28.09.10 Өргө умтулган Күн-Чыгыш
Айдарым соккон желге ыргалган теректер билинер-билинбес шуулдашса, бак-дарактар бири-бири менен шыбырашкандай баштары тийише түшөт. Көңүл сергиткен таза аба, жаратылыштын кооздугу мемиреген кучагына алып, шаардын ызы-чуусунан тажаган жаныңды бейпилдикке бөлөгөндөй эс ала түшөсүң. Анан калса Күн-Чыгыш айыл аймагы өзүнө таандык табияты менен гана эмес, Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылы курамына киргени менен маани-маңызы артып турат. Арчалы айылы да ушул аймактын курамында. А эки айылдын тургундары болсо, эзелтеден берекелүү, меймандос, эмгекчил келишип, ка-сиеттүү Көлүбүз орун алган Ысык-Көл облусунун аймагында болуп калганына сыймыктанышат.
Карап турсаң бардык эле айылдарда маселелер окшош. Бирок, Күн-Чыгыш айыл аймагынын элинин заманбап жашоого умтулуусу, ал үчүн 2009-2012-жылдарды камтыган экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын түзүшкөнү менен айырмаланып турат. Балким мындай пландар башка айылдарда деле бардыр. Ошентсе да күн-чыгыштыктардын үч жылды камтыган стратегиялык планы кызыгууну туудурбай койбойт. Ал жөнүндө сөз ананы-раак болсун.

Сарт акенин баасы
Көлдөн чыккан айтылуу жети акенин бири Сарт акеден "Эл жүгүн чын ыкластан көтөргөн адамдын түйшүгү кандай болот?" - деп сурашса, "Бул түйшүк бийик зоодон көчкөн көчкүнүн чачырандыларын терип чогултканга тете. Тынымсыз түйшүк, ак дилден эл жүгүн аркалоо - кадырман адамдардын өтөгөн кызматынын бөксөрбөс, соолбос да-
рыясы", - деп сыпаттап айткан экен. Сарт акенин бул сыпаттамасы өзгөчө айыл өкмөтүнүн, айыл аймактарынын башчыларына туура келет, эгерде алар элеттиктердин ысык-суугуна тоңуп, көйгөйлөрүн чече алса гана. Анткени, алар айылдыктар менен коюн-колтук алыша араларында жашап, бардык көйгөйдү жон териси менен сезип турушат. Кайсы маселе биринчи иретте чечилиши керектигин беш колдой билишет.
Ал эми Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы Улан Турганбаев мурда райондук, облустук деңгээлдеги кызматтарда эл менен тыгыз иштешкен жетекчи катары элеттиктердин жашоо-турмушуна байланышкан күңгөй-тескей маселелерди мыкты билерин байкадык. Ал жетишкендиктерге мактангандан көрө, айыл тургундарынын көңүл көйгөйүндөгү чечиле элек иштерди айтканды эп көрөрү көрүнүп турду. Эл түйшүгүн чын ыкластан көтөргүсү келген жетекчи эл санаасында болуп, дайыма ойлонуп жүрөт эмеспи.
Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы тууралуу эки ооз сөз. Улан Турганбаев К.Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн. Тоң райондук айыл чарба департаментинде инспектор, бөлүм башчы,
райондук статистика комитетинин төрагасы, депутаттардын райондук кеңешинин төрагасы, аппарат жетекчи, төраганын орун басары, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиктин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү болуп иштеген. Депутаттардын райондук кеңешинин депутаты болгон. 2009-жылдан бери Күн-Чыгыш айыл аймагынын төрагасы болуп иштеп келатат.

Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңбеди
Күн-Чыгыш айыл аймагында 2685 түтүн эл жашайт, калкынын саны 12665. Айылдыктардын турмуш деңгээли, бакубаттуулугу бир топ нерселерге көз каранды. Алардын эң башкысы таза суу. Иче турган таза сууң болсо, калкыңдын дени сак, оору-сыркоодон алыс болушуна өбөлгө болот. Бекеринен "Суу - өмүрдүн булагы" делбейт. Ошондуктан, айыл аймагынын башчысы бул аймакта жашаган калкты иче турган таза суу менен камсыз кылуу жаатында көп ойлонуп-толгонгонун жашырган жок.
"Элибизди таза суу менен камсыз кылуу, айылдын инфраструктурасын көтөрүү, тазалыкты жолго коюу жана жол маселеси эң башкы көйгөйлөрдөн болууда", - дейт Улан Турганбаев ойлуу. Ошондуктан, таза суу долбооруна киришкен. "Тоң райондук акимчилиги, Күн-Чыгыш айылдык аймагы, мекеме-ишканалар жана квартал башчыларынын иш-аракеттери менен уюштуруу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анын аркасында 1967 миң сом же 5 пайыз акча чогултулган. Азыркы күндө бул каражат депозиттик эсепте салынуу, алты айдын жыйынтыгы менен үстүнө 87 миң сом кошулган, эми дагы алты айга салынды", - деди айыл аймагынын башчысы.
Ар кандай саясий кырдаалдарга байланыштуу "Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет" болуп, таза суу долбоору токтоп калган. Долбоор токтогондон кийин кол куушуруп отуруп алышпай, аракет кыла башташат. Таза суулуу болобуз деген элдин үмүтүн өчүрбөш үчүн бир нече жолу облустук өнүктүрүү фондусунан акча каражат сурашат. "Тулпар" АКсынын короосундагы мурдагы скважинаны ишке киргизүү үчүн 700 миң сомдук иш башталып, айыл аймагынын бюджетинен 87 миң сомго насос "будкасы" курулат. Ошондой эле 50 миң сом жумшалып, Кызыл-Уч башкы суу алуучу суу топтоочу жай курчалган.
Аймактын инфраструктурасын оңдоо, тазалыкты сактоо, таштандыларды чыгаруу орчундуу маселелерден. Келечекте кооз, жолдору зымылдаган, социалдык-маданий объекттери заман талабына жооп берген, таза чөлкөм болуш үчүн айылдыктар өздөрү да салым кошушу, ага бири-бирин үндөшү керек. Ал эми тазалык болушу үчүн таштандыларды туш келди төгө бербей, өздөрү жашап турган айлана-чөйрөнүн тазалыгына кам көргөндө гана бул маселе чечилери бышык. Ошол себептен айылдык тургундардын арасында түшүндүрүү иштери тынбай жүргүзүлүп келет.
Атакан, Б.Мамбетов атындагы көчөлөр асфальтталып, тегерегине кум, шагыл төгүлүп, иретке келтирилген. Айыл аймагынын башчысы квартал башчыларынын жана элдин өтүнүчү менен сугат суу өтүүчү 20 трубаны 87 миң сомго сатып келип
коюшканын айтты. Жол коопсуздугун сактоо максатында аталган эки көчөнүн кесилишине айлампа курулуп, бүтө жаздап калыптыр. Б.Мамбетов атындагы борбордук көчөгө түнкү жарыктар орнотулган. Эмдиги жылы Атакан көчөсүнө элдин эс алуусу үчүн сквер курулмакчы.

"Бакыт" - жалгыз балдар бакчасы, мотуракай балдар кезек күтүүдө
Айылда социалдык объекттерге маани берилет. Айылдагы "Бакыт" деп аталган жалгыз бала бакча 140 балага эсептелген. Ал эми бала бакчага балдарын берүүнү
каалагандардын саны 200гө чамалаш. Жашоо уланганынын жүрөк сүйүнткөн мисалы болуп, балдар төрөлүп, муун уланып жатат. Быйыл бала бакчанын жылуулук системасын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептен өзүнчө бөлүп, 350 миң сомго ремонт иштери жүргүзүлүптүр. Жылуулукту сактоо максатында пластик терезе орнотуу үчүн грантка долбоор жазышкан.
Долбоор өтүп калса, бала бакчанын терезеси суук өтпөгөн, чаң кирбеген терезе менен алмаштырылат. Бала бакчага балдарын берүүнү каалагандар арбын болгондуктан дагы бир бала бакча ачууну көздөшүүдө. ЮНИФЕМ долбоорунун каражаты менен муниципалдык менчикке имарат алынып, балдар бакчасы ачылмакчы. Баса, Ж.Бөкөнбаев, Ж.Алтымышбаев атындагы орто мектептердин терезелери да пластик терезелери менен алмаштырылган экен. Аталган мектептер быйыл дагы утурумдук ремонттон өткөрүлгөн. А балдар музыкалык мектебинин жылуулук системасына 150 миң сом сарпталып, капиталдык ремонт жүргүзүлгөн.
"Беш кол тең эмес" дегендей, эл болгондон кийин колунда жоктор жок эмес. Аз камсыз болушкан жарды үй-бүлөлөр көңүлдөн чыкпайт. Алты айдын ичинде жардамга муктаж 27 үй-бүлөгө 25 миң сом, "Бакыт" балдар бакчасынын тарбиялануучуларына, "Шоола-Көл", "Бейпил" реабилитациялык коомундагы балдарга жана томолой жетим балдарга айыл аймагы тарабынан 22 миң сом жардам берилген.

Өнүгүүнүн булактары
Күн-Чыгыш айыл аймагынын экономикалык кубатын негизинен жер иштетүү, малчылык, бакчачылык түзөт. Бул тармакта 1012 дыйкан жана фермердик чарбалар, бир айыл чарба кооперативи бар. Апай беттүү, оттуу тоо жайыттары малчылыкты өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түзөт. Кой, топоз, уй багылат. Ушундан улам малчылыкты өнүктүрүү артыкчылык берилген багыттардын бирине кирет. Себеби, ага жакшы база жана өндүрүлгөн азыктарды сатып өткөрүүгө шарт түзүлсө гана болду. Ушул тапта жылына 700 тоннага жакын сүт, 100 тонна эт өндүрүлөт.
Жергиликтүү экономикада кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү 20
пайызды түзөт. Айыл аймагында 13 кичи тегирмен, 3 май чыгаргыч, 14 нан бышыруучу, 2 эстеликтерди жасоочу, 2 жыгачтан буюмдарды жа-соочу цехтер, 1 дарыкана бар. "Керемет" ЖЧКсы, тигүү цехи, кийизден буюмдарды жасоочу цех бир чети жумуш ордун түзсө, бир чети айыл аймагынын экономикасынын өнүгүшүнө салымдарын кошууда.

Көздөгөн көк жээк
Биз сөз башында күн-чыгыштыктардын экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планы кызыгууну жаратат деп айтпадыкпы. Эми ошого өтөлү.
Стратегиялык план боюнча аймактын тургундары өздөрүнүн муниципалитети катары Манжылы-Ата шаарын көрүшөт, ал Тоң районунун административдик, ишкер жана маданий борбору болуп калышы керек. Эмне үчүн? Биринчи кезекте жагымдуу табигый чөйрө шаардын эл аралык экотуризмдин борбору болуп бекемделишине мүмкүндүк берет. Экинчиден, жогорку стандарттарга жооп берген айыл чарба азыктарын өндүрүп жана кайра иштетүү өнүгүүнүн бир чоң ачкычы. Ошондой эле жеткиликтүү банк кызматы кичи жана орто бизнестин арымдап өнүгүшүнө өбөлгө болот. Манжылы-Ата шаары ар бир жарандын жашоо-турмушу үчүн зарыл болгон социалдык жана техникалык инфраструктурасы менен өзгөчөлүккө ээ болот. Алардын шаары дени сак, байгер, интеллектуалдык жана руханий жактан бай адамдардын үйү болуп саналат.
Күн-чыгыштыктар жакынкы жылдарда ушундай ар тараптуу, заманбап өсүшкө жетишке умтулушат. Ал эми туризмди өнүктүрүү экономиканын башка секторлоруна: соода, курулуш, айыл чарба, эл керектөөчү буюмдарды өндүрүүгө таасир тийгизет. Дагы бир жакшы жагдай тарыхтын уникалдуу эстеликтери, табияттын кооздугу, маданий жана элдик салттын күчтүүлүгү, Ысык-Көлгө жакындык муниципалитетте туризмди өнүктүрүүгө эң сонун өбөлгө болуп берет. Андыктан, маалыматтык система түзүү жалпысынан муниципалитет боюнча туристтик маалыматтардын кеңири базасын түзүүгө жол ачарын билгендиктен ушул жаатта иш алып баруу планда бар.
Келечекте аймак ажайып кооздугу менен туристтерди тарткан өзгөчө жер болуп калышы үчүн "Жашыл айыл" концепциясында жашылдандыруу, көрктөндүрүү каралган. Ал эми питомниктер муниципалитеттин аймагын мындан ары көрктөндүрүүнү жана жашылдандырууну өнүктүрүүгө негиз болуп калууга тийиш.
Даярдаган
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"