24.09.10
  Куттук

Башкаларыбыздан айырмаланып, ал ар дайым сапарда... Турусбек Солтобаев калемдешибиз барбаган айыл өкмөттөрү, алыскы элеттер аймагы азайып бараткандай... Көп жылдардан бери журналист аттууну көрбөгөн алыскы
айылдарга чейин каттап, элдин көйгөйлөрү менен ийгиликтерин жазып кайтат. Эки жылдан ашуун убактан бери Кыргызстандагы 460 айыл аймактарынын көбүнө гезитибиздин бетинен тынбай орун берип келе жатабыз.

Турусбекти алыскы аймактар күтөт...
Калкыбыздын 68 пайызы айыл жергесинде жашайт. "Кыргыз Туусунун" дээрлик бүтүндөй жазылып окуган окурмандары да айылдарда. Анын үстүнө кыргыз коомчулугу саясатка кекиртегибизден батып алган акыркы жылдары бийлик менен элеттик элдин байланышы оорлоп калгандыгы ырас. Ошол кенемтени толтуруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагдайындагы жетишилген ийгиликтерге кеңири токтолуп, алдыңкы айыл аймактарынын арасындагы конкурстарды уюштуруп келүүдөбүз. Ар жылы жаңы жылдын алдында жыйынтыгын чыгарып, грамоталарды, дипломдорду, баалуу белектерди ыйгаруу менен айыл турмушун чагылдырууда гезитибиз тынбай иш жүргүзүп жатат. Мына ошол түйшүктүү иштердин демилгечиси да, жазып келип жарыялаган аткаруучусу да Турусбек мырза өзү.
Ушинтип чабагандап жүрүп, Тукебиз 50 жашты да кууп жетип калыптыр. "Кыргыз Туусунда" иштеген акыркы жети-сегиз жылдан бери бир да жолу чарчадым-чаалыктым дегенин уга элекпиз. Кыштын чилделүү аязы, жайдын аптаптуу мээ кайнаткан ысыгы же болбосо дем алыш, майрам күндөрү деген түшүнүк Турусбекте боло элек. Борбордон жүз-миңдеген чакырым алыстыкта өз чарбачылыгы менен күн көрүп жаткан фермер, дыйкан, мугалим, дарыгер, айыл өкмөт жетекчиси сыяктуу көптөгөн кесип ээлери Турусбек Солтобаевдин дээрлик жеке аракетинин аркасында гезитибиздин туруктуу каармандарына айланышууда. Айыл турмушунун ой-кырларын чагылдыруу боюнча адистешкен кесиптешибиз, аталган тармакты жазууда республикадагы алдыңкы журналист десем аша чапкандык болбос.
"Кыргыз Туусу" гезити мындан ары дагы айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы конкурсту уланта берет. Бирок, ал номинациясы жагынан бир аз айырмаланат. Жергиликтүү жетекчилердин аракети менен айылга ири инвестиция тартып келип, иш жүргүзгөн айыл өкмөттөрү гезитибиздин жеңүүчүлөрү болуп табылат. Конкурска мындан ары эки-үч талап коюп, өзгөртүү киргиздик. Бул жагынан гезитибиз алган багытынан тайбайт, Турусбек Солтобаев кесиптешибиз айыл өкмөттөрүнө каттаганынан жазбайт деп ишендирип кетүүгө толук акыбыз бар.
Элет жери менен тыгыз, үзгүлтүксүз байланышта иштеген жалгыз гана "Кыргыз Туусу" экендигине гезитибизге такай жазылган окурмандарыбыз күбө. Андан тышкары "Кыргыз Туусуна" жиберген кабарыбыз сөзсүз гезит бетинен орун алат" деген ишенимдеги каттар арбып баратканы мунун далили. Ал эми бийлик менен элетти жакындаткан журналист. Мына ошол озуйпаны толугу менен аткарган калеми курч жигитибиз Турусбек Солто-баев десек бап келгени турат.
- Ата Мекен айылдан башталат демекчи, элет жергесин өнүктүрүп, анын инфратүзүмүн көтөрүүдө айыл өкмөт башчысынын ролу абдан зор. Эл азыр жетекчинин иш дегенде тынчы кеткен, ар иштин көзүн таап, илгерилете билген мээнеткечтигине карап баа берип калды. Борбордон жардам күтүп, наалып отурбай, кем-карчыны жоюу үчүн долбоор жазып, эл аралык уюмдардын эшигин түртүп чуркаган айыл жетекчисин баалашат, - дейт Турусбек. - Бийликтин түрткү-колдоолору менен келип алып, иш жүргүзбөй отурган айыл өкмөт башчыларынын көбү апрель окуясынан кийин алмашып кетти. Кээси өз ыяктыяры менен орун бошотту.
Ал эми тыңыраак жигиттер мурдагысындай эле элдин колдоосуна ээ болуп, өз ордунда иштеп жатышат. Биз жер-жерлердеги губернатор, аким, айыл өкмөттөрү менен кеңешип көрүп, гезитибизге жарыялануучу айыл өкмөттөрүнүн конкурсуна инфратүзүмдү оңдоодо инвестиция тартып келген жетекчиге артыкчылык беребиз деп кеңешкендин себеби ошол. Жумуш орундарын ачып, жаштар иш менен камсыз болсо, ички-тышкы миграциянын агымы суюла баштайт эле".
Турусбек Солтобаев "Асылбаш баяны", "Сокулук району: тарыхы, инсандары, экономикасы" аттуу китептердин автору. 1987-жылдан баштап журналистика тармагында эмгектенип келе жатат. Сокулук
районунун орус тилинде чыккан "Народная трибуна", Аламүдүн
районунун "Аламүдүн кабарлары", "Аалам" , "Кыргыз руху", "Эркин тоо" гезиттеринде чейрек кылымга жакын убактан бери жооптуу катчы, редактор, редактордун орун басары
сыяктуу кызматтарда эмгек өтөгөн.
Аймактардагы айыл өкмөттөрүнүн ушул кезде: "Туке, биз тарапка да келип кет!" - деп чакыргандары күн санай арбып бараткандыгы анын көздөгөн максатынын ишке ашып жаткандыгы катары бааласак болот. Турусбекти алыстагы каармандары күтүп, жамааты кошколдоп кадырлап, үйүндөгү өмүрлүк жары ысык чайы менен тосуп тургандан өткөн бакыт барбы?.. Андыктан "Кыргыз Туусунун" эмгек жамааты талыкпаган таланттуу кесиптешибиздин ишине Ала-Тоодой албан ийгилик, жубайы Динара, уул-кыздары, неберелери менен таалайлуу, узак өмүр сүрүшүнө тилектештигибизди билдирип, куттук айтып коёлу дедик.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"