![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Ыр куржун Кыргыз эли - ыр жандуу эл. Редакциябызга байма-бай келген ыр-каттардан улам: "Ар бир экинчи-үчүнчү кыргыз ыр жазат" деген ынаным жаралат (Бул жерде сөз - кесипкөй, адабиятта өз чыйыры, кадыр-баркы бар калемгерлер тууралуу эмес экенин эскерте кетишибиз керек). Окуй баштаганда эле кээде жандилиңди аруулап, көртирликтин көп азабынан сууруп алып чыгып кеткен керемет саптар да кездешет. Алар менен кандайча камыр-жумур аралашып, аны менен кошо жашай баштаганыңды андайда билбей каласың да: "Ушуну окурман да окуса, туйса, сезсе экен. Ушунун жарыгы башкаларга да тийсе экен", - деген кыязда, кыябын таба коюп гезит бетине жарыялай салгың келет. А бирок, тилекке каршы, жазылган ырдын баары эле андай эмес. Айрым "ырлар" тескерисинче көңүлүңдү айнытып, көзүңдү караңгылатып жиберет... Албетте, андайда автордун азырынча акындык деңгээлге, чеберчиликке, кесипкөйчүлүккө жетише элек экенин эске алып, күнөөлөөгө болбойт. Тек гана "ырлары" чыкпай калганы үчүн капа болбой туруусун суранабыз. Ал эми бул саныбызда ыр-куржунубузду аңтарып, окурман өз табитине ылайык иргеп алаар деп, улуу-кичүү акындардын ырларын сунуш кылуудабыз. Жума МАМБЕТОВ Көтөрүп көккө качсамбы? Наристедей талпынып, Тынымым жок чарк уруп. Жүрсөм да жаным жай албай, Жок болдум сага бар туруп. Бүлбүлдөк отту жандырып, Жай дүйнөнү шар кылып. Жүрсөм да күр-шар агылып, Көрүнбөйм сага бар туруп. Жаңылык бир ачсамбы, Жанар тоодой атсамбы. Көрөр белең ошондо, Көңүлгө илбей башканы. Чолпонго же Марскабы, Айланып жарык чачсамбы? Жер менен кошо өзүңдү, Көтөрүп көккө качсамбы? Жеңе албасам Эң биринчи душманым - жалкоолугум, Анан дагы алаңгазар аңкоолугум. Гүлдөй назик көңүлдү ичиркенткен, Алды-артты ойлобогон чалпоолугум. Туура сөздү өзүндөй айталбаган, Тартынчаакмын негедир жалтайлаган. Мүнөзүм бар ушундай душманымдай, Өзгөрбөгөн, калбаган, картайбаган. Болду, бүттү! Өзгөрүп жашасам дейм, Мен өзүмдү жаңыча атасам дейм. Бир керемет гүл үчүн кеч болсо да, Өзүмө бир бурулуш жасасам дейм. Осмонжан АБДЫЛДАЕВ Сагынам, тоонун жолдорун Бүркүтү учуп шаңшыган, Улары зоого жашынган. Тоолордо толгон ойлор бар, Кылымдар бою катылган, Тоолордо жашап, күн көргөн, Айланам, кыргыз атыңдан! Тоолордо сыйкыр, кубат бар, Өзүнө үндөп чакырган. Тоолордо күлгүн жаштык бар, Жылгаларда жашынган. Тоолордон бакыт таап кет, Томсоруп жүрбөй асыл жан. Тоолордо өткөн өмүрү, Тоолуктун толкун көңүлү. Абасы таза, суусу бал, Кыргызда жок өкүнүү. Тулаңы белге оролгон, Ак-Сай, Арпа өңүрү. Тоолорум - тоонун сулуусу, Ала-Тоо жердин соорусу. Аркар, кийик, кулжа бар, Кайберен жүргөн конушу. Алтын, күмүш, көмүр бар, Кудайым сүйгөн жер ушу. Таштарың алтын экенин, Анык билем мекеним. Бал кошкон кымыз ууртасам, Териме батпай кетемин. Чаалыксам барып жайлоого, Кымызын кана ичемин. Комуздун кылы өңдөнүп, Чыйрала түшөт ичегим. Тоолорум, менин тоолорум, Сагына берем тоо жолун... Сулайман-Тоо Сулайман тоо, ыйык тоо - Пайгамбар түнөп кеткен жер. Зыярат кылып сыйынат, Жашоодон жапа чеккендер. Наристе үнүн сагынып, Аялдар келет жалынып. Калдайган сүрдө - каниет, Ташыңда сыр бар дарылык. Учугуң үзбөй улаар эл, Жакшылык күнгө кумар эл. Мекендин окшоп жүрөгү, Сулайман-Тоом тура бер. Дилде НУРМАМАТ кызы Дилде Сузактын Жыгач-Коргон айылында 11-класста окуйт. Жаш калемдин ырларын окуп отуруп, анын келечекте мыкты акын болоорунан күмөн санаган жокпуз. Бир гана өкүнүчтүүсү, катта айтылгандай, Дилденин атасы июнь тополоңунда окко учкан экен... Калган өмүр-жашын артында калган бала-бакырасына, жубайына, жакындарына берсин... Эмнегедир, сезимтал кыздын жүрөгү чыр-чатактын арты жаман болорун алдыртан сезгендей, ага чейин эле башка ырлары менен катар "Ынтымакты" даңазалап, "Атанын" үй-бүлөсү жана балдары үчүн орду опол тоодой экенин жазган экен... ЫНТЫМАК Кыргыз эл кезинде көп чачылыптыр, "Мекен!" - деп менти тайып, ачыныптыр. Антсе да КЫРГЫЗ деген аты өчпөй, Тарыхтын тереңинде катылыптыр. Басынып, кээде кайра бутка туруп, Өчпөс өч, кетпес кеги унутулуп, Биригип бир Манастын Көк туусуна, ЫНТЫМАК деген сөздү туу тутунуп. Кырк уугу кыргыз үйдүн сыртындагы - Кырк уруу кыргызымдын ынтымагы. Символу ыдырабас биримдиктин - Түндүгү, төбөсүндө чамгарагы! Алдыңкы алты канат керегеси, Ынтымакты түптөгөн эрежеси. Ырыс-кшик толтура үй ичиндей, Артса экен, кыргызымдын берекеси! Кыргыз барда эне тилим жоголбойт Өз тилинде жетик сүйлөй албаган, Өзүм теңдүү курбуларга таң калам. Алар муну кемчилик деп сезишпес, Алар үчүн мен абыдан уялам. Акыл айтпайм, мен антүүдөн алысмын, Биз кулубуз - ата мурас, парыздын. Эне тилим терең билип, сүйүүгө, Ата-Журттун алдында мен карызмын. Даңазалап дубан бузган күү менен, Аалы, Чыңгыз, Алыкулдан үйрөнөм. Кыргыз барда өсөт, жашайт, жоголбойт, Кыргыз тилим - бабам Манас сүйлөгөн! АТА Үй-бүлөнүн башчысы, Үйдүн куту, ачкычы! Атам - алтын тирегим, Аман болсун башкысы! Балдарынын багына, Алган - сүйгөн жарына, Ыйык тумар атакем, Уул-кызынын жанына! Тилеп аппак батасын, Тилеп өмүр тазасын. Тийип турган күн болуп, Атам көпкө жашасын! Түшүнүү Жыл сайын жаш чайып бош болдум, Жоготуу кусалык жаратат. Жыл сайын катташкан достордун, Катары азайып баратат. Көрүшчү жерлерге аз барып, Жолуксак жадырап үндөшпөй. Кеткенди эскере баштадык, Тирликтин көйгөйүн сүйлөшпөй. А, мурун турмушту, сүйүүнү, Бүтүргөн эмгекти талашып. Айткыча биз кандай жүрүүнү, Билинбей кетүүчү таң атып. Азыр да үйдө көп кармалып, Бирөөнүн кеткенин угабыз. Эскерип, өткөнгө алданып, Топурак салганы турабыз. Аны эстеп, муну эстеп жаш чайып, Жакшыдан үзүлбөй күдөрүм. Достордун кимиси баш багып, Калат, - деп күтүүдө жүрөмүн. Бирок да картайып жалганда, Канча ирет тилектен үзүлдүм. Мен өзүм катуу ооруп калганда, Көбүнүн келбесин түшүндүм. Селсаяктар Бир кейиштүү толгонуу бар санаада, Ушул шаарда көптөр үйсүз жан багып. Ар кыл жайда, көбү түнөйт талаада, Азыр жүрөт таштандыны аңтарып. Күндө көрөм таңда ишке баратып, Турак кылып, чуулуу калаа асманын. Сыны кеткен түрү жанды аятып, Үй бурчунда кагаз төшөп жатканын. Дайым көрөм таштандылар салынган, Жерлер бейиш, жай даамындай дүйнөнүн. Селсаяктар ар-намыстан арылган, Жугундудан оокат издеп жүргөнүн. Мурду, башын ылдый тыгып каманча, Бир сезилбейт ийменгени, чөккөнү. Акыл айтып иште десең адамча, Сөгүп, сагып, боорго тебет көптөрү. Баары кызуу түштөн кийин карасаң, Бак ичинде көңүлдөрүн шат кылып. Таштандыны кыдыргандар таң азан, Санаа жоктой олтурушат каткырып. Байкап көрдүм чогултканын тоё жеп, Бирөө дагы көз жаш төкпөй армандай. Зарлабастан ушуга да, тобо деп, Бул жашоонун рахатын алгандай. Алар калган адам баасын таба албайт, Күндө көрөм ар кыл жолдо баратып. Жүргөндөрүн жугундуга аралай, Өздөрүндөй ит, мышыктан талашып.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||