![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Социологдор жыйыны Ааламдаштыруу жана түрк дүйнөсү Үч күн Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас "университетинде Түрк дүйнөсүнүн социологиялык ассоциациясынын III конргресси өттү. Конгресстин маанилүүлүгү, анда талкууланып жаткан маселелердин бараандуулугу докладдардын аталышынан эле байкалып турат. "Ааламдаштыруу жана түрк дүйнөсү", "Ааламдаштыруу шартындагы Евразия цивилизациясы", "Түрк дүйнөсү өлкөлөрүндө эл аралык терроризмди болтурбоонун жолдору", "Социология эл менен мамлекеттин ортосунда", "Түрк дүйнөсүндөгү лидерлик". Россия, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан,Түркия, Татарстан сыяктуу өлкөлөрдөн келген аалымдар ортосундагы пикир алышуу, талкуулардын натыйжасында жаңы идеялар, жаңы көз караштар айтылып, социологдор чет өлкөлөрдөгү кесиптештери эмне менен алектенип жатканы тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин социология факультетинин деканы, Москвада чыгуучу "Социологическое исследование" журналынын башкы редактору Жан Тощенконун доклады биздин элдердин мындан аркы кызматташуусу, бул кызматташууга жолтоо болгон көрүнүштөр, андан арылуунун жолдорун издөө тууралуу болду. "Азыркы реалдуулук ушундай, постсоветтик мейкиндикте славян жана түрк элдеринин топтору жашашат. Чогуу жашаганда биздин цивилизацияларды, биздин маданияттарды бириктирүүчү кесилиш чекиттерди аныктоо керек. Акыркы жылдарда биздин элдердин экономикасында да, турмуш-тиричилик, маданиятында, тилинде синтез жүрдү. Мисалы, бүткүл дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов ааламга орус тили аркылуу таанылды. Айтматов аркылуу орус тили түрк маданиятын пропагандалоочу ролду аткарды. Ошол эле учурда Юсуповдор, Расуловдор сыяктуу белгилүү орус династияларынын, Россиянын башкаруучу классынын өкүлдөрүнүн түбү татар улутуна таандык. Биз буга чейинки жетишилген нерселерди андан ары өнүктүрүп, өз ара байытуу багытында иштешибиз керек", - деди Тощенко мырза. Россиялык социолог Никита Покровский социологияны врачтык кесипке салыштырды: "Бирок врачтардан айырмаланып, биз коомду дарылабайбыз, биз диагноз коюп, аны коомдук институттардын колуна беребиз. Ал эми дарылоо болсо саясатчылардын, коомдук уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши. Социология коомдун көзү жана кулагы. Социологдор коомдун башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу алысты көрүп, маселени тереңирээк билет. Биз анализ жүргүзүп, процесстердин моделин түзөбүз. Келечекти мындай болот деп көзү ачыктык кыла албасак да, бирок ал келечек кайсыл сценарий менен өнүгүшү мүмкүн экендигин боолголосо болот. Бул жерде адис социологдор жыйналып, постсоветтик мейкиндикте, түрк тилдүү өлкөлөрдө болуп жаткан татаал процесстерге, европалык баалуулуктар менен түрк тилдүү баалуулуктардын айкалышана баа беребиз.Мунун өзү болуп аткан окуяларга кандайдыр бир талдоо жүргүзүү десек болот". Албетте, конгресс кыргыз жергесинде өтүп жаткан соң апрель ынкылабы, өлкөбүздүн түштүгүндөгү этностор аралык чыр-чатак жыйындын катышуучуларынын көңүл борборунда болду. Конгрессти ачып жатып Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Сулайман Кайыпов да Кыргызстанда болгон кейиштүү окуялар чет элдерде бир жактуу, туура эмес түшүндүрүлүп жаткандыгын белгилеп, ар кайсыл мамлекеттерден келген окумуштуулар биздеги кырдаалды өз көздөрү менен көргөн соң калыс пикирлерин айтышат го деген каалоосун билдирди. Казань университетинин профессору, социология илимдеринин доктору Искендер Ясавеевдин айтымында, социологиялык иликтөөнүн жыйынтыктары бул окуялар эмне себептен улам чыккандыгынын себептерин түшүндүрүп бере алат. "Сырттан караганда ал болбогур бир себептен улам чыккандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок адатта мындай чыр-чатактардын артында сөзсүз көмүскө чыңалуу, фундаменталдык процесстер турат. Мен конгресстин жүрүшүндө кесиптештерим Кыргызстанда болуп өткөн окуяларга улам-улам кайрылып, кылымдар бою чогуу жашап, интеграциялашып калган элдер эмне себептен араздашканынын себептерин чогуу чаран-түшүнүүгө аракеттенип жаткандарын байкап жатам". Анкара университенин профессору Исмаил Догандын пикири боюнча Кыргызстанда болгон окуялар кандайдыр бир өлчөмдө күтүлүү нерсе болчу. Анткени, система алмашканда, империянын чеңгээлинен бошонгон жаш эгемен мамлекет өз алдынча там-туң баса баштаганда көптөгөн кыйынчылыктарга тушугуп, коомдун турмушу ар дайым татаал процесстер менен коштолот. Казакстандык аалым, Алматыдагы диаспорология борборунун төрайымы Гүлнара Меңдикулова Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыз-өзбек араздашуусу этностор аралык чыр-чатак эмес деген оюн билдирди. "Бул наркотрафикти талашуудан келип чыккан чатак. Анан, албетте, сырткы күчтөрдүн да сөзсүз катыштыгы болду", - деди окумуштуу айым. Президенттин администрациясынын жетекчиси Эмил Каптагаев Президент Роза Отунбаеванын Конгресстин катышуучуларына куттуктоосун окуп берди. "Азыркы ааламдашуу жараянынын шарттарында дүйнөлүк өнүгүүгө бардык элдер четте калбай кошулуп жаткандыгы баарыбызга маалым. Бирок, ошол эле учурда ар бир эл өзүнүн тилин, маданий жана тарыхый өзгөчөлүктөрүн сактап калышы мезгилдин жүйөлүү талабы. Ушул өңүттөн алып караганда, бүгүнкү түрк тилдүү элдердин социологдорунун Конгресси олуттуу мааниге ээ", - деп айтылат куттуктоодо. Айтмакчы, россиялык белгилү социолог Никита Покровский президентибиз Роза Отунбаеванын курсташы болуп чыкты. " Роза Исаковна экөөбүз МГУнун философия факультетин чогуу бүтүп, аспирантурада да чогуу окуганбыз. Роза Исаковна мыкты даярдыктан өткөн философ жана социолог. Саясат айдыңында терең билимдүү мындай кишилер сейрек кездешет. Мен Президентке жана бүткүл кыргыз коомчулугуна чоң ийгилик каалайм", - деди профессор. Түрк дүйнөсүнүн социологдорунун чоң жыйыны кыргыз жергесинде өткөнүнүн да жүйөөсүн байкадым. Кыргыз социологиясынын атасы, мударис Кусеин Исаев баштаган кыргыз социологдору Бүткүл дүйнөлүк социологдор уюмуна Борбордук Азияда биринчилерден мүчө болуптур, түрк социологдору менен да жигердүү иштеп жаткандарын белгилешти. Мамат САБЫРОВ, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||