![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Жаңы чыгарма Тагай бий (Мухаммед Кыргыз) (Уландысы, башы өткөн санда) Тагай бий улуулугунун ас- тында жоокерлери тизе бүгүп ант беришти: "Кандуу күндөрү бийге калканч болбосок, кылыч болуп коргобосок төшү түктүү жер урсун! Төбөсү түпсүз көк урсун! Тынч күндөрү бий касиетине шек келтирип, буйругун жаза кетирсек аталардын арбагы урсун! Манас атанын арбагы урсун!". Уруу башчылары касам ичип антын бекемдешти. "Бир элбиз", "Бир элбиз", "Түбөлүккө бирдиктүү элбиз" деген улуу ураандар көктү да, тоону да, көлдү да, жерди да жаңыртып турду. Көптөн күтүп, бирок мындайды көрбөгөн улут аксакалдары бири-бири менен кучакташып, көздөрүнө жаш алып, кадимкидей жашып турушту. Алдына ак төшөлүп, аксакалдар коштоп, "Бысмылда" деп эми Ак өргөөсүнө алып киришти. Бийге арнап тигилген Ак өргөөнүн үстүндө Алтын туу желбиреди. Түш оой "Хан көтөрүү" каадасы бүткөн соң улуттук оюн-зоокторго өтүштү. Келин-кыздар кер маралдай керилет. Бозойлордун көздөрү ботодой жайнайт. Келбей жүргөн кыргыздын келкели келгендей болду бу заман. Ушул күнү ушу доордо алыстан көз чаптырып караган кишиге Барскоондо бир керемет сезимдер оболоп туру. Кыргыздын балдарына ойносо оюн, күлсө күлкү жарашып туру. Аттарына токуса ээр, чапса чабандеси жарашып туру. Тоолорунда жел жүрсө ыргалып гүлү, бак-шагында сайраса кушу жарашып туру. Көлүндө чаңкайып Күн тийип, сүзсө каз-өрдөгү жарашып туру. Ушу жерде кызмат кылган илбериңки, шамдагай кыз-уулу жарашып туру. Төрдө ата дөөлөтүн сактап кеп айтып, бата беришип аксакалдары жарашып туру. Ак элечек кийишип, неберелерин ээрчитип каадалуу баскан, чач учтуктары далысын жапкан байбичелери жарашып туру. Барскоон тектиринде өзүнчө дөөлөт куруп тигилген сан өргөө, анын ортосунда тээ алыстан көрүнгөн хан өргөөсү жарашып туру... …Булактай таза, эне сүтүндөй ыйык ниет менен жүз жылдарга үзүлгөн кыргыз хандыгы кайрадан жаңырды. Толукшуп тийген айга да көз тиет эмеспи. Эми буга көз тийбегей эле. Ошол учурда көктө кайдан-жайдандыр боз бүркүт пайда болду. "Бул Тагай бийдин бүркүтү" дешти карап тургандар. Арадан көп өтпөй эле Тагай бий кыргыз урууларынын жакшыларын чакырып, кеңешти. Монголдор менен болгон абал тымызын курчуп баратканын айтты. Эртедир-кечтир алардан коргонуу керектигин түшүндүрүп, өкүм сүйлөдү. Алардын колдоосу менен кыргыздардын аскер кошуунун тез арада түзүүгө киришти. Эртеси эле жоокерлер тандалып, курал-жарак топтоого киришти. Барскоондун Ак-Түзүндө аскерлер казкатар тизилип, жоокерлик салтка көнө баштады. Жоокер тартиби ата-бабалар салтына ылайык түзүлдү. Аскер ондук, жүздүк, миңдик тартибинде куралды. Ар бир бөлүккө он башы, жүз башы, миң башы болуп мыктылардын мыктысы тандалып дайындалып жатты. Согуш өнөрүн эң мыкты билген, тажрыйбалуу аскер башчылардан түмөн башылар болду. Согуш жана тынчтык учурундагы милдеттер так аныкталды. Согуш мезгилинде жүз башыга, он башыга өз карамагындагы жоокерлерди башкарууга толук бийлик берилет. Маселен, өз милдеттерин так өтөбөгөндөрдү жазалоо. Бирок бардыгы тууралуу түмөн башы кабардар болуусу зарыл. Эмгек акылары толук аныкталды. Ар жоокердин жылдык эмгеги бир жылкыга, он башыныкы эки жылкыга, жүз башыныкы үч жылкыга тете. Аскер тартибин бузгандар түз эле согуш талаасында өлүм жазасына тартылат. Ак көз бүркүт (1517- 1522-жылдар) 1 Тагай бий эми өзү абакта, көзү бийикте. Тор терезечеден Теңир-Тоосун көрөйүн дейт, көрүнбөйт. Кашкардын бөксө, жылаңач тоолору гана калдаят. Күн сайын ушул эле көрүнүш. Айырмасы ар күнү ар кандай ойлор келет. Анан терезечеден түркүн булуттар каалгып өтөт. Бирде ак кебездей чубалжыган булуттар. Бирде боз чаңгыл булуттар. Бирде бүркөлгөн кабактай кара сур булуттар. Бирде ийнеге сапталган жиптей ичке булуттар. Бирде кат-кат жыйылган төшөктөй калың булуттар. Бирде көч арткан төөдөй каз-катар тизилген булуттар. Бирде ак койдой жайылган коймаарек булуттар. Бирде көлдө сүзгөн ак куудай наздуу булуттар. Бирде бубак баскан дарактай буурул тармал булуттар. Бирде таамп кетчү шүүдүрүмдөй ымыркай булуттар. Мына ушул булуттар бу тоону ашып кайда барат? Теңир жалгап Теңир-Тоого барбас бекен... Ичсең тишиңди, кечсең бутуңду какшаткан Нарын дайрасынан өтпөс бекен... Түбүндө көк асман уюп жаткандай көйкөлгөн көк мөлтүр Ысык-Көлүн көрбөс бекен... Эгерде бул ак булуттар көлгө оосо, демек кезинде өз ак ордосу орногон Барскоондун үстүнөн каалгып өтөөрү шексиз. Андай болсо ал жактагы агайын-туугандарым азыр кандай тирлик кылып, эмне күн көрүп жатышты экен? Ушуну ойлогондо ичи ачышып, өзүн да бир аз ыңгайсыз сезип кетет. Эли аны ишенип ак кийизге көтөрүп, бий шайлады эле. Чоң бий аталып, бийлигин бекемдеп, элинин башын кошту. Кырк уруу кыргыз биригип бир эл, бир сөөк, бир журт болду. Эки тизгин бир чылбыр колго тийди. Ич ара көрө албастар чыкты. Эл бөлгөндөрдү көрүп ичи ачышты, эти тилинди. Бирок мөгдөп калбады. Сырткы душмандарга караганда ички, өздөн чыккан жаттар менен кармашуу кыйын болду. Жоокерлери согуш өнөрүн үйрөнүп, эми мал-мүлктүү болуп, жаңыдан бутуна туруп келатышкан эле. Көчөт өсүп, өнүп, жемишин берээринде кыйылгандай болду. Күлүк ашып келип маарага жетип, мөөрөй аларында мүдүрүлгөндөй болду. Бул кыргын кыргызга кыйынга турду. Кайра эми кул болобузбу? Кайра эле күң болобузбу? Кайра эле барып монголго баш ийип, салыгын чогултуп, буйругуна бут тизелеп жашап калабызбы? Кантип, эмнеге Барскоондогу чабышта душмандын колуна түшүп калды? Ошонун айынан өзү "ак үйлүү" болуп абакта. Ал айыбы үчүн өзүн-өзү кечиргиси келбейт. Ушунун баарын ойлогондо, ал чыдамы кетип ордунан тура калат. Тынчы кетет. Ары-бери басат. Аягы келип күн көрүнө турган бир эле терезече бар. Күн шооласы да толук тийбей, терезенин аркы бетиндеги темир тор аркылуу төрт чарчы болуп түшөт. Андан сыртты карайт. Сыртта, же Кашкардын жылаңач кара тоосу, же булуттар. Ушул булуттардан элине арман-кыялын, тилек-каалоосун айткысы келет. Ичинен миң кайталайт. Бирок, ал жакта аны уга турган жан болду бекен? Же баары жоодон алган жарааттан айыга элекпи? Өзү жокто эл башын кошуп, жол баштаар бирөө бар болду бекен? Же монголдор жүрөгүнүн үшүн алып койгон кыргыз жигиттери али ойгоно элекпи? Абактын тар дубалында кысылып жата берип аттын дүбүртүн, суунун шарын, шамалдын илебин, чөптүн жытын сагынды. Анан ойлор келет миң түркүн, булуттар өтөт каалгып. Башка эч нерсе. Булуттар же ойлор, башка эч нерсе. Калганынын баары тамчы суудай окшош күндөр. Бирин бири кайталаган ушундай окшош күндөрдөн тажады. Эл алдында болом деп жүрүп тынч өмүр сүрбөдү. Үйдөгүсүнөн талаадагысы көп болду. Балдарынын маңдайына караганда жоо бетинде көбүрөөк жүрдү. Аял койнуна караганда ат үстүндө арбын болду. Неси болсо да эми мөөнөтү бүтүп, "ак үйлүүдөн" бошосо, балким өз үй-бүлөсү менен эле тынч өмүр сүрсөм деп кыял термейт. Эл деген эл да. Тулпар тушунда кымбат. Эми менин доорум да бүтүп баратат. Журт ичинен тың жигит чыкса бий мөөрүн ошого өткөрүп берсем деп ой калчайт. Бирок, кыргызга кыйын кезеңде бийликти өткөзүп берүүнүн өзү корккондук эмеспи. Намыс деген баарынан бийик. Артында жаман сөз калбайбы? Ою эки анжы. Эл деп жүрүп акыры тапкан жайы ушул абак болду. Баары жадатма күндөр. Күтүүдөн өзгөчө тажады. Абактан чыкчу учурду күтүп, ар бир күндү кум санагандай бириндетип отурду. Эмнеси болсо да ордон чыгып, эл-журтума аман-эсен жетсем, элге түшүндүрө айтып, оң-сол кыргызга бий болуудан баш тартайын деген бүтүмгө келди. Баарынан көңүлү калса да бир нерседен эч тажабады. Ай жаңырганын көргөн сайын баягы Акбермет менен Жылуу-Булакка барып, тогуз кочуштан суу ичип, анан экөөлөп айткан ак тилектерин ичинен кайталайт: "Ай аман, Күн аман. Эл аман, Жер аман. Арзуубуз аман, экөөбүз аман бололу". Ошентип өзүн-өзү сооротот. Кыял термейт. Ал аңгыча терезечени караса, тээ бийиктен бир куш көрүндү. Өзүнүн Ак көз Бүркүтү эсине түштү. Ал кайдан келсин бул жакка? Антейин десе оң капталы менен айланып учууда. Адатта бүркүт баласы оң канатын басып айланбайт эмеспи. Ак көз Бүркүтү болсо ошол Барскоон чабышынан бир айча мурда, кудум жамандыктан кабар бергендей чабыттап барып эликке тием деп көзүнө табылгынын кыйгагы кирип, сол көзү сокур болуп калган. Тагай бий ошого бир катуу кейиди эле. Бүркүт намысын карабайсыңбы, өзүнүн сокур экенин ээсине көргөзбөйүн дедиби, канча үндөктөсө да кайра кайрылып конбоду. Кырсык деген каш-кабактын ортосунда экен го. Болбосо демейде аркар, кулжа, сүлөөсүндү мындай кой, капшыра тээп кашабаң, имере тээп илбирс алган бүркүт эми бир кичинекей табылгынын кыйгагынан сокур болуп отурбайбы. Ошондо жок болуп кеткенде Кумтөр тараптагы Аркар-Ташка барып момуя чокуп, өзүн дарылаган деп боолгогон жергиликтүү бүркүтчүлөр. Монголдор капыстан кол салаардан үч күн мурун да Ак көз бүркүтү Бедел тараптан учуп келип, Тагай бийдин ордосун оң капталдан үч айланып, анан көздөн кайым болгон. Ак көз бүркүт сол кареги агып калып, оң канаты менен айланып учканын ошондо баамдашкан. Бир көзү көрбөй калганына чындап ишенген соң бий ичинен бир тыз этип алган. Мына азыркы куш да оң канаты менен улам айланып туру. Кичине бир аз төмөндөп учса даана таанылчудай. Тагай бий ордунан тура калып, көкүрөгүн жылт эткен жылуу сезим аралап, бир аз жашый түштү. Бүркүт экен. Чабыттаганы Ак көз бүркүтүнүн эле өзү. Адам эмес, куш баласы болсо да учуп келип тапканын карабайсыңбы, кырааным десе... Бул бүркүтү менен аң уулап, кийик алып бирге жүрүшчү эле. Бийикте жүрүшчү эле... Жоо чапканда бүркүтү колдоочудай алдыга чабыттап кетчү эмес эле. Экөө тең бирге парасаттуу өмүр сүрүштү. Эми тагдырды караң. Бири көктө, бири жерде. Бири бийикте, бири паста. Бири эркин оболойт, бири абакта тушалуу. Ушуну ойлоп, Тагай бий кайра бүркүтүнөн өзү уялып кетти. Анан намысына келди. ... Жок, эмнеси болсо да эми "ак үйлүүдөн" бошосом кайра элиме барып, алардын башын бириктирип, азаттык үчүн күрөшөм деди. Көк мейкинде обологон Ак көз бүркүттүн алдында намысын түшүргүсү келбеди. Ушуну гана күтүп тургансып, азыр эле чабыттап, оң канаты менен айланып учкан бүркүтү кайра көздөн кайым болду. Өзү түпкүрдө жатат, бүркүтү бийиктикте оболойт. Ушундай күндө калам деп түк ойлогон эмес эле. Түпкүлүгү Алайдын Көк-Белиндеги ак карлуу тоонун бүркүтү бу тарапка не чабыттап келди экен? Жем издеппи? Жок, тоодо кийикти кыя кетирбеген, ойдо эликти эч качырбаган, кырда карышкырды капшырган Ак көз бүркүтү жем издеп мынча жерге келмек эмес. Же сагынганда үндөктөп, башынан, канатынан, мойнунан сылачу ээсин таппай, жогун издеп келдиби? Кандаш, жатындаш жакыны издебей, куш баласынын келгенин кара, Жараткан!
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||