Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Ат жалында маек

Кинорежиссер Нурбек ЭГЕН:
"Манастын
төрөлүшүн утурлап"
тасмасы - кыргыз элинин портрети
Кудай буюрса, кыргыз эли менен кошо дүйнө элдери күтүп, кызыгып жүргөн "Манастын төрөлүшүн утурлап" аттуу документалдуу тасманын 8 сериясы даяр болду. Фильмдин бет ачар аземи 30-август күнү "Ала-Тоо" кинотеатрында кечки саат 16:00дө болот. Андыктан, бул тууралуу сиздерге алдын ала азыраак маалымат берүү максатында, тасманын автору Нурбек Эгенди сөзгө тарттык.

- Нурбек, айтсаңыз, жаңы тасманын буга чейинки тартылган фильмдерден айырмачылыгы эмнеде? Себеби, бул темага биздин белгилүү кинорежиссерлорубуз бир нече жолу кайрылып, эмгектерди жаратышкан эмеспи.
- Ооба, "Манас" темасына Болот Шамшиев, Мелис Убукеев сыяктуу бир топ чыгаан кино ишмерлерибиз кайрылышып, Манас баатырдын өзү жөнүндөгү мыкты фильмдерди тартышкан. Ал эми мен кыргыз элинин жүрөгүндө жашаган Манас
тууралуу тарттым. Башкача айтканда, XXI кылымда жашап жаткан кыргыздар Манасты кандайча түшүнүп, кандай кабыл алышат мына ушулар жөнүндө. Бул экөөнүн ортосундагы айырмачылык чоң.
- Мындай чоң ишти баштооңузга эмне түрткү болду эле?
- Мага эң алгач немецтик Арте телеканалынан сунуш түшкөн. Мен бул документалдуу фильмди эки айда эле тартып бүтүрүп коём деп ойлогом. Бирок, "Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасы иш жүзүндө эки жылга созулду. 30-ав-густта сын-пикир угуу үчүн сунуштай турган вариантын биз француз, орус, немец телеканалдары аркылуу башка улуттарга да көрсөтсөк болот. Себеби, бул эл аралык фильмдердин түрүнө кирет. Башкача айтканда, аны 150 сааттык материалдын ичинен, бөлөк элдердин кызыгуусун жараткан, алар кабыл алып, түшүнө турган окуялардын топтомун түздүк.
- Иш учурунда кандайдыр бир кыйынчылыктар, же таң каларлык окуялар болсо керек?
- Бир жолу мындай болду. Камерадагы эмгектерибизди компьютерге көчүрүп, аны монтаждап бүтүп калганымда, материалдарым эч кандай себепсиз жоголуп кетти. Төрт айлык эмгек, короткон убакыт менен каражаттын баарысы текке кеткенине аябай кыжаалат болдум. Кинонун аты оор болуп жатабы деп, бир жылдан ашык башка аталыш издеп жүрдүм. Ойго түркүн темалар келди. Бирок, фильмдин атын өзгөртөм дегени, ишим жүрбөй калды. Манас атанын касиети, улуулугу ушунда окшойт, "Манастын төрөлүшүн утурлап" деген атты кандай кайтардым, ошондой жанданып иштедик.
- Жоголгон кадрларды кайрадан тартууга туура келдиби?
- Жок, бизде андай мүмкүнчүлүк болгон жок. Тилекке каршы, сценарийге бир аз өзгөртүү киргизүүгө мажбур болдум. Буюрса, каражат бөлүп, колдоо көрсөткөн тараптардын аракетин текке кетирген жокмун, мага коюлган талаптардын бардыгын аткардым. Эми 30-августта сынчылар, башка адамдар келип көрүп, өздөрүнүн оң бааларын беришсе, аларга жаккан болсо, мен фильмдин дагы тартыла турган эпизоддорун улантам.
- Демек, акыркы чекит коюла элек турбайбы?
- Дал ошондой, фильм, соңку марага жете элек. Мунун да себептери бар. Кино тартууда акча каражаты чечүүчү ролду ойногондуктан, ал болбосо эч нерсе ишке ашпайт. Фильмдин тартылып бүткөн бөлүгүнө 213 миң АКШ доллары сарпталды. Ал эми калган бөлүгүн тартып аягына чыгаруу үчүн кеминде дагы, 50 миң АКШ доллары керек болот.
- Бул үчүн мамлекеттен да каражат бөлүнсө керек эле?
- Ооба, мамлекеттен да бөлүнгөн. Андан сырткары, бул тасманын жаралышына орус кинокомпаниялары, ошондой эле, немецтердин Арте телеканалы (маданиятка арналган атайын канал) чоң көмөк көрсөттү.
- Тасманы тар-тууда, эл арасындагы ар кандай ой-пикирлерди уктуңуз да, кандай абалдарга туш болдуңуз?
- Кээ бир адамдар, Манас десе эле бир сыйкырчы адамды элестетип алышкандай. Ошол адам келип, колундагы таягын шилтесе эле, баары өзгөрүп кетчүдөй ойлошот. Жок. Бул андай эмес. Манас - бул катуу менен назикти, асман менен жерди, ай менен күндү ширелтип, бириктирип турган нерсе. Манас деген сөз биримдик деген сөз...
- Максатыңызга жеттиңизби?
- Мен качан максатыма жеткен болом? Качан ушул тасма канча бир жылдардан кийин кимдир-бирөөлөргө кызмат кылып, же XXI кылымда кыргыз эли кандай турмушта, кандай тартипте жашашкандыгы тууралуу кызыккандарга пайдасы тийгенде гана мен максатыма жеткен болом. "Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасы - бул азыркы мезгилде жашап жаткан кыргыз элинин портрети деп айтсак да болот.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"





Соттун Чечиминде саясый мүнөз болбошу керек
Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн июнь окуясы боюнча жергиликтүү сотторго түшкөн кылмыштык иштердин жыйынтыгы менен таанышуу максатында келген Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча аймактык башкармалыктын башкы комиссарынын кеңешчиси, Борбордук Азия боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Фиона Фрейзер айымды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Кубаныч Момбеков кабыл алды.

Жолугушууда Фиона Фрейзер айым өзү жетектеген эл аралык уюмдун ишмердиги менен кыскача тааныштырып өттү. Ошондой эле Фиона Фрейзер айым, өлкөбүздүн түштүгүндө болуп өткөн каргашалуу окуяларга да мониторинг жүргүзүү менен, зордук-зомбулукка каршы мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөш болгондугун да баса белгилеп, жаңы парламенттин калыптанышы менен аталган мыйзам долбоору депутаттардын кароосуна коюларына ишеничин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Кубаныч Момбеков соттук отурумдар ачык-айкын өтөөрүн белгиледи. Андыктан бардык каалоочулар, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкерлери да соттук отурумдарга катыша алышат. Ар ким жактоочу алууга укуктуу. Бир дагы соттук отурум жактоочусуз өтпөйт. Эгер ким да ким укугум бузулду деп эсептесе жогорку соттук инстан-цияга кайрылууга укуктуу. Андыктан "мыйзамсыз кармады, зордук-зомбулук менен күнөөнү моюнга алдырды" деп көпчүлүк учурларда айтылып, жазылып жаткандарга кошула берүүгө болбойт, - дейт Момбеков.
Момбековдун айтымында Жогорку соттун чечими акыркы, даттанууга жатпай тургандыктан мында бардык соттук иштер кылдат, мыйзам чегинде калыс каралат. Эч кандай саясый чечим мында болбошу керек.
Бактыбек Рысалиев,
КРнын Жогорку сотунун
басма сөз катчысы





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
27-август, 2010-ж.:
1-бет
"Чү" дегенде эле Чудан кармалдык
2-бет
Мэр башка - шаар башка
3-бет
Кылмышты жапкан токтомдор
4-бет
Маараке куттуктоолор
5-бет
Түркиядан 21 млн. доллар
6-бет
"Кызматка жетсем, жеп-ичсем деп бакиевдер менен кармашкан эмесмин"
7-бет
Сапар кайрык
8-бет
Көтөрмөдө курулуштардын катары көбөйөт
9-бет
Улуу жүрүш
10-бет
Ата Журт алкагында
11-бет
29-август -Ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнү
12-бет
Тергөөнүн теңирден тескери
кетип жатышынын сыры барбы?
Болсо эмнеде?

13-бет
Ат жалында маек
14-бет
Талас облусунун тургундары
"Жерүйалтынды" ачык колдошот

15-бет
Функционалдык милдеттери төмөнкүдөй:
16-бет
30-август - Казакстан Республикасынын Конституциясынын күнү





Яндекс.Метрика