Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Кылмышты жапкан токтомдор

Укуктук мамлекетти куруу үчүн укук коргоо, сот органдарында адилет, акчага кызыкпаган, мыйзамдардын алкактарында гана аракеттенген, өз ишинде карьера куруу үчүн таза репутациясын сактоого умтулган кызматкерлер иштеши керек. Булар башкы сапаттар болсо, андан кем калбаган сапат - кесипкөйлүк болушу зарыл. Биз төмөндө сөз кылганы жаткан окуянын башкы "каармандарында" - Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын, Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринде, жетекчилеринде жана Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.Жакыбердиевдин ишмердүүлүгүндө ушундай сапаттар бар экендигинен күмөн санабай коё албайсың. Бул сөзүбүздү конкреттүү бир кылмыш ишинин мисалында тастыктап берели.

Тергөөнүн теңирден тескери
кетип жатышынын сыры барбы?
Болсо эмнеде?
Аттан учкан адам ташты мээлеп жыгылганбы?
Же тергөөдөгү толгон "бироктор"...
Бул макалада "бирок" деген сөз көп колдонулат. Бирок, ал автордун стилистикалык алсыздыгы эмес, окуялардагы өкүнүчтүү жагдайлардын көп болгондугу менен шартталган. Макаланы окуган адам ага өзү күбө болот.
2009-жылдын 14-майында Чүй районунун Алмалуу айылынын Кичи-Алмалуу жайлоосунда табышмактуу жагдайларда 47 жаштагы Нуралин Байтемиров каза болот. Кийин Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун 22-сентябрдагы корутундусунда Н.Байтемировдун денесиндеги жаракаттар жумуру катуу предметтердин аракеттеринен пайда болгон курсактын, көкүрөк клеткасынын туюк травмасы, боордун оң жагынан кеңири айрылып кетиши, оң жактагы 8-жана 9-кабыргалардын кош жарака алуусу, оң жактагы 8- жана 9-кабыргалар тушундагы төш клеткасындагы чоң кан куюлуулар, ички курч кан куюлуулар, травмалык жана геморрагиялык шок катары мүнөздөлгөн.
Корутундуда адам чектелген травма келтирүүчү үстүңкү бети бар жумуру предметке аттан жыгылган учурда жапа чеккендин денесинде көкүрөк клеткасынын оң жагындагы чектелген кан агуудан башка да тышкы жаракаттар болууга тийиштиги айтылат. Атап айтканда, төш клеткасында жана курсакта, колдордун жана буттардын учтарындагы теринин тилке-тилке болуп сыйрылган жерлери. Мына ушуга байланыштуу жаран Н.Байтемировдун дене жаракаттары чектелген травма келтирүүчү үстүңкү бети бар жумуру предмет менен ургандан пайда болгон деген корутунду чыгарылган.
Мына ушундан улам тергөө кайсы багытта жүрө тургандыгы адис эмес, анча-мынча билими бар адамга деле түшүнүктүү болуп калат. Бирок...
Бирок, буга ишти тергеген тергөөчүлөр ага таптакыр ишенгиси келишпей, өжөрлүк менен аттан жыгылып каза болгон деген версияны бөркүндөй көрүшүп, ишти тереңирээк иликтешпей жатышат. Жада калса аттан жыгылган адам ал кандай ташка куласа да, жок дегенде колу-буту, чыканагы-тизеси сынбаса да сыйрылып, эч болбосо көк-ала болмок да! А тергөөчүлөр айыпталуучуну "ээрчишип" артынан Н.Байтемиров өзү эле аттан жыгылып каза болгондугу жөнүндө версияга гана басым жасашууда.
КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-статьясынын 1-бөлүгү боюнча козголгон бул ишти алгач тергеген Чүй РИИБсынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Э.Жашин уулу Н.Байтемиров аттан жыгылды деп болжолдоо менен 2009-жылдын 8-июнунда КРнын Жазык-процесстик кодексинин (КЖК) 28-статьясынын 2-пунктунун 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Ушундай эле токтомду 25-июлда Чүй РИИБсынын начальнигинин орун басары О.Токтогулов бул окуя боюнча кылмыштын белгилери жок болгондугуна байланыштуу деген жүйөө менен кабыл алат.
Андан кийин "эстафетаны" алган Чүй ОИИБсынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Т.Акунбек уулу 2009-жылдын 30-декабрында КРнын ЖПКсынын 221-статьясынын 3-пунктунун 1-бөлүгү боюнча иш боюнча тергөөнү убактылуу токтотуу токтомун чыгарат.
Бул факт боюнча канча жолу кылмыш иши козголуп, канча жолу ар кандай шылтоолор менен жабылганын, анан прокуратура органдарынын тергөөдөгү кемчиликтерди көзгө сайып көрсөтүү менен ишти жапкан токтомдорду жокко чыгарганын санап отурсаң, окурмандын башы адашат.
Мисалы, Чүй районунун прокурору Н.Бадалов тарабынан 25-сентябрда КРнын КЖКсынын 97-статьясынын 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, ал андан ары тергөө үчүн Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө берилген. Бирок... 25-ноябрда тергөөчү Ж.Шакеев тарабынан айыпталуучу катары тартылууга тийиш болгон адамдар аныкталбагандыгына байланыштуу КРнын ЖПКсынын 221-статьясынын 3-пунктунун 1-бөлүгүнүн негизинде убактылуу токтотулган. Дегинкиси, ушунча киши көрүп отурган окуянын башкы күнөөкөрүн таба албаган андай кызматкердин кереги барбы? Ушундай суроонун жаралышы мыйзамченемдүү.
30-ноябрда эми Чүй облустук прокуратурасы тарабынан бул токтом алынып салынып, тергөө мөөнөтү калыбына келтирилип, ал 2009-жылдын 30-декабрына чейин деп аныкталып, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жиберилген. Ал иш колуна тийген тергөөчү Т. Акунбек уулу бир ай аралыгында "бардык зарыл тергөө аракеттери жана оперативдүү иш чаралар жүргүзүлдү, бирок айыпталуучу катары тартылууга тийиш болгон адамдарды табууга мүмкүн болгон жок" деген себеп менен тергөө бүткөн акыркы күнү - 30-декабрда жогоруда айтылган токтомду чыгарды.
Ал токтом Чүй облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору А.Жусупов тарабынан 2010-жылдын 26-февралындагы токтому менен жокко чыгарылып, иш боюнча тергөөнүн мөөнөтү жаңыртылып, ал иш ОИИБга кайра түшкөн күндөн баштап бир ай болуп белгиленген.
Иш кайрадан эле Чүй ОИИБсынын "алмашылгыс кадры" Т.Акунбек уулуна тийип, ал көнгөн адатына сала КРнын ЖПКсынын 221-ста-
тьясынын 3-пунктунун 1-бөлүгү
боюнча айыпталуучу катары тартылууга тийиш болгон адамдар аныкталбагандыгына байланыштуу убактылуу токтоткон токтом чыгарган.
Бул токтом кайрадан эле облустук прокуратуранын бөлүмүнүн прокурору А.Жусупов тарабынан 2010-жылдын 21-майындагы токтому менен жокко чыгарылып, иш боюнча тергөөнүн мөөнөтү жаңыртылып, ал иш ОИИБга кайра түшкөн күндөн баштап бир ай болуп белгиленген...
Улам-улам "убактылуу токтотула" берүүнүн себеби эмнеде болду экен? Балким иштин кайра ачылышы үчүн улам арызданган маркумдун атасы карыган чал Жаныш Байтемиров тажагандан үмүтүн үзүп арызданбай калышынан үмүттөнүү болуп жүрбөсүн?..
Бизде
"шерлок холмстар", "анискиндер" жокпу?
Менин оюм боюнча, мындай натыйжа, тактап айтканда ишти атайылап аягына чыгарбоо эки себептен улам гана болуп жатат.
Биринчиси - биздин ички
иштер органдарында иштеген кызматкерлер чынында эле көчөдөгү мас адамды кармап алып, коркутуп чөнтөгүн тазалап алганды гана билишет жана кылмыш жасагандардын таптакыр изи калбаган "түнт" окуяларды айтпаган күндө да, мындай олуттуу иштерди тергей алышпайт. Иштин материалдары менен таанышкан адам мындай
тыянакка келбей койбойт. Анткени, кылмыш болгон жерде күбөлөр көп болгон. Анын үстүнө бул факт боюнча прокуратура органдарынын сунуштарында окуяны тергөөдө кандай кемчиликтерге жол берилгендиги, аларды жоюу үчүн эмне кылуу керектиги ийне-жибине чейин жазылган.
Окуянын катышуучулары (негизинен шектүү делинип жаткан Т.Мамбетказиев менен Н.Молдошев) сурак убагында билдиришкендей, хронологиялык тартипте баяндаганда мындайча болгон.
Азыр айыпталып жаткан Т.Мамбетказиев Н.Байтемиров экөөсү 15-май күнү эртең менен саат 10дор чамасында Алмалууга жөнөшөт. Жолдон К.Иманалиевдин үйүнө токтошкондо, ал жерде үй ээси агасы Н.Иманалиев, Н.Молдошев жана Б.Калиев болушуп арак ичип отурушкан экен. Булар келгенден кийин жарым бөтөлкө аракты ичишип, андан соң үй ээси дагы бир бөтөлкө арак алып чыгат. Аны ичишкенден кийин кетмекчи болушканда өзүнүн аты кетип калган экен, ошондуктан Н.Молдошев булардын ала кетүүсүн өтүнүп, Н.Байтемировдун атына учкашат. Бирок тик дөңгө чыга бергенде ал аттан шыпырылып түшүп калып, Н.Байтемиров андан ары жалгыз кеткен болот. Ал ортодо Н.Иманалиев Н.Молдошевдин атын кармап келип калат.
Т.Мамбетказиев белди ашып коктуга жеткенде Н.Байтемировдун аты ээси жок бош жүргөнүн көрөт. Жакын барганда ал жерде ичин басып онтоп жаткан болот. Бир маалда ал үзүлүп кетет. Ошондо Т.Мамбетказиев кайра Н.Молдошевдин үйүнө келсе, ал мас болуп, кусуп, ордунан тура албай жаткан болот. Кечинде гана чогуу барышып, маркумдун туугандарына телефон чалышып билдиришет.
Бул материал боюнча тергөөчү Э.Жашин уулунун 8-июндагы кылмыш ишин козгоодон баш тарткандыгы боюнча Чүй ОИИБсынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү А.Даминов түзгөн справкада иш үстүртөн тергелгендиги аргументтердин негизинде даана көрсөтүлгөн. Анда айтылгандай, күбөлөр үстүртөн суралган, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар кезиксе да аларды аныктоо үчүн зарыл чаралар көрүлбөгөн, ошол күндүн хронометражы жүргүзүлбөгөн, Т.Мамбетказиев бирде Н.Байтемировдун жанына барганда ал жерде жаткандыгын айтса, бирде тизелеп эңкейип тургандыгын айткан, Н.Байтемировдун жанында уюлдук телефону бар экендигин билсе да, аны менен туугандарына дароо айтпаган. Ошондуктан буларды тыкыр текшерүү керектиги баса белгиленген.
Бирок, Н.Байтемировдун туугандарына Т.Мамбетказиев окуя боюнча башка нерселерди айткан. Мисалы, Н.Байтемировду ат тепкендигин жана окуя болгондон кийин гана арак ичип алгандыгын. Маркумдун туугандары өлүктү алганы барышканда ал жаткан жердин айланасында таш болбогондугун да билдиришкен.
Мына ушундан кийин биздин каарман милициябызда тергөө өңүтүнөн алганда анчалык татаал болбогон бул ишти бир жылга
чейин аягына чыгара алчу кесипкөй милиционер калбай калганбы деген ой кетет. Антейин десең, кээде мындан да чаташкан, татаал, жиги билинбеген иштерди деле ачып коюшуп жатышпайбы!

(Уландысы 12-бетте)










кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
27-август, 2010-ж.:
1-бет
"Чү" дегенде эле Чудан кармалдык
2-бет
Мэр башка - шаар башка
3-бет
Кылмышты жапкан токтомдор
4-бет
Маараке куттуктоолор
5-бет
Түркиядан 21 млн. доллар
6-бет
"Кызматка жетсем, жеп-ичсем деп бакиевдер менен кармашкан эмесмин"
7-бет
Сапар кайрык
8-бет
Көтөрмөдө курулуштардын катары көбөйөт
9-бет
Улуу жүрүш
10-бет
Ата Журт алкагында
11-бет
29-август -Ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнү
12-бет
Тергөөнүн теңирден тескери
кетип жатышынын сыры барбы?
Болсо эмнеде?

13-бет
Ат жалында маек
14-бет
Талас облусунун тургундары
"Жерүйалтынды" ачык колдошот

15-бет
Функционалдык милдеттери төмөнкүдөй:
16-бет
30-август - Казакстан Республикасынын Конституциясынын күнү





Яндекс.Метрика