28.09.10 Улут ңгусун издеп...
же келечектин модели
"Манастабы"?
-Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин өз алдынча мамлекет катары өз идеологиябызды издей баштадык. Бирок жыйырма жыл өтсө да ошондой идеология табылды деп айтканга ооз барбайт. Эки президенттин тушунда атайын иштелип чыккан документтер кагаз жүзүндө калып, элге сиңген жок. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуздар ?
Жамгырбек БӨКӨШЕВ, Кыргыз-Түрк "Манас"
университетинин философия кафедрасынын башчысы, философия илиминин
доктору:
- Мындай жагдайдын бир себеби, менимче, биз бир калыпта өнүккөн нукка түшө албай, бирде нары оонап, бирде бери оонап, кирген суудай болуп жатабыз. Элибиз эки революцияны башынан өткөрдү, ошого да байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок кыргыз коомчулугу идеологиядан таптакыр эле кур жалак калып, идеологиялык жактан көңдөй болуп атат дегенде болбойт. Тарыхты карасак деле, өз тажрыйбабызга баам салсак деле эч качан коом идеологиясы жок, бопбош калбайт экен. Динге байланышкан идеология өзүнчө жүрүп атат, атүгүл диндин ар кайсыл багыттары өз идеологиясын жүргүзүүдө жана ага анча-мынча берилгендер бар. Базар экономикасы, эркин рынок деген либерализм идеологиясы да өкүм сүрүүдө. Карапайым элдин арасында байыйлы деген идеология пайда болду. Ар кандай ата-эне балдарын жакшы тыйын-тыпыр таба турган жумушка бар, мына, кошуна кафе ачты, машина алды, биз да ошентели деп үйрөтөт. Кыскасы, биздин коомдо идеологиялык баш аламандык, көп түрдүүлүк жашап атат деп айтсак болот. Биз азыр кимбиз, ким болушубуз керек, ага кандайча жетебиз? Ушунун тегерегинде бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ырааттуу иш жүргүзүлсө , башкача айтканда, интеллектуалдар, мамлекеттик ишмерлер сөз кылса, журналисттер жазса , ЖОЖдордо студенттер, мектептерде окуучулар окуса, ошондо бир идеологиялык нукту тапмакпыз. Азырынча болсо идеологиялык баш аламандык өкүм сүргөн коомдо жашап атабыз.
Сулайман РЫСБАЕВ,
Билим берүү академиясынын мамлекеттик тил лабораториясынын башчысы, педагогика илиминин доктору:
- Менимче, идеология бизге эмне керек деген нерседен эле келип чыкса керек. Коммунисттик идеология байлык жалпыбыздыкы, элдики дечү. А бүгүн болсо биз меники дегенге өттүк. Элдики деген нерсени кыргызча айканда, эч ким уруп ойнобой калат экен. Мени-
ки деген түшүнүк аң-сезимибизге киргенден баштап улуттук, мамлекеттик, рухий баалуулуктарыбыздын баарын талкалап алдык. Улуттук баалуулуктарды да, мыйзамды да сыйлоо жок. Мыйзамды сыйлоо эки нерседен келип чыгат: же сыйлагандан же корккондон. А биз сыйлабайбыз дагы, коркпойбуз дагы. Жерибизди сатканыбыздын өзү деле Кыргызстандыкы деген улуу идеянын жоктугунан болуп атат. Идеологиябыздын түбүн мен улуттук баалуулуктарыбызды алып чыгуудан көрөт элем.
- Кечээ жакында эле интернеттен окуп калдым, "Манас" акыркы кездерде кыргыздар арасында культка айланып бараткандыгын белгилеп, россиялык бир эксперт алдыдагы багытын жоготуп койгон эл келечегин өзүнүн өтмүшүнөн издей баштайт деген ойду айтыптыр.
Жамгырбек БӨКӨШЕВ : - Улуттук мурастарга, макал-лакаптарга кайрылган - бул артка кетенчиктөө эмес. Ошол баалуулуктарды алып чыгып, аздектеп, мунусу жарайт,тигиниси жарабайт деп ылгап, келечекте дем-күч бере турган идеяларды таап, аларга таянып иш жасашыбыз керек. Манас - бул жалаң эле эпос эмес, түптүү, чоң идеология. Ал элдин руху, дүйнөгө болгон көз карашы. Биз кыргыз элинин мурасына, өткөндөгү жетишкен баалуулуктарына, дөөлөттөрүнө таянмайынча келечекте өз жолубузду таба албайбыз. Азыр маалымат, билим доору деп атабыз, ошондой доорго багыт алып бара жатканда биз улуттук дөөлөттөрүбүздү сактап, улуттук жүзүбүздү аныктабасак анда көпчүлүккө аралашып, сиңип кетишибиз мүмкүн. Мына ушул коркунучтан кутулуш үчүн өзүбүздүн кыргыздыгыбызды, ата-бабаларыбыздан келе жаткан мурасыбызды сактап, ошого таянып, мындан ары да дүйнөлүк коомчулуктун ичинде өз ордубузду табууга аракет кылышыбыз керек.
Бирок, менин көңүлүмдү сарсанаа кылган бир жагдай бар. Кыргыз элинин мурасы, "Манас" дегенде кээ бирөөлөр жалаң артка карап туруп алат. Туура, элибиздин өткөн тарыхын үйрөнүп, жакшы жактарын баалап, көтөрмөлөө керек. Ошол эле учурда жакшы турмуш, жаркыраган келечек сыйкыр күчтөрдүн аркасынан өзү эле келет деген куру кыялдан кутулганыбыз оң. Азыр биздин арабызда ушундай көз караштар күчөп кетти. Кыргыз, албетте, улуу эл, бирок бүт дүйнө кыргыздардан тараган, бүт дүйнөнүн тилдери кыргыз тилинен чыккан, Кудай ушунча элдин арасынан кыргыздарды гана жакшы көрөт экен, кутту кыргызга гана берип атыптыр деген туура эмес да. Куру кыялга алдансак анда биз элди, жаштарды алдап, аларга туура эмес багыт берип койгон болобуз. Кудай кут берсе жакшы, ылайым кыргызга ошону буйрусун, бирок ушинтип эле кудай бизди багып алат экен деп отура бербей өзүбүз да аракет кылбайлыбы! Азыр экономикалык, техникалык атаандаштык күчөп атат, биз да башка элдерден калбай өнүгүшүбүз керек да.
Сулайман РЫСБАЕВ : - Элибиз "Манасты" өзүнүн туусу, идеологиясы, рухий тирөөчү катары кабыл алып келишкен. Ошон үчүн "башканы коюп Манасты айт" деп дайыма "Манасты" угушуп, эл өзүн-өзү тарбиялап келишкен эмеспи. Анткени, "Манаста" биздин бүткүл рухий дүйнөбүз жатат. Анда чачылуу да бар, биригүү да бар, достук да бар, кастык да бар, ички саясат да, эл аралык мамилелер да бар. Ошондуктан, идеологиябыздын көп жактарын ушул "Манастан" издеген
туура болмок. Манас келечекте кыргыз кандай болсо дегендин эле модели сыяктуу. Бакай, кырк чоро, Каныкей, Айчүрөктүн образында кыргыз кандай болуш керек деген элестөө, ошонун стандарты турат. Кыргыздарды тоодо жүргөн эл деп коюшат. Бирок тоодо жүргөн эл өзүнүн улуттук өзгөчө цивилизациясын жараткан. Мисалы, алтымыш тилди билген Ажыбайды алалы. Ал бекеринен эле зериккенден жараткан образ эмес. Манас ошол Ажыбай аркылуу алтымыш эл менен сүйлөшүп, алтымыш элдин духун түшүнгөн. Демек, "Манаста" кыргыз турмушунун модели жатат. Мен айтат элем, "Манаста" турмушубуздун модели гана эмес, келечекте эмне кылсак дегендин рецеби да жаткансыйт.
Жамгырбек БӨКӨШЕВ : - Кыргызстан кыргыздардын мамлекети болгондон кийин улуттук идеология сөзсүз түпкү элдин талап мүдөөсүнө, ой-максатына айкалышы керек. Биздин идеология эмне? Өнүккөн Кыргызстан, өркөнү өскөн кыргыз эли. Ар бир кыргызстандыктын ойлогону ушул.Бирок ушуну жуурулуштуруп, кандайдыр бир ураан катары көтөрүп чыгып , мамлекеттик органдар аны программаларга киргизип, ошого жараша 5-10 жылдык иштерди жасай албай жатпайбы. Маселе ушунда.
"Манастын жети осуяты" деген каяктан келип чыкты? Биздин делегация Малайзияга барып, ал жактан беш принцип деген идеология бар экен деп келишти. Эмне үчүн жетти? Мүмкүн "Манаста" жети жүз осуят бардыр? Элди бириктирип, баш коштура турган эмес, тескерисинче, үркүтө турган жасалма
ураандарды таштап коёбуз. Же болбосо "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз", "Кыргызстан - адам укугунун өлкөсү" деген ураандарды алалы. Бул идеялар сыртынан караганда жакшы көрүнгөнү менен элге сиңбей, түртүлүп калып атат. Мындай чаржайыт, баш-аягы аралашкан идеологиялык турмушта жашай берсек, Крыловдун тамсилиндеги арабаны ар кимиси ар жакка тарткан балык, чаян жана ак куунун кейпинде калабыз.
Сулайман РЫСПАЕВ : - Биз идеологиябыз жогунан чачкын болуп атабызбы же бири-бирибизди укпаганыбыздан улам бир идеяга келе албай жатабызбы? Күчтүү идеология болуш үчүн күчтүү мамлекет же күчтүү түпкү улут болуш керек. Ошондо биз улуттук баалуулуктарды идеология катары балким бекемдей алат белек. Мамлекет өзү консервативдүү нерсе болот да. Биз улуттук идеология жөнүндө сөз кылалы дейбиз. А мамлекет жок, башка улуттардын да көз караштарын унутпайлы деп айтат. Бизде кыргыздардан башка көп сандагы башка этностор да болгондуктан түпкү улуттун гана көз карашы үстөмдүк кылбайт. "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деген ураан ошондо келип чыгып атат. Тигинин көз карашын да, мунун көз карашын да макул деп атып азыр бир нече дин өкүм сүрүп калды.
Үч жүздөн ашуун диний секталар иштеп атат. Ушунун натыйжасында көп адамдар диний ишеним жагынан дагы бөлүнүп кетти. Бизде республика боюнча төрт жүздөн ашуун орус, 220дай өзбек, 15тей тажик мектептери, уйгур, дунган, немец класстары бар. Алардын көбүндө орус тилине басым коюшат. Андай болгон соң Россиянын китептерин алып, Россиянын стандарты менен окуйт. Өзбек мектептери болсо Өзбекстандын стандарты менен окуйт. Биринчи класстын баласы менин мекеним Россия деп окуса эле сөз менен кошо жан дүйнөсүнө сиңип, таза баланын сезимине программа түзүлүп атпайбы.
Россиянын букварынын ичинде менин кудайым Иисус деген текст бар. Демек, биздин окуучуларга Иисус деген дух кирип атат, кыргыздын баласынын жан дүйнөсү башкача болуп калды. Билинбеген экспансия болуп атат да. Мен ошол китепти алып алып мурунку министрлерге кирсем Россия менен биздин мамилебиз жакшы болуп тургандан кийин баары бир окуйбуз да деп коюшту. Бирок ошондо деле илимий бир мамиле керек болчу. Ошол китептерди Кыргызстандын шартына айкалыштырыш керек эле. Мына, Өзбекстанда алтымышка жакын кыргыз мектеби бар. Кыргызстандан кыргыз тили жана адабияты китебин алганда Ташкент, Навои, Өзбекстан жөнүндө сонун тексттерди киргизип, өздөрүнүн стандартына салып коюшат. Биз антели десек уруксат жок, адистер да жок. Мамлекеттер, министрликтер аралык келишимдер керек экен. Мындай шартта бирдиктүү идеологияны табыш, сиңириш, бекемдеш аябай эле кыйын деп ойлойм.
Жамгырбек БӨКӨШЕВ : - Мамлекет, интеллектуалдар, элита тарабынан дагы ачык айта турган бир нерсе бар. Туура, Кыргызстан көп улуттуу мамлекетпиз. Бирок башка улуттун өкүлдөрү качан кыргыздар жакшы жашаса аларга да жакшы болоорун түшүнүүгө тийиш. Кыргыздар кыйналып, кыжыры келип, өзүнүн турмушуна ичи чыкпай жашаса, анда алар эртеби-кечпи улуттар аралык мамилеге да терс таасирин тийгизет. Түпкүлүктүү элдин көңүлү жай болуп, жакшы жашаса, анда башкалар дагы жакшы жашайт.
- Чыгыш өлкөлөрү өздөрүнүн кыртышынан, салт-санаасынан чыккан баалуулуктарды азыркы нукка салып, идеология кылып алганы үчүн гана өнүгүп кетти, биз да ошолордун жолун жолдошубуз керек деген кишилер бар. Алар керек болсо мамлекетти башка-руунун да рецептерин сунуш кылып атышат. Келгиле, оң, сол, ичкилик болуп бөлүнөлү, кезек менен беш жылдан мамлекетти башкаралы, мамлекеттин эң жогорку органы катары Курултайды киргизели дешет.
Жамгырбек БӨКӨШЕВ : -Уруучулуктун жарай турган, иштей турган жактары деле бар. Мисалы, кырк уруунун өкүлү Манастын туулган жерине барып келели десе, бул жараша турган нерсе. Бирок бийликти үч канат же кырк уруунун өкүлдөрү болуп бөлүштүрөлү, мамлекетти кезек менен башкаралы деген менимче эски, азыркыга жарабай турган жорук. Бул кайра эле кыргызды бөлүп-жарууга алып барат. Бери болгондо мен мындай ойлордон оолакмын. Курултайды ар кайсыл элдин, жердин өкүлдөрү келип, кеңеше турган орган катары иштетсе болот. Айтылган идеяларды ыраатка салып, аткаруунун механизмдери иштелип чыкса, кийинки натыйжасын көзөмөлдөп карай турган жолун тапсак. Анан эки-үч күн сүйлөп, той-тамаша кылып тарап кете берсек жөн эле куру убара болуп калат.
Сулайман РЫСБАЕВ : - Курултай идеясы, албетте, улуттук ин-
струмент. Ал эми президентик жалпы дүйнөлүк тажрыйба. Бүгүнкү күндө курултай идеясын көтөргөндөр ага башкаруучу, жетектөөчү, багыттоочу функцияны ыйгарып, Курултай Президенттен өйдө турат деп атат. Курултай кызматтан алып коёт, коюп коёт, анын чечимин Президент кыйшаюусуз аткарат дейт. Андай болсо Президенттин эмне кереги бар? Менин оюмча, бул хандыкка жакын түшүнүк. Хан курултай чакырып, кырдаалды талкуулап, божомолдоп, эмне кылышты чечип турган. Ошондо дагы ал хандын алдындагы гана орган болгон. Кыргыздын тарыхында курултай ханды алып салыптыр деген тажрыйба жок. Ошондуктан, бүгүнкү күндө Курултайды Президентик органдын үстүнө чыгарыш туура эмес болуп калат.
- Акыркы кездерде интернет сайттарда, чет элдик басма сөз беттеринде кыргыздардын арасында улутчулдук маанай күчөп кетти деген кооптонуулар айтыла баштады . Элибиздин дарегине мындай жалаа жабылышынын себеби эмнеде деп ойлойсуздар?
Жамгырбек БӨКӨШЕВ : - Өз улутун сүйүп, ага тиешелүү нерселерди ыйык тутуп, аздектөө ар бир адамдын парзы. Ал эми башка улуттарды кемсинтип, алардын укугун тебелеп, улутуна карап кысмакка алып, жумуштан бошотуп, окуу жайына кабыл албай кордоп, ызаласа, бул, албетте, жаман көрүнүш. Мен Кыргызстанда андайды көрө элекмин. Буга чейин көп эле чет элдиктер келип, кыргыздарды абдан толеранттуу, меймандос эл экен деп айтып кетчү. Эгерде кыргыз деген ураан, кыргыз элине тиешелүү маселелер көбүрөк козголуп жатса, бул жанагы апрель революциясына жана түштүктөгү окуяларга байланыштуу.
Сулайман РЫСПАЕВ : - Бытовой национализм деген түшүнүк бар эмеспи. Мисалы, кезекке тургандагы кер-мур айтышуудан же болбосо көчөдөгү балдардын болор-болбос тирешүүсүнөн улам чыккан чыр-чатактарды улуттук, коомдук масштабга алып чыгууга болбойт. Кыргыздар түбүнөн маймандос, кең пейил эл. Башка улуттарды сыйлап көнгөн. Ошондуктан биздеги башка улуттардын өкүлдөрү коммунизмдегидей эле жашап жатышат. Муну Израилге, Германияга, Россияга кеткендердин көбү кайра кайтып келип атышкандарынан эле билсе болот. Жакем туура айтты, кыргыз өнүкмөйүн башка улуттардын өнүгүшү кыйын. Кыргыздар өз мамлекетинин экономикасын, илимин өнүктүрүп, социалдык маселелерин чечип алса башка улуттардын өкүлдөрүнө да аябай жакшы болмок.
Мамат Сабыров,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөтү
Ариэт
Жумабековдуку