Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Аракеттердин жемиши болоор күндөр алыс эмес
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева башчылык кылган өлкөбүздүн расмий делегациясы азыркы убакта Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясыныны 65-сессиясына катышууда. 20-сентябрда БУУнун "Миң жылдыктын өнүгүү максаттары" аталыштагы саммити өз ишин баштап, анын ишине 140тан ашуун мамлекеттин лидерлери катышты.

Президент Р.Отунбаеванын АКШда болушунун алгачкы күнүнүн программасы өтө мазмундуу болду. Бул күнү саммиттин алкагында ал Өзбекстан Республикасынын президенти Ислам Каримов менен жолугушуп, өлкөлөрдөгү учурдагы саясый кырдаал боюнча маалымат алышты, Кыргызстандын түштүгүндө улуттар ортосундагы ынтымакты сактап калуунун жана бекемдөөнүн жолдорун талкуулашты.
Андан кийин мамлекет башчысы ЮНИСЕФтин Нью-Йорк шаарындагы башкы кеңсесинде уюмдун аткаруучу директору Энтони Лейк менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө президент ЮНИСЕФтин башчысына кыргыз мектептеринде окуу процессинин жүрүшү жөнүндө кыскача баяндап, окуу китептеринин тартыштыгы, июнь жаңжалы өткөн аймакта коопсуздукту камсыз кылуу, алардан улам балдар орто билим ала албай жатышкан социалдык-экономикалык себептер менен байланышкан маселелерге басым жасады.
Э.Лейк жоооп кайтарган сөзүндө уюмдун миссиясын турмушка ашырууга жардам бергендиги үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, республиканын алыскы райондорунун тургундарынын ден-соолугуна камкордук көрүү менен байланышкан жаңы программанын турмушка ашырылышынын жүрүшү жөнүндө маалымдады.
Ошол эле күнү мамлекет башчысы Ислам Конференциясы Уюмунун (ИКУ) Башкы катчысы Эклемеддин Ихсаноглы менен жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ИКУнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча орун алган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты, атап айтканда өлкөнүн түштүк облустарында тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууда исламдын ролу белгиленди.
Кийинчерээк президент Катар Мамлекетинин Эмири шайык Хамад бин Халифа Аль Тани менен жолугушту. Жолугушуунун убагында Эмир Кыргызстан менен кызматташуунун өнүктүрүүгө Катар мамлекетинин аракетин билдирип, Роза Отунбаеваны өлкөсүнө өзү үчүн ыңгайлуу убакта расмий визит менен келип кетүүгө чакырды. Ал ошондой эле Катар мамлекети өз ара пайдалуу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга, аларды турмушка ашырууга жана жалпысынан экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө таламдаш экендигин белгиледи.
Ошол эле күнү мамлекет башчысы БУУнун баңги заттары жана кылмыштуулук боюнча башкармасынын аткаруучу директору Юрий Федоров менен жолугушуп, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы туруу боюнча Кыргызстан жүргүзүп жаткан саясат жөнүндө кыскача айтып берди.
Мамлекет башчысы ошондой эле наркотрафикке жана улуттар аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө БУУнун баңги заттары жана кылмыштуулук боюнча башкармасы менен Кыргызстандын кызматташтыгын кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.
Ю.Федоров баңги заттарына көзөмөл кылуу боюнча агенттикти калыбына келтирүү жана улам көбүрөөк мамлекеттер аралык мүнөзгө ээ болуп бараткан баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү күчөтүү боюнча Кыргызстандын жаңы жетекчилигинин иш-аракеттерине колдоо көрсөтүлө тургандыгын билдирди.
Президент Роза Отунбаева АКШда болушунун биринчи күнүнүн аягында саммиттин ишине катышып жатышкан мамлекеттердин жана өлкөлөрдүн тышкы саясый ведомстволорунун аял башчыларынын урматына АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун атынан уюштурулган кабыл алууга катышты.

Дүйнөлүк банк колдоо көрсөтөт
Америкада иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зелик менен жолугушуп, мамлекет башчысы Р.Зеликке Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле ички саясий абал жана республика жетекчилиги тарабынан өлкөдө коомдук-саясий абалды акыр-аягына дейре турукташтыруу максатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кыскача маалымдады. Мындан сырткары, Президент республиканын маанилүү тармактарына - энергетика жана тоо-кен тармагына ачыктык принцибин жана коомдук көзөмөлдү киргизүү боюнча аракеттерге өзгөчө көңүлдү бурду.
Р.Зелик бул демилгени колдоорун билдирип, Дүйнөлүк банк кызматкерлерине аталган демилгени колдоого багытталган сунуштардын долбоорун даярдоо тууралуу конкреттүү тапшырма берилерин билдирди. Анын айтымында, Банк тараптан республиканын түштүгүнүн экономикасын калыбына келтирүү боюнча өлкө жетекчилигинин аракеттерине зарыл жардам жана колдоо көрсөтүлөт. "Бизде чыр-чатак чыккан аймактарда иштөө тажрыйбасы бар. Биз сиздин өлкөнүн түштүгүндө шаарларды калыбына келтирүүдө донорлордун аракеттерин сапаттуу координациялоого жетишүүнү каалайбыз. Негизгиси - социалдык жана экономикалык өнүгүү бирдей жүрүүсү керек", - деп белгиледи Р.Зелик.
Ал билдиргендей, Дүйнөлүк банк мындан ары карай Кыргызстанда инвестициялык абалды жакшыртууга, кризиске каршы программаларды ишке ашырууга жана кошумча донордук каражаттарды тартууга жардам берүүгө даяр. Р.Зелик республиканын Афганистандын экономикасын калыбына келтирүүгө катышуу ниетине тийиштүү маселеге карата кыргыз тараптын бардык демилгесин жана сунуштарын ар жыл сайын өтүүчү акционерлер жыйынында талкуулоого даяр экендигин билдирди.
Жолугушуу учурунда тараптар алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты. Бул саясий окуя мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо үчүн маанилүү орунда тураары баса белгиленди.

Германия Кыргызстанды колдойт
БУУ Башкы Ассамблеясынын 65-сессиясынын иш-чараларына катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчылар менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
21-сентябрда Роза Отунбаева Германия Федеративдик Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту. Достук жана ишенимдүү мамиле өкүм сүргөн жолугушуу учурунда эки өлкө ортосундагы мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууну чыңдоо маселеси талкууланды.
Канцлер А.Меркель Кыргызстандын жетекчилигинин коомдук-саясий туруктуулукту жана тартипти, өлкөдө демократиялык институттарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү демилгелерин колдоорун билдирди.
(Уландысы 6-бетте)







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
Кыргызстанды гүлдөтүү биздин колдон келет!
2-бет
Эреже
баарына бирдей

3-бет
Аракеттердин жемиши болоор күндөр алыс эмес
4-бет
"Ата Журт" партиясынан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Эмилбек ЫСМАНОВ:
"Кыргызстандын келечеги чечилүү алдында турат"

5-бет
Либералдык-прогрессивдүү партия
6-бет
Аракеттердин жемиши болоор күндөр алыс эмес
7-бет
Улгайган адамдарды урматтоо айлыгы
8-бет
Социологдор жыйыны
9-бет
Каңшаар кептин чындыгы
10-бет
Квартира эпопеясы жана
Дон Кихоттун кейпин кийген кыргыз

11-бет
(Башталышы 10-бетте)
Соттун дагы соту бар же соттук марафон

12-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
13-бет
Алтайга жүрүштөн соң
14-бет
Дыйкан, көкүрөккө түйүп ал!
15-бет
"Актеддин" аракети алкоого арзыйт
16-бет
Турусбекти алыскы аймактар күтөт...
17-бет
Зинакан ПАСАҢОВА
Июнь. Ош. 393

18-бет
Жаңы чыгарма
19-бет
Кайрылгандардын саны көбөйдү
21-бет
Саруудагы спорт майрамы
22-бет
Кожомкул -
теңдешсиз балбан

23-бет
Министерство труда, занятости
и миграции Кыргызской Республики

24-бет
Министерство труда, занятости
и миграции Кыргызской Республики


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования