14.09.10
  Дилдеги сырлар

Кыргызбызбы жэ кыргычпызбы
Улуу сезим улуулуктан жаралат
Апрелди акыйкатында эле "алааматтардын айы" деп атоого болчудай. Смоленскинин жанында Польша мамлекетинин президенти Лев Качинский баш болгон жоон топ көрүнүктүү ишмерлер түшкөн учак авиакырсыкка учурап, калктын каңырыгын түтөткөн кайгы каптады.
Ошол эле учурда Исландиядагы жанар тоонун жарылышынан абага бүркөлгөн күл менен тозоң Европа асманына кара парда тартып, учактар туткундалып калды. Таиландда болсо өздөрүн "кызыл көйнөкчөндөр" деп атаган тополоңчулар премьер-министрди кулатмакка улам удургуп чыгып, башаламандык салышууда.
Бул окуялардын баары 90го жакын кырчындай жаш жигиттердин өмүрү кыйылган жана 1600дөн ашыгы жарадар болгон Кыргызстандагы кандуу кара шаршембинин алдында анчалык мааниге ээ болбостой туюлат. Анткени, башкаларында (авиакырсыкта, вулканда жана Кытайдагы зилзалада) табигаттын алдын-ала айтууга болбогон сырдуулугу жатса, биздегиси чокмор жыйнаган тентектерибиз ура албагандыктан өз башына тийгендиги менен айырмаланды.
Поляктар дүйнөгө эл деген, улут деген кандай, болуш керектигин айкын көрсөтүшүп, азасын адамзат тең бөлүшкөндөй таасир калтырды. Кара тасма байланган желектер түшүрүлүп, сүйүктүү Президентинен айрылган касиреттүү калктын көз жашы апта бою көл болуп турду. Мындай сезим ата менен энеден, же эң жакын адамыңдан айрылганда гана пайда болот.
Биз өткөндөн сабак алууну билбегендиктен В.Путин айткандай бир тырмоочту кайра басып алып жатабыз. Коңшу-колоң менен тил табышуу, алардын катарынан татыктуу орун алыш үчүн өзүбүздөгү көп өксүктөрдөн арылуу керектигин такыр аңдабай койдук. Ар бир ынкылап болгон сайын экономикалык жаатта секирик жасалып, адеп-ахлактык жактан да арууланарыбызга үмүт артабыз, баарыдан мурда өз жарандарыбыздын көзүнчө. Элде: "Өз жаманың өлгөнүңчө билинбейт", - деп айтылгандай, биз деген ооз көптүрмө үгүткө делөөрүп алып, башкалардан бийик секирип, улуу элбиз, кабылан Манастын урпактарыбыз жана таланттардын мекенибиз деп ири алдыда болгубуз келет. Бирок, аныбыздан майнап чыкпай улам мыш болуп, сызга олтуруп калуудабыз.
Бизге улуттук сыймыктануу сезимин гана эмес, улуттук текеберликти да тутунтууга үндөшөт. Муну эселектик менен бөркүбүздөй эле көрүп алгандыктан, эгемендик колго тийгенден баштап, өз артыкчылыгыбыз, рухий сөөлөттүүлүгүбүз жана сын-сыпатыбыз жөнүндө бир тынбай жардап келебиз. Ата-бабалардын баатырдык баянын айтканыбыз менен акын: "Шайлап алып физикти, минип калдык биз итти" дегендей, калкы эң жакыр жашаган өлкөгө айландык. Биз баарыбыз акыркы учурда башта болуп көрбөгөндөй окуялардын агымы, өлкөдөгү кырдаал ээ-жаа бербей өмөктөтүп жатканына күбө болуудабыз.
Убакыт деген саясаттын эң эле таңсык валютасына айланууда. Айныксыз өзгөрүүлөр кандайча жүрөт, өлкө кризистик абалдан кантип чыгат? Ырааттуу, цивилдик, артыкча ыгым-чыгымсыз түрдөбү, же зомбулук, экстремизм жана анархия жарылуусу коштогон опурталдуу саркындылар мененби? Бул су-роолорду учурдун өзү өктөм коюп жатат.
Коомубуз үчүн ылайыктуу, коопсуз вариантты кандайча камсыз кыла алабыз? Айрым "көзү ачыктар" барыга белгилүү болгон күчтүү токмок вариантын сунуш кылышууда.

Морт бийлик өлкөнү мокотот
Күчтүү токмок, деспоттук бийлик майнаптуу көрүнгөнү менен, акыйкатына келгенде ал - морт бийлик.
Анын бүт түзүмдөрү бир мык менен гана кармалып турат десе да болот. Аны сууруп алсаң, же өзү эле түшүп калса, түзүм кыйроого учурайт. Ал артында узакка созулган мезгилсиздиктин куйкаланган талаасын жана баш аламандыкты таштап кетет. Буга биз эки президентти (А.Акаев, К.Бакиев) тактан кулаткан ынкылаптан соң күбө болуп олтурабыз.
Кабыштыра кармачу кан чеңгелге жападан жалгыз альтернатива болуп бедел (авторитет) эсептелет. Бийликтин бедели. Ал баарыдан мурда демократиялык жол менен жеңип алынган бедел. Бүгүн андай беделге жетиш үчүн терең реформалар, кайра куруулар жана демократиялаштыруу аркылуу өтүш керек. Муну эгемендикке ээ болуу ыңгайы келип, Апсаматтын көчүгү кыйшайганда эле жалаң төш кайбарларыбыз калың журтка жардаган жана бийликке жапырыктын жаңы салтын башташкан.
Кыргыз демократиясынын проблемаларынын бири мында - бийликтен калтаруудан арылган калкка караганда бийликтин өзү кооптуулук касабасы шыпырылган коомдо жашоого алиге көнүгө элегинде. Ал дагы эле элди элеңдетип кармоодо. Бирде адилетсиз абакка олтургузуу, же соттоо, бирде кары-картаң укук коргоочулардын жыйынын кубалап таркатуу, бирде бейтарап журналисттерди какус-кукус кылуу, же жарандарды муунтчу мыйзамдардын демилгечиси болуу. Ал коркоктугунан бир этегин криминалга бастырып, коррупцияга кол куушуруп кетүүдө. Мунун баарына коомчулук итиркейи келүү менен карай баштады. Ушундан улам оюндан от чыгат болуп, акыры аянттардагы кандуу каргашалар менен аяктап жатпайбы!
Бийликтин массалык жыйындарга, митинг өткөрүүгө улам чек коюп, оппозицияга опуза көрсөтүп жатышы да бекеринен эмес. Өзгөчө башы катпаган каны суюк жаш балдарды саясый оюндарга пайдалануу дайыма өкүнүчтүү натыйжаларга алып келерин тарых далай тастыктаган. Анткени, ошол оолукмасы күч опуртал курактагы жаштарыбызга очогор мылтык, жаа карматкан саясатчылар бийликке каршы тукуруп, акырында делбеленген топту башкарууга чамалары келбей калат. Бул жапырык талап-тоноо, кыйракан салуу жана зордук-зомбулук менен аяктаарына өзүбүз күбө болдук. Эң башкысы - аң-сезими жетиле элек, билим деңгээли төмөн, же жумушу, же баш калкалар баанеги жок, тишинин кирин соргон кемпайларга пулу менен кашасын да, нашасын да берип жатса, айдакка жүрбөскө аргасы барбы?! "Бекер кепин табылса, өлмөк бар", - деп жөн жерден айтылып калбаса керек.

Кошоматчылык коомду иритет
Абалтан кошоматчылыкка, кол куушурууга көнгөн биздин менталитет алгачкы ажону Иса пайгамбардай көрүп, ага тооп кыла баштады.
Мындан ага жабышкан ач көз, араандуу жалдаптардын күнү тууп, өлкөнү талап-тоноодо үй-бүлөдөн кем эмес "эмгек сиңиришти". Акырында кой оозунан чөп албаган маданияты жетик, академик ажобуз адамды, анын укугун сыйлоону унуткан узурпаторго айланды. Каатчылык жанга батып, калың эл айласы куруп калганда да А.Акаев бийлигин узартуунун гана камында болду. Анда жаралган улукдарлык маниясын ого бетер күчөтүп, эң аксакал академик медигибиз: "Кыргызстанда азырынча ажолукка татыктуу А.Акаевден башка инсан жок!" - деп чоң трибунадан балп эттирип таштабадыбы. Анын: "Максимде өлкөнү өргө сүрөөчү даанышмандын көзү турат!" - дегенин да эскере кетели.
Мындай малгундукка башы бышпаган экестүү эселектер барса, кечиримдүү болмок эле. Бийлик чөйрөсүндө илешип, адабият жаатында аты-жөнү белгилүү болгон бир пири жок март ынкылабынан соң ат тезеги кургай электе "Эркин Тоо" гезитине: "Ажолукка А.Жумагуловдон башка татыктуу инсан жок", - деген панегригин жарыялап, кийин К.Бакиевдин калемгерлер менен жолугушуусунда мынай деп олтурбайбы: "Мен эки жолу түш көрдүм. Экөөсүндө тең сиз ак боз атты алкынта минип, эл алдына чыгып келдиңиз. Ошондо эле болочок ажобуз сиз экенсиз деп жоругам. Мына ошол түшүм туш келип, сизди куттуктап олтурганыма чексиз бактылуумун!"
Элибизде: "Шайтанды да жолдон чыгарган азезил", - деп айтылат. Анын сыңарындай бар байлыкты бийликтеги кара жемсөөлөр талап-тоноп, карапайым калк итке минип калганда "жаңы Арзыматтар" биринен-бири өтүп,
Акаевдин да, Бакиевдин да өзүн гана эмес, жети атасынан берки тарыхын даңазалаган дастандарды үстөккө-босток жаадырышты. Буга эң таберик эсептелген кагазга түшүрүлгөн түстүү фотоальбомдорду да кошуу керек.
"Үйүндө кашык айраны жок кызынын аты Жууратбек"- дегендей, жанагы жабыла мактоодон шарга айланган ажолор, атүгүл айымдары да коом таануучулук же эпистолярдык маанайдагы "бестселлерлерди" жаратып киришпедиби! Бул "шедеврлерди" советтик мезгилдеги марксизм-ленинизм классиктеринин эмгектериндей эле өп-чап жашап жаткан бюджетчилерге саттырышпадыбы. Алардын бет ачарлары илимий мекемелерде, окуу жайларында жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү го. Ошол "гениалдуу чыгармалардын" жазылышына жанкыярлык менен кызмат өтөгөн жана демилгечи болгон шумпайлар А.Акаевден кийин К.Бакиевдин тегирменине суу куюп, эми оппозиция лидерлерин жандай чаап жүрүшкөнүн да көрүп жатабыз.
А.Акаевди кулатууда борбордук аянтты каптап кирип, массалык башаламандыкты, талап-тоноону башташкан ак кепкачандарды ким апкелип, ким уюштурганы ушу кезге
чейин табышмак бойдон калууда. "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси А.Абдурасулованын жакында ЖМКга жарыяланган маалыматына караганда Алматы көчөсүнө митингге катышуу үчүн чогулуп жаткан жаштарга белгисиз бирөөлөр эки машинага жүктөлгөн курал-жарактарды таштап кетишкен. "Борбордук аянттагы кызыл кыргындын чыгышына дал ушул чагымчылдык себеп болгон", - деген версияны айтат укук коргоочу. Бул кыянатчылык иштин да бети ачылбай каларына шектенбей эле койсо болот. Анткени, атын "Үчүнчү күчтөр" деп тергеп айтышкан- дар адаттагыдай эле жиптин учун сууга салып таштары эч кимди күмөн санатпайт.
Бирок, мындай абалдан чыгып кетүүнүн жолдору бар. Эгерде бул бийлик кокустан колго тийгендей калтаарып, коомчулукту да кооптондуруп, батыл кадамдарды жасоодон тайсалдасак, кайрадан элди деморализациялайбыз жана кырдаалды курчутабыз. Мындан тышкары, пессимизмди чыңалтуу, кыйынчылыктарды ашыра баалоо - бул жөндөмсүз, шилетсиз жетекчини жоопкерчиликтен калкалачу оңой жана ыңгайлуу арга. Ошондой эле коомду башкаруу системасын, өлкөнүн экономикасын радикалдуу өнүктүрүүнү, чарба жүргүзүүнүн стилин жана ыкмаларын практикалык жактан кайра курууну кечеңдетүүнү актагандык да болот.
Бийлик ондогон жылдар бою элди тойгузуп келген мифтерден да, аңыздардан да жай жана кыйынчылык менен арылып баратабыз. Акыркы жылдары расмий апыртуулардын агымы солгундай баштады. Эки жолу алданган элдин көзү да кыйла ачылгансып калбадыбы. Ошентсе да социалдык демагогия менен тарыхты так теке ойнотуу бизди өз чеңгелинен оңой эле коё бергиси келбейт.

Арам оокат абалтадан буюрбайт
Аксылыктардын бийлик менен тирешүүсү алты азаматтын өмүрүнүн кыйылышы менен
аяктады.
Андан соң дарбыган эл райондук, облустук администрациялардын жайларын ээлеп, Жалал-Абадда банкты карактап, акыры Бишкектеги алаамат менен апогейине жетти. Ак үйгө коюлган чабуул бары-жогун талкалоо, талап-тоноо менен коштолуп, баскынчылык бүт шаарды каптады. Натыйжада бийликке да, саясатка да лоялдуу ишкерлердин жеке менчигиндеги соода түйүндөрүнө, тейлөө жана өндүрүш жайларына эбегейсиз зыян келтирилип, таланып-тонолгон мүлктүн жалпы суммасы миллиарддан алда канча ашык сомду түздү.
Максат - А.Акаевдин бийлигин кулатып, өлкөдө ар бир жаранды сыйлаган, мыйзамдуулукту туу туткан демократиялуу системаны орнотуу эмес беле. Бирок, калк алдында ак жолдон чыкпай аруу жүрөм деп касам ичкен иблистин мекери ичинде быгып жаткан экен. А.Акаевде Адыл, Айдар деген эки желмогуз болсо, К.Бакиевде өзү менен кошо ажыдаардай араанын ачкан ач көздөн тогуз экен.
Акаевдер баскан байлыкты барымтага алганы аз көрүнүп, "Күңдүн көтүндө күмүш жылтылдайт" дегендей, көзү түшкөндүн баарын мойсоп киришти. Арийне, арамдык менен тапкан дүйнө абалтадан эле буюрбай тургандыгы айтылып калган. Мунун айныбас чындык экени дагы бир жолу далилденбедиби. Мен окурман назарын ушул каргашалуу окуялардын тегинде жаткан бир жагдайга бургум келет. Гезиттер өткөндөгү сандарына кандуу кагылышууда эки бутунан ажыраган милициянын старшинасы А.Акчекеевге ИИМ "Каармандык" медалын ыйгарып, "Жигули" автоунаасын тартуулаганын жарыялашты.

Ал дал алдында жаткан гранатадан
майып болуптур. Аны Ак үйдүн башында олтурган снайперлер ыргыткан жок да. Демек, митингчилердин арасында куралчандар болгон, генпрокуратуранын жертөлөсүндөгү сейфтерди ким ачып, андагы эң маанилүү документтерди ким өрттөгөн? Борбордук аянтка жакын жайгашкан атайын бейтапканага алынып келинген жарадарларга жардам көрсөтүп жаткан врачтарды ур-токмокко алган маскачандар кимдер? Максим, Данияр сыяктуу чиновниктердин үй кеңселеринин дарегин ээликкен топко кимдер берип, кимдер баштап жүргөн? Жүздөгөн соода түйүндөрүн талап-тоноодон, өрттөөдөн кандай пайда таптык? Бул накта жапайылыктан, жырткычтыктан келтирилген зыян 2 млрд. сомдон ашып, өмөчөктөгөн өлкөбүз ого бетер очорулуп түшпөдүбү!
Бул фактылардын баары, дүрбөгөн алагүү топту чагымчылар айдактап жүргөндүгүн айгинелейт. Ошонун айынан абалтан адеп-ахлакты, ыйман-ысапты сактаган алпейим кыргыздан кыргычка айланып олтурганыбызды кантип танабыз? Же: "Ушу тазга ушу кыз пэс" дегендей, бизге революциянын цивилдүү түрү жарашпайбы...
Ильгиз ТАЛИП (Гилязетдинов),
публицист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер