27.08.10
  Каалоо

"Кызматка жетсем, жеп-ичсем деп бакиевдер менен кармашкан эмесмин"
"Пресс.kg" гезитинин башкы редактору Бакыт Сакыбаев мырзага,
Кыргыз тилинде чыгып жаткан башка гезиттердин редакторлоруна,
редакциялык жамааттарына

Урматтуу Бакыт мырза,
Урматтуу журналисттер,
Эзелтеден элибиз "ушак айтпа, ууру кылба, бирөөнүн акысын жебе, кыянаттык кылба, кайрымдуу бол" деген дөөлөттөрдү ыйык тутуп келген. Журттун уюткусу бузулбай, элибиз эл болуп сакталып келе жатканынын бирден бир негизи да улуттук нарктын сакталышы. "Нарк бузулса эл бузулат" дейт. Кыргыз эли эзелтеден сөзгө жогору маани берген, "сөз улук"деп, кандай шарт болсо да сөзгө конок берген. Менин жеке баамымда кыргыз тилиндеги гезиттердин көбөйүшү менен сөздүн
баасы, баркы көтөрүлмөк тургай, кайра төмөн түшүп кетти. Гезит беттеринде таамай, таасын айтылган ой, курч айтылган сынга караганда майда ушак, ачыктан-ачык эле каралоо, ойдон чыгарылган жалаа, карасанатайлык менен жасалып жаткан чагым көп болуп бара жаткандай сезилет. Силер сөз булагынын башатында турасыңар, Сөз маданиятынын абалы, анын туура же туура эмес калыптанышы силердин колуңарда. Ошондой эле силер өтө кубаттуу куралга ээсиңер. "Сөз өстүрөт, сөз өлтүрөт" - дейт. Ошол себептен менин силерден суранарым - сөзгө аяр мамиле кылсаңар, мыйзам алдында болбосо дагы Кудай алдындагы жоопкерчиликти сезсеңер, бөөдө жерден эле бирөөлөргө күнөө артып, алардын жакындарынын жүрөгүн оорутпасаңар.
Бул айтып жаткандарыма мисал катары акыркы эки-үч айдын ичинде мен жөнүндө гезит бетинде жазылган ушак-айыңдарды көрсөтө алам. Бир гезит мени "ашынган коррупционер" катары көрсөтүп, "200 миң доллардан пара алып жатат" деп жазса, экинчи гезит "сарт-калмак" экен дейт, үчүнчүсү болсо Кыргызстанда болгон чатак окуялардын артында мен тургандай кылып көрсөтүүгө аракет кылат. Көздөгөн максаттары - эптеп эле жаманатты кылуу деп ойлойм.
"Пресс.kg" гезитинин 19-августундагы санында "Жумуртка кимдин идеясы?" деген кичине материал басылып, карандай калп аркылуу менин кадыр-баркыма шек келтирүү аракети жасалып жатат. Ал жерде Отунбаева менен Каптагаевдин балдары дос экен, алар биригип алып көп иштерди жасап жатышат деген карандай калп жазылган. Менин уулум менен эженин баласы бири-бирин тааныбайт, көрүшкөн да эмес. Экинчи жагынан, "жумуртка менен койгулоо" идеясын мен ойлоп тапты деген жалаа жазылган. Мен Ысык-Көлдө губернатордун биринчи орун басары болуп, андан кийин Жети-Өгүз районунун акими болуп иштеп жүргөндө оппозиция мүчөлөрүнө же башка адамдарга карата эч кандай чийинден чыккан иштер болгон эмес, оппозициябы же башка адамдарбы, облустун же райондун аймагына келгени болсо баары менен адамгерчиликтүү эле мамиледе болууга аракет кылып жүргөм. Эч качан алардын эл менен жолугуп, сөз сүйлөгөнүнөн корккон эмесмин.
Менин ошол кездеги ишмерлигим жөнүндө ал заманда оппозиция катарында болушуп Көл жакка келип-кетип жүрүшкөн Жыпар Жекшеев, Мелис Эшимканов, Турсунбек Акун, Эркингүл Иманкожоева, Арслан Малиев жана башкалардан деле сурасаңар болот. Ошол кездеги оппозиция айтып жүргөн ойлордон да курч пикирлерди кызматта туруп деле коркпой-этпей эле Өкмөттүн отурумунда же башка жыйындарда айтып жүргөмүн, муну деле эл билет.
Ошондой эле Топчубек Тургуналиев экөөбүздүн ортобузда дагы, Өмүрбек Текебаев экөөбүздүн ортобузда дагы эч кандай чыр-чатак жок, иштеги ар кандай маселелер боюнча талаш-тартыш болушу мүмкүн, бирок тирешүү, күрөшүү жок. Муну да мен ачык эле айтып коюшум керек, экөө тең мен сыйлаган саясатчылар.
Урматтуу журналисттер,
мен "кызматка жетсем жеп-ичейин" деп башымды сайып коюп Бакиевдердин диктатурасына каршы күрөштө жүргөн эмесмин, бирөөдөн пара алып же бирөөнүн ырыскысын уурдап бала-бакырамды багайын деген оюм да жок. Эгерде мага карата, менин өмүр жолум же иштеги ар кандай жагдайлар боюнча суроолоруңар болсо түз эле кайрылып өзүмдөн сурасаңар болот, мен бардык суроого так жана убагында жооп берүүгө даярмын.
Мен жөнүндө ар кандай ушак-айың таратып жаткан гезиттер менен соттошуп, урушуп-талашайын деген да оюм жок.
Ушул чакан кайрылуума гезит бетинен орун берип коёсуңар деп ишенем.
Эмилбек Каптагаев
ulut57@mail.ru 0772 32-85-77.









Тактоо
Оозубузду ачып отурсак да,
"Манас" кыргыздыкы
Жакында Кытайга барып кайттым. Ошондо менин көңүлүмдү өйүгөн эң башкы маселе "Манас" эпосу болду. Кытайдагы белгилүү илимпоз, тарыхчы Макелек Өмүрбай аганы издеп таап, ошол өңүттө кепке тарттым.

- Макелек агай, кийинки учурларда: "Кытай кыргыздары "Манасты" Кытай мамлекетинин атынан ЮНЕСКОго каттатып, кыргызстандык кыргыздарды "Манаска" болгон автордук укугунан ажыратып салыптыр," - деген кеп тарап кетти бизде. Алгач ушул туурасында түшүнүк берсеңиз...
- Биз силерди Чоң кыргыздар деп коёбуз. Өз тагдырыбызды ар дайым силердики менен бирге карайбыз. Анан эми ушунча кеп болуп калган соң, силерге болгон биздин таарынычыбызды да айта кетели. Маселен, кийинки учурларда силер тарапта ишке караганда сөз көп болуп, өз күнөөсүн башкага оодара коюу көнүмүшкө айланып бараткандыгы өкүндүрөт. Мен тууралуу дагы: "Макелек Кытайдын тыңчысы экен. "Манасты" ошол кытайлыктардын энчисине өткөрүп берип тыныптыр," - деген сыяктуу курулай доомат коюп, жаманатты кылган материалдар басма сөзгө жарыяланып кеткендигин окуп, аябай зээним кейиди. Ага тиешелүү жообун жазып жиберейин десем, силерде төңкөрүш болду. Ошого эле удаа кайгылуу Ош окуясы чыгып, нечендеген адамдар шейит болуп кетти. Анан антип апаат болуп, кан төгүлүп жатканда мен өзүмдү актап олтурууну да туура көргөн жокмун. Манасчы Жусуп Мамай жөнүндө да Кыргызстандын басма сөздөрүндө туура эмес кептер айтылган экен, а киши нааразы болуп мага келип кетти. А кептин аныгы мындай.
Биринчиси, кыргызстандык кыргыздарды эч ким "Манаска" болгон автордук укугунан ажырата албайт. Анткени, тээ социализм жылдарынан бери эле салт болуп калгандай, кайсы гана китеп басылып чыкканы жатпасын, алгач ага китеп палатасынан каттоо номуру алынат. Мына ошонун өзү дүйнөлүк стандарт боюнча автордук укук болуп саналат.
- Демек, "Манас" эпосуна карата автордук укук бизде мурда эле - социализм кезинде эле болгон... А патент деген машакат, анан ага тиешелүү кептер кайдан чыгып олтурат анда?
- Жогоруда айтылып өткөндөй, "Манас" эпосу Кыргызстанда Саякбайдын варианты
боюнча да, Сагымбайдын варианты боюнча да нечен ирет басылган. А түгүл "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленип, ошону дүйнөлүк деңгээлде өткөрүү боюнча БУУнун атайын токтому да чыккан. Ага чейин деле Кыргызстандын аймагынан жазылып алынган "Манас" эпосунун үзүндүлөрү, чет тилдерде жарыяланып, чет өлкөлүк окумуштуулар тарабынан нечен курдай изилденип келген эмеспи. Демек, "Манастын" ээси - кыргыздар.
Ал эми патент тууралуу айта турган болсок, кийинки учурларда базар мамилелеринин өнүгүшү менен руханий казыналар дагы товар катары баалана баштады. Андыктан, биз кытайлык кыргыздар Кытайда сакталган "Манасты" дагы китеп кылып басып чыгарып, анан ага кыргызстандык кыргыздар менен биргеликте ЮНЕСКОдон патент алып коймокчу болуп, 2006-жылы Кыргызстанга кат жолдодук. Ага эч кандай расмий жооп болбогон соң, мындай аракеттерибизди биз бир нече жолу кайталадык. Акыры эч майнап чыкпай, эч ким эч кандай жооп бербей койгон соң, Жусуп Мамайдын вариантындагы "Манасты" аргасыздан кытай кыргыздарынын атынан эле каттап коюу өтүнүчү менен ЮНЕСКОго кайрылдык. Аны каттоонун да өзүнчө жол-жобосу, ошого тиешелүү чыгымдары болот экен. Аз сандуу калктын оозеки чыгармачылыгын колдоо максатында ага тиешелүү чыгымдарды Кытай мамлекети көтөрдү. Болгону эле ошол.
- Ошол Жусуп Мамайдын вариантын ЮНЕСКОдо каттатуу үчүн өз учурунда кат жибербей, авторлош болуу укугуна ээ болбой калгандыгыбыз үчүн биз эми кандай зыяндарга кириптер болобуз?
- Эң чоң зыян болду дегенибиздин себеби - ал вариант Кытай өлкөсүндө чыгарылган товар катары эсептелет да, ошол өлкө анын патенттик укугунун ээси болуп калат. Демек, аны басып чыгаруу үчүн Кыргызстан СУАР менен келишим түзүп, ошого ылайык акча төлөйт. Бул авторго төлөнүүчү калем акыдан башка. Кытай кыргыздары андай акчадан баш тарткан учурда да, эң эле жок дегенде басып чыгаруу үчүн алардан расмий өтүнүч алышы зарыл болуп калат.
- А биз Саякбайдын же Сагымбайдын вариантын кайра китеп кылып чыгарып, ошого патент алсак болобу эми?
- Силер эгер чамдап аракеттенсеңер, Жусуп Мамайдын вариантын деле эки өлкөнүн атынан тең каттатып, биз менен биргеликте эле патент алсаңар болот. Ошондой эле, Сагымбайдын вариантына өзүнчө, Саякбайдын вариантына өзүнчө патент алууга да болот. Же болбосо, "Манас", "Семетей", "Сейтек" деп туруп эле ошол үчилтикке бир патент алсаңар дагы болот. Анткени, ар бир патент алынуучу чыгармага, ал китеп болуп чыккандан тышкары да, анын сюжети боюнча беш мүнөттүк фильм тартылышы керек. Дагы башка патенттик төлөмдөрү да бар дебедимби.
- "Боз үйүбүзгө казактар патент алып, аны да бизден тартып кетти," - деген коога бар бизде.
- Ооба, казактын боз үйүнө казактар, монголдун боз үйүнө монголдор патент алышты деп уккам.
- Ал эки боз үйдүн кандай айрымасы бар экен?
- Кеп туруш-турпатында, ички-тышкы айрымачылыктарында го сыягы. Монгол боз үйүнүн чамгарагы кастрюлдай болуп жогору чыгып турат эмеспи. Дагы башка айрымачылыктары да болуш керек. Маселен, силерде "Медведь" - деп өзүнчө, "Аюу" арагы деп өзүнчө патент алып жүрүшпөйбү.
- Кыскасы, жөн эле чуулган салып, ар нерседен курулай трагедия жасай бербей, изденүү менен иш алып барып, улутка тиешелүү мурастарыбызды өзүбүзгө ыйгарып алышыбыз керек турбайбы.
- Ооба, кеп ошондо.
(Р.S.) Акыйкатчы Турсунбек Акун да
атайын өкүлдөр менен биргеликте Кытайга барып, манасчы Жусуп Мамай аксакалыбыз менен кезигип келиптир. Маселени тактоо үчүн мен дагы аны менен жолугуп сүйлөштүм. Анан да жакында эле "Манасты" китеп кылып чыгарган Абдылдажан Акматалиев агай менен дагы бул маселе тууралуу сүйлөшүп, келечек пландарын уктум. Алар Макелек Өмүрбай агайдын айткандары туура экендигин тастыкташты.
Маектешкен Атантай АКБАРОВ, акын





  Убакыт - сынчы

Элден айланса болот
Элибизде "кимдин ким экендиги бир жакшылыкта, бир жамандыкта билинет" деп бекеринен айтылбаса керек. Мен элибиздин жан тарткан жароокер, боор тарткан боорукердигин, жардамга кол сунган айкөлдүгүн, керек болсо бир сындырым нанды бөлүп жегенге даяр бийик адамгерчилигин, эң негизгиси майтарылбас бекемдиги менен биримдигин 11-14-июнда болуп өткөн Ош, Жалал-Абад окуяларынан кийин дагы бир жолу көрүп, таазим кылдым.
Апрель революциясында Бишкекти канга жууп, Жалал-Абадга качып келген жердешибиз Курманбек Бакиевдин Ошто туруп мамлекетти башкарам деген аракети ишке ашпай, качып жок болду. Бирок жалпы кыргызстандыктарга республиканын түштүгүн жаман көрсөтүп койду. Ош, Жалал-Абад окуяларында ошол таарынычтар унутта калып, түндүктүн эли түрө көтөрүлүп, түштүккө колун сунду. Бишкек, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас региондорунун жашоочулары жапа чегип жаткан Ош менен Жалал-Абаддга жан тартып, алган айлыгынан, ичкен ашынан каражат чогултуп бизге жөнөтүп жатышты. Элдин берген жардамдары аэропортто кезек күтүп, жегенге, кийгенге эмес, ташыганга жетишпей жатышты. Бишкекте эл чогулуп, бийликтен түштүккө барууга шарт түзүп берүүсүн талап кылганын угуп, окуп
ыраазы болуп жаттык. Жаңжалды токтотууга жарамдуу жарандар, врачтар Ош менен Жалал-Абадга келишип, жазыксыз жапа чеккен элге жардам беришти.
Жашырганда эмне, окуя жаңыдан башталганда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн башчысы Р.Отунбаева республиканын түштүгү көзөмөлдөн чыгып кетет деп чочулап, дүйнөлүк коомчулуктун кийлигишүүсүн, жардам сурап жиберди. Бирок, түндүк, түштүк эли биригип, өрттү өчүрө алды. Республиканын ар тарабынан келген элдик кошундун өкүлдөрү өрттү аралап,
кооптуу жерлерде жүрүп, ач-ток калып, этностор аралык жаңжалды токтотуп, тынчтыкты орнотуп беришти.
Элден айланса болот. Кандай улуу сөз. Жаңжал учурунда Бишкекте жашаган кандаштарыбыз, жапа чеккендерге жашоо үчүн үйлөрүн сунуш кылышты. Топ-топ кылып Ысык-Көлгө алпарып эс алдырып жатышты. Акчасын чогултуп жөнөтүп жатышты. Республиканын түндүгүндөгү мечиттерде момун мусулман кандаштарым күнү-түнү сыйынып, Ош, Жалал-Абаддын элине ыйман, бейпилдик тилеп жатканын угуп көзүмөн жаш айланды.
Бул окуя да бизге сабак болуп калды. Албетте, жумурткадан кыр чыгарып, түндүк тараптан келген колдоону "саясый максатты көздөгөн, өздөрүнүн атын чыгаруу үчүн жасап жатат" деп экиленип, элдин эрмеги болгондор да кездешти. Келген жардамдарды ташып алуудан жадаган жергиликтүү бийликтин башындагылар да кездешти. Көп түкүрсө көл болот дегендей түштүктө жаңжал чыккан жерлерде эл да, жергиликтүү бийлик да тамак-аш, кийим кече,дары-дармектин тартыштыгын сезген жок. Келген жардамдар сен - кыргызсың, сен - өзбексиң дебей берилди. Тескерисинче, кыргыздарды тоо тараптагы туугандары алып чыгып кетип, жардамды өзбек улутундагы жарандар алды. Акыры тирешкен тараптар тообасына жанып, түштүктө ынтымак орноду. Кыргыз элин анын биримдиги сактап калды.
Демек, биз жеке мүдөөсүнөн улам элди түндүк-түштүккө бөлгөн саясатчы сөрөйлөрдү ээрчибей, өлкөбүздүн туусунун астында биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, элибиздин эгемендүүлүгүн сактап калалы.
Орозалы Карасартов,
Жалал-Абад облусу