Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Каңшаар кептин чындыгы

Акыркы мезгилдеги ар кайсы инстанциядагы соттордун бир катар судьяларынын кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча айрым субъективдүү пикирлер айтылууда. Ошол эле учурда андайлардын басымдуу көпчүлүгү ошол судьялардын кызматтан бошотулушунун чыныгы себептерин билишпей тургандыгы көрүнүп турат. Бул макалада алардын айрымдары боюнча Соттор жумуштан эмне үчүн бошотулушту?
атайын жумушчу топ тарабынан аныкталган фактылар менен окурмандарды тааныштырып коюуну чечтик.

Соттор жумуштан эмне үчүн бошотулушту?
(Уландысы.
Башталышы өткөн санда)
Кылмышкерлерге карата судьялардын "ашкере боорукерлигинин" кандай себептери бар?
Бакиевдерге карата козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөөнү ведомстволор аралык тергөө тобу жүргүзүүдө. Топ тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 3-июнда К.Бакиевдин жакын тууганы Замирбек Нуруев кармалган. 4-июнда ага айыптоо коюлгандан кийин Жалал-Абад шаардык сотуна анын баш коргоо чарасы катарында камакка алуу өтүнүчү киргизилген. Өтүнүчтү кароо судья А.Сулаймановага тапшырылган. Бирок Жалал-Абад шаардык сотунун төрайымы Мактым Калимбетова бул процесске кийлигишип, судьяга З.Нуруевди алып келбөө боюнча акт түзүү көрсөтмөсүн берген. Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Р.Шүкүралиевдин кийлигишүүсүнөн кийин гана З.Нуруевди камакка алуу санкциясы берилген.
М.Калимбетова тарабынан июнь айындагы улуттар аралык конфликттин уюштуруучуларына жана активдүү катышуучуларына карата бөгөт коюу чарасын сырттан тандап алуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароодо да тоскоолдуктарды жасоо аракети орун алган. Ал тергөө топторунун жетекчилеринен адамдарды кармоо жөнүндө алдын-ала билдирүүнү, айыпталуучуларды сотко иш күндөрү жана иш убактысында гана алып келүүнү талап кылган. Мындай ченем
КРнын Жаза-процесстик кодексинде каралган эмес.
ЁЁЁ
Биринчи май райондук сотунун судьясы Азизбек Турдалиев 2009-жылдын 8-сентябрындагы өкүмү менен Ш.Биймырзаевди жана А. Люну алардын күнөөсү далилденбеген деген жүйөөгө негиздеп актап жиберген. А чынында тергөө органдары тарабынан алар ширеңкенин 10 кутусундагы гашиш наркотикалык затын сатып алышканы жана сатып алуучуну табышып, ага ар бирин 2 миң сомдон сатууну сунуш кылышканы аныкталган. 12-майда аны сатканы жатышканда милиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан.
Бишкек шаардык сотунун коллегиясы 5-ноябрдагы аныктамасы менен жогоруда аталган өкүмдү жокко чыгарып, жаңы чечим кабыл алган. Ага ылайык, Ш.Биймырзаев жана А. Лю КЖКнын 247-статьясынын 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, ар бири 12 жылдан эркинен ажыратылууга соттолушкан. Бул чечим Жогорку сот тарабынан да күчүндө калтырылган.
ЁЁЁ
Жаран О. Бояркин 2009-жылдын 26-апрелинде мас болуп алып, кызганычтан улам С.Князев аттуу жаранды күрөктүн сабы менен сабаган. С.Князев алынган жаракаттардан улам 2 күндөн
кийин каза болуп калган. Ал эми А.Турдалиевдин 2009-жылдын 28-сентябрында чыгарган өкүмү менен О. Бояркин акталган.
Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы судья А.Турдалиевдин мындай "боорукерлиги" менен макул болбостон, О.Бояркинди КЖКнын 104-статьясынын 4-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, аны 9 жылга эркинен ажыратууга соттогон. Бул чечим Жогорку соттун соттук коллегиясынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги токтому менен күчүндө калтырылган. Муну да судья А.Турдалиевдин "боорукерлиги" менен түшүндүрөбүзбү?
ЁЁЁ
Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Самат Кайыпов тарабынан жаран А.Яс-кеевичти героин менен апийимди контрабандалык ташуу боюнча
айыптаган иш каралган. А.Яскеевич 2008-жылдын 14-декабрында Сокулук районунун Фрунзе айылынын Центральная көчөсүнүн №27 үйүнүн жанынан Наркотиктерге контроль боюнча агенттиктин кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын жанынан ичинде 93 килограмм апийим жана 19 килограмм героин салынган 7 картон коробка табылган.
Судья С.Кайыпов А.Яскеевичтин аракеттерин негизсиз эле КЖКнын 247-статьясынын 3-бөлүгүнүн 4-пунктунан 246-статьясынын 4-бөлүгүнө кайра квалификациялап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 6 жыл 7 айга эркинен ажыратып, катуу режимдеги колонияда жазасын өтөөгө өкүм чыгарган.
Прокуратуранын сунушу менен ал өкүм алынып салынып, иш башка курамда кайра каралуусу үчүн ошол эле сотко жөнөтүлгөн. Судья К.Зулушев төрагалык кылган соттук курамдын 2009-жылдын 28-октябрындагы өкүмү менен А. Яскеевич КЖКнын 247-статьясынын 4-бөлүгү боюнча 14 жылга эркинен ажыратылууга соттолгон. Облустук сот 26-декабрдагы чечими менен
А. Яскеевичти КЖКнын 247-ста-тьясынын 3-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча күнөөлүү деп таап, биринчи инстанциядагы соттун жаза чарасын күчүндө калтырды.
ЁЁЁ
КЖКнын 247-статьясынын 2-бөлүгү боюнча 16 жылга эркинен ажыратылууга соттолгон А.Ибрагимов менен 10 жылга эркинен ажыратылууга соттолгон З.Ахмедов Ош шаардык сотунун судьясы Нурмухамад Хамдамовдун токтомдору менен ооруп калышкандыгына байланыштуу жазаны өтөөдөн бошотулушкан. Мында судья тарабынан шаардык соттун 2007-жылдын 8-июнундагы жана 2006-жылдын 28-июлундагы соттолгондордун тергөө изоляторунда болушунун негизсиздиги жана мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмдөрүн аткарбоо жөнүндө буйруктарынын аткарылбагандыгына көңүл бурулган эмес. №25 мекеменин начальниги Г.Пратовдун соттолгондорду оорусуна байланыштуу бошотуу боюнча сунушунун укукка ылайыктуулугу да иликтенген эмес.
Чынында өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин камактагыларга стационардык дарылоо зарыл учурда алар кылмыш аткаруу системасынын тийиштүү дарылоо-профилактикалык мекемелерине жөнөтүлүшү керек эле. Ошентип ЖПКнын 251-статьясынын талаптары да одоно бузулган. Судья мыйзамдарды бузуу менен өтө оор кылмыштарды жасаган, коомдогу адамдардын саламаттыгы үчүн коркунуч туудурган кургак учуктун оор формасы менен ооруган адамдарды жаза өтөөдөн бошотуп жиберген.
ЁЁЁ
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эсенжан Абылкасымов наркотикалык заттарды мыйзамсыз сатып алуу, сатуу максатында сактоо боюнча айыпталышкан М.Раджабов, З.Касимова жана С.Гломоздага карата кылмыш иши боюнча 2009-жылдын 17-сентябрында ашкере "боорукерлик" менен өкүм чыгарган. Аларга карата КЖКнын 56-статьясы негизсиз жана мыйзамсыз колдонулуу менен мыйзамда каралгандагыдан жумшак жазалар берилген. М.Раджабов - 7 жылга, З.Касимова - 5 жылга, С.Гломозда - 6 жылга эркинен ажыратылууга соттолушкан. Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы 17-декабрдагы өкүмү менен анын катачылыгын оңдоп, М.Раджабовду - 15 жылга, З.Касимованы - 13 жылга, С.Гломозданы - 13 жылга эркинен ажыратуу жазасын чыгарган.
Э.Абылкасымовдун наркотикалык заттарды сатып алууга, сатуу үчүн сактоого байланышкан кылмыштарды жасаган адамдарга карата негизсиз жумшак өкүмдөрдү системалуу чыгаруусу байкалбай койбойт. Мисалы, 2009-жылдын 9-февралындагы өкүмү менен Э.Карымшаковго жана К.Ыдырысовго КЖКнын 247-статьясынын 2-бөлүгү боюнча үй-мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганына карабастан, КЖКнын 56-статьясын колдонуп 500 эсептик көрсөткүч айып салуу менен чектелген.
Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы өз аныктамасы менен ал чечимди алып салып, ишти жаңыдан кароого кайра жөнөткөн.
Э.Абылкасымовдун "боорукер" чечимдери ушуну менен бүтүп калбайт. Ал 2009-жылдын 30-декабрында чыгарган өкүмү менен соттолуучулар А.Данаковдун жана
К.Абубакированын аракеттери КЖКнын 247-статьясынын 2-бөлүгүнөн 246-статьясынын 3-бөлүгүнө мыйзамсыз кайра квалификацияланып, А.Данаков - 3 жылга
эркинен ажыратылса, К.Абубакировго - 4 жылга эркинен ажыратылган жаза алган.
Ал эми Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын 2010-жылдын 19-февралындагы өкүмү менен А.Данаков менен К.Абубакиров 8 жана 9 жылга эркинен ажыраты-
лууга соттолушкан.
ЁЁЁ
Түп райондук сотунун судьясы Жумабек Мамытов 15 килограммдан ашуун марихуананы мыйзамсыз даярдагандыгы, сактагандыгы үчүн айыпталган Олег Бабкинге карата кылмыш ишин кароо менен аны КЖКнын 246-статьясынын 4-бөлүгү боюнча айыптуу деп таап, 5 жыл эркинен ажыратуу, бирок 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен жаза берүү өкүмүн чыгарган. Мында ал О.Бабкиндин мурда эки жолу соттолгондугун, КЖКнын 164 жана 336-статьялары боюнча өтөлбөгөн соттолгондугу бар экендигин эмнегедир "эске алгысы келбеген". Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясынын 2010-жылдын 11-февралындагы аныктамасы менен өкүм алынып салынып, иш кайрадан кароого жөнөтүлгөн.
Халида Исаева 5 грамм гашиш наркотикалык затын сатуу аракети үчүн тергөө органдары тарабынан КЖКнын 247-статьясынын 2-бөлүгү боюнча айыпталган. Бул өзгөчө оор кылмыш катары эсептелет жана ал үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу санкциясы каралган. Бирок судья Ж.Мамытов 2009-жылдын 7-октябрында чыгарган өкүмү менен аны 7 жылга шарттуу эркинен ажыратуу жана 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен "жазалаган".
Облустук соттун 2010-жылдын 11-февралындагы аныктамасы менен өкүм жокко чыгарылып, иш жаңыдан каралууга жөнөтүлгөн.
Туратбек Райымбеков 25 грамм гашиш жана 30 грамм марихуана наркотикалык заттарын сатып жатканда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. "Боорукер" судья Ж.Мамытов 2008-жылдын 29-февралында чыгарган өкүмү менен Т.Райымбековду 10 миң сом айып салууга соттогон. Бул өкүм дагы облустук сот тарабынан жаңыдан кароого жөнөтүлгөн.
ЁЁЁ
Ысык-Көл райондук сотунун
төрагасы Рахимжан Аскаров гашиш наркотикалык затын өзгөчө ири өлчөмдө сактагандыгы үчүн КЖКнын 246-статьясынын 4-бөлүгү боюнча айыпталган Нургазы Абдыразаковдун кылмыш ишин кароо менен аны 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга шарттуу эркинен ажыратуу жазасын берген.
Бул жолу да облустук соттун соттук коллегиясы Р.Аскаровдун "боорукерлигинин" мыйзамдуулугунан күмөн саноо менен 2009-жылдын 3-ноябрындагы чечими менен биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.
(Уландысы бар)


Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
Кыргызстанды гүлдөтүү биздин колдон келет!
2-бет
Эреже
баарына бирдей

3-бет
Аракеттердин жемиши болоор күндөр алыс эмес
4-бет
"Ата Журт" партиясынан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Эмилбек ЫСМАНОВ:
"Кыргызстандын келечеги чечилүү алдында турат"

5-бет
Либералдык-прогрессивдүү партия
6-бет
Аракеттердин жемиши болоор күндөр алыс эмес
7-бет
Улгайган адамдарды урматтоо айлыгы
8-бет
Социологдор жыйыны
9-бет
Каңшаар кептин чындыгы
10-бет
Квартира эпопеясы жана
Дон Кихоттун кейпин кийген кыргыз

11-бет
(Башталышы 10-бетте)
Соттун дагы соту бар же соттук марафон

12-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
13-бет
Алтайга жүрүштөн соң
14-бет
Дыйкан, көкүрөккө түйүп ал!
15-бет
"Актеддин" аракети алкоого арзыйт
16-бет
Турусбекти алыскы аймактар күтөт...
17-бет
Зинакан ПАСАҢОВА
Июнь. Ош. 393

18-бет
Жаңы чыгарма
19-бет
Кайрылгандардын саны көбөйдү
21-бет
Саруудагы спорт майрамы
22-бет
Кожомкул -
теңдешсиз балбан

23-бет
Министерство труда, занятости
и миграции Кыргызской Республики

24-бет
Министерство труда, занятости
и миграции Кыргызской Республики


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования