кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
28-сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
Кыргызстан менен Американын
аралыгы дагы жакындады
2-бет
Кыргызстан менен Американын аралыгы дагы жакындады
3-бет
Өнүгүүнүн негизи түзүлүүдө
4-бет
Султанов Марат Абдразакович:
"Күчтүү оппозиция - кыргыз элинин кызыкчылыгы"

5-бет
"Ак шумкар" партиясына
добуш берүүнүн 7 себеби

6-бет
Соттор жумуштан эмне үчүн бошотулушту?
7-бет
"Бийликке жаңы кан жүгүртчү инсан келатат"
8-9-бет
"Ак шумкар" саясий партиясынын лидери
Темир САРИЕВ:
"Өнүгүүгө жети кадам" - экономиканы өркүндөтүүнүн өбөлгөсү"

10-бет
Жаштар мамлекетти башкарууга барышат
11-бет
Улут ңгусун издеп...
же келечектин модели
"Манастабы"?

12-бет
Окугандан кийинки ойлор
13-бет
Дубандардан эмне кеп?
14-бет
Айтылуу таланттар
жолугушканда...

15-бет
Мамбеталынын айткандары
16-бет
Өргө умтулган Күн-Чыгыш




Кыргызстан менен Американын
аралыгы дагы жакындады
Кыргыз Республикасынын
Президенти Роза Отунбаева Нью-Йорк шаарында
АКШнын Президенти Барак
Обама менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргызамерика кызматташтыгын кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чың-доонун жолдору талкууланды.
Американын Президенти акыркы айларда Кыргызстандагы демократиялык институттарды калыбына келтирүү ишиндеги чечкиндүү кадамдары үчүн Кыргызстандын мамлекет башчысына кубаттоосун билдирди. Жолугушуу учурунда Роза Отунбаева жетектеген кыргыз өкмөтү көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон чектөөлөрдү алып салгандыгы, жаңы Конституциянын долбоору даярдалып, ал 27-июнда болгон жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынгандыгы айтылды. "Кыргызстандын демократиянын жолундагы жигердүү кыймылы өлкөнүн жашоочуларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн зарыл шарттардан болуп саналаарына ишенем.Сиздер жүргүзүп жаткан реформалар менен башка аракеттерге толук колдоо көрсөтөбүз", - деп билдирди Б.Обама. Ошондой эле АКШнын Президенти Кыргызстандын түштүгүндөгү кагылышууну токтотуп, кырдаалды жөнгө салуудагы Роза Отунбаеванын аракетин жогору баалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө президенттер Борбордук Азиядагы коопсуздук, Афганистанды өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер тууралуу пикир алышышты.
Өз ара маектешүү учурунда эки өлкө ортосундагы кызматташууну андан ары өнүктүрүү, эки тараптуу мамилелердин абалы, келечеги тууралуу маселелер каралды.
Ал эми кечээ "Кабар" маалымат агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында КРнын вице-премьер-министри, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев мамлекет башчы Р.Отунбаева баштаган мамлекеттик делегациянын БУУнун Башкы Ассамблеясынын саммитинин жыйынтыгы өтө жемиштүү болгондугун белгиледи. Дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандын чыныгы демократиялык мамлекетти куруу боюнча аракетине өтө жогору баа берген.
Ж.Сатыбалдиевдин айтуусунда, мындай тыянак чыгарууга эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы өбөлгө болгондугун белгилесек болот. "БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун, АКШнын Президенти Барак Обама жана башка дүйнөлүк таасирдүү лидерлер элдин кайра түзүүлөргө умтулган эркин жана өлкөнүн жаңы бийлигинин саясатына жогору баа беришти. Мунун баары ийгиликтүү аяктаган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билинди", - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Президенттин Администрация башчысынын биринчи орун басары Муктар Жумалиевдин билдирүүсү боюнча, мамлекет башчы Роза Отунбаева 60тан ашык жолугушууларды өткөргөн. "Алардын 30у мамлекет башчыларынын деңгээлинде, болгондо да алардын демилгеси менен болду. Бүткүл дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанда болуп жаткан реформаларга кылдат байкоо жүргүзүүдө жана бизге чын дилден колдоо көргөзүүдө", - деп кошумчалады ал.
(Уландысы 2-бетте)





"Ак шумкар" саясий партиясынын лидери Темир САРИЕВ:
"Өнүгүүгө жети кадам" - экономиканы өркүндөтүүнүн өбөлгөсү"
- Биздин "Өнүгүүгө 7 кадам" деген кризиске каршы программалуу документибиз иштелип чыккан. Буюрса, 10-октябрдагы парламенттик шайлоо тынч, ойдогудай өтүп калса, айдын 20-октябрына жакын парламент толук кандуу иштеп, Өкмөттүн курамы түзүлөт. Ал эми 1-ноябрдан баштап, алгачкы иштелүүчү иштердин бири кризиске каршы "Өнүгүүгө 7 кадам" программасы болуп саналат. Анын эң алгачкы орчундуусу - жеке менчикти сактоо, экономика саясатындагы туруктуулукка жетишүү.
Эгерде мамлекет экономиканын туруктуулугуна, менчиктин кол тийбестигине кепилдик бербесе, таланып, тонолуп, бүлүнүп кете берсе бизге тыштан инвестор келбейт. Ошону үчүн инвесторлор, ишкерлер ишене турган күчтүү экономикалык саясат жүргүзбөсөк болбойт. Мамлекет алардын менчигин коргошу зарыл. Андан тышкары салык саясатын улам өзгөртпөй, туруктуулукка жетише турган учур келди. Ошол эле мезгилде бизнес чөйрөсү мыйзамдуу, тең укуктуу атаандаштык менен өсүүгө тийиш.
(Материалды 8-9-беттерден окуйсуздар)



меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

PDF формат


Яндекс.Метрика