Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

"Ата Журт" партиясынан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Эмилбек ЫСМАНОВ:
"Кыргызстандын келечеги чечилүү алдында турат"
- Эмилбек Касымович, айтыңызчы, эмне себептен "Ата Журт" партиясын тандап алдыңыз?
- Бул партияны тандап алышыма Оштогу июнь окуясы себепкер болду. Мен кичине кезимден эле каратэ, дзю-додон машыгып, чемпиондук титулдарым да бар. Кикбоксинг, бокс боюнча спорттун мастери болгом. Озгур спорт залын ачып, ал жерде азыр 300дөй бала спорттун үч түрү боюнча машыгат. Анан июнь окуясы башталып, Ошто тополоң-тоз болуп турганда ушул "Ата Журт" партиясынын лидерлери келип элди аралап урушту басып, эки улуттун өкүлдөрүн жараштырып жүрүштү. Ошол элдин башына кыйынчылык түшүп турганда өз өмүрлөрүн тобокелге салып элди ойлоп, эл ичинде жүргөн азаматтарды ошол күндөрдө мен өтө сыйлап калдым. Шайлоого даярдык башталганы турганда мен сиздерге жардам берейин деп өзүм аларга келсем, мени партияга кабыл алышты. Анан мен "Ата Журттун" лидерлерин буга чейин да жакшы билет элем. Мен: "Эгер сиздер ишенич артсаңыздар мен иштөөгө даярмын", - дедим.
- "Ата Журт" партиясынын программасында: "Элдин кызыкчылыгы баарынан ыйык, сөз артында иш, иш артында жыйынтык. Биз элдин турмушун жакшыртабыз, экономиканы көтөрөбүз, Кыргызстанда тынчтыкка жана туруктуулукка жетишебиз",- деген программа менен чыкпадыбы, ушул программалар ишке ашат деп ойлойсузбу?
- Бул программа адегенде талкууланып, жарыялана электе кантип ишке ашырыла турганы такталып, анан элге сунуш кылынды да. Партиянын мүчөлөрү бардыгыбыз өз пикир, сунушубузду билдирдик. Чынында партиялардын көбү эле элди жыргатабыз, Кыргызстанды кыска убакыттын ичинде гүлдөтөбүз деп жатышпайбы. Бирок биздин партиянын программасында аткарыла турган иштер гана жазылган. Мен өз партияма ишенем.
- Айрым партиялар республиканын калкын электр энергиясы менен камсыз кылабыз деп атышпайбы. Сиз эми ошол энергетика тармагынын адиси катары айтсаңыз, өндүрүлгөн баада электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүнбү?
- Менимче, электр энергиясын бүт өлкөгө өндүрүлгөн баада жеткирүүгө мүмкүн эмес. Себеби бул жерде азыр электр энергиясын өндүрүү үч чоң системага бөлүнгөн жана үч мекеменин жамааты эмгектенет. Биринчи электр энергияны өндүрөт (ОАО "Электростанция"), экинчи өндүрүлгөн электр энергиясы чоң чыңалуудагы линиялар аркылуу жеткирилет (НЭСК - Кыргызстандын улуттук электр тармактары), үчүнчү электр энергиясын элге бөлүштүрүүчү жана сатуучу (РЭК - электр энергиясын бөлүштүрүүчү компания) бар. Андан кийин гана электр энергиясы сатылат. Булардын ар биринин өз салымдары жана өздөрүнө тиешелүү үлүштөрү бар.
Мисалы Жалал-Абад облусуна электр энергиясынын келиши 14,6 тыйын болот. А Ошко келгенче өздүк баасы 38 тыйынга туура келип калат. Ошол 38 тыйындан сырткары иштегендердин эмгек акысы бар. Ал жерде адистер иштеш керек. Мындан сырткары күйүүчү майлар сарпталат, линиялар эскирүүдө, 60-70-жылдары тартылган линияларды жаңылаш керек. Автомат, рубильник, трансформатор жана башка зарыл жабдыктарды сатып алыш керек. Ушул чыгымдарды эске алганда электр энергиясын өндүргөн баада сатышка эч мүмкүн эмес.
- Элдин пикири кандай, "Ата Журтту" шайлайбыз дегендер көппү?
- Эл менен иштешип жатабыз, "Ата Журт" партиясын, анын лидерлерин чын дилден сыйлагандар, добуш беребиз дегендер көп. Мындан сырткары башка атаандаш саясий партиялардын ойлору да жакшы.
- Шайлоону кандай өтөт деп ойлойсуз? Эл ичинде ар түрдүү кеп, сөздөр көп…
- Менимче, шайлоо тынч жана таза өтөт. Себеби эл пикет, митингден, ар кандай коогалаңдан тажап калды. Анан президентибиз Роза Исаковна өзү "шайлоо таза жана акыйкат өтөт" дегенден бери шайлоо таза өтөт деп ишенип турабыз.
- Маек акырында окурмандарга айтар сөзүңүз барбы?
- Мен лидерлери кара кылды как жарган калыс, эл үчүн жанын аябай иштеген, мыкты саясатчы, профессионал катары эл ичинде кадыр-баркы бар, кыргыздын төбөсү көрүнгөн уулдары бириккен партиядан улуу саясатка аттангандыгым үчүн сыймыктанам. Биз элибиздин калыстыгына, акыйкат чечимине абдан ишенебиз. Бүгүн бизге кыргыз эли менен Кыргыз мамлекетинин эки ажырымга бөлүнбөгөн, бекем бүтүндүгү, кең келечеги керек. Биз шайлоочуларыбыз мамлекетибиздин гүлдөп өсүшү, элибиздин жаркын келечеги үчүн добуш берет деп ишенебиз.





Примов Улан Бердибаевич 1978-жылы Ош шаарында туулган. 2000-жылы Ош технологиялык университетинин финансы-экономикалык, 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин юриспруденция факультеттерин бүтүргөн. 2004-жылы "Пэрити Коал Юг" жоопкерчилиги чектелген ишканасын түзүп, Алай районунун Кызыл-Булак аймагында жайгашкан көмүр кенин иштетип келүүдө. Бул аралыкта ишкер катары өндүрүштү өнүктүрүү максатында көп иштер бүткөрүлгөн. 2004-жылдан бүгүнкү күнгө чейин көмүр өндүрүшү жылдан-жылга көбөйтүлүп, 2004-жылы 20 миң тонна көмүр өндүрүлсө, 2009-жылы 150 миң тонна көмүр казылып алынган. Азыркы күндө ишканада 250дөн ашуун адам иш менен камсыз болсо, иш кызып турган мезгилде 300дөн ашуун жергиликтүү эл убактылуу иштерде иштешет.

"Ата Журт" партиясынан Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешине талапкер Улан ПРИМОВ:
"Ата Журт" - өнүккөн
Кыргызстан үчүн"
- Улан Бердибаевич, жылда кышында Ош шаарынын, Алай, Чоң-Алай райондорунун тургундарына колдоо көрсөтүп, бекер көмүр берип келгениңден кабарыбыз бар…
- Мүмкүнчүлүгүбүздүн болушунча жыл сайын социалдык жактан колдоого муктаж болгон жарандарыбызга, анын ичинде жалгыз бой, жетим-жесирлерге, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам берип келебиз. Жылда Алай, Чоң-Алай райондорунда акция өткөрүп, муктаждарга бекер көмүр жеткирип беребиз. Бизге ошол аталган райондордун социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан тизме берилет. Ошол тизме боюнча көмүрдү таркатып беребиз. Анан мен өзүм Ош шаардык кеңешинин депутаты катары шаарыбыздагы колдоого муктаждарга көмүр берип гана чектелбестен, мате-риалдык жактан да жардам берип келатабыз.. Жылда 500дөн 1000 тоннага чейин көмүрдү бекер таркатабыз. Ушуну менен гана чектелип калбастан, биз дагы башка долбоорлордун үстүндө иштөөдөбүз. Ошол долбоорлорду иш жүзүнө ашырып, дагы кошумча иш орундарын түзүп, Кыргызстаныбыздын чыныгы патриот атуулу катары пайдабыз тийсе дейбиз.
- Алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо "Ата Журт" партиясынын тизмесинде шайлоого аттаныпсың. Эмне себептен ушул партияны тандадың?
- Себеби, "Ата Журт" партиясынын лидерлери мен саясатчы катары сыйлаган, ишенген, элдин таразасынан өткөн өз кесиптеринин чыныгы профессионалдары. "Ата Журт" партиясынын курамында шайлоого аттанган инсандардын көбү эл-журтка өздөрүнүн саясий иши менен таанылган, эл сыйлаган, эл ишеним
арткан, кайсыл тармакта иштешпесин таза иштеп, артында жаман сөз ээрчитпеген, кайсыл тармакты жетектебесин жогорку деңгээлде иш алып барган инсандар десем жаңылышпайм. Азыр "Ата Журт" партиясына Акаевчи, Бакиевчи деген жарлыктарды илип жатканын көрүп атпайсыздарбы. А ошол башка партиялардын лидерлери эмне Акаев, Бакиевдин убагында иштебеди беле же депутат болушкан жок беле?
- Сен эми "Ата Журттун" Ош шаардык бөлүмүнөн талапкерлигиңди коюу менен Жогорку Кеңешке буюруп депутат болуп калсаң ушул шаар үчүн эмне иш кылып бересиң?
- Эми шаардык Кеңешке депутат болуп турганда да шаарыбызга тиешелүү абдан көп маселелердин чечилишине пайдам тийди десем жаңылышпайм. Шаарыбыздын коммуналдык чарбасынын жакшырышына, сырткы келбетинин өзгөрүшүнө, экономикасынын өнүгүшүнө салымым бар деп айта алам. Анан эми 3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарын сөз менен эмес, инфраструктурасы өнүккөн, чыныгы борборго айлантууга Ош шаарынын ар бир инсанынын ниети бар деп ойлойм.
- "Ата Журт" партиясынын программасында: "Ата Журтка" ишеним көрсөтсөңүздөр, биз республиканын экономикасынын өнүгүшүнө шарт түзөбүз, инвестиция тартууну көбөйтөбүз, ар бир үйгө байгерчилик, кыргыз элинин биримдигине жетишебиз", - деген
сыяктуу милдеттер жүрөт. Ошол программадагы маселелердин бардыгы аткарылат деп ойлойсуңбу?
- Биз программабызды алдын ала талкуулап, ишке аша турган милдеттерди гана жазганбыз. Чындыгында Кыргызстаныбыздын экономикасын көтөрүүгө, элибизге иш таап берүүгө милдеттүүбүз. Ал үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү иштетишибиз керек. Инвестиция тартсак болот. Инвестициянын максаттуу пайдаланылышына жетишүүбүз зарыл. Ал үчүн бизге - мамлекетибизге тынчтык, мыйзамдуулук, туруктуулук керек. Ошондо гана биздин экономикабыз өнүгөт. Биздин эң негизги максатыбыз - Кыргызстанда тынчтык өкүм сүрүп, стабилдүүлүк болсун, тышкы инвесторлорго биз ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Ошондо биз экономикалык өнүгүүгө жетишебиз деп ойлойм.
- Азыр эл менен жолугушуп жатасыңар, "Ата Журтка" элдин ишеними кандай?
- Эми аны убакыт көрсөтөт. Бирок элдин добушу, элдин ишеними үчүн аракеттенип жатабыз. Шайлоочулар бизге көбүрөөк ишеним артып, шайлоого активдүү катышып, жарандык позициясын билдирет деп ишенип турабыз. Анан албетте, "Ата Журт" партиясына ишеним көрсөтөт деген оюм бар.
- Элдин пикири кандай, колдоочуларыңар көппү?
- Аны эми шайлоо көрсөтөт чыгаар, мен эгер шайлоочулар ишеним көрсөтүп шайласа, биз ошол ишеничти актайбыз демекчимин.
- Жолугушууларда эл кандай суроо-талаптарды билдиришүүдө?
- Азыр элдин ичинде жолугушууларда коогалаңдан кийин биринчи кезекте: "Кыргызстанда качан тынчтык болот? Качан биз мыйзамды сыйлап, бардыгыбыз мыйзамдын алдында бирдей болуп, тынчтыкта жашайбыз? Эмнеге Кыргызстанда эле пикет, митинг токтобой, улам-улам кагылышуулар болууда, биз келечекте башка мамлекеттердей тынч, бейпил жашаган, инвестицияларга бай, экономикасы өскөн өлкөгө айланабызбы?" - деген суроолор болууда.
- Ошентсе да "Ата Журтка ишенгендер көп деп ойлойсуңбу?
- Эми ишенгендер бар, чагымчыл күчтөр да жок эмес. "Беш кол тең эмес" дегендей. Бирок биз ар бир шайлоочубуздун добушун, ишеничин сыйлайбыз. Ар бир шайлоочубуздун добушу үчүн күрөшөбүз.
- Силерде добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу деген ыкмалар колдонулбайбы?
- Андай жолго барбайбыз. Биз ушул шайлоону тынч, таза, бирдей шартта өткөрөбүз деген үмүтүбүз зор. Президентибиз Роза Отунбаева өзү да сөз бербедиби, эч кандай административдик ресурс колдонулбайт, шайлоо таза жана акыйкат өтөт деп. Башка партиялар деле, Кудай буюрса, ушул шайлоо таза, мыйзам чегинде өтөт деп үмүт артып отурушат.
- Маек акырында шайлоочуларыңызга айтаар сөзүңүз бардыр?
- Шайлоочуларыбыз кандай чечимге келсе да, биз ал чечимди сыйлайбыз. Бирок "Ата Журтка" добуш берсеңиз - өзүңүздүн жаркын келечегиңизге добуш бересиз, "Ата Журт" менен өзүбүздүн Кыргызстаныбызды өнүктүрүү үчүн күрөшөлү демекчимин. Мекендештерибизге, шайлоочуларыбызга бакубат жашоо каалайм. Үй-бүлөңүздөр менен тынч, аман болуңуздар, эл-журтубуз тынч болсун.

Бетти даярдаган
Жыпара Акунова










ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
Кыргызстанды гүлдөтүү биздин колдон келет!
2-бет
Эреже
баарына бирдей

3-бет
Аракеттердин жемиши болоор күндөр алыс эмес
4-бет
"Ата Журт" партиясынан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Эмилбек ЫСМАНОВ:
"Кыргызстандын келечеги чечилүү алдында турат"

5-бет
Либералдык-прогрессивдүү партия
6-бет
Аракеттердин жемиши болоор күндөр алыс эмес
7-бет
Улгайган адамдарды урматтоо айлыгы
8-бет
Социологдор жыйыны
9-бет
Каңшаар кептин чындыгы
10-бет
Квартира эпопеясы жана
Дон Кихоттун кейпин кийген кыргыз

11-бет
(Башталышы 10-бетте)
Соттун дагы соту бар же соттук марафон

12-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
13-бет
Алтайга жүрүштөн соң
14-бет
Дыйкан, көкүрөккө түйүп ал!
15-бет
"Актеддин" аракети алкоого арзыйт
16-бет
Турусбекти алыскы аймактар күтөт...
17-бет
Зинакан ПАСАҢОВА
Июнь. Ош. 393

18-бет
Жаңы чыгарма
19-бет
Кайрылгандардын саны көбөйдү
21-бет
Саруудагы спорт майрамы
22-бет
Кожомкул -
теңдешсиз балбан

23-бет
Министерство труда, занятости
и миграции Кыргызской Республики

24-бет
Министерство труда, занятости
и миграции Кыргызской Республики


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования