14.09.10
  Басма сөз айдыңында

Аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалы кандай? Быйылкы коогалаңдар, кыйынчы-лыктар учурунда алар өз милдет-терин кандайча аткарып жаты-шат? Алдыда кандай проблемалар бар? Мына ушуларды билүү макса-тында Жалал-Абад облустук коом-дук-саясый "Акыйкат" гезитинин башкы редактору Жалил Сапаровго бир нече суроолор менен кайрылдык.

"Акыйкаттын" өз акыйкаты бар

- Жалил Жумабаевич, облустук гезиттер арасында силердин "Акыйкат" гезитинин ийгилиги эмнеде?
- Биздин облустук "Акыйкат" гезити 1991-жылы - облус кайрадан түзүлгөн жылы апрель айында көз жарган. Биринчи башкы редактору Ырызалы Жанчаров аттуу мыкты журналист болду, азыркы кезде ал киши айылда турат, редакция менен байланышып келет. Кийинки редакторлор ичинен Бакыт Орунбековдун учурунда "Акыйкаттын" аты алыска кетип, өлкөдөгү көп сыйлыктарды алып турган. Мен анын орун басары болуп иштегем. 2008-жылдын жыйынтыгы менен биздин гезит Улуттук гезит сыйлыгынын "Жылдын аймагы" номинациясы боюнча лауреаты болду. Тарыхта өкмөттүк гезиттер ичинен, түштүк аймагындагы басылмалар ичинен ушундай сыйлыкка биринчи биз жеттик. 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча да ушул номинацияда көз карандысыз эксперттер биздин гезитти жеңүүчү деп табышты. Ошентип, кыргыз гезиттеринен аталган сыйлыкты эки жолу алууга жетиштик.
- Аны кайсы жетишкендиктер үчүн алдыңар?
- Мен 2008-жылы июнь айында редактор болуп келдим. Гезиттин ахыбалы начар болчу, бардык тараптарга карыз эле, улам
кийинки санды чыгарганга каражат издеп турушчу, эмгек акылар өз учурунда берилчү эмес, гезиттин кадыры окурмандар арасында түшүп кеткен, реклама рыногу деген түшүнүк да болбогон, гезит түстүү чыкпаган жана контент алсыз эле. Биз дароо менеджмент стратегиясын иштеп чыгып, аны колго алдык. Ребрендинг, редизайн чараларын ишке ашырдык, дароо түстүү чыга баштадык. Жайкы "өлүк" сезондо эс алууга чыкпай, жарнама менен жарыялардын артынан түштүк. Ар кайсы компанияларга, ишканаларга бизнес-контент долбоорлорун түзүп, сунуш кылдык. Аларды кызыктырдык. Ошентип, гезит кээде 16 беттен чыгып, нускасы көбөйө баштады, бизге ар кайсы жактардан сунуштар түшүп, капчыгыбыз толду. Жыл аягына
чейин 455 миң сом таба алдык.
- Бул анча көп эмес да?
- Туура, аз. Бирок, 2007-жылы редакция болгону 250 миң сом гана тапкан экен. Биз дээрлик эки эсе көп таптык. Ал эми 2009-жылга карата биз облуста жарнама рыногун түзө алдык да, жыл бою 2 миллион 336 миң сом таптык. Гезит 16 беттен чыгып, контент да жакшырды, кызматкерлердин маянасы артты, демек, кызыгып иштеп калышты. Бизде ким редакцияга акча тартып келсе, алып келген сумманын 30 пайызын комиссиялык төлөм катары беребиз. Атайын жобо иштеп чыгып, аны бекиткенбиз. Ошентип, биз Өкмөттөн акча сурап ыйлабай калдык. Өз чыгымдарыбызды өзүбүз жаап турдук.
- Чыгымдардын көлөмү кандай?
- Эгер 16 беттен чыгып турсак, басмаканага төлөгөн гана сумма 100 миң сомдон ашып түшөт. Ал эми биз бюджеттен басмакана чыгымы үчүн дээрлик каражат албайбыз, негизинен бизге маяна гана берилет. Калган чыгымдар атайын эсептен жабылат. Биз 2009-жыл үчүн атайын стратегия түзүп, бюджетти 3 миллион 200 миң сомго жеткирдик да, аны Маданият жана маалымат министрлиги жактырып берген. Башка облустук гезиттер 1 миллион 200 миң сомдук бюджет менен иштешти.
- Аймактарда жарнама берүүдөн качышат эмеспи...
- Эгер гезиттин нускасы өссө, өнөктөргө кызыктуу долбоорлорду сунуш кылса, алар сөзсүз жарнамасын алып келишет. Бизге Бишкектен, Оштон көптөгөн жакшы сунуштар түштү, аларды жакшы өздөштүрө алдык. Жамааттын жакшы иштешине тийиштүү мотивация керек, маселен биздин айдоочубуз да редакцияга каражат таап келгенге аракет кылат. Болгондо да катуу аракет кылат. Нусканы көбөйтүүгө дизайнер да кызыкдар. Себеби андан анын социалдык абалы көз каранды. Ушундай системаны түзүп койсо эле иш алга жыла берет. Өткөн жылы биздин эсепте 200-300 миң сом акча дайыма турчу.
- Бул эми өткөн жылдыкы, быйыл канттиңер? Кыйналып калбадыңарбы?
- Эгер чынын айтсам, кыйналдык. Албетте, биринчи кварталда 16 беттен чыгып, жарнама жакшы болду. Экинчи кварталда жалаң 8 беттен чыгып калдык, себеби коомдук-саясый абал начарлаганда каражаттарыбызды үнөмдөгөнгө өттүк. Ошону үчүн жарнама менен жарыялар токтоп калса да гезитти үзбөй чыгардык, кала берсе ашыкча сандарды чыгарууга үлгүрдүк. Референдумдун алдында өз каражатыбыздан мамлекеттик саясат үчүн 16 беттик 15 миң нуска гезитти чыгарып, элге акысыз таркаттык. Азыркыга чейин эч жакка карызыбыз жок, бирок бизге ишканалар, өнөктөр 1 миллион сомго жакын карыз болуп турушат. Облустук почтанын өзү 800 миң сомдой карыз, алар төлөп бере албай кыйнап жатышат. Эми биз соттошкону жатабыз.
- Коомдук абалдын начарлаганынан канча зыян тарттыңар?
- Жарым жылда эки миллион сомдой акча табабыз деп ойлодук эле, бирок милиондой гана каражат келип түштү. Бул негизинен биринчи кварталдын каражаты. Экинчи кварталда каражат дээрлик түшкөн жок. Эми үчүнчү кварталда кыйла алга жылып жатабыз. Жыл аягына чейин 2,5 миллиондук чекке жетебиз деген эсеп бар. Бирок, бул биз үчүн аз.
- Каражаттын артынан түшүү гезиттин мазмунуна таасир бербейби?
- Контентке каражаттын көп түшүшү эмес, журналисттердин деңгээли көп таасир этет. Бул жагынан бардык аймактарда проблема бар. Жакшы журналисттер борборго качышууда.

- Жаңы бийликтер менен мамиле кандай? Сөз жана басма сөз эркиндигин кысмакка алуу жокпу?
- Эч кандай кысым жок, биз редакциялык маалымат саясатын ишке ашырып жатабыз. Максатыбыз - бийликке да, окурмандарга да жардам көрсөтүү. Биздин жарнама ишкерлерге, жарыяларыбыз жалпы жарандарга, ырааттуу контент бийликтерге жардам берет деп ойлойбуз. Биздин майда жана орто ишкерлер жарнама менен жарыянын пайдасын түшүнүп калышты, биз аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп бере алдык. Облустук администрация, анын жетекчилери бизди дайыма колдоп келе жатышат, бизде көбүнесе "кожоюн - кызматчы" принциби эмес, өнөктөштүк руху артыкчылык кылат. Биз буга ыраазыбыз. Кызык жери, бизге коллегалардан кысым бар. Алар мени мурдагы бийликтин адамы дешет, анан гезиттин ахыбалы начарлап кетти, аны сактап калуу керек, аны үчүн башкы редакторду кызматтан алуу керек дешет. Облустук администрация - жаңы бийликтер буга мыйзамдуу негиз жок деп жатышат. Атайын түзүлгөн комиссия эмгек жамаатынын ар бир мүчөсүн сурап, текшерип, акыры эч бир негиз жок деп тапты.
Маектешкен Орозалы КАРАСАРТОВ,
Жалал-Абад облусу




  Сүйүнчү!

Эл ичинде жаңы ысым пайда болду - Элдосбек!
Ар бир ысым өзөгүнө кандайдыр бир аруу тилекти, ак ниетти, асыл үмүттү камтып турат. Ар бир аттын келип чыгуусунун да ар кандай шарттары, себептери болот. Жакында эле эл ичинде бир жаңы ысымдын пайда болгондугу тууралуу бизге адам аттары боюнча изилдөөчү Ш.Жапаров агай жаңылык айтып, сүйүнчүлөп келди.
- Кыргыз-өзбек элинин ортосундагы кайгылуу окуя мындан ары кайталанышын каалабайт эл. Ошондуктан алар өз ишенимдеринде ар кандай ырым-жырымдарды жасап, зыярат да кылып дегендей, элге ынтымак тилеп жашашат. Мисалы, Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну, дарыгер Акжол Жапаров 16-июль күнү
(2010-ж.) төрөлгөн небересине - Элдосбек деген ысым ыйгарды. Айтмакчы, мындай ономастикалык оперативдүү көрүнүштөр натыйжалуу көрүнүштөрдөн болуп саналат, - дейт Ш.Жапаров.
Жыпара ИСАБАЕВА, "Кыргыз Туусу"




 "Аял - Эне, аял - жардын сүйгөнү,

Сүйүүсү анын сактап турат дүйнөнү"
"Эжени көрүп сиңди өссүн..."

Кытайдын улуу ойчулу Конфуций: "Алган билимин башкарып, андан жаңы таасирге жетише алгандар болот. Ошондой адам гана окутуучу боло алат, - деген экен. Ушул сөз Жумгал райондук депутаттар кеңешинин төрайымы Калипа Абакированын кулк-мүнөзүнө дал келет.

1970-жылы жогорку окуу жайын бүтүрүп, мугалимдик алгачкы кадамы райондогу С.Медетов атындагы орто мектептен башталган секелек кыздын ушул мектепте дээрлик отуз беш жыл, анын ичинен директорлукта жыйырма жыл иштээри оюна да келген эмес. Алгач тажрыйбасыз жаш мугалимдин өз кесибин сүйө билүүсү, улуу кесиптештеринин иш тажрыйбасын, акыл-насаатын угуп, көп окуп, көп изденип, райондогу алдыңкы мугалимдердин катарында тааны-луусу, райондун жетекчилеринин назарына илинип, кийин ушул мектепке директорлукка сунуш кылынат. Себеби бул мектепте иштегендер дээрлик жергиликтүү мугалимдер болуп, бирин-бири аңдышмай, мектеп директору түгүл, колхоздун жетекчилеринин үстүнөн ар кайсы жогорку органдарга, "Правда", "Известия" гезиттерине чейин арыз жазышмай күч алган. Ошондон корккон мектеп директорлору түгүл, колхоздун жетекчилери жыл айланбай иштен кетип, мектепте окуу-тарбия иши кескин начарлап, мектептин чалдыбары чыгып, мате-риалдык базасы эң оор абалда калган.
Ошентип, мектептин үстүнөн суу агып, аны жаңыртууга каражат жок, чуркап жүрүп шифер тапса, ага иштеген устага акча табылбай, өзүнүн эмгек акысын берип оңдотот. Ошол эле учурда мектептин керектен чыгып калган жылуулук системасын оңдотуу оңойго турбайт. "Изденсең ийгилик табасың" дегендей, долбоор жазып, 1 млн. 500 миң сом утуп, демөөрчү таап 800 миң сомго мектепти оңдотот. Ошол эле учурда окуу-тарбия иши жакшырып, мектеп окуучулары бир нече жолу райондук, облустук, республикалык олимпиадаларда жеңүүчүлөрдөн болуп, мектепте талаптагыдай спорттук зал, аянтча иштеп, мектеп ысымын алып жүргөн композитор С.Медетовдун бөлмөсү уюштурулуп, композитордун бюсту бүткөрүлгөн.
Калипанын мындай иш-аракеттерине ыраазы болгон айылдаштары аны айыл өкмөт башчылыгына сунуш кылышып, бул кызматта дээрлик алты жыл иштейт. Айылдын чарбалык иштери менен катар, социалдык- маданий, тейлөө мекемелерине көңүл бурулуп, анын инфраструктурасын көтөрүүгө, көрктөндүрүүгө зор салымын кошкон. Ал ортодо райондогу окуу-тарбия иштери начар М.Өмүрканова мектебине жиберилет. Анда төрт жыл директор болуу менен бул жерде да элдин эсинде калгандай изин калтырып, кайрадан өзү агарып-көгөргөн С.Медетов атындагы мектепте директор болуп иштейт.
2008-жылы райкеңешке депутаттыкка шайланып, райондук кеңештин депутаттары бир добуштан колдоп төрайымдыкка көрсөтүшү бекеринен эмес эле. Себеби буга чейин айылдык кеңешке 6 жолу, райондук кеңешке 2 жолу депутат болуп шайланган. Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы 3 жолу, 2007-жылы Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган, "Эл агартуунун отличниги" наамын алган, республикалык "Акылай-Каныкей" конкурсунун жеңүүчүсү болгон. Райондук кеңешти жетектегенден баштап, депутаттардын активдүүлүгүн көтөрүп, элдин көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жетише алды. Сессияда билим берүү, саламаттыкты сактоо, тейлөө, маданият, экология чарба иштери боюнча депутаттардын ой сунуштары терең эске алынуу менен ар бир кабыл алынган чечимдин аткарылышы көзөмөлгө алынып турат.
Калипа 5 баланын барктуу энеси. Кыргызда "атаны тартып уул, энени тартып кыз өсөт" демекчи жолдошу Кумарбек мезгилден жаш өтүп кеткенине карабастан баарына татыктуу тарбия берип, жогорку билимге ээ кылды.
Улуу уулу Муратбеков Канатбек КМУнун экономика факультетин бүтүрүп, азыр өз алдынча бизнес чөйрөсүндө эмгектенип, район аймагына, айылдаштарына демөөрчүлүк жардам көргөзүп, элдин батасына ээ болгон жигит.
Калипа балдары менен биригип, жакыр жашаган 20 үй-бүлөнүн жазда майын берип, жерин бекер айдатып, күздө эгинин ордуруп бериши эмне деген соопчулук иш. Андан сырткары балдары менен маркум жарын эскеришип, жыл сайын республикалык масштабда "Кумарбек Ата" топ оюнун өткөрүп, баш байгесине "Жигули" маркасында жаңы жеңил машина баштаган 100 миң сомдук байге коюлушу бу да эрдик.

Сабырбек АКМАТОВ,
эмгек ардагери, Жумгал району