14.09.10
  Учур-көйгөй

Коррупция айылдан башталууда
Элге эмес, бийликке жаксаң иштейсиң
Чыныгы элдик бийлик болушу үчүн губернатор, аким, аймак башчылары эл менен эсептешиши жана аларды угушу керек.
Президент Акаевдин, андан кийин Бакиевдин тушунда андай болгон жок, кайра тескерисинче аймак башчыларынан баштап эл менен такыр эле эсептешпей, өздөрүнөн жогору турган бийлик ээлерине кошомат кылгандар, бийликке ийкемдүү дегендер гана иштеп келишти. Чындыкты бетке айткан, бирок, элге күйүмдүү, эл үчүн кызмат кылган эл азаматтары бийликтен четтетилип, куугунтукталды. Жергиликтүү жетекчилерге облустук, райондук коллегияларда негизинен чыныгы элге кызмат кылган аракетине карап баа берилбей, жогору жакта кызматта тургандарга болгон мамилесине карап макталып же жазаланып жатышты.

Бергендерин ашырып алышат
Облустун губернаторлугуна отуруш үчүн 50-100 миң,райондун акимдигине 30-50 миң, айыл башчылыгына 5-10 миң доллар акча бериптир деген сөздөр дайыма бийликте тургандар алмашканда эл арасына тарап жатты. "Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт" деген макалда айтылгандай, шектүү сөздөр бекеринен чыкпаса керек.
Эми облустун губернаторунун айлыгы аз эле болсо, анча акча берип, аны кантип кайтарып алат деген суроо туулат. Жооп беришке аракет кылып көрөлүк.
Баткен облусунун мурунку губернатору Марат Жумабековго кылмыш иши козголуп, сот процесси жүрүп жатканынан бүткүл кыргыз эли кабардар болуп калды окшойт. Баткен облусунун суу чарба башкармасына суу насосу үчүн бөлүнгөн 1 миллиондон ашык акчага туура эмес акт түзүлүп, өз кызыкчылыгы үчүн пайдалангандыгы айтылат. Анткени, көптөгөн акча каражаттары облустук түзүмдөргө келип түшөт да, ал жетекчилер аркылуу райондорго бөлүнүп иштетилет.
Башкача айтканда кайсыл районго канча бөлүүнү жогору жактагылар чечет. Бул акчалардын туура, же туура эмес бөлүнгөнүн, же иштетилип жаткандыгын текшерүүгө элдин күчү жетпейт. Себеби, элдин алдында отчет берилбейт, элди угушпайт. Ошондуктан, түшкөн акчаларды өздөрү каалагандай бөлүшүп, өздөрү каалагандай иштетишет. Ошондой эле кадр маселеси да облустун губернатору аркылуу же облустук түзүмдүн жетекчилери аркылуу чечилет. "Токочтуу бала сүйкүмдүү" деген кыргыздын макалы боюнча кадр тандоо башталат.

"Ийкемдүүлөргө" иш берилет
Кызматка кирүү үчүн төмөнкү касиеттерге көңүл бурулат:
1. Облусттук түзүмдө иштеген жетекчилер районго тез-тез кызмат абалы менен, керек болсо да, болбосо да келип турат.
Аларды дасторкон жайып тосуп алып, көңүлүн алып узатып коюу керек.
2. Облустук жетекчиликтин айтканын туура деп туруу керек.
Өз оюңду айтсаң, аларга макул дебесең сен көпкө иштей албайсың. Куугунтуктоо башталат, акыры жумуштан бошоп кутуласың.
3. Кээ бир кызмат орундарын акча бермейинче ала албайсың.
Сунуш:
1. Облустарды жоюп таштаса да замандын талабына, шартына ылайык иш жүрө берет эле.
2. Райондорго келип түшө турган акчалар облустук түзүмдөргө эмес, районго түз келип түшсө.
3. Кадр маселесинде райондун акими жана анын орун басарларынан башкасына облустун жетекчилери аралашпай, райондун акимчилиги тарабынан чечилсе.
4. Облустук түзүмдөрдө иштеген жетекчилер райондун акыбалын, райондук жетекчилик аркылуу, ошондой эле райондун жалпы калкы аркылуу билип турса. Ошол жердеги жашаган калктын ой-пикири аркылуу иш-чаралар кабыл алынса.
5. Облустан районго келген ар бир жетекчи иштеген жеринен "командировочный" акча алып чыгат. Ошондуктан, районго келгенде бензин куйдурган, жол кире алган, мейманканада бекер жаткан, күчтүү мейман кылдырган жоруктар токтотулушу керек.
Кадамжай районунда Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери 11-12 жолу акимдер алмашылды, же орточо бир аким 1,5-2 жыл гана иштеди. Бул алмашуулардан райондун эли пайда таптыбы? Жок. Себеби, бир дагы аким элдин каа-лосу менен кызматка коюлган же кетирилген жок. Кызматка келген аким эл менен таанышып, көйгөйлүү маселелерди билип, аларды чечүү боюнча иш-чаралар кабыл алынып бүтүп-бүтпөй кызматтан кетип жатты. Ар бир аким алмашканда элдин арасында канча акча берип келгени жөнүндө сөздөр айтылып турду.
Акимдер акчаны кантип чогултат?
Акча берип кызматка коюлган акимдердин эң негизги максаты сөзсүз түрдө, берген акчасын ашырып кайтарып алуу экендиги айтпаса да түшүнүктүү.
Ошондой эле облустун губернаторуна Бишкектеги жетекчиликке жагуу, себеби кызматка койгон да, кетире турган да ошолор. Бул жерде элге орун жок, эл үчүн деген сөздөр жөн эле элди алаксытуу, алдоо максатында айтылат. Аким болуп иштөө үчүн акчаны чогултууну да, акчаны жогорку кызматта тургандарга берүүнү да билүү керек, ошондой эле меймандостук деген касиет өтө жогору болушу зарыл.
Райондук жетекчилик кызматтарга сунуш берүү же бербөө укугу райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимге жүктөлгөн. Кызмат орундары майлуу, сүттүү деген кызмат орунга акимден сунуш, колдоо алуу өтө кыйынга турат.
Ошондой эле айыл башчылыгына талапкерлерди тандоо да райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдерге жүктөлгөн, төмөнкүдөй тартипте жүрүүдө. Аким бардык талапкерге көрсөтмө бергендей болот. Анын бирөө акимдин элегинен өткөн болсо, айылдык кеңештин сессиясында жандоочулары өз талапкерлерин алып коюп, аким колдогон талапкер өзү жалгыз калып, депутаттар аргасыздан добуш берүү менен чектелип калууда.
Акимдер айыл аймагынын башчысы болом дегендерден алчусун (ставкасын) алгандан кийин кандай жол менен болсо да өткөрөт. Айыл башчылары акимдин, губернатордун макулдугу менен бийликке келгенден кийин мени жогорку бийлик кызматка койгон, мени бийлик кызматтан алат деген принцип менен иш жүргүзүшүп, элдин, депутаттардын пикирин көңүлгө албай жалаң гана чондордун айтканын кылуу менен аракеттенишет.
Жыйынтыкка келсек, райондун жетекчилери да, айыл аймактарынын башчылары да акча берип кызматка келгенден кийин, эң негизги максаттары берген акчаны чогултуу болот. Элге кызмат кылам деген куру сөз бойдон калууда.
Дагы бир орчундуу милдет - шайлоолорду бийлик каалагандай нукта өткөрүү болчу. Бул шайлоолордо айыл башчыларынын ортосунда бийликке канча пайыз добуш алып бердик деген социалисттик мелдеш башталат. Ар бир жарандын добушун эсепке алуу, аны коргоо ушул убакка чейин болгон эмес.

Элге отчёт берилбейт
Айыл өкмөтүнүн башчыларын тартипке чакыруучу орган бул айылдык кеңештин депутаттары, алардын сессиясы жана элдик курултай экендиги мыйзамда көрсөтүлгөн.
Бирок, иш жүзүндө бул мыйзам иштебейт. Ушул күнгө чейин биздин райондо бир дагы райондун акими айылдык кеңештин депутаттары менен иш алып барган жок. Депутаттардын статусун көтөрүү, аларды айыл аймагынын башчыларын иштетүүдө пайдалануунун ордуна аларды көрмөксөнгө салып басынтып келишти. Бир жолу да акимдер аймак башчыларынан сессияда же курултайда айылдык бюджетке түшкөн акчалардын иштетилиши жөнүндө отчёт алышкан жок. Себеби, акимдерге берген акчалар мейман тосуулар ж.б. чыгымдар, баары жергиликтүү бюджетке түшкөн акчалардын эсебинен болуп жаткандыгын акимдер өтө жакшы билишет. Ошондуктан "жабык казан жабыгы бойдон калсын" деген мааниде элге жеткирбөөгө аракеттенишчү.
Райондун акимчилигине, айылдык өкмөттүн башчылыгына канча акча берип болсо да ээлейм деп аракет кылгандар жергиликтүү бюджетке түшкөн акчаларды, ошондой эле элге үй куруу үчүн ажыратууларды: жер, насыя, курулуш материалдарды бөлүштүрүүдө туйтунушат. Текшерген органдар жокпу? Бар, бар эмей көп десе да болот. Буларга жылына келип кетүүчү текшерүүчүлөр: эсептөө палатасы, прокуратура, финансы полициясы, салык инспекциясы, райфинбөлүм жана башкалар.
Акыркы 15 жылда бир дагы айылдык аймактын башчылары финансылык тартип бузуулар үчүн иштен бошогон жок. Себеби, ошол текшерүүчүлөрдүн арасында элдин акчасын элге кайтаруу же эл үчүн иштетүү деген чынчылы жок. Бардык текшерүүчүлөрдүн аягы келип элге зыян алып келүүдө.
Алар келип кеткенден кийин элге иштетиле турган акчалар аларды жөнөтүүгө жумшалып, элге кызмат кыла турган иш-чаралар аткарылбай калууда. Текшерүүчүлөр мыйзам бузууларды сөзсүз табышат, бирок аягы баягы эле алдына түшүп, айыбын тартуу менен бүтөт.
Коррупция канткенде азаят?
1. Райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жалпы элдик добуш берүүнүн негизинде шайланышы керек.
2. Же райондук кенештин жана жалпы айыл аймактарынын кеңештеринин депутаттары аркылуу шайланышсын.
3. Жылына бир жолу райондук жана айылдык кеңештин депутаттарынын бириккен сессиясында жылдык отчетту берсин.
4. Райондук кеңештин депутаттарынын санын 50-60 адамга көбөйтүү керек, депутаттар бюджеттен айлык албагандан кийин мамлекетке зыяны тийбейт.Ошол эле убакта депутаттар көбөйсө ар түрдүү тармактан келген депутаттар ийкемдүү депутаттык корпус болуудан алыстайт.
5. Айыл аймагынын (өкмөтүнүн) башчылары да жалпы эл тарабынан же айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланышы керек.
6. Айылдык кеңештин депутаттарынын санын азыркы 15-20 депутаттан 30-40 депутатка чейин көтөрүү керек. Себеби, элдик өкүлдөрдүн саны көбүрөөк болсо, элдин ар түрдүү арбын өкүлү айыл башчысына, акимдерге өз билгендерин кылууга жол бербейт.
7. Айыл аймагынын башчыларын шайлоодо жогорку бийликтегилер менен макулдашуу, алардын уруксатын алуу процедураларын алып таштоо зарыл, болбосо акча берүү, коррупция дагы эле гүлдөйт.
8. Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими өзүнүн чиновниктери менен айылдык кеңештин депутаттарынын статусун көтөрүү багытында дайыма иш алып баруусу зарыл.
9. Айылдык кеңештин сессияларына такай катышуу менен айылдык аймактын бюджетинин аткарылышы боюнча айыл башчысынын отчетун ар кварталдын жыйынтыгы боюнча угуп, депутаттардын сын-пикирлеринин жыйынтыгы боюнча айыл башчыларына баа берилиши керек.
Отчеттук жылдын жыйынтык-тоочу сессиясында акимдин катышуусу менен аймак башчысына ишеним көрсөтүү, көрсөтпөө маселеси каралып, колго салынып ту-руусу зарыл.
10. Айылдын аймагындагы округдун пландуу текшерүүлөр жана бюджеттик мыйзам бузуулар, жер маселеси боюнча келген текшерүүчүлөр (эсептөө палатасы, прокуратура, финансылык полиция ж.б) айыл башчысына эмес, айылдык кеңештин төрагасына, бюджеттик мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына келип, алар менен чогуу текшерүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгы айылдык кеңештин сессиясына чыгарылып, чогуу чара көрүлүүсү зарыл. Ошондо текшерүүчү менен аймак башчысы тил табышып, "жабык казан жабыгы бойдон калды" деген болбойт.
Мирзалим
АСРАНКУЛОВ,
Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл кеңешинин төрагасы