№73, 24.09.10. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...





  КСДПнын (СДПК) лидерлери

Кыргызстанды гүлдөтүү биздин колдон келет!
Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын жетекчиси
Алмазбек Атамбаев:
- Өлкөбүздү таза жана экономикасы өнүккөн келечекке алып чыгуунун тарыхый бир мүмкүнчүлүгү келип турат. Элибиз тарыхый бурулушка кадам таштоонун алдында турганда ак менен караны, көк менен кызылды жана башка бир топ түс менен түрлөрдү бири-биринен так, таамай ажырата билүүгө тийиш. Курулай убадага курсак тойбойт, муну элибиз эчак түшүнгөн. Алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча биздин партия жеңишке жетишип калса, анда жарым жыл өтүп-өтпөй эле программадагы алгачкы кадамдар жасала баштагандыгына эл өзү күбө болот. Өндүрүштү, экономиканы туура түшүнгөн түз багытта бара жаткандыгыбызды кыраакы калкыбыз көрүп турат.
Кыргыздагы "эрдиги бар, эси жок" менталитетибизге шайлоо алдындагы дүңгүрөгөн жарнама-жарманкелер бир топ эле таасир этип жатканы да чындык. Карапайым элибиз менен он жети жылдан бери бирге, коомдун негизги өзөгү болуп, чындык үчүн чыркырап окко төшүн тосуп келген, элибизге эркиндикти, таза шайлоону камсыз кыла алган Кыргызстан Социал-демократтар партиясы эч качан популисттик маанайдагы чакырыктар менен алек болгон эмес жана болбойт дагы.
Биринчи кадам таза коомду куруудан, коррупция менен чечкиндүү күрөшүүдөн башталууга тийиш. Мамлекеттин башында турган адамдар таза, уурулуктан алыс болууга милдеттүү. Биринчи жетекчи таза болгондо гана андан кийинки кызмат адамдары таза иштөөгө мажбур болушат. Ушул жерден 2007-жылды эсиңиздерге салгым келет. Ошол убакта, мен президенттик,үй-бүлөлүк башкаруунун учурунда да бюджеттик жыйымдарды 1,5 эсеге көбөйтүүгө жетишкем.
Мен өкмөт башында турган сегиз айдын ичинде өлкөбүздүн негизги кирешеси кайда агып жаткандыгын далилдеп бергендей болдум. Муну түшүнгөндөр түшүндү, натыйжасын жакшы билесиңер. Эгерде, биз баарыбыз бир багытты көздөп, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн бириге алсак, анда биздин колдон баары келет. Биз Кыргызстанды гүлдөгөн, экономикасы бекем, маданияты бийик өлкөгө айланта алабыз.

Мамлекетти башкарууда
1. Иш-аракеттердин жоопкерчилиги;
2. Аймактарды өнүктүрүү;
3. Тышкы саясаттын эффективдүүлүгү;
4. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын сөз эркиндиги;
5. Жарандык коомдордун өнүгүүсү.
Экономикалык саясатта
1. Экономикадагы кризиске каршы башкарууну тездетүү;
2. Базалык тармактарды өнүктүрүү;
3. Дүйнөлүк экономикада татыктуу өз ордубузга жетүү.
Улуттук коопсуздук жана коргонуу
1. Күчтүү милиция;
2. Сот системасын реформалоо.
Социалдык саясат
1. Жакырчылыкты жоюу;
2. Билим берүү тармагын өнүктүрүү;
3. Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү;
4. Турак жай камсыздыгы;
5. Пенсиялык реформа жана жарандарды социалдык колдоого алуу;
6. Жаштар - өлкө келечеги.
Улуттук кайра жаралуу жана көп улуттуу маданият
1. Мамлекеттик тилди жана маданиятты өнүктүрүү;
2. Көп улуттуу катнаштарды чыңдоо жана этникалык азчылык чөйрөгө кам-кордук.

P.S. Программа менен толук таанышууну каалагандар www.sdpk.kg сайты аркылуу маалыматтарды алса болот.

Материал КСДПнын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. Заказ берүүчү - КСДП

Каржылык маселелер боюнча ишенимдүү өкүл - Надира Сатыгул кызы.
Каттоо күбөлүгү № 090 15.08.2010-жыл







PDF формат