03.09.10
  Уктуңузбу?

Коомдук кабылдама ачылды
КРнын Президенти Роза Отунбаева Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Коомдук кабылдамасын ачуу тууралуу буйрукка кол койду.
Кабылдама түштүк аймактын калкынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Президенти менен кызматташууда жарандарга ыкчам мүмкүнчүлүк түзүү максатында ачылмакчы.
Кабылдаманын ишин камсыз кылуу максатында Ош облусунун губернаторуна облустук мамлекеттик администрациянын имаратынан Коомдук кабылдама үчүн кызмат бөлмөсүн бөлүп берүү; зарыл жабдыктар, байланыш каражаттары жана канцеляриялык материалдар менен камсыз кылуу; ишеним телефонунун номерин аныктоо жүктөлдү.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын губернаторлоруна Коомдук кабылдаманын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу жардам көрсөтүү; кабылдамага кайрылууларга жана телефон аркылуу суроолорго ыкчам жана өз учурунда жооп берүү; кабылдаманын жайгашкан ордун жана ишеним телефондорунун номерлерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына Коомдук кабылдаманын мындан аркы каржылануусун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Иш башкармалыгынын каржылануу эсебинен камсыз кылуу жүктөлдү. Коомдук кабылдаманы финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыздалуусун КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Түштүк резиденция камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине Коомдук кабылдаманын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат табуу жана аны бөлүп берүү маселеси тапшырылды.
КРнын Президентинин Администрациясынын жетекчисине КРнын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча
Коомдук кабылдамасынын 3 адамдан турган кызматкерлеринин штатын КРнын Президентинин Администрациясынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча адистер тобунун штаттык бирдигинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Өкмөт үйүн камсыздоо боюнча департаментинин эсебинен камсыз кылуу тапшырылды.
Буйрук менен Кыргыз Республикасынын Коомдук кабылдамасы тууралуу Жобо да бекитилди.
Коомдук кабылдама жакын арада өз ишин баштайт.
А. ЭСЕНОВ





  Бали!

Кыргыз жигиттери намыска жарады
Сингапурдагы өспүрүмдөр аралык өткөн биринчи олимпиадалык оюндарда алтын жана коло медалдарга ээ болуп келген спортчулар Өкмөттөн каралган акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Президент Роза Отунбаева жаш спортчулар менен мамлекеттик резиденцияда жолугуп, грек-рим күрөшү боюнча алтын медалды жеңип келген Урматбек Аматовго 10 миң АКШ долларын алууга мүмкүнчүлүк берген сертификатты тапшырды. Ал эми коло медалдарга ээ болгон эки жигитибиз Шадыбек Сулайманов менен Болот Токтогоновго 5 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү сертификаттарды берди.
Белгилей кетсек, жогоруда аты аталган олимпиадалык оюндарга спорттун 30 түрү боюнча 204 мамлекеттен жалпы 3500 оюнчу катышкан. Анын ичинен Кыргызстандан барган 8 спортчу 3 медалга ээ болуп, өлкөлөр арасында 46-орунга жетишти. Белгилүү болгондой, коңшу Казакстан Республикасынан 50 оюнчу барып, 6 медалга ээ болуп кайтышты.
- Мындай чоң ийгиликтерди багындырып келгениңиздер жалпы кыргыз эли үчүн сыймык болду. Силер Кыргызстанды жакшы жагынан көрсөтүп, желегин желбиретүүгө жетише алдыңар. Бул нерсе, азыр биздин өлкөбүз үчүн абдан зор мааниге ээ болуп турат, - деп белгилеп, Президент бул жетишкендиктердин жаралышына себепчи болгон жана өз үлүшүн кошкон грек-рим күрөшү жана дзюдо боюнча улуттук спорт федерациясынын ишине жана жеңүүчүлөрдүн машыктыруучуларына ыраазычылыгын билдирди.
Мындан сырткары, жеңүүчүлөрдүн кубанычын "Кумтөр Оперейтинг Компани" да тең бөлүштү. Тактап айтканда, алар да алтын медаль менен келген
У. Аматовго 10 миң, Ш.Сулайманов менен Б.Токтогоновго 5 миң АКШ долларын, андан сырткары атайын ишкананын аты түшүрүлгөн спорттук сумкаларды ыйгарышты.





Коло медалдын ээси
Шадыбек үйлүү болот
Сингапур олимпиадалык оюндарында өз күчүн көрсөтүп, коло медалды жеңип алган спортчубуз Шадыбек Сулаймановго эки бөлмөлүү квартира берилет.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун кулуну Шадыбек Сулаймановду туулган жеринде жердештери жана облустун жетекчилери, спорт күйөрмандары өзгөчө шаң менен тосуп алышты. Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов балбанды жеңиши менен куттуктап, ага албан-албан ийгиликтерди каалады. Ал эми жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана төбөсү көрүнгөн демөөрчүлөр коло медалдын ээсине эки бөлмөлүү квартира тартуу кылышарын айтышты. Шадыбектин машыктыруучусуна, үй куруп алуу үчүн атайын жер участогун бөлүп берүү белгиленди.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөтү С.АЙЫЛЧИЕВдики




Журналисттерге Ысык-Көлдө ыраазычылык
Ош коогалаңынын убагында Ошто иштеп, болгон окуяны оперативдүү чагылдырууга катышкан журналисттерди Кыргызстандагы Интерньюс эл аралык уюму жана Оштогу жалпыга маалымдоо каражаттары борбору "Сорос Кыргызстан", UNISEF эл аралык фонддорунун каржылоосу менен Ысык-Көлдөгү "Аврора" пансионатына чакырып, семинар өткөрүштү.
Семинардын акыркы күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин маалымат-координациялык борборунун өкүлү Роза Даудова Ош окуясы мезгилинде активдүү иштеген журналисттерге КРнын Президентинин Администрациясынын Ыраазылык сертификатын тапшырды.
Ж. Акунова




  Чек ара

Сох жана Шахимарданга автожолдор жабылды
- Өзбек Республикасынын ан-клавдарынан өтүү Кыргызстан жарандары үчүн коркунучтуу болуп калды. Ошондуктан биз ушундай жолго бардык, - дейт Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев.

- 2010-жылдын 31-август күнү кечки саат 20-00 чамасында КРнын чек ара кызматынын полковниги Бегматов Зиядилла жана Айдаркен Чек ара отрядынын подполковниги Исматилла Анарбаев Өзбек Республикасынын чек ара кызматы менен макулдашылган кызматтык иштер боюнча сүйлөшүүлөргө барган жеринен аларды Өзбек Республикасынын чек ара кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз түрдө кармап, Өзбек Республикасынын аймагына алып кирип кетишкен.
Азыркы учурда Өзбек Республикасынын Сох жана Шахимардан анклавдарына өтүүчү автожолдор убактылуу жабылып, ал эми КРнын жарандары айланма жолдор менен катташууда.
Учурда бул окуя боюнча об-лустук укук коргоо органдары, КРнын Чек ара кызматы жана жергиликтүү мамлекеттик администрация окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүү менен бирге Өзбек Республикасынын чек ара кызматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Буга чейин, 21-августта Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан КРнын чек ара бүтүндүгүн бузуп жана Кыргыз Республикасынын жарандарын автоматтын кундагы менен токмоктоп, Өзбек Республикасынын аймагына күчкө салып киргизип кетип бара жаткан учурунда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын 1 офицери жана Өзбек Бажы кызматынын 2 офицери жана 1 сержанты кармалган.
Аталган фактынын негизинде өзбекстандык офицерлердин жана сержанттын үстүнөн Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон.

Мамажан Бердишев





  Эмне болду?

Келген жардамдар туура бөлүндүбү?
Ош шаарынын мэриясынан берилген маалыматка таянсак, үстүбүздөгү жылдын 13-июнунан 25-июнуна чейин аймакка 1782 тонналык гуманитардык жардам келип, бардыгы жергиликтүү тургундар менен мамлекеттик мекемелерде иштегендерге өз убагында таратылып берилген.
Тагыраак маалымат бере кетсек, 2010-жылдын 15-июлунан 26-августка чейин Россия Федерациясынан 25 даана чатыр, 15590 даана жылуу одеал, 10500 шейшеп ошондой эле, 16020 банка консерва (бууга бышырылган уйдун эти), 26170 кг. макарон, 25 000 кг. күрүч жана 25 000 кг. гречка келген. Мындан сырткары Казакстан Республикасынан 775 тонна күрүч, 64,3 тонна гречка, 148,7 миң даана кир жуучу каражаттары түшкөн. Индиядан келген 50 даана чатыр, 1992 кг. чай, 3000 кг. кант жана 5050 кг. медициналык каражаттардын бардыгы да тиешелүү жактарга бөлүнгөн.
Бул гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү атайын бекитилген комиссия аркылуу жана укук коргоо органдарынын текшерүүлөрү менен ишке ашырылган. Ош шаарынын вице-мэри Абдрахман Жолдошалиевдин айтымында, жардамдарды бөлүштүрүү иши боюнча эч кимден, эч кандай нааразычылык билдирген кайрылуу, арыз түшкөн эмес.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"