03.09.10
  Келечек курулушу

Кыргыздар ГЭСтерди өз алдынча
кура ала тургандыгын далилдеди
Камбар-Ата - 2 ГЭСинин биринчи гидроагрегатынын ачылышына барган журна-листтер, адегенде Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн өз көзүбүз менен көрүүгө кайрылып калдык. Быйылкы жылы суу сактагычты жээктеген айылдардын короосуна чейин суу жетип барыптыр. Огороддун четиндеги жүгөрү талаасын, мөмө бактарга чейин суу каптап кетиптир. Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 29-августка карата 19 млрд. 449 млн. кубометрге жеткен.

Токтогул ГЭСиндеги сууга көз тойду
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Токтогул ГЭСинин гидроагрегаттарынын бири авария болгону коомчулукта чуу салып жиберген. Бул жагдай быйыл кандай? - деген "Кыргыз Туусунун" суроосуна Токтогул каскадынын директору Темирлан Биримкулов төмөндөгүдөй жооп берди:
- Азыркы күндө план боюнча күзгү-кышкы ремонт иштери жүргүзүлүп жатат. Быйыл кабатырланууга негиз жок. 1-ноябрга чейин бардык ремонт иштерин толук өткөрүп бүтүрөбүз. Токтогул ГЭСинин иштеп жатканына 36 жыл толду. Кайсы бир бөлүктөрү модернизациялоону, реконструкциялоону талап кылып жатат. Булар боюнча алдын ала капиталдык оңдоолорду өткөрүп келебиз. Суунун быйылкыдай максималдуу көбөйүшү 1999-жылы жана 2003-жылы болгон, - дейт Темирлан Биримкулов. Токтогул ГЭСиндеги төрт гидроагрегат биригип, 1200 меговатт кубаттуулуктагы электр энергиясын чыгарат. Суунун өтө көптүгү да авариялык кырдаалды жаратат экен деген пикирлер тарап кетти. Темирлан мырзанын айтымында ашыкча сууну адистердин кеңешмесине ортого салып, биргелешкен чечим менен агызылып турат.

Энергетиктер деген улут бар
Аркайган карт тоолордун ортосунда жайгашкан Кара-Көл шаары союз мезгилинде москвалык камсыздоо, социалдык жеңилдиктер менен жашаган шаар эле. Республиканы электр энергиясы менен камсыз кылууда орусу, кыргызы ж.б. дебей жалаң энергетиктердин бир үй-бүлөсүндөй жашашчу. Союз урагандан бери шаардан оомат кетип, адистер, гидрокурулушчулар чилдей тарап кетишкен. Мындагы квартиралар ит бекер сатылып, сата албаганы эшик-терезесине кайчылаштыра тактай каккан бойдон таштап, кайдасың Россия, деп жакшы маянанын аркасынан Бурей, Саяна-Шушинск ГЭСтерине жөнөй беришчү. Айлык акылары аз, анысы аз келгенсип кечиге берип, борборго чейин кат жөнөтүү өнөкөтүнө айланган жылдар өттү.
Камбар-Ата - 2 ГЭСинин курулушу менен мындагы элде оптимизм пайда боло баштаган. 7-апрель окуясынан кийин Кара-Көл шаарынын мэрлигине Илияс Эркеев деген жаш, жергиликтүү элдин өзүнөн чыккан жигит келиптир. Шаардын борбордук паркындагы "Комсомол" көлүн 30 жылдан бери саз басып, четине мал жайылып жүрчү. Быйыл сазды ташып чыгарып, көлдү тазалашкан. Айланасына кум ташып төгүп, аллеяларына жарык, балдар ойноочу аянтка спорттук каражаттар орнотулган. Ысык-Көлгө барып эс алууга шарты тартыштар парктагы сууга түшүп сергип алышат. Шаарга жүздөн ашык жаңы таштанды челектери коюлган. Аны тейлөө үчүн эки машине, андан тышкары кар күрөөчү дагы эки машинени сатып алышкан. Быйылкы жылдын жаанчылдыгы жергиликтүү элге бир топ түйшүктөрдү жаратып, үйлөрдү суу каптап кеткен. Шаар жетекчилиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ондон ашык кат жөнөткөнү менен тыңгылыктуу жардам алышкан эмес. Арга кеткенде 745 метр дамбаны шаардын өз эсебинен каражат таап, куруп алышкан, 920 миң сомго эле бүткөрүшкөн.
105 млн. сомдук бюджети бар мындай чакан шаарда жыл сайын жаңы курулуштарды бүткөрүп турса кантип болбосун - дешет мындагылар. Мектептер, ооруканалар ремонттон өткөрүлгөн. Камбар-Атанын курулушу башталганы шаар бюджетинин 70 пайызын түзүп, калган 30 пайызы мекеме, ишканалардын эсебинен толукталып жатыптыр. Кара-Көлгө кайрадан оомат келип, чет мамлекетке кеткен мигранттардын бир топ бөлүгү кайта баштаган. Учурда мында турак жай кымбаттап, 3-бөлмөлүү квартира 700 миң, эки бөлмөлүү квартира 500 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө дале болсо Россиянын Саяна-Шушинск ГЭСинде 150, Бурей ГЭСинде 350гө жакын каракөлдүк энергетиктер эмгектенишүүдө.
Токтогул каскадынын бир топ салыктары Бишкектин Биринчи май районуна которулат. Шаар мэри И.Эркеев: "ошол салыктын 1 пайызын Кара-Көлдүн өзүнө калтырса, өткөн кылымда жыгачтан салынган эки кабаттуу тамдардын ордуна, беш кабаттуу бышкан кыштан турак жай сала баштайт элек. Биротоло эскилиги жетип кагжыраган жыгач тамдардын жыл сайын он чактысы өрттөнүп кетүүдө. Мындай үйлөр жашоого кооптуу" - дейт.

Алтындан кымбат адистер
Камбар-Ата ГЭСтерин куруу союз учурунда эле башталып, кайра токтоп калган болчу. 2007-жылы октябрь айында кыргыз Өкмөтү аны кайра куруу боюнча чечим кабыл алат. 2008-жылдын 9-март айында алгачкы ирет бетон куюлган. Россиядан кыргыз адистерин чакырса көбү иш башталганына ишенбей келбей коюшкан. Аймактагы айылдарды кыдырып, айлык маянаны алдын ала төлөп жүрүп куруучулардын, жумушчулардын ишенимин кайрууга аракет көп болуптур.
Курулуштун долбоору россиялыктардыкы болчу. Мында 97 пайыз кыргыздар өздөрү тынбай иштеп, орустар бир жылда кура турган иштин көлөмүн алты айда аткарып коюшкан. Ошондо россиялык долбоорчуларда кыргыздарга болгон ишеним артылган.
Камбар-Ата ГЭСтеринин Кыргызстандагы башка ГЭСтерден өзгөчөлүгү бар. Бардык ГЭСтерде гидроагрегаттар плотинанын өзүндө жайгаштырылган. 670 метрден үч тунель аркылуу суу агып, плотинага барат. Тунелдин ичиндеги ар бири 30-70 тоннага
чейинки темирлерди миллиметрине чейин тыкат кынап ширетип чыгуу керек. Ошондой оор ишти кыргыздар өз алдынча аткара албайт деп ойлогондор болду.
Мындай оор жумуш мурдагы союздук республикаларда аткарылган эмес. Камбар-Атадагы бетондук иштин төрт жылда аткара турган көлөмү эки жылда аткарылды. Мындан кыргыздар техникалык оор курулуштардын да "атасын тааныта" тургандыгын далилдеп коюшту.
- Биз Камбар-Ата - 2 ГЭСинин биринчи агрегаты өндүргөн электр энергиясынын каражатын анын экинчи агрегатын курууга жумшасак болот. Өкмөткө ушундай сунуш киргизип жатабыз. Маселен, союз кезинде курулган Ташкөмүр, Шамалдысай ГЭСтерин алгачкы ишке берилген агрегаттарынын түшкөн кирешени кайра кийинки агрегатты курууга жумшоо практикасы бар. "Нарынгидроэнергострой" ААКсында окуу комбинатыбыз бар. Анда аскага чыгуучу, монтаждоочу, ширетүүчү, крановчы, бетончу кесиптеги адистерди окутуп чыгарабыз. Булар Россиянын ГЭС курулуштарына табылгыс адис. Камбар-Ата-2 ГЭСин курууда ушул күнгө чейин кыска мөөнөттүн ичинде 275 миң куб. бетон куюлду - дейт "Нарынгидроэнерогострой" ачык акционердик коомунун техникалык директору Жолдошбек Жетигенов.

Ооганстан, Пакистанга электр энергиясын экспорттойбуз
Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамынын алдында Камбар-Ата - 2 ГЭСинин биринчи гидроагрегатынын салтанаттуу ачылышына барган Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева өз докладында төмөнкүлөргө токтоло кетти. "Гидроэнергетика жана тоо-кен өндүрүшү - Кыргызстандын экономикасынын күч-кубаттуу эки чоң канаты. Кыргызстан гидроресурстары боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасынан Россия менен Тажикстандан кийинки үчүнчү орунду ээлейт. Биз ошол ресурстун 10 пайызын эле ишке ашырып жатабыз. Белгилей кетсек, өлкөбүздө алтын, күмүш, жез ж.б. баалуу темирлердин чети оюла элек." - деди Президент.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Камбар-Ата - 2 ГЭСинин биринчи гидроагрегаты ишке киргизилгенден баштап, жыл сайын 500-700 миллион киловатт саатка жакын электр энергиясы иштелип чыга башташына токтоло кетти. Андан чыккан электр кубатына байланыштуу жыл сайын сугат маалында Токтогул суу сактагычында 1,2 миллиард кубометрге жакын сууну үнөмдөөгө болот. Ишке берилип жаткан гидроагрегаттын иштеп чыккан электр кубатынын көлөмү айталы, Нарын же Ысык-Көл облусунун керектөөсүн камсыз кылууга жарай турган электр кубатына барабар. Сөзүнүн аягында КРнын Президенти Роза Отунбаева: "Азыркы кезде Кыргыз Республикасы Россия менен бирге Камбар-Ата - 1 ГЭСинин курулушун кайра улантуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат" - деди.
Дагы бир маанилүү жагдай. Эгер өлкөдө жогорку өткөргүчтөгү электр линиялары курулса Ооганстан, Пакистан жана Тажикстанга электр кубаты экспортолот. Бул жөн гана сөз эмес, ишке ашырылып жаткан долбоор экендигине токтолду Роза Отунбаева.
Камбар-Ата - 2 ГЭСи негизинен республиканын өз бюджетинин эсебинен курулууда. Курулуш кайра жанданган 2007-жылдан ушул күнгө чейин 9,5 млрд. сомдук финансылык каражат которулган. Ал эми "Электр стан-
циялары" ААКнун каражатынан ага 485, 8 млн. сом, андан тышкары демөөрчүлөрдөн 3,33 млн. сом которулуптур.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөттөрү автордуку