14.09.10
  Шайлоо

Партиялардын шайтан оюндарынан сак болгула!
Кыргызстан көп партиялуу өлкө.Көп партиялуулук мамлекетибизге утуш алып келеби? Мамлекет тагдырына көп партиялуулуктун таасири оң жагына басымдуулук кылабы, же терс тарапкабы? Мына ушундай түйүндүү суроолор учурда ар бир сезимтал инсандын башын катырууда. Октябрдын онунда өтүүчү парламенттик шайлоого аттанышкан саясый партиялардын Түштүк жергесиндеги ишмердүүлүктөрү эл күткөндөй жаңыча формага ээби же баягы эле койчумандын таягындайбы?.. Кеп маңызы ушул өңүттө жүрмөкчү.

Парламенттик орунга ат салышууга чыккан саясый партиялардын дээрлик көбү Кыргызстандагы саясый курулуштун өңүн, азыркы учурдагы коомдун өнүгүшүнүн приоритетүү стратегияларын практикада тескөөгө
алууга дареметтери алсыз экендигин көрсөтүп келе жатканы жашыруун эмес. Ошондон улам да коомчулук тынчсыздануунун апогейинде турат. Көпчүлүк аракеттеги саясатчылар Кыргызстанда өлкөнүн чыныгы реформаторчуларынын миссиясын аткарууга жөндөмсүз өтмө фигура катары көрүнөт. Талдоого алуу үчүн алыска барбай, Түштүктөгү каргашалуу июнь окуялары учурунда кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү үчүн төшүн тоскон бир да партиялардын лидерлерин же облустук, райондук координаторлорун көрүшпөгөндүгүн коомчулук айтып жатышат. Жөн эле айтышпастан партиялардын лидерлеринин байкоочу катары туруп беришкен аракетсиздиктерин сындап да жатышат. Парламенттик шайлоо жакындаганда гана ийинден чыккан суурдай болушуп, Мекен тагдыры, бакубат Кыргызстанды түптөө үчүн өздөрүнө багыт катары кабыл алышкан келечектүү программалары (биринен-бири көчүрүп алышкандай укмуш кооз идеялары) туурасында айтып калууга далалаттанышканы саясатка "тиши өткөн" инсандардын эле эмес, кетмен кармаган дыйкандардын да көңүлүн кирдетүүдө.
Жаныңдан атылган октун үнү басылып, эки тарап тең нес абалдан чыккандан кийин гана от күйүп, кан көргөн аймакка жардам жеткирүүдө да саясый кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшуп, ынтымакка, биримдикке чакырган, көңүл жубаткан жазуулардын ордуна партиянын аттары жазылган плакаттарын илип алган жүк тартуучу унааларды көргөн элдин жүрөгү муздарын билишсе да билмексен болушууда. Ал кайсыл партиялар экендигин лидерлери сезбей калышса, Оштун, Жалал-Абаддын эли жакшы билет.
Кезинде ОБСЕнин Оштогу жергиликтүү бюросунун колдоосу менен Кыргызстандын түштүгүндөгү саясый партиялардын өнүгүшүнүн абалы жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча иликтөө долбоорунун менеджери кызматын аркалаган Болуш Саиевдин айтымында партиялардын жетекчилери менен аңгемелешүүлөр учурунда белгилүү болгондой жана анализ көрсөткөндөй, алардын жетекчилеринин жүрүм-туруму импульсивдик мүнөздө болуп, өлкөнүн саясый турмушундагы окуялардын өнүгүшү боюнча маалыматтарды иштеп чыгууга, анализдөөгө караманча көңүл бурушпайт. Саясый программалардан саясый долбоорлорго өтүүгө мезгил жеткендигин сезишпейт. Дегенибиз, партиялар борбордо түзүлүп, борбордун чегинен чыга алышпайт. Өздөрүнүн программаларында жергиликтүү жамааттардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, майыптардын көйгөйүн чечүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар камтылбайт. Дээрлик бардык партиялардын бири-бирине коёндой окшош уставында, программаларында жазылгандан башка ишмердүүлүктөрү жокко эсе. Учурдагы шайлоодон кийинки шайлоого
чейин системалык түрдө иш алып баруу деген түшкө кирбеген жоруктай сезилет. Туруктуу мүчөлөрү, ал тургай облустук, райондук координаторлору жок. Ишсиздер армиясын элестет. Аймактардагы мурдагы партия, комсомол уюмдарында же бейөкмөт уюмдарда иштеп, жумушсуз калгандар бүгүн бир партиянын райондук, облустук штабын, баштапкы уюмун жетектөөгө алса, эртең экинчи бир партиянын "камчысын чаап" жүргөнүн көрөсүң. Партиялык кызматкерлерди калыптандыруу туруктуу эмес. Лидерлер өлкө келечегине байланышкан түйүндүү маселелер, ички жана тышкы коопсуздуктар туурасында деги эле баш оорутушпайт. Кыргызстандын түштүгүндөгү саясый системанын калыптанышы "түйүлдүк" абалда экендигин мындан үч жыл башта долбоордогу иликтөөлөр көрсөтсө, учурда түйүлдүк "көз жарып", ал тургай эрте жетилүүдө. Демек, Болуш Саиевдин билдирүүсүнө таянсак "өгөй" мамиле жасашкан лидерлер эми түштүктүн саясый активдүүлүгүнө сүкүт салышат өңдөнүшөт.
Парламенттик ат салышуу укугуна ээ болушкан партиялардын арасында өлкөбүздүн өнүгүшүнө таасирин тийгизе ала турган 4-5тен ашпаган гана партия бар. Аларда саясый оюндарды ойной ала турган лидерлик курам бар. Ал эми калган партиялардын көпчүлүгүн 3-4 гана адам аркылуу таанууга болот.
Мисалы, жакынкы эле мезгилдерде, тактап айтканда 2005-2007-жылдары өлкө ичинде өз таасири бар "Эмгек жана Биримдик", "Демократиялык күчтөрдүн Союзу", "Кыргызстан аялдары", "Адилет" партияларынын таскагы учурда таашыркап калгандыгы байкалат. Ал эми айрым партиялардын (үгүт катары бааланбаш үчүн аттарын атабай эле коёлу) тамыры борборго эле эмес, түштүктөгү элеттик элге эми гана жайылып баратат.
Албетте, саясый партиялардын жүзү - тандалган лидерлерден көрүнөрү талашсыз. Кайсыл бир партиянын лидери болсун шайлоо өнөктүгүндө гана баштапкы уюмдар жөнүндө камкордук көрүп, проблемаларын тизмектеп калышпастан, жер-жерлердеги партиялык ячейкалары менен үзгүлтүксүз байланышта болушса. Өзгөчө ички, тышкы коопсуздук көйгөйлөрү бар аймактарда саясый активдүүлүктөрүн көрсөтүшсө упай гана топтошпостон, тарапташтык мамилелерин чыңдашмак. Тилекке каршы, өлкөбүздөгү партиялар дагы эле болсо "туруксуздук" ооруларынан айыга албай келишүүдө.
Жакында өтүүчү шайлоо баштагы шайлоолордон формасы менен да, ошондой эле элдин саясый активдүүлүгү менен да талапкерлердин эле эмес, башкаруу жана аткаруу бийлик төбөлдөрүнүн да эсин эки кылчудай. Шайлоо Кодексинин талабы боюнча ар бир округдан шайлоочулардын беш пайыздык добушуна ээ болуу тосмосун аттап өтүүгө бардык эле партиялардын даремети чак. Акыркы мезгилдердеги кырдаалдарга байланыштуу "ышкырыгы таш жарган" кээ бир партиялар бөтөнчө түштүк жергесинде беш пайыз эмес, нөл беш пайыз ишенимге ээ болуусу күмөн болуп, административдик ресурстарды тымызын мээлеп турушканы алардын айрым бир кадамдарынан айкын болууда. Мындайга күбө болгон жергиликтүү "атка кошчулар" "кайда барба мамайдын көрү тура" дешип, ичтен тынып жатышканы да жашыруун болбой калды.
Өлкө тагдырына жоопкер бо-
луучу партиялардын чыныгы саясый ишмердүүлүктөрү Түштүктө эле эмес, бардык аймактарда жогорудагыдай көз боёмочулук мезгилди да, шайлоочуларды да утуп келе жатат. Тактап айтканда, партиялардын аймактарда потенциалы, усулдук иш-аракеттери натыйжалуу эмес экендигин биз менен болгон маегинде Б.Саиев сынга алды.
Анын айтымында кечээ эле түштүктүн эли аталып, сол көз менен каралган эл, бүгүн шайлоочу. Коомчулук барган сайын өздөрүнүн жүзүн ачып алган "саясый кумирлердин" чакырыктарына азгырылбай, элдин жүгүн эрдик менен көтөрө ала турган эр азаматтарга, лидерлерге муктаж болуп турат.
Чынында эле "той да болот, тойдун эртеси да болот" дегендей, ар бир шайлоо участкаларынын аймагында желектерин желбирете илген партиялардын баштапкы бөлүмдөрү эле эмес, район, шаардык, ал тургай облустук бөлүмдөрүндө партиялык турмуш, курулуш иштери кийинки шайлоого чейин токтойт. Шайлоочулардын көйгөйлөрү жазылган том-том барактар чаң басып, өзү бүтөттүк менен бат эле унутта калат. Ооба, Кыргызстандагы, бөтөнчө түштүк аймактагы партиялардын чыныгы өңү мына ушундай. Парламенттик башкаруу саясаты саясый партиялардын түсүн өзгөртө алабы?.. Мезгил көрсөтөт.

Гүлжамал ЖОРОЕВА,
"Кыргыз Туусу"




  Дубандардан эмне кеп?

ЫСЫК-КөЛ
Көлдө каатчылык болбойт
Быйылкы күз күрөшү Көл өрөөнүндө өткөн жылдарга салыштырмалуу жаратылыштын жазгы, жайкы ыңгайсыз жагдайларынан кийин кечирээк башталгандыктан, дан эгиндеринен орточо алынып жаткан түшүм да 5,1 центнерге төмөн.
- Ушундан улам, Көл өрөөнүндө данга, демек унга, нанга каатчылык болушу мүмкүнбү? - деген суроо менен облустук мамлекеттик администрациянын айыл чарба тармагын тейлеген адис жетекчиси Жолдошбек Бейсеитовго кайрылдык.
- Андай болушу эч мүмкүн эмес, - деди ал. - Анткени, быйыл жалпысынан орточо ар гектардан 19,4 центнерден буудай алган күндө деле, жалпы дүң түшүм 138,7 миң тоннадан кем болбойт. Андан үрөнгө, малга деп 49 миң тоннасын кемитсек, ошондо калган 89,7 миң тонна дан кампаларда калат. Бул көл элинин аштык эгинге керектөөсүнүн 101,5 пайызын түзөт дегендик. Буга кошумча биздин болжолдуу эсебибиз боюнча облустун аймагында былтыркыдан бери сакталып келаткан 8 миң тоннага жакын дан бар. Жогору жактан түшкөн маалыматтарга караганда коңшу Казакстандан 150,0 миң тонна буудай Кыргызстанга келет.
- Келерки жылга карата камылга көрүүнүн азыркы абалы кандай?
- Быйыл облуста 19700 гектар аянтка күздүк айдалышы керек. Буга 6910 кг. үрөн талап кылынат. Бул үчүн быйыл Орусиянын Краснодар крайынан 400-500 тонна эң жогорку сорттогу буудайдын үрөнү кредитке келатат.
Жээнбай ТҮРК


  ТАЛАС

Бийлик шайлоодо билегин көрсөтпөйт
Республикадагы саясый партиялардын Талас облусунун өкүлдөрү, ошондой эле ар кандай кыймылдардын, ЖМКнын өкүлдөрү жакында биргелешкен жыйын өткөрүштү. Жыйында партиялардын өкүлдөрү административдик ресурстарды колдонбоону, бардык партияларга бирдей шарт түзүп берүү маселелерин козгошту. Ошондой эле азыркы учурда капчыгы калың партиялар эл арасына акчаларды таратып, элди сатып алуу сыяктуу терс аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын жашырышкан жок. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү эч кандай партияга жан тартуу иштери болбостугун, бардык партияларга калыс мамиле болоорун убада кылышты.
Ар бир партия облустагы 115 шайлоо участокторуна экиден элдик кошундун өкүлдөрү менен камсыз кылууга убада бекитишти.
Козубек ИМАНКУЛОВ


Ё НАРЫН
Көмүр тартуу 7 пайыз
7-сентябрга карата Нарын облу-
суна 2946 тонна көмүр тартылды. Бул жалпы керектөөнүн 7 пайызын түзөт дегендик. ЖМК өкүлдөрү менен болгон жыйын учурунда губернаторудун биринчи орун басары Эмил Алымкулов ушундай маалыматты билдирди. Же болбосо быйыл
тоолуу облуска жалпысы 42 354 тонна көмүр тартуу зарыл. Кара-Кече көмүр топтомдорунда учурда эки гана ишкана иштөөдө. Ал эми мурдакы Беш-Сары фирмасынын ордуна "Көмүр" мамлекеттик ишканасы уюшулган. Бирок ал мекеме иштей элек. Кара алтындын наркы 1760 сомдон 2960 сомго чейин болууда.
Күмөндөр УСУПТЕГИН


Ё Жалал-Абад
Имиштер суу кечкен жок, ушак тараткандар кармалууда
Отуз күн орозо болуп, элибиз кудай жолундагы милдетин ат-
карууга аракет кылды. Ар ким шартына, ниетине жана каалоосуна жараша орозо кармады. Бул айда адамдар бири-бирине кайрымдуулук кылып, шарты жокторго жардам беришти. Алар кылган жакшылыгын милдет кылышкан жок, ким экендигин да жарыялабады. Мисалы, Жалал-Абад шаарында "Элим, барсыңбы" аттуу кайрымдуулук фонду отуз күн бою шаардын тургундарына "Элайнур" кафесинде ооз ачыруу уюштуруп, адамдарды ыймандуулукка, ынтымактуулукка чакырып турду.
Ошого карабастан кыргыздар Сузактын үстүндөгү "Санпа" участогунда улак тартыш уюштуруп, атчандар анан Сузакка кирип келет экен. Өзбектер балдарын кетирип, үйлөрүнө белги коюп, согушка
даярданып жатыптыр деген имиштер өлкөбүздүн эллин бир топ эле кыжаалат кылды. Кооптоно баштаган элге облустун ички иштер башкармалыгы,прокурору, облустун губернатору, шаардын мэри кайрылып, жаңжалдашууга жол берилбестигин айтып, тынчтанууга чакырып жатты. Баары бир бул сөз кайдан, эмне үчүн чыгып жатат деген суроо туулат экен, биз аларды тактоого аракет кылдык.
Жалал-Абад шаарынын мэри Максат Женбеков мындай ушактарды таратып жаткан бул эски бийликти эңсеп, жаңы бийликти жактырбай жаткан базардагы "ОБОН" деп аталган аялдардын чыгарганы деп эсептейт.
Мэрдин айтымында, эл ынтымакта эле жашап жатат, коопто-нууга негиз жок. Ырас, айттан кийинки боло турган окуяны эскертип ар кандай маалыматтарды таратып жаткан жагдайдын жолун тосуу боюнча шаардагы аймактык башкармалыктар, үй комитеттери менен бирге иш-чараларды жүргүзүшүүдө.
Элди козутуп, имиш, ушак-айыңдарды таратып жаткандар жазасыз кала береби деген сурообузга Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов "жок" деп жооп берди. Б.Асанов имиштер жалган экендигин айтып, эл арасында жаңжалдашууга жол берилбей тургандыгын маалымдады. Ал эми ушак тараткан эки-үч адам аныкталып, алардын жоопкерчилиги каралып жаткандыгын кошумчалады.
Орозалы Карасартов