17.09.10 Башкы авиадарбазадагы бажы төлөмдөрү кантип азайган жок?
Апрель революциясы жана андан кийинки өлкөдөгү баш аламандыктар, өлкөнүн түштүгүндөгү июнь окуяларынын экономикабызга терс таасирин тийгизгендиги жалпыга маалым. Мына ошондон улам өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүндө чоң ажырым болуп калышы жөнүндө кооптонуулар жыл жыйынтыктоого жакындаган сайын улам күч алууда. Анын да негизи бардай.
Ушундай кырдаалда бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда салымы чоң мекеме Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинин журналисттерге берген маалыматы адамды анчалык ынандыра бербегендей. Ошентсе да бажычылар конкреттүү сандар жана фактылар менен мындай скептикалык көз карашты "Манас" аэропортундагы бажыкананын мисалында төгүндөөгө аракеттеништи.

Бизнес туруктуулукту сүйөт
Апрель, өзгөчө андан кийинки өлкөбүздүн түштүгүндөгү июнь окуяларынан соң биздин экспорт-импортубуздагы негизги багыттар болушкан кошуна өлкөлөр менен чек аралардын жабылышы соода операцияларын кан буугандай токтоткон.
Өзбекстан чек араларын азырга чейин ача элек. Казакстан болсо, биздин Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн күн сайын жүргүзгөн аракеттерине, сүйлөшүүлөрүнө карабастан дээрлик эки айга жакын чек араларын бекем жаап турду. Азыркы учурда да чек ара көзөмөлү күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Апрелдин үч жумасында Кытайдан Торугарт бажы-чек ара пункту аркылуу импорт келген жок.
Албетте, мунун баары ишкер активдүүлүккө терс таасирин тийгизди. Анын үстүнө экспортчулар менен импортчулар өлкө ичиндеги талап-тоноочулардын жана андан кийинки рейдерлердин аракеттеринен улам да ара жолдо турушту. Эксперттердин пикирлери боюнча, кырдаал азыр деле жакшырып кеткен жок, айрым ишкерлер өз инвестицияларынын тагдырынан чочулашып, азырга чейин жогоркудай пикирден кайтыша элек.
Ошол эле учурда апрель, май, июнь окуяларында жабыр тартышкандарга компенсацияларды төлөө зарылчылыгынан, Ош менен Жалал-Абаддагы калыбына келтирүү иштеринен, а эң башкысы мурдагы бийлик тарабынан тартыштыгы чоң бюджет кабыл алынгандан улам мамлекеттин казынасы мурда алдын-ала каралбаган зор чыгымдарды талап кылууда. А казынаны толтуруучу негизги эки мекеме бар эмеспи.
Алардын бири Мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын жети айында негизги авиаташуулар жүргүзүлүүчү "Манас" бажыканасы боюнча товарлардын импортунун жалпы көлөмү 5,182 миллиард сомду түзгөн. Бул 2009-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу импорттун көлөмү 1,385 миллиард сомго көбөйдү, же өсүү темпи 136 пайызга жетти дегенди билдирет. Бул биздин скептиктер үчүн парадокстуу болуп көрүнүшү мүмкүн.

Коррупцияны азайтса, абалдан чыгуунун жолдору бар
Бирок, "Манас" бажысынын начальниги Жеңишбек Исаковдун маалыматы боюнча мындай көрсөткүчтөргө реалдуу жетишүү оңой болгон жок.
Анткени учурдагы мыйзамдарга ылайык, бажы төлөмдөрүнөн бошотулган импорттун олуттуу көлөмү ушул авиаташууларга тийиштүү. Мисалы, январь-июль айларындагы бажы төлөмдөрүнөн бошотулган импорттун көлөмү 2009-жылдагыга салыштырмалуу 500,7 миллион сомго көп болуп, 2 миллиард сомдон ашуунду түзгөн. Жалпысынан мындай бошотуулардан улам республикалык бюджеттин шарттуу жоготуулары 2,8 миллиард сом, ал эми "Манас" бажыканасы боюнча бул сумма - 356 миллион сом.
Жети айда "Манас" бажыканасы республикалык бюджетке 294 миллион сом суммадагы бажы төлөмдөрүн камсыз кылган, бул 2009-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 56 миллион сомго көп дегенди билдирет. Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында 10 пайызга азайса, май айынан баштап бажы төлөмдөрүнүн динамикалуу өсүшү байкалган. Бажы төлөмдөрү кандайча өстү? Мисалы, импортерлор үчүн негизги багыттар болушкан Бириккен Араб Эмираттарынан, Түркиядан, Индиядан жана Түштүк Кореядан жеке адамдар ташып келип жатышкан товарлардын импорту 309 тоннага азайган.
Муну бажычылар бажы төлөмдөрүн администрациялоонун жакшырышы менен байланыштырышат. Башкача айтканда, "сол чөнтөккө" кеткен финансы булактары кыскарган. Натыйжада бажы төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 146,6 миллион сомду түзүп, 2009-жылдын жети айына салыштырмалуу 73 миллион сомго көбөйгөн.
Албетте, фактыга каршы тура албайсың. Ошентсе да бул чындык. Анткени, буга чейин Акаев бийлиги убагында да, Бакиев бийлиги убагында да бажыда төлөнчү төлөмдөрдүн көпчүлүгү "боз схемалар" аркылуу сол чөнтөктөрдү кампайтып турганы да жалпыга белгилүү. Болгону 2005-жылдан
кийин ошол "чөнтөктөр" гана алмашкан.
Азыр бажыдагы коррупцияны биротоло жоюу үчүн "бирдиктүү терезе" принциби киргизилүүдө. Бул долбоордун жүзөгө ашырылуусуна Мамлекеттик бажы кызматы менен катар эле долбоорду финансылап жаткан Герман техникалык борбору жана негизги - донор Азия өнүктүрүү банкы кызыкдар болууда.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубан Кулматовдун маалыматы боюнча 2000-жылдан бери бажы кызматы жыл сайын бюджетке болжол менен 2 миллиард сомдон берип келген. 2008-жылы эң көп төлөмдөр болгон.
Муну оңой эле түшүндүрүүгө болот. Анткени ошол учурда дүйнөлүк рынокто нефть продуктыларына баалардын кескин жогорулоосуна байланыштуу кошуна өлкөлөрдүн экономикасы кескин өсүп, алардын жана ал өлкөлөрдө иштеген биздин эмгек мигранттарынан келген трансферттерден улам калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү жогорулап, керектөөлөр да өскөн. А кийинки жылдардагы нефтиге баалардын төмөндөшү тескери пропорцияда керектөөлөрдүн азаюусуна алып келген.
К.Кулматов азыр Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан аны реформалоо боюнча киргизилип жаткан сунуштар жөнүндө да айтып берди.
- Анткени азыр бизде жөнөкөйлөтүлгөн, жеңилдетилген жана жалпы тариздөө тартиби колдонулууда, -дейт ал. - Жеке адамдар боюнча декларация берүүгө жетиштик. Биздин негизги импортерлорубуз Россия жана Казакстан, алардан азыраак санда - Өзбекстан менен Тажикстан. Негизги экспортерубуз Кытай менен эки бажы өткөөл пунктубуз бар. Товарлар Кытайдан Кыргызстанга өтүү менен аталган өлкөлөргө кетчү. Бажы союзу иштей баштаганы товарлардын жүрүшү, аларга көзөмөл жүргүзүү боюнча бул салттуу схемага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкты.
Ошол эле учурда "боз схемалар" менен канча күрөшсөк да жеңе албай келебиз. Негизи контрабанда менен күрөшүү өтө кыйын, бирок ал үчүн ар кандай чараларды көрүү керек. Мисалы, мен мамлекеттик бажы кызматына жетекчиликке келгенимде нефть продуктыларына контрабанданы кантип кыскартууну ойлонгонбуз. Анда расмий түрдө жылына 174 миң тонна нефть ташылып келчү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча биздеги ички керектөөлөр 600-700 миң тонна. Демек, калганы - контрабанда. Биз акцизге нөлдүк ставканы киргизгенде, жылдын аягында ташылып келген нефтпродуктылардын расмий көлөмү 580 миң тонна болду.
Эми эсептеп көрөлү. 174 миң тоннадан акциз салыгын алган жакшыбы, же 580 миң тоннадан кошумча наркка салыкты жана башка төлөмдөрдү алганбы? Демек, катаал администрациялоодон көрө ийкем мамиле жасагандан пайда көп болуп жатпайбы!
Ошондон улам бажы кызматтын өзүнө мамиле өзгөрмөкчү. Анын Өкмөттүн түзүмүндө кандай орунду ээлей турганы, башкача айтканда фискалдык орган болобу, же бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү аркылуу
соодага өбөлгө түзчү орган болобу, чечилмекчи.

Бажы союзуна кирүүгө азырынча эрте
Бажы союзу иштей
баштагандан бери ага
Кыргызстандын кошулуусу же кошулбоосу боюнча ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Бул боюнча
өлкөнүн башкы бажычысы мындай пикирин
билдирди:
Биз Бажы союзуна белгилүү бир экономикалык потенциал менен кирүү үчүн өзүбүздүн инвестициялык саясатты өнүктүрүп, экономиканы өстүрүшүбүз керек. Азыр БСга кирсек, биздеги бизнестин бардыгы токтоп калат. Тигил өлкөлөрдө ири финансылык агымдар менен операцияларды жүргүзүшкөндүктөн, алар өздөрүндө чыгарылган товарлар менен биздин рынокту "төө бастыга" алып коюшат. Бүгүнкү күндүн реалийлери ошондой. Биз керектөөчү өлкө болуп калабыз.
Биздин рынок, калкыбыз алыскы чет өлкөлөрдөгү товар өндүрүүчүлөрдү дээрлик кызыктырбайт. Айласыздан Россиядагы же Казакстандагы логистикалык борборлордон ташып келүүгө мажбур болобуз.
Ошондуктан жакынкы мезгилде биз өзүбүздүн жарандар өз өлкөбүздө иштешип, Бажы союзунун мамлекеттерине карата экспортко багытталган товарларды чыгарууга катышканына жетишибиз керек. Ошондо Бажы союзуна теңата өнөктөш катары кире алабыз. Биз Кыргызстандагы бажы ишинин өнүктүрүү концепциясын даярдап жатабыз. Өкмөттүн токтому менен орто мөөнөткө, узак мөөнөткө, келечекке концепцияларды бекиткени жатабыз. Анда үч вариант каралган. Биринчисинде - Кыргызстан Бажы союзуна киргендегиси, экинчисинде - Кыргызстан Бажы союзунан тышкары, бирок КМШ өлкөлөрү менен эркин соода аймагында болгондогусу, үчүнчүсүндө - Кыргызстандын Бажы союзуна акырындык менен адапта-циялануусу каралган. Убагында Евр-АзЭШ да бажы союзу сыяктуу ойлонулуп түзүлгөн.
Биздин ушул багыттагы сунуштарыбыз 1-октябрга чейин Өкмөтүн кароосуна коюлмакчы.
Айрымдар айтып жаткандай, азыр Казакстан менен чек ара жабык деп айтканга болбойт, алар чек ара аркылуу товарлардын өтүшүн администрациялоону гана катуулатышты. Бажы союзунун Бажы кодексинде чек аралардан товарлардын өтүшүнүн ушундай эрежелери кабыл алынган. Мисалы, 50 кг. чейинки салмактагы же
баасы 1500 АКШ долларына чейинки жүктөргө жөнөкөйлөтүлгөн бажы төлөмдөрү бар. Андан ашканына катуу администрациялоо киргизилген. Ошондуктан айрым ишкерлерибиз муну чек арадан жүктөрдүн өткөзүлбөй жатканы катары кабыл алышууда. Муну биз да эске алышыбыз керек.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"