21.09.10 Кабатыр болбоңуз,
кагылышуу болбойт!
"Ош жергесинде пландаштырылган массалык тартипсиздик башталып, кан төгүүлөр менен коштолот. Ал үчүн атайын даярдалган адамдар белги берүүнү күтүп отурат" - деген маалымат интернет-сайттарга чыгып кеткен. Шүгүрчүлүк, 18-20-сентябрда күтүлүп жатат деген жогоркудай кабар калп болуп чыкты. Электрондук маалымат каражаттарын пайдаланган адамдар мындай кабардан жүрөгү түшүп отурган чагы. Ансыз да Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуялары далай энелерди, жубайларды кара кийгизип, кайгыга батырып кетти. "Мындай каңшаарларды биз биринчи эле жолу алып жаткан жокпуз. Бул өлкөбүздөгү болуп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөргө каршы карандай калп, чагымчылдык. Шайлоонун алдындагы саясый өнөктүктү пайдаланып, эл арасында чуру-чуу салуу максатын көздөгөн күчтөрдүн иши", - деди КРнын коопсуздук кеңешинин катчысы Мурат Иманкулов. Анын айтымында жогорудагы негизсиз
маалыматты кимдер тараткандыгын өлкөнүн коопсуздук кызматы иликтеп жатат. "Бүгүн да, жакынкы мезгилдерде да кагылышууну болтурбоо үчүн биздин укук коргоо органдары, куралдуу күчтөр түзүмдөрү колдо бар бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап, аракет кылып жатышат", - деп, М.Иманкулов аны маалымат чагымчылдыгы катары баалады. Мындай ушак-айыңдарды негизинен чет мамлекеттердин интернет-сайттары таратып жатат.
Буга чейин рамазан айы бүтүп, орозо майрамы аяктаган соң түштүк жергесинде дагы коогалаң болот экен деген сөздөр шамалдай тарап кеткен болчу. Кыргызстандын тийиштүү күч түзүмдөрү коогалаң болуусу күтүлүп жатат деген аймактарды катуу көзөмөлгө алышкан. Мында да, тилекке жараша, кагылыш катталган жок. М.Иманкуловдун айтымында ошол ушактардын кесепети тийип, өзбек улутундагы аялдар, жаш балдар үйлөрүн калтырып, чек араны көздөй бет алышканы маалым болду. Учурда өлкөнүн чек ара кызматы, аскер бөлүктөрү жана башка тийиштүү органдары жетиштүү адам ресурстары жана техникалык курал-жабдыктары менен бардык кырдаалга даяр турушат. Андан тышкары ОДКБга кирген өлкөлөр да Кыргызстанга аскер техникалары, атайын каражаттар сыяктуу жардамдарды берүүгө даяр экендигин билдиришкен.
- Эл ичиндеги ушак-айыңдар менен коштолгон дүрбөлөң туура маалыматтын жетишпегендигинен улам чыгууда, - деди М.Иманкулов. - Айталы, жакында Өзгөн районунда өткөн окуя буга мисал. Күч органдары козголгон кылмыш иши боюнча бир үйдүн короосун тинтүү учурунда курал-жабдыктарды табышкан. Ошол жерден эскертүүчү ок атылганын угуп, кооптонгон 500дөй адам РОВДнын алдына чогулуп калышкан. Өзгөндөн Ош шаарына курал-жабдыктар ташылган факты катталган. Аталган кылмыш иши боюнча кармалгандар сурак берип жаткан учуру. М.Иманкулов бүгүнкү күндө ар кандай ушак-айыңдарды таратып жаткандар Кыргызстандагы турукташып келе жаткан турмушубузга кайрадан бүлүк салууга кызыккан же кулаган бийлигин кайра алууга умтулгандар экенин баса белгиледи.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




"Кыргыз Туусунун" суроосуна Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Бакыт Матмусаев жооп берет.
Өзгөндө абал тынч
- Бакыт Аманович, 15-сентябрда Өзгөн шаарынан бекитилген курал-жарак кармалыптыр деген маалыматтын чоо-жайын айтсаңыз?
- 15-сентябрь күнү саат 16-17лерде Өзгөн районунун Таштак участкасында облустук улуттук коопсуздук кызматынын атайын даярдалган бөлүмчөсүнүн оперативдүү кызматкерлери менен биргеликте Д. аттуу жигиттин үйүндө атайын катылган 1 АКС автоматын 30 патрону менен, ТОС-8 үлгүсүндөгү 4-5 пачка патрону менен нарезной бир мылтык, 12-калибрдеги сайы жок мылтык 30-40тай огу менен алынды. Бекитилген куралдарды алуу учурунда үйдөн үч киши каршылык көрсөтүшүп, натыйжада кармалган. Ошол жерде коңшулары чогулуп, балдарды бербейбиз дешип, машиналар өтүүчү жолго таш коюп, алып калыштын аракетин жасашкан.
Биздин кызматкерлер, шаардык кеңештин депутаттары, шаардык башкармалыктын жетекчисинин орун басары, укук коргоо органдарынын жетекчилери, кызматкерлери барып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Аларды ошол жерден алып чыгып кетүүгө мүмкүн болбогондуктан Кара-Кулжа районунун аймагынан чыгарып алып кетишти. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда Д. аттуу жигит Оштун атуулуна автомат сатканы дайын болгон. Натыйжада атайын мыйзамдуу санкцияланган тинтүү иши жүргүзүлгөндө курал жабдыктар алынган.
Курал-жабдыктарды кармоо аракети облустук коопсуздук кызматынын кызматкерлериники болду, коомдук тартипти сактап берүү биздин милдетибиз эле. Таштак участкасынын эли топтолуп, бул куралдар бизге таандык эмес, бизге атайын кимдир бирөөлөр тарабынан ташталды, мыйзам бузуу болуп жатат дешип кечинде 300-400дөй жаштар, аялдар топтолуп чыгышты. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди тараттык. Эртең менен дагы 50гө жакын аял келди эле, аларга да түшүндүрдүк.
Бүгүнкү күндө Өзгөндө улут аралык маселе жок. Бардыгы эле түшүнүү менен кабыл алышууда. 16-сентябрь күнү шаар башкармалыгынын жетекчиси, жергиликтүү кеңештин депутаттары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, кварталдык комитеттердин жетекчилерин чогултуп, эгер мындан ары жол тосуу, таш бараңга алуу болсо мыйзам чегинде чара колдонула тургандыгын түшүндүрдүк.
- 15-сентябрда Өзгөндө ок атылды деген сөз да бар?
- Бул сөздүн да чындыгы бар. Чогулган эл машинанын жолун тосуп алганда тигил кармалгандарды алып чыгып кетүү максатында атайын даярдалган топ тарабынан асманга ок атылган. Ошол атылган октор коңшу айылдарда жашагандарды тынчсыздандырып, ал жакта да эл топтолуптур. Участкалык инспекторлор менен биздин милиция кызматкерлери түнкү 3кө чейин түшүндүрүү иштерин ар бир айылда жүргүзүп, патрулдарды уюштурдук. Ошонун негизинде кырдаал тынчып кетти. Азыр базарда же башка элдүү жерлерде абал тынч, арыз, даттануулар жок.
- Шайлоого даярдыгыңыздар кандай?
- Азыр ошол шайлоону тынч өткөрүүнү чарасын көрүүдөбүз. Жер-жерлердеги 97 участкабыздын ар биринде 10дон элдик кошундар уюштурулган. Айрыкча элдүү пункттарга көңүл бурулууда. Тажикстандагы терракттан кийин райондун аймагындагы манилүү обьекттер өзгөчө көзөмөлдө турат. Андан сырткары өзгөчө кырдаал алынгандан кийин 10-августтан Президентибиздин коомдук тартипти күчөтүү боюнча №1 директивасы чыккан. Ошол эле күнү жер-жерлерде штабдар уюшулуп, иш-чаралар алынып барылууда. Ал эми шайлоо боюнча атайын укук коргоо органдарынын ортосунда биргелешип түзүлгөн иш пландарыбыз бар.
Жыпара Акунова,
"Кыргыз Туусу", Ош