Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


 30-август - Казакстан Республикасынын Конституциясынын күнү

Башкы мыйзам
жакшы башталыштардын
башатында болсун
Мындан эки ай мурда республикабызда өткөн бүткүл элдик референдум Конституциянын өлкө турмушу үчүн ролу эбегейсиз чоң экенин далилдеп берди. Жаңы Конституциянын кабыл алынышы саясый-экономикалык туруктуулуктун орношуна шарт түзүп, анда белгиленген нормаларды ишке ашырууга өбөлгө болууда. Ал эми, коңшу Казакстан
30-августта Конституция күнүн белгилемекчи.
Боордошторубуздун ушул мааракесин утурлап, Казакстан Республикасынын Кыргыз
Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси ИСАБАЕВ Бейбит Өксүкбай уулу менен маек курганбыз.

- Бейбит Өксүкбай уулу, Сизди жана Сиз аркылуу казакстандыктарды айтылуу маараке - Казакстан Республикасынын Конституциясынын күнү жана анын 15 жылдыгы менен гезиттин жамааты жана окурмандарынын атынан куттуктайбыз!
- Ыракмат! Силердин республика жакында кабыл алган жаңы Конституция да Кыргызстан калкынын мындан ары өнүгүүсүнө жол ачып, бакубат жашоого пайдубал болуп берет деген үмүттөмүн. Парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө тилектешпиз, ошондой эле, мүмкүнчүлүктү пайдаланып, биздин мааракебизге удаа келген 31-август - Эгемендик күнү менен кыргызстандыктарды чын дилден куттуктаймын.
- Элчи мырза, эмне үчүн Казакстан Конституциясынын күнүн белгилөө 1995-жылдан башталды? Эгемендиктин алгачкы жылдарында Конституция кабыл алынбады беле?
- Сурооңузга жооп иретинде мамлекет башчыбыз Нурсултан Назарбаевдин "Казакстан жолу" аттуу китебиндеги мына бу принциптерди келтирсемби дейм. 1993-жылы кабыл алынган Конституцияда саясый, социалдык жана экономикалык өнүгүүгө негиз болчу маселелер камтылбай калган болчу. Алар: мамлекеттик башкаруу системасын бекемдөө; экономикалык реформаны жүргүзүү менен, өлкөнү ошол кездеги терең кризистен чыгаруу; жаш мамлекеттин тышкы саясатын калыптандыруу жана ички саясый туруктуулукту камсыз кылуу. 1995-жылдагы Конституцияда булардын бардыгы эске алынган.
Конституциянын долбоорун иштеп чыгууда республикабыздын беделдүү мыйзамчылары, Франциянын жана Россиянын Конституция боюнча адистери эмгек сиңирди. Эң башкысы, Казакстандын көз карандысыздык тарыхында документ бүткүл элдик талкууга коюлуп, элдин мүдөөсү чагылдырылды. Талкууга 3 млн. 345 миң адам катышып, 31 миң 886 сунуш түштү, алар жалпыланып 1100ү Конституциянын долбооруна киргизилди. Ошентип, 1995-жылдын Конституциясы чыныгы элдик документ болуп калды. Конституция кабыл алынган 30-август улуттук майрам күнүнө айланды. Конституциянын 15 жылдыгы быйыл Казакстандын ЕККУга төрагалык кылышы менен тушташ болуп жатканы да чоң саамалык.
- Казакстандын элдик Конституциясын негиздөөдө Президент Нурсултан Назарбаевдин да салымы зор деп угабыз.
- Ал ырас. Мамлекет башчыбыз 20дан ашуун өнүккөн мамлекеттердин баш мыйзамдарын терең иликтеп, Казакстан Конституциясынын долбоорун дыкат карап, сунуштарын киргизген. 1994-жылы өз колу менен Адилет министрлигине тапшырган. Ушул долбоор бүгүнкү Баш мыйзамыбыздын өзөгүн түзүп отурат.
Мамлекет башчыбыздын сунушу менен киргизилген төрт принцип аркылуу Конституциябыз башка өлкөлөрдүкүнөн айырмаланып турат жана ушул принциптер аркылуу Казакстан ар тараптуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул принциптер Конституциябыздын 1-беренесинде тастыкталган: "Республика ишмердигинин түбөлүк принциптери: коомдук ынтымак-ырашкердик менен саясый туруктуулук; бүткүл элдин ийгилигин көздөгөн экономикалык өнүгүү; казакстандык патриотизм; мамлекет турмушунун өтө маанилүү маселелерин демократиялык ыкмалар менен, анын ичинде, республикалык референдумда же парламентте добуш берүү аркылуу чечүү".
- 2007-жылы 21-майда Казакстан Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгени белгилүү. Ошондо дүйнөлүк маалымат каражаттары "Казакстан президенттик-парламенттик башкарууга карай батыл кадам жасады", - деп маалымдашкан.
- Заман талабына ылайык Конституцияга өзгөртүүлөрдүн же толуктоолордун киргизилип отурушу дүйнөлүк практикада орун алган кадыресе көрүнүш. Казакстан - президенттик башкаруу формасындагы мамлекет. Деген менен, 2007-жылдагы конституциялык реформанын негизинде парламенттин ыйгарым укуктары бир кыйла кеңейгенин баса белгилөөгө болот.
Казакстан Парламенти туруктуу негизде жумуш иштей турган эки палатадан - Сенаттан жана Мажилистен турат.
Казакстан Президентинин сунушу менен Жогорку соттун төрагасын, Жогорку соттун судьяларын шайлоо жана кызматтан бошотуу маселелерин кароо жана алардын антын алуу Сенатка гана тиешелүү. Ошондой эле Сенат республика Президенти Улуттук банктын төрагасын, Башкы прокурорду жана Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын дайындоосуна макулдук берет.
Мажилистин өзгөчө кароосуна төмөндөгүлөр жатат: 1) Парламентке киргизилген конституциялык мыйзамдар менен мыйзамдардын долбоорлорун кароого кабылдоо жана ушул долбоорлорду кароо; 2) Палата депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Республика Президентине Республика Премьер-министрин дайындоого макулдук берүү. 3) Республика Президентинин кезектеги шайлоосун кабарлоо.
Конституциянын 56-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Мажилис өзүнүн депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, жалпы санынын бештен биринин демилгеси менен Өкмөткө ишеним көрсөтпөөгө укуктуу.
Ар бир палатанын депутаттары жалпы санынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн ишмердиги жөнүндөгү отчётторун угууга укуктуу. Отчёттун жыйынтыгы боюнча, Өкмөт мүчөсү республика мыйзамдарын аткарбаган учурда, палата депутаттары көпчүлүк добуш менен аны кызматтан бошотуу тууралуу президентке кайрылууга укуктуу. Эгер президент кайрылууну кабылдабаса, палата депутаттары көпчүлүк добуш менен алты ай өткөндөн кийин президентке маселени кайрадан коюуга укуктуу. Мындай учурда президент Өкмөт мүчөсүн кызматынан бошотот.
- Конституциянын нормаларынын аткарылышын кайсыл орган көзөмөлдөйт?
- Бул милдеттер Конституциялык кеңешке жүктөлгөн. Конституциялык кеңеш:
- Талаш жаралган учурда өлкө Президентинин, Парламент депутаттарын шайлоолорду өткөрүүнүн тууралыгын жана республикалык референдум өткөрүү тууралуу маселени чечет;
- Парламент кабылдаган мыйзамдардын Конституцияга ылайыктуулугун Президент кол койгонго чейин карайт.
- Парламент жана анын палаталары кабылдаган токтомдордун Конституцияга ылайыктуулугун карайт.
- Эл аралык келишимдер бекитилгенге чейин алардын Конституцияга ылайыктуулугун карайт.
- Конституциялардын нормаларына расмий түшүндүрмө берет, ж.б.
Конституциянын 4-беренесине ылайык, республика бекиткен эл аралык келишимдер өлкөнүн мыйзамдарынан үстөмдүк кылат. Бирок "Конституциялык кеңеш" бөлүмүнүн 74-беренесинде жазылгандай, Казакстан Республикасынын Конституциясына ылайык эмес таанылган мыйзамдар менен эл аралык келишимдерге кол коюлбайт же бекитилбейт жана күчүнө киргизилбейт.
Конституциялык эмес, анын ичинде адамдын жана жарандын Конституцияда бекитилген укуктары менен эркиндиктерине кедерги келтирет деп таанылган мыйзамдар менен башка да нормативдик укуктук актылардын күчү жоюлат жана колдонууга жатпайт.
- Казакстан Республикасынын Конституциясы боюнча окурмандарыбызга кеңири маалымат бергениңизге ыракмат. Өлкөлөрүбүздүн Баш мыйзамы дайыма жакшы иштердин башатында боло берсин.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"






Байкоочу кеңештин мүчөлөрү дайындалды

КРнын Президенти Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү дайындалды.
Алар: Абдыкеримова Нургүл; Алимбаев Болот; Асанбеков Нурлан; Бакашова Жылдыз; Воронина Елена; Касаболотов Жыргалбек; Керезбеков Канат; Майчиев Шамарал; Өмүркулов Кадыр; Саалаев Жедигер; Садиев Данияр; Сариева Эльвира; Сыдыкова Зауре; Үсөнова Бегайым; Шаршембиева Нургүл.
Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү кечээ 26-августа Сариева Эльвираны төрайымдыкка шайлашты. Альтернативалык негизде өткөн шайлоодо Э.Сариева 12, Ж.Саалаев 3 добуш алды дейт кеңештин мүчөсү Данияр Садиев.

Ун арзандайт
Ун чыгаруучу ишканаларга акыркы мезгилде килограммына 4 сомдон 7 сомго чейин кымбаттап кеткен ундун бааларын төмөндөтүү тапшырмалары берилген.
Коюлган талап боюнча 26-августтан баштап базарлардагы ун наркы кайра баштапкы калыбына келиши керек. Белгиленген шартка көнбөгөн ишкерлер болсо, анда алардын бааларды жасалма жогорулатуудан тапкан кирешелерин мамлекеттин казынасына чегерүү чаралары көрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Монополияларды жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Бабырбек Жээнбеков билдирди.
Буга чейин сырттан келип жаткан буудай унунун килограммына 3 сомдон мамлекеттик алымдар алынган соң гана чек арадан өтүп турган. Эми жаңы кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун алып кирүүдө коргоо чараларын киргизүү тууралуу" "КРнын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" токтомго ылайык, сырттан ташылып келүүчү буудай унунун килограммына болгон мамлекеттик алым 1 сомдон деп белгиленди. Мунун өзү ишкерлер тарабынан сырттан буудай азыктарын импорттоого кеңири жол ачмакчы.
А.Эсенов


Имараты жаңырды,
иш башталат
Сокулук районунун Шопоков шаарында Кыргызстан аялдар конгрессине караштуу Аялдардын өнүгүү борбору ачылды. Бул жерде ар кыл темадагы конференциялар, тренингдер, кесиптик окуулар өткөрүлүп, чет тилдерин үйрөнүүчү борбордун иши дагы кеңеймекчи. Аялдарга юридикалык, медициналык жардамдар көрсөтүлөт. Андан тышкары компьютердик курстарды өткөрүү менен бүгүнкү жаңы технологиянын заманы менен кадамдаш болууга жол ачылат. Мында сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулуп, кол өнөрчүлөрдүн, уздардын улуттук буюмдарына да орун берилет.

Бул жердеги бизнес-инкубатор көптөгөн кыз-келиндерге чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.
Өнүктүрүү борборунун ачылышына АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Татиана Гфэллер айым келип катышты. Аялдардын өнүгүү борборунун жаңыртылып, заманбап ремонттон өткөрүлүшүнө Америка Өкмөтүнүн колдоосу чоң болгон.
Салтанаттуу ачылышка "Манас" аэропортундагы Транзиттик ташуу борборунун командачылыгы, курулушту иштеп бүтүргөн "Мегалит" компаниясынын директору Герман Пак жана райондук кеңештин жетекчилери да катышышты.
Кыргызстан аялдар конгрессинин Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова чыгып сүйлөп, ушундай борборлор өлкөнүн түштүк аймагында да ачылса деген пикирин билдире кетти. Себеби, республиканын түштүк аймагында аялдардын жумушсуздугу өтө орчундуу көйгөйдү жаратып келүүдө.
Аялдардын өнүктүрүү борборунун ачылышында Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева (сүрөттө: ортодо) мындай борбор аялдардын бизнес-долбоорлорду иштөөгө жол ачуу менен жумушсуздукту азайтууга жардам берерин баса белгиледи.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
27-август, 2010-ж.:
1-бет
"Чү" дегенде эле Чудан кармалдык
2-бет
Мэр башка - шаар башка
3-бет
Кылмышты жапкан токтомдор
4-бет
Маараке куттуктоолор
5-бет
Түркиядан 21 млн. доллар
6-бет
"Кызматка жетсем, жеп-ичсем деп бакиевдер менен кармашкан эмесмин"
7-бет
Сапар кайрык
8-бет
Көтөрмөдө курулуштардын катары көбөйөт
9-бет
Улуу жүрүш
10-бет
Ата Журт алкагында
11-бет
29-август -Ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнү
12-бет
Тергөөнүн теңирден тескери
кетип жатышынын сыры барбы?
Болсо эмнеде?

13-бет
Ат жалында маек
14-бет
Талас облусунун тургундары
"Жерүйалтынды" ачык колдошот

15-бет
Функционалдык милдеттери төмөнкүдөй:
16-бет
30-август - Казакстан Республикасынын Конституциясынын күнү





Яндекс.Метрика