Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Эреже
баарына бирдей
Анда мен борбор калаабызга билимди өркүндөтүү курсуна окууга келгем. Көчөдөн шашып баратып, жөн эле жерден эки жакты карап, жакын арада машине жок экен деп көчөнү кесип өтүп бара жатсам, нарытада турган милиция кызматкери мени бери кел дегендей ишарат кылып калды. Жанына басып бардым. Ал менин ким экенимди, кайдан келгендигимди сурап билгенден кийин жөө жүрүүчүлөр өтө турган жерден гана өтүү керектигин түшүндүрдү. Ошондон кийин кез келген эле жерден көчөнү кесип өтө бергенден тартынчу болдум.
Кийинки мезгилде жөө жүргүнчүлөрдүн күнөөсү менен жол кырсыктарынын көбөйгөндүгү тууралуу көп айты-шууда. Мында, албетте, унаа ай-доочулардын да күнөөсү бар. Өзгөчө маршруткалар туш келди токтотушкандыгы аз келгенсип, бурулуштардан алыс эмес турган жүргүнчүлөрдү алуу үчүн да токтошуп, ансыз деле автоунаалар толгон тар көчөлөрдө баш аламандыктарды жаратышууда.
Күндөлүк тиричилик менен Ош базарына көп барабыз. Айланасы унааларга толгондуктан, көчөнү кесип өтүү кыйын. Өзгөчө базардын жанындагы Бейшеналиева менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырдаал мындан дурус эмес. Бурулуштардан өтпөй токтоп жол бербей каз катар тизилген маршруткалар, туурасынан туруп калган автобустар, сигналы кулак тундурган троллейбустар жана алардын арасынан буйтап чалынып-чулунуп жүгүрүп, чоң сумкаларын көтөргөн адамдар алыстан эле көзгө чалдыгат. Кээде буларды байкашкан МАИ кызматкерлери көрсө да көрмөксөн.
Баарынан да кожоюндук кылышып, автобустар менен троллейбустар токтоочу аялдамаларды менчик таксилер ээлеп алышкан.Аларды мындай тур деп айткан эч ким жок. МАИ кызматкерлерине айтаарыбыз: буйткага жашынып алып, жеңил автоунааларды токтотуп корсулдап акча өндүргөндөн көрө адегенде аялдамаларды "менчиктеп" алышкан менчик таксилерди тартипке салышса боло...
Уулкан САРИЕВА,
Бишкек шаары




Шайлоодон кийин иштей беришсин
Учурда коомчулук арасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Сариевдин жана БШКнын мүчөсү Ж.Бапанованын депутаттыкка талапкер жакын туугандары тууралуу маселе талкууга алынууда. Талапкерлер катталган күндөн бери бир топ күн өтсө дагы күндө теледен, гезиттерден шайлоону мыйзамдуу, таза өткөрүүгө тынбай чакырып жаткан адамдар өздөрү шайлоонун эрежелерин бузуп жатышкандыгы түшүнүксүз.Муну дайымкыдай эле мыйзамды өз пайдасына пайдаланып, маселени чечүүгө эмес, маселени сууга агызууга аракеттер болуп жаткандай деп ойлоого аргасыз болот экенсиң.
Биз А.Сариев же Ж.Бапанова өз ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланат же болбосо
шайлоонун жыйынтыктарын бурмалайт деген ойдон алыспыз. Бирок шайлоо кодексинин талаптарын так, катуу кармоо башкалар үчүн үлгү болмок деген ойдобуз. Бул маселе чечилбесе таза, мыйзамдуу шайлоонун өтүшүнө ишенбейбиз деп жүргөндөргө далил болуп, натыйжасы оор болушу мүмкүн. Бизди ушул гана тынчсыздандырып жатат. А.Сариевдин да, Ж.Бапанованын да инилери татыктуу адамдар экенине ишенебиз, аларга ийгилик каалайбыз. Ал эми эрежеге баш ийип, убактылуу бошоп турушуп, А.Са-риевдин да, Ж.Бапанованын да шайлоодон кийин БШКда өз орундарында ийгиликтүү иштей берүүлөрү шартка ылайыктуу.
Учурда көптөгөн жарандар ушул маселе боюнча талкуу жүргүзүп жатышат, ошондуктан Башкы прокурор К.Байболовго да кайрылдык. Себеби, бул маселе жакшылап түшүндүрүлсө көптөгөн керексиз ушак-айыңдар төгүнгө чыгып, шайлоонун тынч өтүшүнө бир аз болсо да өбөлгө түзмөк.
Мамат КАРАТАЕВ, Жалал-Абад шаары




Кыргызым
Мен айтайын силерге көңүл бөлгүн кыргызым,
Тарам-тарам булактай бөлүнбөгүн
кыргызым,
Бузукуга алданып адашпагын кыргызым.
Абийириңден ажырап, булганбагын
кыргызым,
Азгырылып бирөөгө желинбегин кыргызым,
Эсиң болсо эсирбей элим дегин кыргызым.
Тигишиңден сөгүлүп, бөлүнбөгүн кыргызым,
Чет элдерге келеке кеп болбогун кыргызым,
Намыс менен арыңды сактап калгын
кыргызым.
Душмандарга сыр бербей сак болгунуң
кыргызым,
Намыс менен арыңды, алдырбагын кыргызым,
Ырысыңдан ажырап кайгырбагын кыргызым,
Биримдикти кучактап, сактап калгын
кыргызым,
Ынтымакты туу кылып, кармап калгын
кыргызым,
Ураан кылып ушуну айтып жүргүн кыргызым.
Кыргыз деген бир ат бар, унутпагын
кыргызым,
Ыркырашып ыркыңдан кетпегиле кыргызым,
Ырыскыңды алдыңдан төкпөгүлө кыргызым.





Эл Баатыры эстен чыкпаса
Ата Журттун уулу болуш ардактуу иш. Бердибек Дурусбеков элдин татыктуу уулу боло алды деп ишенимдүү айта аламын. Анткени, ал 7-апрелдеги элдик көтөрүлүштүн туу башында туруп, өмүрүн элге берди. Бердибек Дурусбеков Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагына караштуу ажайып кооз жерде, тоо боорундагы Пери-Булак айылында 1987-жылдын 30-ноябрында жарык дүйнөгө келген эле. Атасы Таштанбек Турсуналы менен Мария Жээнмырзаеванын кенже уулу болчу.
Ал кандай жигит эле? Бердибек улуттук күрөш боюнча бир нече мелдештердин жеңүүчүсү, алтын медалдардын ээси болгон. Ал 2007-жылы Аксы районундагы Отунчу Ташкулов атындагы орто мектепте эң жакшы окуусу, үлгүлүү жүрүш-турушу менен аяктап, ошондой эле эң мыкты спортсмен катары таанылган. Өзүнүн салмагынан алда канча чоң 80-90 килограммдагы балбандардын далысын жерге тийгизчү. Анын устаты Аксы районундагы чыгаан машыктыруучулардын бири, кыргыз күрөшүнүн мастери Алимжан Жусупбеков.
Ата-энеси эми Бердибектин ысымы өчпөй эл эсинде калса дешет. Ал үчүн эмне кылуу керек? Бердибек Дурусбеков кыргыз күрөшү боюнча мыкты балбан болчу, эми Бердибектин атындагы өкмөттүк фонд уюштурулуп, ал фонд жыл сайын "Белгилүү балбан, Эл Баатыры Бердибек Дурусбековдун ысымындагы кыргыз күрөшү боюнча байгени" уюштуруп турса жакшы болмок деген ойду билдиришти. Жүйөөлүү сунуш. Анан ушул айылындагыбы же борборубуз Бишкектегиби бир көчөгө аты берилсе деген каалоо-тилектерин айтышты.
Эмки иш Өкмөттө калды, мындай демилгени колдойбу же жокпу, маселе ушунда. Анын үстүнө Бердибектин сөөгү Ата бейитке коюлбай, айылына коюлгандыктан да эстен чыгып калып жаткандай. Албетте, бул ишти Ак-Жол айыл кеңешинин депутаттары, өкмөтү да карап көрүшү зарыл деп эсептейбиз. Анткени, бул айылда СССР спортунун мастери белгилүү балбан Текеевдин ысымындагы байге жыл сайын өтүп келатат.
Абдымомун КАЛБАЕВ,
эл агартуунун отличниги, Аксы району





Жол жакшы болсо, иш оңолот
Айыл калкынын турмушуна жолдун ролу өтө чоң. Айрыкча биздин Кара-Кулжа сыяктуу тоолуу аймактарда жол катнашы көп жылдардан бери эле түгөнбөгөн түйшүк болуп келгени айгине. Жол азабын ондогон жылдар бою тартып келген биздин көптөгөн алыскы айылдарыбыз быйыл Бишкек - Ош автожол мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Шабданбек Иманкуловдун жардамы менен тоо койнундагы татаал жолдору оңдолуп, бүткөн ишке ыраазы болуп олтурушат.
Ушул дирекциянын жардамы менен Кара-Кулжа-Алайку жолунун эң татаал участогу болгон Терек-Суу айылынан Кара-Ташка чейинки техника өтүүгө кооптуу болуп калган тоо жолу 4 млн. 200 миң сом менен оңдолуп, ишке берилди. Ушундай эле калк турмушу үчүн өтө зарыл болуп, бирок мурдагы бийликтин көңүл бурбагандыгынан жылдар бою каралбай калган Ылай-Талаа-Гүлчө жолунун ремонтуна 1 млн. 800 миң сом жумшалды. Аталган дирекция райондун мүмкүнчүлүгү келбеген Кара-Кулжа-Буйга жолундагы чоң көчкүнү тазалап, азыр мында шагыл төгүү иши жүрүп жатат.
"Эл оозунда элек жок" дегендей, ушул тапта утурумдук өкмөттүн дарегине ар түрдүү кептер айтылып жүрөт. Албетте, айрым мүчүлүштүктөр бар экени ырас. Бирок, жаңы бийликтин тушунда айыл калкынын муктаждыктарына көңүл буруу кыйла жакшыргандыгын айтпай коюуга болбойт. Биздин районубузда жасалгандай жумуштар башка аймактарда да жүрүп жаткандыгын байкаса болот.
Көп жылдардан бери айтылып, бирок аткарылбай келген иштердин бүтүшү биздин тоолук калктын назарын бурду. Биз Кара-Кулжа районунун тоолуу шарты катаал экендигин туура түшүнүп, аймактагы эң та-таал жолдорду сапаттуу жана кыска мөөнөттө оңдоп бергендиги үчүн
Бишкек - Ош автожол мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Ш.Иманкуловго элибиздин алкышын гезит аркылуу айтып коюуну эп көрүп отурабыз.
Бакалбай ЭРКИНБАЕВ,
Бакы БЕЙШЕБАЕВ, Көчкөнбай БОРОНБАЕВ,
эмгек ардагерлери, Кара-Кулжа району





ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
Кыргызстанды гүлдөтүү биздин колдон келет!
2-бет
Эреже
баарына бирдей

3-бет
Аракеттердин жемиши болоор күндөр алыс эмес
4-бет
"Ата Журт" партиясынан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Эмилбек ЫСМАНОВ:
"Кыргызстандын келечеги чечилүү алдында турат"

5-бет
Либералдык-прогрессивдүү партия
6-бет
Аракеттердин жемиши болоор күндөр алыс эмес
7-бет
Улгайган адамдарды урматтоо айлыгы
8-бет
Социологдор жыйыны
9-бет
Каңшаар кептин чындыгы
10-бет
Квартира эпопеясы жана
Дон Кихоттун кейпин кийген кыргыз

11-бет
(Башталышы 10-бетте)
Соттун дагы соту бар же соттук марафон

12-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
13-бет
Алтайга жүрүштөн соң
14-бет
Дыйкан, көкүрөккө түйүп ал!
15-бет
"Актеддин" аракети алкоого арзыйт
16-бет
Турусбекти алыскы аймактар күтөт...
17-бет
Зинакан ПАСАҢОВА
Июнь. Ош. 393

18-бет
Жаңы чыгарма
19-бет
Кайрылгандардын саны көбөйдү
21-бет
Саруудагы спорт майрамы
22-бет
Кожомкул -
теңдешсиз балбан

23-бет
Министерство труда, занятости
и миграции Кыргызской Республики

24-бет
Министерство труда, занятости
и миграции Кыргызской Республики


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования