![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Аракеттердин жемиши болоор күндөр алыс эмес (Башталышы 3-бетте) Ошол эле күнү мамлекет башчысы АКШ Улуттук демократиялык институтунун деректирлер кеңешинин төрагасы, АКШнын Мамдепартаментинин мурдагы башчысы Мадлен Олбрайтты кабыл алды. Жолугушууда М.Олбрайт мамлекет башчысынын демократиялык институттарды чыңдоо жана өлкөнүн демократиялык жол боюнча өнүгүүсүн камсыздаган шарттарды түзүү демилгесин колдоого аларын билдирди. Дос мамлекеттердин колдоосун сезип турдук Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 65-сессиясынын иш-чараларынын алкагында өткөн Кыргызстан делегациясынын донордук коомчулук менен кеңейтилген жолугушуусуна катышты. Катышуучулардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Президент донордук коомчулукка республикага апрель жана июнь кайгылуу окуяларынан кийин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы туруктуу өнүгүүнү камсыздоо чараларына байланыштуу маселелерге кеңири токтолуп, өлкөнүн учурдагы ички саясий абалы жана 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле кыргыз расмий делегациясынын мүчөсү, КРнын вице-премьер-министри, Ош, Жалал-Абад шаарларын жана аты аталган облустарды калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин түштүк аймагын калыбына келтирүү ишинин жүрүшү тууралуу баяндамасы угулду. Ал бул маселе боюнча өлкө жетекчилигинин карманган багытына басым жасады, ага ылайык, жабыркагандар башка аймактарга күчтөп көчүрүлбөйт. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына карата бардык жабыркагандар турак жай менен камсыз болот. КРнын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Өктөмхан Абдуллаева өз сөзүндө июнь окуяларында жабыркаган түштүк облустарында орун алган социалдык мүнөздөгү маселелерге токтолду. Анда билдирилгендей, өлкөнүн билим берүү тутумуна колдоо көрсөткөн шериктеш мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын көмөгү аркасында бийлик жаңы окуу жылынын өз убагында башталышын камсыздай алды. Мындан сырткары, саламаттыкты сактоо тармагында бир катар көйгөйлөр бар. Анын ичинде бюджеттен бөлүнүүчү 32 пайыз өлчөмүндөгү каражаттын тартыштыгына байланыштуу маселелер орун алган. "Эгерде тийиштүү каржылоо болгондо, биз балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча дүйнөлүк критерийлердин аткарылышын камсыздай алат элек", - деди Ө.Абдуллаева. Жыйында сөз алып сүйлөгөндөрдүн көбү Кыргызстандын түштүк аймагынын экономикасын калыбына келтирүүнү активдүү улантууга макул экендиктерин билдиришти. БУУнун өнүктүрүү программасынын администратору Хелен Кларк билдиргендей, өлкө жетекчилиги кыйын кырдаалда тургандыгына карабастан, жакырчылыкты жоюу үчүн көп иштерди аткарып, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча дурус жыйынтыктарды көрсөтүүдө. "Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын июнь айында оор кырсыкты башынан өткөрдү, бирок биз ушундай күчтүү жана адискөй мамлекет жетекчилиги менен бирдикте кыйынчылыктар жолго коюлат деп ишенебиз. Бардык тараптар адамдардын үйүндө тынчтык жана бакубаттуулук өкүм сүрүүсүнө багытталган кыргыз жетекчилигинин реформаларын колдоого жана жардам көрсөтүүгө даяр. Ар кыл өлкөлөрдөгү жана уюмдардагы Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүүсүнө кызыкдар адамдар Роза Отунбаеванын жасап жаткан иштерине сыймыктанат", - деп белгиледи Х.Кларк. Казакстан Республикасынын тышкы иштер министринин башчысынын орун басары Кайрат Умаров катышуучуларга Казакстан тарап президент Нурсултан Назарбаевдин демилгеси боюнча жакынкы арада Кыргызстандын жабыркаган облустарына каражат жыйноо максатында экинчи донордук конференцияны өткөрүүгө камданып жаткандыгын эскертти жана бардыгын иш-чарага активдүү катышууга чакырды. Өзүнүн жыйынтыктоочу сөзүндө Президент Роза Отунбаева Кыргызстан татыктуу жашоо үчүн бардык тийиштүү ресурстарга ээ экендигине басым жасады. "Биздин негизги жетишкендигибиз - бул адам ресурсу. Менин ишенимимде, Кыргызстан донордук жардамга жана колдоого муктаж болбой турган учур да келет", - деп белгиледи Р.Отунбаева. Мамлекет башчысынын англис тилиндеги эркин баяндамасын отургандар кунт коюу менен угушуп, бир нече жолу кол чабуулар менен коштоп турушту. Бейөкмөт уюмдар көмөк көрсөтүүгө даяр Президент Роза Отунбаева Нью-Йорк шаарында АКШнын бейөкмөт уюмдары менен өткөрүлгөн кереге кеңештин ишине катышып, отургандарга Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жана өлкөнүн мурдагы режиминин учурунда катуу жабыр тарткан демократиялык институттарды калыбына келтирүү боюнча өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу баяндап берди. АКШнын Мамкатчысынын жардамчысы Майкл Познер өз сөзүндө Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялардын эл аралык комиссия тарабынан изилденишине тиешелүү болгон бир катар актуалдуу маселелерге токтолуп өттү. Анын айтымында, комиссиянын ишинин натыйжасында июнда Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн окуяларга так баа берилет. М.Познер АКШнын Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. БУУнун өнүгүү программасынын администрациясынын өкүлү Кори Удовички мындан ары жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын проблемалары жөнүндө толугу менен маалымат алуунун зарылдыгына токтолду. Жолугушуунун учурунда кызыктуу пикир алышуу болуп, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Президент Роза Отунбаевага өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти. Көңүл чордонунда - Түштүктү калыбына келтирүү Президент Роза Отунбаева менен БУУнун качкындардын иштери боюнча Жогорку комиссары Антонио Гутеррестин жолугушуусунда өлкөбүздүн түштүгүндөгү болуп өткөн окуяларга көңүл бурулду. Бул жолугушууга катышкан Ош шаарын, Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча мамдирекциясынын башчысы Жантөрө Сатыбалдиев аймакты калыбына келтирүү боюнча дирекция тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мамлекет башчысы менен Австрия Республикасынын президенти Хайнц Фишердин жолугушуусу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы мамилелердин абалы талкууга алынып, бардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташуунун деңгээлин жогорулатуунун зарылдыгы айтылды. Ошол эле күнү КРнын Президенти БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Линн Паско башчылык кылган делегация менен жолугушуп, Р.Отунбаева республикадагы учурдагы саясий жана социалдык-экономикалык кырдаал тууралуу айтып берди. Л.Паско болсо Кыргыз Республикасынын ар түрдүү тармактарындагы оң процесстерди белгилеп, алдыда болуучу парламенттик шайлоолорго даярдыктын жүрүшүнө кызыкты. Президенттин АКШнын Мамкатчысынын орун басары Роберт Блейк менен жолугушуусунун жүрүшүндө учурдагы мүнөздүү эки тараптуу маселелер кенен-кесири талкууланды. Мамлекет башчысынын Словениянын президенти Д.Тюрк жана Европа комиссиясынын вице-президенти Кэтрин Эштон менен болгон жолугушуулары да жагымдуу достук кырдаалда өттү. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын түйүндүү маселелерине көңүл бурулду. К.Эштон менен болгон жолугушууга Еврокомиссиянын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Пьер Морель да катышып, Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык көрүүнүн жана аны өткөрүүнүн жүрүшү жана Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү процесси талкууланды. Укук үстөмдүгү калыбына келтирилет Пленардык жыйында чыгып сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева өлкөдөгү саясий жана экономикалык проблемаларга карабастан, Кыргызстан БУУнун Миң жылдыктын өнүгүү Декларациясына берилген бойдон кала тургандыгын жана максаттарына жетишүү боюнча ишти уланта бере тургандыгын билдирди. "Биздин коңшуларыбыз жана союздаштарыбыз өнүгүүнүн локомотиви болууга биздин умтулушубузду колдошууда", - деди Роза Отунбаева өз сөзүндө. Мамлекет башчысы Кыргызстандагы соңку окуялар демократия менен коопсуздуктун ортосундагы ажырагыс байланышты көрсөткөндүгүн баса белгиледи. "Коррупцияны жоюу - биздин азыркы учурдагы башкы максатыбыз. Июндагы түштүктөгү чыр-чатактын убагында 300дөн ашуун адам курман болду жана миңдеген адам жараланды, эки миңдей турак жай имараттары, 327 маданий тиричилик курулуштары өрттөлдү. Азыр биз кыйрагандарды калыбына келтирүү жана ал аймактарды өнүктүрүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз", - деди мамлекет башчысы өз сөзүндө. Роза Отунбаева ушундай татаал учурда ыкчам жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдиришкен бардык өлкөлөргө жана БУУга ыраазычылыгын билдирип, "Кыргызстандын Өкмөтү берилген жардамдын пайдаланышын көзөмөлгө алууну камсыз кылат", - деп кошумчалады. Анын айтымында, өлкөнүн жетекчилиги коррупцияга малынбаган жаш кадрларды мамлекеттик аппаратка тартууга аракет кылмакчы. Бул максатта мамлекеттик кызматчылар фонду уюштурулат. Аны өнүктүрүү үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтүнөн алгачкы финансылык колдоо келип түштү. Жаратылышты коргоо маселесине токтолуу менен Р.Отунбаева Кыргызстан Борбордук Азиянын көптөгөн өлкөлөрүнө өмүр берип жаткан тоо дарыяларынын башында жайгашкандыгын белгиледи. "Таза суунун башаты болгон мөңгүлөрдү жана булактарды сактоо дарыялардын агымы боюнча жайгашкан бардык өлкөлөрдүн жалпы милдети. Мунайзатын жана газды сатуу менен байыган өлкөлөр сыяктуу эле суу өлкөсү катары биздин өлкөбүздүн баркы да жогорулай турган мезгилдин келээри алыс эмес", - деп билдирди ал. Президент өзүнүн сөзүнүн корутундусунда миң жылдыктын өнүгүшүнүн максаттары ар бир өлкөнүн өнүгүү максаттары экендигине токтолду. "Биздин өлкө ар бир жаран үчүн позитивдүү өзгөрүүлөрдүн келиши үчүн колдон келгендин бардыгын жасоого аракеттенет. Биз бардык өлкөлөр менен бирдикте эмгектене берип, артта калбоого аракеттенебиз", - деп ал өз сөзүн жыйынтыктады. Азык-түлүк коопсуздугу камсыздалат 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба программасынын Башкы директору Жак Диуф менен жолугушту. БУУнун программа башчысы Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга зор маани берип жаткандыгын белгилеп, азык-түлүк коопсуздук маселелерин чечүүдөгү ийгиликтери үчүн ыраазычылыгын билдирди. Мамлекет башчысы айыл чарбасында позитивдүү өзгөрүүлөрдүн ойдогудай тездик менен болбой жаткандыгына токтолуп, буга байланыштуу БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба программасы менен кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдирди. Маектешүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө муктаж экендиги белгиленди. Жак Диуф өзү жетектеген БУУнун программасы Кыргызстанга ар дайым жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Д.ӨМҮРЖАНОВ, С.ДОСАЛИЕВ (сүрөттөрү).
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||