10.09.10
  Кампанын каткыртмаларынан

Биздин айылда Кампа деген адам болгон.
Өзү куудулдана жүргөн, чукугандай курч сөз айткан,
айылдагылардын оозунан түшпөй жүргөн адаттары көп.
Ошондон айрым чымчым күлкүлөрдү
уктум эле.

Төрөлдү деп сүйүнчү, өлдү деп кабар келбеди
Союз убагында саясый окуу өткөрүлүп, жыйынтыктоого райондук жетекчиликтен өкүлдөр келип катышышчу. Ага катышып олтурган совхоздун веттехниги Кампага райондук өкүл суроо узатты:
- Айтыңызчы, Ленин кайсы жылы туулуп, кайсы жылы кайтыш болгон?
Анда Кампа камырабай туруп мындай дейт:
- Эми бу, Ленин төрөлдү деп сүйүнчү, өлдү деп кабар келбесе, айла-найын, аны кандайча билем, бир билсе мобул билет, айылдык арызчыл, кимдин осурганынан бери билчү эле, - деп Рысалы деген адамды көрсөтүптүр.
Олтургандар дуу күлүп жиберишет. Бирок, ал саясый окуудан ошентип кутулам деп, кийин ооз айыбын тарткан экен.

Бир көздү баса, бир көздү ача көрүп жатабыз
Ошо сөзгө алдырып койгонун сезип, олтургандардын арасынан бирөө Кампанын таз экенин көрө коюп суроо салат:
- Ыя куда, бу силерде быйыл жыл кандай болду? Таз башындай жерге таруу айдадым эле, суу жок такы-
райып чыкпай калды.
Анда Кампа тигил суроо берген кишинин сербейген сакалын, анан "ай балдар, койгула" деп бир көзүн баса, бир көзүн ача калып, чыш-ш, чыш-ш деп тыйып олтурган ал аксакалга тийишип:
- Ээ, кудалар, бизге Кудай таалам каралашып ошол силер сыяктуу таз башындай жерге таруу айдасак, сенин сербейген сакалыңдай болуп бирин-серин бирдеме чыкты. Таранчың боло турган эмес, бу да болсо ырыскы деп бир көзүбүздү ача, бир көзүбүздү жаба чыш-ш, чыш-ш деп коруп жатабыз, - деген экен.

Силер мал тукумунан жаралгансыңарбы?
Кампа бир айылга кудасынын жылдыгына барып калса дасторкон четинде ол-
турган балдар бири-бирин кескилеп: "Эй теке, эй бука, эй төө, эй эшек" , -дегенин көрүп таң калат.
- Капырай бу, адам баласы маймылдан жаралган деп жүрсөм, силер бул эле төрт түлүк малдан жаралгансыңарбы,-деп сөзгө сындырган экен.

Кудай уруп өз энең өлгөн го...
Кампа мал дарылап, тоодон жакага түшүп келе жатса, алдынан керооз Кемел атын катуу чаап келе жаткан экен.
- Эмне мынча атың тердегенче чаап келе жатасың, тынччылыкпы өзү?
- Кудай уруп, сенин энең өлүп, кабарга баратам.
- Ой, атааңды-ы, менин энем өлсө мынча чаппайт элең, кашайгыр өз энең кайтыш болгон го, катының өч дечү эле, - деп коёт дейт.