмкүнчүлүк алат.
- Эмне себептен "Ата Журт" партиясын тандап алдыңыз?
- Мен бул сурооңузга маектин башында жооп бердим. Себеби, биздин партия мекенин жан дили менен сүйгөндөрдүн, нукура таланттуу адистердин, Кыргызстандын биримдиги жана жаш келечеги үчүн күрөшкөндөрдүн партиясы.
- Атаандаштарыңыздар "бул партияга баштагы "Ак жолчулар" чогулуп алышкан" деген сөз жабыштырууга аракет кылышууда, жообуңуз кандай?
- Кыргыз эли алакандай эле эл. Эгерде карап көрсөк, азыркы өкмөттүн курамында деле, буга чейинки убактылуу өкмөттүн курамында деле Акаевдин, Бакиевдин доорунда иштегендер аз эмес. Ал тургай көпчүлүгү аларды бийликке алып келишкен, ал эми кээ бир инсандар экөөнү тең бийликке алып келгенге чоң салым кошушкан. Бирок, кийин биз жаңылып калыптырбыз деп чыга калышты. А алардын дагы жаңылышпай турганына ким кепилдик бере алат? Ошондуктан мен башка принципте болот элем.
Сен Кыргызстанды сүйөсүңбү, сен мекенчилсиңби, сен таланттуу адиссиңби деген суроону берет элем. Эгер бул суроого "ооба!" деген жооп алсам, анда мен алар менен бирге болом. Мисалы, мен деле "Ак Жолдун" мүчөсү болгон эмесмин, анын катарына киргенден баш тартканмын. Бирок, бул жөнүндө эч кандай жарыя кылбай эле отурам. Дагы бир нерсе, кээ бир партиялардын мүчөлөрү "Акжолчулардын" күчүн, билимин, илимин колдонушат, бирок бул тууралуу ачык айтышпай, тетирисинче шайлоочулардан жашырышат. Ал эми "Ата Журт" чындыгын айтып, ачык айкын көрсөтүп жатабыз. Демек, бул эр жүрөк, чынчылдардын партиясы!
- Шайлоонун таза жана акыйкат өтөөрүнө ишенесизби?
- Акылбек Сариевдин сөзүнө толук кошулам. Азыр Кыргызстанда таза, адилеттүү шайлоонун өтүшү-бул утопия. Бирок, биз шайлоону башка шайлоолорго караганда алда канча таза өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Туура, административдик күч колдонулуп жатат, айрымдардын бийликке жакындыгынан пайдаланып ар түрдүү кошумча пиар акцияларды өткөрүп жатышат, комиссиялардын курамын өзгөртүүгө аракеттер аз эмес. Бирок, азыр эл шай-лоону түп-тамыры менен бурмалоого эч кимге мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондуктан, бийлик партиялары бул ресурстун жардамы менен кошумча добуштарды өзүнө алганга аракет кылышат, бирок "Ата Журт" жеңет!
- Шайлоо алдында мекендештериңизге айтаар сөзүңүз бардыр? Эркин микрофон сизде…
- Биз шайлоо башталганда элге кайрылып айттык. Биз элди сатып алуу жолуна барбайбыз, ошондуктан акча таратпайбыз. Туура, биздин партия менен үгүт иштерин жүргүзүүдө иштешкендердин эмгек акыларын мыйзам чегинде төлөп беребиз. Ошондуктан, улуу кыргыз элим, күнүмдүк турмуш канчалык кыйын болсо да, сиздердин калыстыгыңыздарга, ак ниетиңиздерге, жана көрөгөчтүгүңүздөргө ишенебиз. Ата Журтубузду сатпайлы, аны даңктайлы, коргойлу. Кыргызстандын келечеги үчүн, элибиздин жаркын жашоосу үчүн, ыйык Ата Журтубуз үчүн добуш бериңиздер!!!
Маектешкен
Жыпара Акунова,
"Кыргыз Туусу"








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
28-сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
Кыргызстан менен Американын
аралыгы дагы жакындады
2-бет
Кыргызстан менен Американын аралыгы дагы жакындады
3-бет
Өнүгүүнүн негизи түзүлүүдө
4-бет
Султанов Марат Абдразакович:
"Күчтүү оппозиция - кыргыз элинин кызыкчылыгы"

5-бет
"Ак шумкар" партиясына
добуш берүүнүн 7 себеби

6-бет
Соттор жумуштан эмне үчүн бошотулушту?
7-бет
"Бийликке жаңы кан жүгүртчү инсан келатат"
8-9-бет
"Ак шумкар" саясий партиясынын лидери
Темир САРИЕВ:
"Өнүгүүгө жети кадам" - экономиканы өркүндөтүүнүн өбөлгөсү"

10-бет
Жаштар мамлекетти башкарууга барышат
11-бет
Улут ңгусун издеп...
же келечектин модели
"Манастабы"?

12-бет
Окугандан кийинки ойлор
13-бет
Дубандардан эмне кеп?
14-бет
Айтылуу таланттар
жолугушканда...

15-бет
Мамбеталынын айткандары
16-бет
Өргө умтулган Күн-Чыгыш



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 60

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 60

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 60


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 60

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 60

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 60


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 60

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 60

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0928_4.htm on line 60