![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Дыйкан, көкүрөккө түйүп ал! Саналуу күндөрдөн кийин республиканын кызылча өстүргөн аймактарында аны казып-жыйноо өнөктүгү башталат. Жайы менен каражатын жумшап, маңдай тери менен өстүргөн түшүмүн пайдалуу баада өткөрүүгө ар бир дыйкан кызыкдар. Аз чыгым жумшап, аны заводго жеткирип, жумалап тиешелүү акчасын же кумшекерин, жомун субалап алгысы келбейт. Дегеле кызылчаны кабыл алуунун шарттары кандай, жаз алды завод менен түзүлгөн келишимде олуттуу өзгөрүүлөр барбы, болсо кандай деген дыйкандарды түйшөлткөн суроолорго канааттандырарлык жооп берүүнү көздөп, "Кайыңды-Кант" акционердик коомунан даярдалган кабарчыбыздын материалын дыйкандарга кулак кагыш иретинде жарыялайбыз. Жыл башында "Кайыңды-Кант" заводунун дыйкан менен түзүлүүчү келишимин, заводдун директору Дүйшөнкул Матеевдин түшүндүрмөсүн биздин гезитке жарыялаганбыз. Бул жолу түшүм жыйноо учурун утурлай кайра дагы бир жолу кайрылууну туура көрдүк. "Кайыңды-Кант" иштетүүгө даяр Заводдун таржымалы Учурда Чүй боорундагы союз мезгилинде салынып, республикадагы кант кызылчасын иштетүүгө араң жетишкен жети заводдун арасынан жалгыз ушул өсүмдүктү кайра иштетип, кумшекер өндүргөн "Кайыңды-Кант" акционердик коому. Ал 1963-жылы пайдаланууга берилген. Союздун ушул тармактагы мыкты заводдорунун бири катары эсептелчү. 1995-жылдан бери мамлекеттен ажыратылып, кийинки он беш жылда бир нече кожоюндарын алмаштырды. 2005-жылдан бери кант кызылчасын кабыл алып иштеткен республиканы кумшекер менен камсыз кылган көзгө басар ишканага айланды. Завод азыркы турган турпаты менен бир суткада 3 миң тоннага чейин чийки зат иштетүүгө жөндөмдүү. Мүмкүнчүлүгү сезон учурунда 360 миң тоннага чейин иштетүүгө жетишет. Ал эми жылына 50 миң тоннага чейин кумшекер өндүрөт. Кызылчадан пайда бар Кант кызылчасын өстүрүү өтө пайдалуу, кирешелүү экендигин экономист эмес, катардагы дыйкан да жакшы билет. Кант, кумшекер адам күндө керектөөчү азыктардын бири катары эсептелип, ага суроо-талап дайыма болуп, соода түйүндөрүндө көп сакталган, өтпөй калган товарлардын катарына кирбейт. Ошентсе да кийинки беш жылда республика боюнча бул өсүмдүктү айдаган дыйкандардын, кооперативдердин катары кескин азайган. Эгерде, завод 2005-жылы 214 миң тонна сырьё кабыл алса, 2007-жылы 132 миң тонна, 2009-жылы бул көрсөткүч 54 миң тоннага чейин кыскарган. Буга кызылчаны кабыл алууда дыйкандардын эмгегин жеп, эсептешүүдө тиешелүү акчаларын, жомдорун создуктурган заводдун жетекчилиги себепкер болду. Эгерде, дыйкан агротехникалык эрежелерди туура сактап, убагында сапаттуу үрөн сээп, жер семирткичтерди пайдаланса, убагында жыйналса, кызылча аянттары кетирген чыгымды толук актайт жана кирешелүү өсүмдүк. Дыйкан ишенимин кайтарууга аракеттер 2009-жылы июль айында заводдун акцияларынын көзөмөлдөөчү пакетине ээлик кылуучулар алмашып, заводдун жетекчилигине иш билги адамдар келди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн мурдагы келишимдер боюнча "Кайыңды-Канттын" негизги инвестору "Альянс Пром" группасы ишканага каражат бөлүүнү кызылча аянттары аз экендигине карабастан токтоткон жок. Өткөн жылдын түшүмүн кабыл алууга чейин завод кыска убакытта технологиялык жабдууларын оңдоп, аймактардагы кабыл алуу пункттарын иретке келтирди. Кызылчаны кайра иштетип, кумшекер өндүрүүгө керектелүүчү кокс, мазут, чыпкалоочу заттар, диффу-зион бычактары, мүшөктөр менен толук камсыз болгон. Заводдо кызылча иштетүүгө кетүүчү чыгымдарды азайтып, кумшекердин баасын төмөндөтүүгө аракеттер көрүлгөн. Жаратылыш газына баа жогору болгондуктан, жылытуу тармагы толук мазутка өткөрүлгөн. Ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында жергиликтүү сырьёну кайра иштетүүчүлөр үч жылга чейин кошумча нарк, киреше салыктарынан толук бошотулуп, өлөсөлүү өнөр жайды кайра жандандырууга чечкиндүү аракеттер жасалды. Былтыр кызылча өстүрүүчү дыйкандар менен эсептешүү да жөнөкөйлөтүлдү. Аларга тиешелүү кумшекерин, акчасын, жомун тез арада алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Быйылкы келишимдин өзгөчөлүгү Жыл башында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү Улуттук агенттигинин макулдугу менен "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому дыйкандар менен кант кызылчасын сатып алуу, кызылча өндүрүүчүлөр үчүн кумшекер менен эсептешүү келишимдерин бекитип, 3 миңден ашык дыйкан менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык завод канттуулугу 16 пайыз кызылчанын бир тоннасы үчүн 2500 сом төлөп берет же дыйкандын макулдугу менен бир тонна үчүн 70 килограмм кумшекер берет. Дыйкан жомун толугу менен өзүнө калтырат. Мурдагыдай мүшөк үчүн дыйкан төлөбөйт. Быйылкы келишимдин дагы бир өзгөчөлүгү - дыйкан кайсы күнү тапшырса, ошол күнү бир тоннасы үчүн 800 сом аванс катары, калганын бир айга чейин эсептешкенден кийин алат. Мурда алыскы аймактардын дыйкандары кызылча жеткирүүгө кеткен чыгымдардын 50 пайызын көтөрсө, эми ал чыгымдарды завод толугу менен өз мойнуна алды. Келишим түзгөн дыйкандарга аванс катары дагы 10 тонна кызылча үчүн беш мүшөк кант, кумшекер берилет. Завод иштетүүгө даяр Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомунун башкы директору Дүйшөнкул Матеевдин айтымында завод кант кызылчасын кабыл алууга толук даяр. Сентябрдын онуна чейин өндүрүш үчүн керектүү газ, кокс, мазут, акиташ менен толук камсыз болгон. Заводдун негизги жабдуулары, жылытуу тармагы толук оңдолуп, 1-октябрда жабдуулар сыноо иретинде ишке киргизилет. Завод толук кандуу 15 миң тонна сырьё топтогондон кийин иштей баштайт. Үшүк - канттуулугун арттырбайт Көпчүлүк дыйкандар арасында эрте түшкөн үшүк кант кызылчасынын канттуулугун арттырат, казуу алдында сугаруу салмагын көбөйтөт деген калпыс түшүнүккө алдырышат. Ал эми кант кызылчасы боюнча адистердин, заводдун жетекчилигинин көп жылдык тажрыйбасында ашыкча нымдуулук өсүмдүк үчүн зыян, казуу алдындагы сугат канттуулугун 2 пайызга чейин төмөндөтөт. Сугарылган талаадан техника эмес, адам да кайтарымдуу иш жүргүзө албайт. 15-октябрдан баштап түнкүсүн үшүк жүрө баштайт. Жылуулукту сүйгөн кант кызылчасы ага туруштук бере албайт жана сапатын жоготот. Бул, албетте, кабыл алуу пункттарында лабораториялык анализ алууда дароо байкалат. Ага баа да төмөн болот. Кызылчанын толук өсүп жетилишине 150 күн вегетациялык аралык толук жетиштүү. Кант заводу дыйкандардын суроо-талаптары боюнча аймактардагы кабыл алуу пункттарын ачууга даяр. Кабыл алуучу пункттар Алыскы аймактардагы кабыл алуучу пункттар жана ага жооптуу адамдар жыл башынан чектелген. Дыйкандарга жеңил болсун деген ой менен алардын даректерин, аты-жөндөрүн жана уюлдук телефонун толук берүүнү туура көрдүк: Кемин району - Менгилбаев Токтобек, 0555 - 83-56-79. Чүй-Токмок - Абдыкалыков Заирбек, 0543 - 92-80-28. Ысык-Ата району - Кадырова Бактыгүл, 0770 - 00-99-00. Аламүдүн району (Кант аймагы кошо кирет) - Сидоренко Елена, 0550 - 24-37-45. Сокулук району - Жамангулов Анарбек, 0772 - 57-03-02. Москва району - Осмонкулов Рашид, 0772 - 63-75-21. Жайыл району - Карпаев Мамыткул, 0552 - 09-10-62. Панфилов району - Исраилов Абылкан, 0772 - 66-39-24. Талас боюнча - Турдугулов Болот, 0777 - 74-84-48. Ошондой эле бардык кызыккан суроолор боюнча 0772 - 66-39-64, 0543 - 92-80-28, 0772 - 57-30-21 телефондору менен байланышсаңыздар болот. Кызылча кабыл алуудагы талаптар Кызылча тапшырууда лабора- ториядан өткөрүлгөн, "Өнөр жайына кайра иштетилүүчү кант кызылчасы" ГОСТуна ылайык, канттуулугу жогору, тазаланган, негизги талаптарына жооп бергени эске алынат жана анын баасына түздөн-түз таасирин тийгизет. Жүктөлгөн кызылчанын арасында жабыркаганы, жарылганы көп болсо, бөлөк заттар аралашса кондициялык эмес катары баасы 20 пайызга арзандайт жана чириген кызылчаны аралаштырбоо керек. Салмагы 200 граммдан төмөн кызылча да кабыл алынбайт. Өзүбүздү кумшекер менен камсыз кыла алабызбы? Азык-түлүк продуктыларынын негизгилеринин бирине кирген кумшекерди союз мезгилинде Россия, Украина, Прибалтика өлкөлөрү менен катар Кыргызстан да өндүрүп, өзүбүздөн артып чет өлкөлөргө экспорттолгон. Бул товарга олуттуу маани берилип, бекеринен жети кант заводу Чүй бооруна курулган эмес. Эми жалгыз кант заводун сырьё менен камсыз кылууга кудуретибиз жетпейт. Бул абалдан чыгуунун жолу экөө - биринчиси, кызылчанын баасын кайра карап, ага дыйкан кызыкдар болуш керек. Экинчиси, сырттан ташылып келүүчү кумшекердин көлөмүн чектөө керек. Азыркы учурда 1 тонна үчүн 2,5 миң сом дыйкандардын баамында өтө төмөн. Дыйкандардын дагы бир талабы - кызылчанын канттуулугу коюлбай, салмагы менен алып, завод ошол салмак менен эсептешсе. Быйыл республика боюнча 170-180 миң тонна кант кызылчасы жыйналат деген божомол бар. Бул былтыркыга караганда үч эсеге көп болгону менен, кумшекердин баасы завод иштээри менен түшүп кетет дегендикке жатпайт. Бул көйгөйдү чечүү көп убакытты, туура саясат жүргүзүүнү талап кылат. Турусбек СОЛТОБАЕВ, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||