27.08.10 Түркиядан 21 млн. доллар
Президент Роза Отунбаева Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Хаккы Акил баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушууда Хаккы Акил өзүнүн Кыргызстандын түштүгүнө болгон сапары тууралуу айтып берди. Ал Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн өлкө жардамдарга муктаж экендигин билдирди.
Роза Отунбаева Түркияга Кыргызстан үчүн оор учурда жардам бергендиги жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин келечектеги кызматташтыгын, Кыргызстанга жардам берүүнүн жолдорун талкуулашты.
Эске сала кетүүчү жагдай, Түркия өлкөбүзгө 21 млн. доллар көлөмүндө жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. Бул жардамдын 11 млн. доллары июнь айындагы тополоңдо жабыр тарткан адамдарга жардамга жумшалмакчы.
А.ЭСЕНОВ, Сүрөтү С.ДОСАЛИЕВдики





Экс-президент менен биринчи вице-премьер
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Амангелди Муралиев Хорватия Республикасынын экс-президенти Степан Мисичи менен жолугушту. Жолугушууга ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кеңсесинин жетечисинин милдетин аткаруучу Эржан Мурат катышты.
А.Муралиев хорватиялык конокторду республикадагы абал менен тааныштырып, өкмөттүн күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы, июнь окуяларында жапа чеккен жарандарды кыш түшкөнчө турак жай менен камсыздоо боюнча республика жетекчилиги көрүп жаткан чаралары жөнүндө айтып берди.
Өз маалыматыбыз

Парламенттик шайлоого парламентарий байкоо жүргүзөт
Президент Роза Отунбаева Япония парламентинин өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Нобухико Суто менен Наото Сакагучини кабыл алды.
Президент Роза Отунбаева маектештерине өлкөдөгү учурдагы кырдаал, 2010-
жылдын 10-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү, республиканын түштүгүндөгү коомдук-саясый кырдаалды турукташтыруу боюнча мамлекет жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кыскача маалымдап берди.
Жалпы республикалык референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Кыргызстан парламенттик башкаруудагы республикага айланары айтылды. "Бул - бир гана Борбор Азиядагы эмес, бүтүндөй КМШдагы чоң жаңылык. Биздин элибиз жаңы Конституцияга добуш берип, ушул жолду тандап алды. Биз бул өтө жооптуу чечим экендигин түшүнөбүз жана аны ишке ашырууга даярбыз", - деди Президент.
Ошондой эле, мамлекет башчы Япония парламентинин өкүлдөрүн Кыргызстандагы алдыда болуучу шайлоого байкоочу катары катышууга чакырды.
Япония парламентинин өкүлдөр палатасынын мүчөсү Нобухико Суто парламентке шайлоонун жүрүшүнө байкоочу катары чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, "Менде мындай иш боюнча тажрыйба бар, мен Өзбекстандагы шайлоонун жүрүшүнө байкоочу болгонмун. Алдыдагы шайлоо демократиянын өнүгүшү үчүн бир гана Кыргызстан эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн чоң мааниси бар", - деди.

28-августа иштеп, 30-августа эс алабыз
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Ага ылайык эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жуманын графиги менен
иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2010-жылдын 30-августундагы иш күнү 2010-жылдын 28-августундагы дем алыш күнүнө которулду.


Жабыркагандардын
туугандарына - жардам
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева 2010-жылдын 6-7-апрелинде каза тапкан жана жабыркагандардын туугандарына материалдык жардам берүү тууралуу буйрукка кол койду.
Буйрукка ылайык КРнын каржы министрлигине атайы эсеп каражатынан каза
тапкан жана жабыркагандардын туугандарына материалдык жардам берүү үчүн төмөнкү адамдарга акча каражатын бөлүү тапшырмасы берилди:
Абдылдаева Гүлмира Океновнага - 10,0 (он) миң сом өлчөмүндө;
Гуляев Үсөн Абдусаматовичке - 50,0 (элүү) миң сом өлчөмүндө;
Тулеков Сабыр Бегалиевичке - 50,0 (элүү) миң сом өлчөмүндө;
Чаргынова Мунара Еркинбаевнага - 20,0 (жыйырма) миң сом өлчөмүндө;
Алтынбекова Бегайым Табалдиевнага - 20,0 (жыйырма) миң сом өлчөмүндө.





Социалдык колдоо
Коогалаңдарда жабыркагандарды мамлекет жер каратпайт
Апрель, май жана июнь окуяларында жабыркагандарга,
каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик социалдык
колдоо көрсөтүү тууралуу Декретке кол коюлду

Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева апрель, май жана июнь окуяларында жабыркагандарга, каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү тууралуу Декретке кол койду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул документ каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Талас облусундагы 6-апрелдеги окуяда, Бишкектеги 7-апрелдеги окуяда, Жалал-Абад шаарындагы 13-14-майдагы жана Ош шаарындагы, Ош облусундагы жана Жалал-Абад облусттарындагы июнь окуяларында жабыркаган жарандарга мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.
1.Төмөндө Декреттин текстин толук түрдө келтиребиз:
Ушул Декрет Талас облусундагы 2010-жылдын 6-апрелдеги окуяда, Бишкектеги 7-апрелдеги окуяда, Жалал-Абад шаарындагы 13-14-майдагы жана Ош шаарындагы, Ош облусундагы жана Жалал-Абад облусттарындагы июнь окуяларында каза тапкандардын төмөндөгү үй-бүлө мүчөлөрүнө жайылтылаары белгиленсин:
- балдар - 18 жаш куракка
чейинки;
- ата-энелери (атасы, энеси) - пенсиялык курактагы, эгерде каза болгон уулу жалгыз бала болсо.
2. Талас облусундагы 2010-жылдын 6-апрелдеги окуяда, Бишкектеги 7-апрелдеги окуяда, Жалал-Абад шаарындагы 13-14-майдагы жана Ош шаарындагы, Ош облусундагы жана Жалал-Абад облусттарындагы июнь окуяларында жабыркаган жарандарга төмөндөгүлөр кирээрин белгиленсин:
- ден-соолугуна катуу, катуудан төмөн жана жеңил жаракат алган жана соттук-медициналык экспертизанын тийиштүү чечимине ээ болгон жарандар;
- Талас облусундагы 2010-жылдын 6-апрелиндеги окуяда, Бишкектеги 7-апрелдеги окуяда, Жалал-Абад шаарындагы 13-14-майдагы жана Ош шаарындагы, Ош облусундагы жана Жалал-Абад облустарындагы июнь окуяларында алган жаракатына байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары таанылган жарандар.
3. Ар ай сайын кошумча түрдө кепилденген минималдык кирешенин он эселенген өлчөмүндөгү социалдык жөлөк пул белгиленсин:
- каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө:
- балдарга - 18 жаш куракка чейин;
- ата-энелери (атасы, энеси) - пенсиялык курактагы, эгерде каза болгон уулу жалгыз бала болсо, - өмүр бою;
- алган жаракатына байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары таанылган жарандарга - майыптык белгиленген күндөн тарта медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын чечими күчүндө эсептелген күнгө дейре.
Ар ай сайын кошумча түрдө бериле турган социалдык жөлөк пулдун берилүү жана төлөнүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Жаракат жана майыптык алган жарандарга төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:
- КР жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында медициналык тейлөө жана жеңилдетилген дары-дармектик камсыздоо;
- протез-ортопедиялык жактан акысыз камсыздоо:
- соттук-медициналык чечимдин жана дарыгерлердин чечиминин негизинде эмгекчилерди сакайтуу фондунун эсебинен эки жыл аралыгында санатория-курортторго жеңилдетилген жолдомолор менен камсыздоо.
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар санаториялык-курорттук дарылоо менен КРнын мыйзамдарына ылайык камсыз болушат.
Жабыркаган жарандар иштеген жеринен санаторийге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомо алууда артыкчылык берилет.
5. Каза болгондордун балдары:
- мамлекеттик заказ жана билим берүү стандарттарынын чегинде мамлекеттик билим берүү уюмдарында орто жана жогорку адистик билим алууга артыкчылык укуктарга ээ;
- мектепке чейинки мекемелерде кезексиз түрдө орундар менен камсыздалат.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө төмөнкү кошумча социалдык кепилдиктерди белгилөөгө укуктуу:
- кошумча материалдык жардам;
- турак-жай менен камсыз кылуу;
- жеке турак-жай жана кооперативдик турак-жай курулуштарын курууга үстөксүз ссуда берүү;
- муктаждыктагы каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн отун-суу менен камсыздоо;
- шаардык транспорттун бардык түрүндө акысыз жүрүүнү камсыздоо (таксиден тышкары), айыл жергесинде - шаар четиндеги жана шаар аралык коомдук транспортто акысыз жүрүүнү камсыздоо.
7. Жабыркаган жарандар "КРнын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызмат тууралуу" КРнын Мыйзамында белгиленген тартипте аскердик кызматтан бошотулаары белгиленсин.
8. Ушул Декрет аркылуу белгиленген социалдык кепилдиктерди каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген республикалык, жергиликтүү бюджеттердин жана башка бюджеттен тышкаркы булактардын эсебинен ишке ашырылат.
9. Ушул Декрет Кыргыз Республикасынын жалпы аймагына жана Кыргыз Республикасында такай жашаган жарандарга, анын ичинде КРнын ИИМдин билим берүү мекемелеринин курсанттарына, кызматкерлерине, аскер кызматкерлерине да жайылтылат.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө өз ченемдик укуктук актыларын аталган Декретке ылайык келтирилсин.
11. Ушул Декрет расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.