![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Саруудагы спорт майрамы Эсте калчу эки күн Өткөн жуманын акыркы күндөрүндө Көлдүн Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагылар үчүн эстен кеткис окуялар болуп өттү. Анткени, айыл элинен чыккан белгилүү спортчулар - грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, апрель революциясында каза тапкан каармандардын бири Рустан Шамбетовдун жана ага окшогон элет жериндеги таланттуу жаштардын тарбиячысы, республиканын эмгек сиңирген машыктыруучусу Аскар Сартовдун элестерине арналган республикалык турнир болуп өттү. Ага өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан келишкен спортчулар грек-рим күрөшү боюнча күч сынашты. Андан тышкары, кошуна айылдардан келишкен жергиликтүү спортчулар көкбөрү, волейбол, мини-футбол боюнча мелдешишти. Бул спорттук майрамга улай айылдын тургуну, убагында Саруу орто мектебинде тарых мугалими болуп эмгектенген, эл агартуунун отличниги Курманбек Курмановдун кырк жылга жакын мезгил бою жыйнаган эмгеги - "Саруу жана саруулуктар" китебинин да бет ачаары болуп өттү. Эскерүү, театралдаштырылган сценка Көл өрөөнүнүн Жети-Өгүз районундагы анча чоң эмес Саруу айылы бай тарыхка ээ. Ошону менен катар айылдан республикага белгилүү, өлкөнүн турмушуна кошкон зор салымдары менен эл сүймөнчүлүгүнө татыган инсандар көп чыккан. Айыл өз спортчулары менен да сыймыктана алат. Кечээ жакында эле грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медалга татыктуу болгон Данияр Көбөнов да ушул айылдын кулуну. Ал эми айылдык спорт мектебин уюштуруучу, белгилүү машыктыруучу маркум А.Сартов АРИС агенттигинин жардамы аркылуу мурда кароосуз турган имаратты оңдоп-түзөп, ушул айылга спорт мектебин ачууга жетишкен. Эми ага өзүнүн ысымы берилип отурат. Мүмкүн ал мектептен келечекте кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан дагы далай атактуу спортчулар чыгаар?! Турнирдин ачылышынын алдындагы эскерүү кечесинде апрель революциясында каза тапкан каармандардын бири Рустан Шамбетов менен анын машыктыруучусу Аскар Сартов жөнүндө анын айылдаштары, бирге иштешкен кесиптештери жана бир туугандары жылуу сөздөрдү айтышты. Кечеде облустук драма театрынын артисттери коюшкан апрель окуялары жөнүндө театралдашкан сценка көрөрмандардын жүрөгүн зырылдатып, жаздын ошол күндөрүнө кайра кайтарып, өлкөбүздөгү эски бийликти кулатуу үчүн курман болушкандардын элесин кайрадан эскертип өттү. Турнирдин ачылыш салтанатында Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы Мирбек Асанакунов, Жети-Өгүз районунун акиминин милдетин аткаруучу Руслан Элебесов, "Кыргыз темир жолу" акционердик коомунун өкүлү, жергиликтүү аксакалдар да куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Рустан Шамбетов кыргыздын мекенчил уулдарынын бири катарында апрель окуяларында активдүү катышуучулардан болуп, топтун алдында жүргөн. Негизи ал айылда бала чагынан эле лидерлердин бири болгон. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз дене-тарбия институтун аяктап, акыркы мезгилде өзүнүн түгөйү Дастан Шамбетов экөөсү "Кыргыз темир жолу" ишканасында эмгектенишип жүрүшкөн. Дайыма айылындагы болуп жаткан бардык иш-чараларга активдүү катышуу менен айылдаштары түзгөн коомдун лидерлеринин бири болгон. - Рустандын каза болгонун уккандан кийин машыктыруучусу Аскар Сартовдун жүрөк оорусу кармап калып каза тапты, - дейт Рустандын эгиз түгөйү Дастан Шамбетов. - Ал Рустан экөөбүзгө машыктыруучу гана эмес, ата сыяктуу эле болуп калган. Рустанды өтө жакшы көрчү. А Рустан өзү акыркы мезгилде бакиевдердин саясатына каршы болуп, саясатка активдүү аралаша баштаган. 7-апрель күнү да баарыбызды чогултуп алып, аянтка алып барган. Спорт майрамы - Чынында мындай элине кызмат кыла турган жаш жигиттердин арабызда жок болуп, алардын элесине арналган турнирдин өтүп жаткандыгы өтө өкүнүчтүү нерсе, -деди Спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Касенов. - Бирок, айла жок экен, ушундай болуп турат. Рустан режимге каршы күрөшкөн элдин алдында болгонун баарыбыз билебиз. Машыктыруучу Аскар Сартов саруулук балдардан республикага таанылган, жалпы кыргызды дүйнөгө тааныткан, Азия чемпионаттарында жеңген балбандарды даярдаган. Ушундай мыкты жигиттердин дагы далайын тарбиялап чыгармак. Тилекке каршы, бүгүн экөөсү тең арабызда жок. Ал эми бул мелдеш республикалык гана эмес, келечекте эл аралык деңгээлге көтөрүлүшүн каалайт элем. Негизи Дастан Шамбетовго рахмат, ал бардык уюштуруу маселелерин колго алып, спорттун айыл жеринде кеңири тараган көкбөрү, волейбол, мини-футбол сыяктуу түрлөрүн да кошуп коюптур. Эми биз тараптан колдоо сөзсүз болот. - Урматтуу жетиөгүздүктөр жана Рустан Шамбетовду эскерүүгө арналган турнирдин меймандары! "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" жетекчилигинин атынан бардык катышуучуларды куттуктайм жана мелдештин катышуучуларына таза мелдеште татыктуу жеңишти каалайм, - деп айтты андан кийин сөз алган КОКтун регион менен байланыштар боюнча менеджери Керим Шатманов. - Биз өзүбүздүн келечегибиз үчүн каза болушкан балдарыбызды эч качан унутпайбыз. Бул турнирдин уюштурулушу биздин унутпай тургандыгыбызды далилдөөдө жана мен аны баатырыбыздын кичи мекенинде жыл сайын өткөрүүнү сунуш кылам. Турнирге республика боюнча жыйырма команда, төрт жүздөн ашуун спортчу катышты. Кечигип, демилгечисиз өткөрүлгөн бет ачаар Иш-чаранын дагы бир себепчиси "Саруу жана саруулуктар" китеби болду. Жазылып бүткөнүнөн бери көп убакыт өтсө да каражаттын жоктугунан басылбай жаткан бул китепти автор Курманбек Курманов өзү анын жарыкка чыкканын көрбөй калды. - Айылыбыздын тарыхы, ата-бабаларыбыздын таржымалы колуңуздарга тийип турат, - деп айтты автордун кызы, элибизге белгилүү журналист жана жазуучу Сүйүн Курманова. - Айылдын улуу-кичүүсү үчүн баалуу маалыматтарды кырк жыл ашуун изилдеген Курманов Курманбектин бул маалыматтарынын башкалардан айырмачылыгы - эл оозунда оозеки сакталып калган баяндардын, архивдердеги тарыхый документтердеги далилдер менен айкалыштырылгандыгында. Ал материалдарда кимдин баласы ким, кимдин уруусу кайсы деген гана курулай сөз эмес, элдин кайсы географиялык аймакта жайгашып, кайсы чектер менен чектешкендиги, кайсы жерлер Сарууга тиешелүү экендиги, Саруу эли кантип чабылбай-чачылбай ушунча убакыт сакталып келгендиги тууралуу баалуу маалыматтар бар. Алардын баары азыркы учурда маанилүү. Биздин чоң арманыбыз - ушул күнү атабыздын арабызда жоктугу. Көп жылдык эмгеги элдин колуна тийгендигин өзү көрбөй калганы. Быйылкы жылы 17-апрелде китептин бет ачаары болмок. Аны Р. Шамбетов уюштурмак. Өкүнүчтүүсү - 15-апрелде Рустан Шамбетовдун өзүнүн сөөгүн жерге берип жатпайлыбы. К.Шатманов: "Демилгелүү иштер демөөрчүлүксүз калбайт" - КОК өзүнүн ишмердүүлүгүн ушул облустун аймагында жүргүзүп жаткандыктан, апрель окуяларынан жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө да жардамдарды көрсөткөн. Бул турнир жөнүндө уккандан кийин биз Р. Шамбетов жөнүндө материалдар топтолгон "Эл деген эрдин аты өчпөйт" аттуу китептин басылып чыгышына жана турнирдин өткөрүлүшүнө демөөрчүлүк кылдык. Биз бул турнирдин жыл сайын өткөрүлүшү боюнча сунуш киргиздик, анткени ал өсүп келе жаткан муундарды патриоттук тарбиялоого, балдар арасында сергек жашоо образын жайылтууга чоң салым кошмокчу. 1997-жылы алтын өндүрүлө баштагандан 2008-жылга чейин КОК тарабынан облусту өнүктүрүү фондусуна 2,5 миллион доллар төлөп берсе, акыркы жаңы макулдашууга ылайык, 2009-жылдан бери 8 миллиондон ашуун доллар которгон. Натыйжада быйылкы жылы жалпы республика боюнча 24 жаңы мектеп ишке киргизилсе, анын 20сы - дал ушул Ысык-Көл облусунда. Эми жакында Ананьево айылында республика көз карандысыздык алгандан берки облустагы биринчи оорукана ачылмакчы. Компаниянын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун ишинин ачыктыгы, маалымдуулугу жөнүндө маселе жок. Быйыл дагы бир нече социалдык-маданий объектилер ишке берилмекчи. Биздин компания менен облмамадминистрациянын ортосундагы макулдашууга ылайык, биз өкмөткө фонддун каражаттарын социалдык объектилерди курууга гана эмес, бизнес долбоорлорду да финансылоого жумшоо сунушун киргизүүдөбүз. Башкача айтканда алтын өндүрүү боюнча долбоордун иши эртедир-кечтир аяктайт. Ошондо региондо башка туруктуу ишканалар да иштеп калышына жетишүүнү каалайбыз. Мисалы, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү, орто жана чакан бизнестин башка ишканалары түзүлүүсүн. Мында потенциал абдан чоң. Анткени кайра иштетилүүгө тийиш болгон мөмө-жемиштер Жети-Өгүз районунда көп, а кайра иштетилгенин сатып алуучулар Казакстан менен Монголиядан кайрылып жатышат. Жакында Ак-Терек айылында кайра иштетүүчү ишкананын ачылышы болмокчу. Жыйынтыктап айтканда жергиликтүү калк менен өз ара түшүнүшүү, өз ара биргелешип аракеттенүү бар, эми андан ары иштөө гана керек. Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, "Кыргыз Туусу", Сүрөттөрү Эрмек КОЗУБЕКОВдуку
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||