Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Сапар кайрык

Ош шаары тамактануучу жайларынын көптүгү боюнча Гиннестин китебине кирет деп айтылып, элинин меймандостугу артыкча даңкталчу эмес беле. Бишкектен командировкалап барган журналисттер кечки тамактанууну түнгө чейин улантып, Сулайман тоосу тараптан соккон салкын желди эңсеп, атайын тыштагы тапчанды тандап барып отурчубуз. Ак-Буура суусуна кызыга баскан жаштарды көрүп көз кубанчу. Бүгүнкү күндө Ош, Жалал-Абад шаарларындагы өрттөлгөндөн калган кара күйүк тамдар, коомдук объектилер аңырайып көзгө өтө комсоо урунуп турду.

Урандылардын ордуна курулуш, уруштан кийин жарашуу...
Кечкисин көчөлөр аңгырап...
ЮНИСЕФтин колдоосу, КРнын Президентинин пресс-борборунун уюштуруусу менен аталган эки облуска барган журналисттердин медиа-туру үч күнгө уланды. Кечкисин каш карая баштаганда Оштун көчөлөрүндө басып жүргөн адам жокко эсе. Коменданттык саат алынганына карабай, шаар эли жапырт көчүп кеткенсип, анда-санда жүргөн камуфляжчандардын караанын гана көрүүгө болот. Катары менен өткөн кандуу окуялардан кийин абалды оңдоо максатында Өкмөт бир нече иш-чаралардын планын бекитти. КРнын вице-премьер-министри Ж.Сатыбалдиев жетектеген Ош, Жалал-Абад аймактарын кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция, белгилүү коомдук ишмер А.Эркебаев жетектеген коогалаңдардын чыгышына саясый баа берүүчү мамлекеттик комиссиясы, Вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева жетектеген социалдык колдоо көргөзүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Андан тышкары кандуу окуялардын натыйжасында жабыр тарткан ишкерлердин чыгымын аныктоо комиссиясы да иштеп жатканын эске сала кеткенибиз оң.
Мында мамлекет тарабынан кечиктирилгис чаралар катары үч башкы маселе алдыга калкып чыккан. Биринчи кезекте мамлекет үй-жайсыз калган жарандарга кыш киргенче там салып берүү аракетин көрүп жатат. Ага эл аралык уюмдардын кошкон салымдары да аз эмес. Экинчиси, дайынсыз жоголгон адамдарды издеп табуу. Үчүнчүсү, жаңы окуу жылына карата мектептерди даярдоо алдыга коюлган. Аталган эки аймакта бардыгы болуп 1852 турак-жай жабыр тарткандыгы аныкталган. Курулушка ЮСАИД, БУУнун Качкындардын иштери боюнча жогорку комиссары жардамга келишүүдө. Өкмөт тарабынан 200 миң сомдон ссуда берилип, ар бир үйдүн канчалык деңгээлде жабыр тартканына карата жардам бөлүнөт.
Жантөрө Сатыбалдиевдин ай-туусу боюнча турак үйлөрдүн дээрлик баары 1-ноябрга же ары барса 15-ноябрга чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүүгө тийиш. Андан тышкары көп кабаттуу социалдык турак жай куруу иштери ыкчамдык менен ишке ашчудай көрүнүп калды. Оштун И.Раззаков көчөсүндөгү 5 кабаттуу, 75 квартиралуу турак жайдын жалпы аянты 4716, 15 кв.м. түзөт. Ал 31-декабрга чейин бүткөрүлөрү пландалган. Буга күч органдарынын кызматкерлери, мугалимдер сыяктуу бюджеттик мекемеде иштегендер, каргашалуу кандуу окуялардан жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрү киргизилмекчи. Мындай үйлөрдүн курулушу Жалал-Абадда да уланат.
Урандыдан тазалап, жаңысын куруп...
Өрттөнүп, талкаланып уран-
дыга айланган үйлөрдүн дубалдарынын дээрлик көбү саман-топурактан согулуптур. Өткөн кылымдын орто ченинен берки тамдар басымдуу экени көрүнүп турат. Анын жанына кызыл кирпичтен, үй-бүлөсүнүн санын эске алып жаңысы курулууда. Күндүн тер шорголоткон аптаптуу ысыгына карабай уранды-таштандыга айланган "үйлөрдү" күпүлдөтүп ташып чыгарган жаш жигиттердин жоон тобу жүрөт. Уранды тазалагандардын арасында кыргызын да, өзбегин да көрүүгө болот. КРнын Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлигинин эки облустагы бөлүмү БУУнун, ЕСтин каржылык колдоосу менен жумушсуз жаштарды уранды-таштандыларды ташып чыгаруу иштерине тартып жатыптыр. Күнүнө 300-400 сомдон маяна төлөшөт. Мына ушул АКТЕД долбоорунун башкармалыктары бир топ иш алып барышууда. Мисалы, Жалал-Абад шаарындагы Ленин, Красин, Осмонов ж.б. көчөлөрүндөгү 147 үйдүн урандыларын тазалоого 150дөн ашык адам тартылган. Базар-Коргондо болсо 190 жумушсуз адам иштеп, 140 үйдүн урандылары тазаланган. Коогалаң өткөн аймактардагы мындай мисалдар аз эмес.
Журналисттердин түштүк жергесине барган медиа-турунун жүрүшүндө жергиликтүү жетекчилер, мектеп мугалимдери, коогалаңда жабыр тарткандар ж.б. менен жолугушуулар болду. КРнын Президентинин кеңешчиси В.Черноморецти Ош шаарынан жолуктурдук.
- Биз мамлекет башчыбыздын тапшырмасы менен бир нече иш-чараларды өткөрдүк, - деди ал. Айталы, акыркы эки айдан бери 6-7 айыл өкмөттөрүнүн элиндей ири аудиторияны жыйган, ар кандай этносторду бириктирген ири жолугушуулардан бери жагы 70ке жакынын уюштурдук. Ал эми чакан жолугушуулар, өзбек-кыргыз элинин ортосундагы жараатты сакайтууга, элдердин ортосундагы биримдикти калыбына келтирүүгө арналган иштер андан арбын. Аксакалдардын, ардагерлердин, ысмы элге белгилүү адамдардын ынтымак-ырашкерликке чакыргандары өз натыйжасын берип жатат. 201 адамдын ДНКсы текшерип такталууга жиберилген. Ош шаары боюнча белгисиз жоголгондордун саны 38. Президент Роза Отунбаеванын тапшырмасы менен Ош, Жалал-Абад облустарындагы саясый кырдаалды турукташтыруу боюнча аткарылчу иштердин планы ирээти менен жасалып жатат.
Чатыр мектептер убактылуу,
жаңы мектеп түбөлүктүү
Июнь окуяларында Ош шаа-
рында эки, Жалал-Абадда бир мектеп талкаланып, дагы бир нечеси жабыр тарткан. Андан тышкары Барак анклавынан келген качкындардын балдары 1-сентябрда мектепке баруусу зарыл. Билим берүү жана илим министрлигинин "Мектепке куш келиңиздер!" деген иш-чаранын алкагындагы демилгесин ЮНИСЕФ каржылык колдоого алып, убактылуу окуу үчүн чатыр мектептерди жеткиришкен. Аталган эки облустун жабыр тарткан аймактарындагы чатыр мектептер мектеп эмеректери, мугалимдер жана
окуучулар үчүн окуу куралдары, спорттук товарлар менен камсыздалууда. Биз Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы чатыр мектептердин орнотулушуна күбө болуп кайттык. Мындагы ар бир чатыр болжол менен 40 окуучуну батырып, эки мөөнөттө окутулат. Кар түшкөнгө чейин мындагы өрттөлгөн мектептин ордуна жаңысы курулуп бүткөнчө балдар ушул чатырларда билим алууга аргасыз.
- Биздин мектептеги 840 окуучунун 320сы жабыр тарткан үй- бүлөлөрдүн балдары. Андан тышкары 73 окуучу биринчи класска келишет. Бул аймакта өзбек улутундагы эл жыш жайгашкандыктан мектеп да өзбек тилинде. Кырдаал турукташып баратканына карабай окуу процессинде мугалимдер менен балдарды ташуу үчүн унаалар, коопсуздукту камсыз кыла турган атайын кызматтын кайтаруусуна муктажбыз, - дейт Шарк айлындагы Л.Толстой атындагы № 94 орто мектептин директору Мирадилжан Муйдинов.
Ош, Жалал-Абад облустарына караган 1022 мектептин баары "Кутучадагы мектеп" деген аталыштагы окуу куралдарынан турган белектерди алышат. ЮСАИДтин "Сапаттуу билим" долбоорунун алкагында психикалык-социалдык реабилитациядан өткөрүү иштери жүргүзүлмөкчү. Жалал-Абад аймагында, ушул эле иштер ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу Ош облусунда да аткарылат. Мындан тышкары эки облустун бир нече мектептеринде алты-жети жаштагы бөбөктөрдү мектепке даярдоочу бөлүмдөрү ачылып, аны окуу куралдары, эмеректер ж.б. керектүү жабдуулар менен камсыздоодо ЮНИСЕФтин ролу чоң экени ачык көрүндү. Жалал-Абад шаарына караштуу № 17 орто мектепте 2010-жылдын июль айынан тартып, ЮНИСЕФдин колдоосу аркылуу мектепке даярдоочу класстар ачылган. Эмерек, окуу куралдары, жабдуулар менен камсыз болушкан. Бул мектептин даярдоочу классындагы 46 бөбөктүн 26сы кыргыз, 20сы өзбек улутундагы балдар. Эки элдин ортосундагы биримдикти чыңдоо, мекенчилдик сезимди наристелердин жүрөгүндө түнөк таптыруу үчүн ушундай аралаш окутуулар өз натыйжасын бербей койбойт. Аталган уюмдун жардамы менен даярдоочу класстарды колдоо эки облустун бир нече мектептерине киргизилген.
Өзбектердеги кыргыз тилинин кадыры
Араван районуна караштуу
Салижан Шарипов атындагы орто мектепте 70 пайыз өзбек, 30 пайыз орус тилинде сабак өтүлөт экен. 1050 окуучусу бар мектепке Өкмөт тарабынан 37 758 сом ремонтко бөлүнүптүр. Мында көзгө дароо уруна турган жакшы жы-шаан байкалды. Мектептин кире беришине кыргыз тилиндеги көрнөк-жарнактар тагылып, коридорлорунда Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы, Алыкул, Мукай, Аалы, Бүбүсара, Чыңгыз, Сүймөнкул сыяктуу көптөгөн залкар инсандардын, өнөр ээлеринин сүрөттөрү тагылып туруптур. Кыргызстанды, мамлекеттик тилди даңктаган куплеттер, макал-лакаптар, улуу инсандардын учкул ойлору кыргызча бадырая жазылып дубалдарга илиниптир. Аталган мектептин аймагында кыргыздар өтө аз жашагандыктан кыргыз окуучулар мында окубайт. Ошого карабай мамлекеттик тилге болгон чоң урматтоону байкап көңүл жылыды. Он үч жылдан бери кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген Дилфуза Мамашарипованын кыргызча таптак сүйлөгөнү көңүл жылытат.
- Кошуналарым, курбуларымдын баары кыргыз. Менин окуучуларым кыргыз тилинде так сүйлөй алышат. Биздин аймакка коогалаңдын учкуну жетпей калганына кубанып турабыз, - дейт Дилфуза.
Ош шаарынан 25-30 км. аралыктагы Араванда мектепти бүткөн жаштарды андагы университеттерге тапшырууга кооптуу кырдаалдан улам ата-энелер жибергиси келбей турган учур.
Түштүк жергесинде дыйкан чарба кооперативдердин боорун жерден көтөрүп, күзгү жыйын-теримге даяр болуп калышкандары аз эмес экен. Пахта, эгин, жүгөрү талаалары, жер-жемиштердин түрлөрү эгилген бакчалар бейпил тиричиликтин жышаанынан кабар берип турду...
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу",
Бишкек - Ош -
Жалал-Абад - Бишкек.
Сүрөттөрү автордуку









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
27-август, 2010-ж.:
1-бет
"Чү" дегенде эле Чудан кармалдык
2-бет
Мэр башка - шаар башка
3-бет
Кылмышты жапкан токтомдор
4-бет
Маараке куттуктоолор
5-бет
Түркиядан 21 млн. доллар
6-бет
"Кызматка жетсем, жеп-ичсем деп бакиевдер менен кармашкан эмесмин"
7-бет
Сапар кайрык
8-бет
Көтөрмөдө курулуштардын катары көбөйөт
9-бет
Улуу жүрүш
10-бет
Ата Журт алкагында
11-бет
29-август -Ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнү
12-бет
Тергөөнүн теңирден тескери
кетип жатышынын сыры барбы?
Болсо эмнеде?

13-бет
Ат жалында маек
14-бет
Талас облусунун тургундары
"Жерүйалтынды" ачык колдошот

15-бет
Функционалдык милдеттери төмөнкүдөй:
16-бет
30-август - Казакстан Республикасынын Конституциясынын күнү





Яндекс.Метрика