Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 2
 29-август -Ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнү

Нурсултан НАЗАРБАЕВ:
"Дүйнөнү бардыгыбыз биргелешип
коопсуз жана сонун кыла алабыз"
Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен быйылтан баштап дүйнөлүк коомчулук 29-августту - Ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнү деп белгилей баштайт. Бул маселени жогорку трибунага Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев сунуштаган. Казакстан тараптын демилге көтөрүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн өлкөнүн кийинки алтымыш бир жылдык тарыхы айгинелеп турат.

Атом бомбасын Нобель сыйлыгынын лауреаттары жасашкан
1942-жылдын августу. Советтер Союзу өз аймагына басып кирген гитлердик Германия менен аёосуз каршылашкан согушту жүргүзүп жаткан. Кимдин жеңип чыгарын алигиче болжомолдоо кыйын. СССРге тарапташ Америка Кошмо Штаттары көмөктөшүмүш болуп, фронтту тыштан көзөмөлдөп турат. Германия жеңсе, АКШга кол салбайт деген кепилдик жок. СССР жеңсе, дүйнөлүк геосаясатта ал басымдуулук жасашы мүмкүн. Бир сөз менен айтканда - өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң - араба сынат болуп турган. АКШ баралына келип, жер бетине үстөмдүк кылууну эңсеп жаткан. Бул ниет каршылаштарды жапырт кырып-жоюу аркылуу жеңишти камсыздай турган куралдын жаңы түрүн чыгарууга түрткү болду. Роберт Оппенгеймер деген окумуштуу жетектеген физиктер үч жылда атом бомбасын ойлоп табышты (аны иштеп чыгышкан 12 окумуштуунун айрымдары Нобель сыйлыгынын лауреаттары болчу, калгандарына кийинчерээк ушул сыйлык ыйгарылган). Натыйжасы - белгилүү.1945-жылы июль айында сыноо аянтында алгачкы атом бомбасын жарып көргөн америкалыктар август айында эки гана бомба менен Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларын таш-талкан кылды.
СССР да карап жаткан жок. Ошол эле 1942-жылдын августунда Казань университетинин имараттарынын биринде Игорь Курчатов баштаган окумуштуулар (Нобель сыйлыгынын бирден-бир ээси Петр Капица бул иштен баш тартты) тобу жаңы куралды жасап чыгарууга киришти. Бул да атом бомбасы болчу. Совет окумуштуулары иштерин жети жылда аяктады. 1949-жылы 29-августта Казакстанда, Семей (мурда Семипалатинск) облусунун аймагындагы өзөктүк куралдарды сыноочу атайын курулган полигондо алгачкы советтик атомдук бомба жардырылды.
Ошентип, Советтер Союзу АКШ менен теңтайлашып, зоболосу көтөрүлдү. Полигон тегерегиндеги семейликтер (казактар) ар түрдүү ооруларга, анын ичинде нур, ак кан (лейкоз), психикалык, кооптуу шишик ооруларына чалдыгып, азап тарта баштады.
Семей алааматы
18 миң квадрат километр аймакты ээлеген Семей сыноо аянтында 40 жылда 500дөй ядролук жана термоядролук жардыруулар болгон. Анын 352си жер астында, 118и жер үстүндө ачык түрдө өткөзүлгөн. Андан сырткары химиялык заттарды колдонуу аркылуу 175 жардыруу жасалып, анын ядролук кубаты текшерилген. Бул өзөктүк эксперименттердин жергиликтүү калктын ден соолугуна тийгизген терс таасирин тил менен айтып жеткизүү оор. Шакерим атындагы Семей мамлекеттик университетинин ректору, профессор Ерлан Сыдыковдун мына бир эскерүүсү анын миңден бир далили гана: "Балалык чагым Саржал айылында өттү. Кырчындай кезибизден алааматка күбө болдук. Биздин айылды ядролук жардыруунун так борборуна орношкон дешке болот. Андай дегеним, Саржал айылы жер үстүндөгү жардыруулар уюштурулган жерден бары-жогу 25 чакырым, а жер астындагы ядролук жардырууларынан 30-35 чакырым аралыкта жайгашкан. Ошол жардыруулардын тарыхына тереңдеп бойлосок, адам ынангысыз зулумдукка туш болосуз.
Өз жеринде мылтыксыз согуштун курмандыктарына айланган элдин саламаттыгына иш жүзүндө эч кандай жардам көрсөтүлбөдү. Аны айтасыз, дарыгерлерге радиация таасиринен болгон оорулардын туура диагнозун коюуга тыюу салынды. Менин тууган жеримдин маңдайына ушундай алаамат тамгасы басылыптыр. Бул зоболоң биздин айылдын бир дагы үй-бүлөсүн айланып өтпөдү. Тек 60-жылдардан бери гана бир айылдан 500дөн ашуун адам өзөктүк сыноонун кесиринен жаштай кыйылса, 150дөн ашууну онкологиялык бейтапканада жатып, жарык дүйнө менен коштошту. Ал эми нечендеген психикасына доо кеткен адамдар өзүнө-өзү кол салышты".
Семей полигонунда жасалган жардыруулардын жалпы кубаты Хиросимага ташталган атом бомбасынан 2,5 миң эсеге көп болгон экен. Ошондой эле Семейде жапырт кырып-жоюуга арналган 1216 континенттер аралык баллистикалык ракета, 140 ядролук ракета менен жабдууланган 104 "СС-18" континенттер аралык баллистикалык ракета, "ТУ-95 МС" стратегиялык бомбалоочу учактар жайгаштырылган.
Полигондун залакасы жөнүндө Президент Н.Назарбаев өткөн жылдын 18-июнунда Семейдеги ядролук жардыруунун токтотулгандыгынын 20 жылдыгында мындай деп айтты: "Өзөктүк сыноолорду баштарынан кечирген адамдар, эң коркунучтуусу - алардын балдары да, али күнгө чейин кайгылуу кесепеттен арылган жок. Радиациялык нурга урунган ата мекендештерибиздин жалпы саны миллион адамдан кыйла көп. Карапайым жарандар ядролук акылсыз аракеттин бейкүнөө курмандыгы болушту. Полигондун касирети - бул казак жеринин да касирети. Биздин экологиябызга түшкөн жаракаттын молдугу ошончолук, аны калыбына келтирүүгө бир нече кылым керек. Семей сыноо аянтынын тегерегиндеги экологиялык апаатка учураган аймак гана 300 миңден ашуун чарчы чакырымды алып жатат. Казакстан жеринин ондон бир бөлүгү, салыштырып айтканда, Германияга барабар аймагы ээн талаага айланып, жүздөгөн ядролук жардыруулар ага жазылбастай жара салды".
Калктын көрүп жаткан азабы тууралуу бир ооз сөз козгоого советтик тоталитардык бийлик мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошондой болсо да, элим деген азаматтар бул кордукка чыдай алган жок. Компартиянын Семей облустук обкомунун биринчи катчысы болгон Кечирим Бозтаев артына "Семей полигону - касирет булагы" аттуу китеп жазып калтырыптыр. Анда жазылгандай, 1988-жылдын январында облуска Казак ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Нурсултан Абиш уулу Назарбаев келет. Ал райондорду аралап, элдин кандай абалда жашап жатканын өз көзү менен көргөн. Натыйжада Н.Назарбаев бул аймакка Союздук өкмөттүн көңүлүн буруу жөнүндө маселе көтөрүп, СССР Министрлер Советинин төрагасы Н.И.Рыжковго кат жазат.
Ядролук жардырууларды токтотууну талап кылган "Невада-Семей" кыймылы да ошол учурда дүйнөгө келди. 1989-жылдын 28-январында белгилүү акын Олжас Сулейменов Жазуучулар союзунун жыйынында кыймылдын эл аралык коомчулукка арналган кайрылуусун жарыялады. Жогорудан өкмөт башчысынын колдоосу менен, төмөндөн атактуу акындын элди уюштуруусу менен казак калкы дагы да көтөрүлдү. Бул опурталдуу демилге болчу. Айтылуу Желтоксон кыргынынан үч эле жыл өткөн. Элдин кысымынын натыйжасында 1989-жылы пландаштырылган 18 жардыруунун жетөөсү гана ишке ашты. Бирок, 1989-жылдын 21-апрелинде 50 килотондук жардыруу менен борбор элдин дагы бир жолу үрөйүн учурду. КПССтин Саясый Бюросунун "Семей ядролук полигону" тууралуу токтомунун долбоору даярдалып, ага Казакстан КП БКнын биринчи катчысы Г.Колбин кол койду. Министрлер Советинин төрагасы Н.Назарбаев элдин тарткан азабын жоюуга тиешелүү маселе көтөрүлбөгөн деп, долбоорго кол коюудан баш тартып, калктын ден соолугун изилдей турган чаралар комплексин киргизүүнү чечкиндүүлүк менен талап кылат.
Союзду камтыган кайра куруу желаргысы, улут лидерлеринин тайманбас аракеттери, казакстандыктардын жапырт каршылыгы жана дүйнөлүк коомчулуктун колдоосу аркасында Семейде өзөктүк сыноо токтотулду. 1989-жылдын 19-октябрындагы жардыруу анын эң соңкусу болуп калды.
Тарыхый чечим
1991-жылдын августунда Союздун урашына байланыштуу "Казакстан ядролук арсеналга ээ мамлекет болуп кала береби, жокпу?" деген күрдөлдүү маселени республика өз алдынча чечиши керек болду. Ядролук куралды сактап калуу керек деп кеңеш бергендер да көп эле. Он күн өтүп-өтпөй, 29-августта Нурсултан Назарбаев "Семей өзөктүк сыноо полигонун жабуу тууралуу" жарлыкка кол койду. Ядролук кубаты жагынан дүйнөдө төртүнчү орунда турган мамлекет өз эрки менен стратегиялык куралдан баш тартты. Бул адамзаттык масштабдагы теңдеши жок зор окуя эле. Ушул күндөн баштап ядролук согуш куралдарына каршы чечкиндүү күрөштүн доору да башталды. 1992-жылы Казакстан эгемен мамлекет катары ядролук куралды таратпоо милдеттенмесин бекиткен СНВ-1 келишиминин Лиссабон протоколуна, 1993-жылы КМШда биринчилерден болуп Ядролук куралды таратпоо тууралуу келишимге кошулду. 1994-жылы ядролук державалар Казакстандын коопсуздугу жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Казакстан 1996-жылы Ядролук сыноолорго тыюу салуу жөнүндө келишимге мүчөлүккө кирди.
Казакстандын демилгесин дүйнө эли кызуу кубаттады. 1992-жылы Америка калкы АКШ конгрессин ядролук сыноолорду токтотууга мажбур кылды. 1995-жылы Тынч океан аралындагы француз полигону ишин токтотту. 1996-жылы Лоб-Нор чөлүндөгү Кытайдын жардыруу аянты үнүн өчүрүп, эл аралык мораторий жарыяланды.
Семейди ядролук жактан зыянсыздандырууга бир топ жылдар керектелди. 1995-жылдын 7-майында аймактагы ядролук заряддын акыркысы, 2000-жылдын 29-июлунда өзөктүк сыноого арнап курулган соңку штольня жок кылынды.
Быйылкы жылдын 14-апрелинде Вашингтон шаарында өткөн "Ядролук террористтик коркунучту азайтуу жана ядролук материалдардын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү улуттук чаралар" деп аталган дүйнөлүк саммит ядролук куралсыздануу багытындагы олуттуу кадамдардын бири болду. Ал эми АКШнын Президенти Барак Обама саммитте ядролук куралсыздануу боюнча Казакстандын лидер өлкө экендигин маалымдады. Самитти Президент Нурсултан Назарбаев ачып, сөз сүйлөгөнү ядролук куралдарга каршы күрөштөгү Казакстандын ролуна берилген баа десек болот.
Н.Назарбаев өз сөзүндө саммитке катышуучуларга төрт маселени сунуштады. Биринчиси, Казакстан ири уран өндүрүүчү иретинде жогору байытылган уранды төмөн формага түшүрүп, бейкут ядролук энергетиканы өнүктүрүүгө өз үлүшүн кошуу ниетин билдирди. Ушул максатта өлкө өз аймагында эл аралык ядролук отун банкын жайгаштырууга даяр. Экинчиден, ядролук куралсыз аймактар үчүн эл аралык укуктук нормаларды, үчүнчүдөн, аскердик максаттагы ядролук бөлчөктөнүүчү материалдарды өндүрүүгө бөгөт коюучу шарттарды кабыл алуу керек. Төртүнчүдөн, ядролук сыноолорго тыюу салууну аткарууга тиешеси бар мамлекеттер шартты ратификациялоого чакырылган.
Алгачкы алаамат күн - эми ядролук сыноого каршы күн
Кечээ Астана шаарында Ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнүнө карата уюштурулган конференция ачылды. Анын жүрүшүндө Казакстандын тышкы иштер министри-мамлекеттик катчы Канат Саудабаев Президент Нурсултан Назарбаевдин Кайрылуусун окуп берди.
Анда "1991-жылы 29-августта Семей ядролук полигонун жабуу тууралуу Президенттик жарлыкка кол койдум. Казакстан кубаты жагынан дүйнөдө төртүнчү болуп эсептеле турган ядролук арсеналдан өз эрки менен баш тартты. Бул адамзат тарыхында ядролук сыноо полигонун жабуу жөнүндө калктын эркине ылайык биринчи жолу жүзөгө ашырылган чара. Казакстандыктар өз үлгүсүн жарыя кылып, бүткүл дүйнөгө коопсуз болочокко алып барчу жолду көрсөттү", - деп айтылган.
Мамлекет башчысынын айтымында, казак жеринде 40 жыл бою жасалган 490 ядролук жардыруудан 1,5 миллиондон ашуун адам зардап чеккен, өлкөгө орошон зор зыян келтирилген.
"Курман болгон адамдарыбыз жөнүндөгү эс тутум бизге ядролук куралга каршы дүйнөлүк кыймылдын лидерлеринин бири болууга тарыхый жактан да, моралдык өңүттө да укук берет. Эл аралык коомчулук алгач ирет өткөрүп отурган Ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнүндө биз дүйнөнү ядролук коркунучтан арылтууга багытталган эл аралык кызматташтыктын тереңдей түшөрүнө ишенебиз. Буга бизди болочок урпак алдындагы
жоопкерчилик милдеттендирет. Бардык мамлекеттердин бара-бара ядросуз дүйнө идеалында алга илгерилөө аракети белгиленген жалпыга орток ядросуз дүйнө Декларациясын азыртадан баштап иштеп чыгуу маанилүү", - деп белгилеген Н.Назарбаев конференция өзөктүк куралдарды таратпоо жана кыскартуу боюнча ишке олуттуу салым кошоруна ишенерин билдирген.
"Дүйнөнү баарыбыз биргелешип коопсуз жана сонун кыла алабыз", - дейт Н.Назарбаев кайрылуунун жыйынтыгында.
Ал эми, БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун конференциянын катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда "Бүгүнкү күндө Казакстан ядролук куралдан баш тартып, Борбордук Азияда ядролук куралсыз аймак курууга кошулуп отурган учурда Семей үмүттүн абдан кубаттуу символу болууда. Ал бизге ядролук куралдан эркин дүйнө курууга кол жеткирүүгө боло тургандыгын көрсөтөт. Май айында өткөн Ядролук куралды таратпоо тууралуу шартка даярдык конференциясынын натыйжасы боюнча бул маселе колдоо тапты. Бул багыттагы прогресске жетүү үчүн БУУга мүчө өлкөлөрдүн күч-жигери, активдүү аракети зарыл", - деп айтылат.
Кишимжан ЖАНЫШАЛЫЕВА,
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
27-август, 2010-ж.:
1-бет
"Чү" дегенде эле Чудан кармалдык
2-бет
Мэр башка - шаар башка
3-бет
Кылмышты жапкан токтомдор
4-бет
Маараке куттуктоолор
5-бет
Түркиядан 21 млн. доллар
6-бет
"Кызматка жетсем, жеп-ичсем деп бакиевдер менен кармашкан эмесмин"
7-бет
Сапар кайрык
8-бет
Көтөрмөдө курулуштардын катары көбөйөт
9-бет
Улуу жүрүш
10-бет
Ата Журт алкагында
11-бет
29-август -Ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнү
12-бет
Тергөөнүн теңирден тескери
кетип жатышынын сыры барбы?
Болсо эмнеде?

13-бет
Ат жалында маек
14-бет
Талас облусунун тургундары
"Жерүйалтынды" ачык колдошот

15-бет
Функционалдык милдеттери төмөнкүдөй:
16-бет
30-август - Казакстан Республикасынын Конституциясынын күнү



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 53

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 53

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 53


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 53

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 53

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 53


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 53

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 53

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0827_11.htm on line 53