24.08.10
  Маанилүү маек

Президенттин Администрациясынын өзгөчө кырдаалдар жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Марат Исаков менен маек.
Көңүл чордонунда - Ош жана Жалал-Абад
2402 объект керектен чыккан, алардын 1861и турак үйлөр
- Марат Абдимажимович, Сиз жетектеген бөлүм эмне иш алып барат, алгач ушул тууралуу айтып берсеңиз?
- Мурда мындай бөлүм жок болчу. Өзгөчө кырдаалдар жана курулуш иштери ушул бөлүмгө топтолду. Себеби Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси Өкмөттө такай каралууда. Өткөндө Коопсуздук кеңешинде кыш келгиче жабыр тарткандарды үй менен камсыз кылуу маселеси каралып, курулуштун кандай жүрүп жатканы талкууланды, эмне маселе чечилбей жатканы такталып, атайын токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык, Кыргызстандагы бардык тиешелүү уюмдарга тапшырмалар берилди. Ошондой эле байкоочу кеңеште да бул маселе каралды. Анткени, суук түшкүчө үйсүз калгандарды үй менен камсыз кылуу маселеси катуу коюлуп жатканын коомчулугубуз жакшы билишет.
- Ош жана Жалал-Абад шаарларында канча үй курулат? Расмий эсеп боюнча канча объект кайра калыбына келтирилиши керек?
- Ош, Жалал-Абад шаарларын жана эки облустун айрым калктуу пункттарын кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрациялары жана Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте кайра калыбына келтирүүгө жана курууга тийиш болгон объекттердин алдын ала тизмесин түзүп чыгышты. Ал тизмеге таянсак, Ош облусу боюнча 814 объект жабыр тарткан, алардын ичинен 719у турак үйлөр. Ош шаарында жараксыз абалга келген 888 объекттин 718и турак үйлөр. Жалал-Абад облусу
боюнча 707 объект, алардын ичинен 424 турак үй жараксыз болгон. Жалпы түштүк аймагы боюнча 2402 объект, алардын ичинен 1861 үй керектен чыккан. Үстүбүздөгү жылдын 17-августунда жогорку тизме Өкмөттүн токтому менен бекитилди.
Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги менен биргеликте КыргызНИИПтин адистери Ош облусу боюнча 853 үйгө, Ош шаарында 247 үйгө жана Жалал-Абад облусу боюнча 497 үйгө инженердик текшерүү жүргүзүшүп, ар бир үйдүн тарткан зыянын аныкташты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү иштери үчүн өлкөбүздүн түштүгүнө 100 млн. АКШ доллары бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күнү мамлекеттик дирекциянын атайын фондунун эсебине 431 млн.сом түштү.
Экологиялык таза, сейсмикалык туруктуу үй курулууда
- Турак үйлөрдү калыбына келтирүү жана куруу иштери этап-этабы менен жүргүзүлөбү?
- Негизинен үч фаза боюнча ишке ашырылмакчы. Биринчи фазада Жалал-Абад облусунда курулуш объекттерин, анын ичинде турак үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Азыркы учурда бул облустун Базар-Коргон районунда биринчи 60 үйдү, Сузак районунда 30 үйдү кайра калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери жүрүп жатат. Жабыр тарткандарга 25 тонна цемент таратылды. Базар-Коргон районунда металл конструкциядан тез тургузулчу эки 16 квартирлүү турак үйдү куруу башталды. Жалал-Абад шаарында 40 квартирлүү панель үйлөрдүн пайдубалын бекемдөө иштери колго алынды. 40 квартирлүү эки үй "Көк-Арт" жана "Спутник" кичи райондорунда курулат.
Экинчи фазасы Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Ош шаарында ишке ашырылат. Ош шаарында 5 кабаттуу 75 квартирлүү социалдык турак үй курулуп жатат, ага 65 млн. 528 миң сом сарпталмакчы. Курулуп бүткөн үй Ош шаарынын мэриясына берилет, ал өз кезегинде квартираларды июнь окуясында массалык баш аламандыктан жабыр тартышкан социалдык аялуу жарандарга, бюджеттик мекемелерде иштегендерге берүү иштерин аткарат.
Курулуш-монтаждоо иштерин 30 компаниянын ичинде тендерден утуп алган "Аль-Манар" ЖЧКсы жүргүзүүдө. Бул үйдүн курулушу 2-августта башталган, жыл аягына чейин бүткөрүлөт. 12-августта 4 кабаттуу 64 квартирлүү үйдүн жана 529 окуучулук орундуу орто мектепти курууга конкурс өткөрүлгөн. Көп кабаттуу турак үй Ош шаарынын Анар кичи районунда, а орто мектеп Кара-Суу районунун Таштак айылындагы Шарк айыл аймагында курулмакчы. Республикабыздагы 27 курулуш компаниялары тендерге катышып, андан "Курулуш сервис корпорациясы" АКсы ("Керме-Тоо"АКсы) утуп алган.
Аталган курулуш компаниясы көп кабаттуу үйдү 7 айдын ичинде 44 млн. соомду сарптоо менен куруп берүүгө милдеттенди. Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы 113 үйдү түрттүрүп салып, 20 үйдү курууга орун даярдалып жатат. Ошондой эле Ош
шаарындагы Кыргыз драмтеатрын, Өзбек драмтеатрын, Ош облустук клиникасын, Ош шаардык ооруканасын жана филармонияны кайра калыбына келтирүү, оңдоо боюнча маселелер чечилүүдө.
Көп балалуу жана аялуу үй-бүлөлөргө кошумча аянт
- Эки шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жаатында кандай иштер аткарылмакчы?
- Дал ушул үчүнчү фазасында түштүк аймагын өнүктүрүү стратегиясына, ошондой эле айылдарды жана шаарларды өнүктүрүү генпланына ылайык, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча курулуштар башталат.
Бириккен улуттар уюмунун качкындар иштери боюнча башкы комиссариаты менен келишимге жетишилди, ага ылайык Жалал-Абад облусунда 450 үй, Ош облусунда жана Ош шаарында 900 үй калыбына келтирилет. Алар үй-бүлөнүн мүчөлөрүн карап көрүп, ар бир үй-бүлөгө 28ден 42 кв. метрге чейин үй курушат. Көп балалуу жана аялуу үй-бүлөлөргө 14 кв. метр кошумча аянт берилмекчи. Азыркы күнү 120 үйдү куруу үчүн аянт тазаланып, даярдалды. Жалал-Абад шаарында 6 модель-үй курула баштады.
Ош жана Жалал-Абад шаарларынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бөлүнө турган болжолдуу сумма 40 млн. АКШ долларын түзөт. Учурда аталган банк түштүгүбүздөгү турак үйлөрдү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн бул сумманы көбөйтүү маселесин карап жатат.
Азия өнүктүрүү банкынын "Кесиптик билим берүү жана машы-
гууну өнүктүрүү" долбоору боюнча аткаруу мекемеси тарабынан 1 млн. АКШ доллары грантын жабыр тарткан мектептерди калыбына келтирүүгө жумшоо сунуш кылынды. Ал эми энергетиканын жабыр тарткан объекттерин калыбына келтирүүгө Бүткүл дүйнөлүк банктын жаңы долбоорунун алкагында 25 млн. АКШ доллары бөлүнөт. Энергетика министрлиги түштүктөгү калыбына келтирүү иштеринин бардыгын жаңы долбоорго киргизиши зарыл.
- Гуманитардык жардам катары берилген курулуш материал-дары кайсы жерде сакталууда?
- Мамлекеттик дирекция тарабынан гуманитардык линия боюнча келген курулуш материалдарын кабыл алуу үчүн Ош жана Жалал-Абад шаарларында борборлоштурган склад маселеси чечилди. Мамлекеттик дирекциянын дарегине келген курулуш материалдарын кабыл алуу жана сактоо үчүн келе турган темир жолу бар, кран чарбасына, тосулган аймакка ээ "ЖБИ-4" АКсы, "ЖБИ-20" АКсы (экөө тең Ош шаарында), Жалал-Абад шаарындагы жыгач иштетүүчү завод (металл жана жыгачты түшүрүү боюнча аянты бар) менен сүйлөшүлдү. Бир аз күн мурун Казакстан Республикасынан 184 тонна металл төшөмү түрүндө жүк келди. Дагы 50 тонна ушундай металл профилиндеги төшөмдүн келиши күтүлүүдө. План боюнча 234 тонна келмекчи. Бул курулуш материалы 204 үйдүн үстүн жабууга жетет.
Тоскоол болгон күчтөр бар
- Жабыр тарткандарга үй салып берүүдө айрым бир маселелер пайда болгонун угуп жатабыз. Маселен, мамлекеттик дирекциянын көп убактысы жабыр тарткандар менен сүйлөшүүгө кетип жатыптыр. Эмне үчүн мындай болууда?
- Өкмөттүн "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жабыр тарткандарга объекттерди курууда жана калыбына келтирүүдө жардам көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык, турак жайды калыбына келтирүүгө 200 миң сом суммасында үстөксүз ссуда берүү тартиби аныкталган. Бул каражат жалпы керектөө суммасынын 20 пайызын түзөт, дагы 20
пайызын БУУнун качкындар боюнча башкы комиссариаты берет, 15 пайызын жергиликтүү коомчулук көтөрөт, а 5 пайызы эмгек ресурсу түрүндө жабыр тарткан адамдын эсебинен болушу керек. Жетпеген каражат 40 пайызды түзөт. №121 токтомдо ипотекалык кредит каралган. Мамлекеттик дирекция бул маселенин тезирээк чечилишине көмөк көрсөтүүнү суранууда.
Эң башкы маселелердин бири турак жайды калыбына келтирүү механизми болуп саналат. Мамлекеттик дирекция калк менен биргеликте турак жайды калыбына келтирүүнүн механизмин иштеп чыккан, анда бул процесске калктын өзүнүн катышышы каралган болчу. Ал эми мамлекеттик дирекциянын көп убакыты тигил же бул маселени чечүү үчүн жабыр тарткандар менен макулдашууга, аларды көндүрүүгө кетип калып жатканы ырас. Анткени, бүгүн сүйлөшкөндө макул болгондор эртеси айнып, үйдү толугу менен мамлекеттин эсебинен куруп берүүнү талап кылышууда. Кимдир бирөөлөр түнүндө алардын көңүлүн бузуп жатканы сезилип жатат. Аймакта тезинен бейпилдик, тынчтык өкүм сүрүшү
боюнча иш жүргүзүп жаткан мамлекеттик дирекциянын ишине каршы иштеген күчтөр бар. Жабыр тарткандардын көбү алардын тилине кирип, ссуда алгандан баш тартышууда. Кеңири масштабдагы курулуш жабыр тарткан калктын турмушун мындан ары жайгаруу боюнча принципиалдуу маселелер чечилгенде гана ишке ашары бышык.
Цемент менен камсыз кылууда да маселе бар. Цемент Кызыл-Кыя шаарындагы курулуш материалдардын түштүк комбинаты тарабынан чыгарылат, алардын ээси казак ишкерлери. Биздин маалымат боюнча бул комбинат чыгарган М400 маркасындагы цементтин өзүнө турган наркынын бир килограммы 2,5 сом. Сатыкка килограммы 5 сомдон чыгарылат. Комбинат бизге 3,5 сомдон берсе, куруучуларыбыздын бул курулуш материалына болгон маселеси чечилет эле. Биздин цементке болгон керектөөбүз 30 миң тоннаны түзөт. Ал эми бул продукцияны комбинат он күндө эле чыгарат. Аталган комбинаттын жетекчилери Кыргызстанда бизнесин жасап жаткандан кийин түштүктөгү окуяларга олуттуу мамиле кылышса болмок. Муну жергиликтүү бийликтин жетекчилери, фискалдык органдар көзөмөлгө алып, тиешелүү цемент продукциясын түштүктөгү калыптандыруу иштерине бөлүп берүүлөрү зарыл.
Биринчи кар жааганча...
- Чет мамлекеттерден даяр үйлөр келип жатпайбы, эмне үчүн аларды коюуга болбойт?
- Аларды койбогонубуздун себеби алар убактылуу турак жай, эки бөлмөлүү, бар болгону 28 кв. метр. Биз үйлөрдү генплан менен салышыбыз керек. Азыр аны коюп алсак, жарым жылдан кийин конструкциялары чыдабайт экен деп кайра бузуп салганга мамлекеттин убактысы жок. Кыш да кирип келатат. Ошондой болсо да азыр эки жолду тандап жатабыз. Биринчиси - эгерде чет мамлекеттерден келген ушундай үйлөрдө жашайбыз дегендер койдуруп алып жашай берсин дедик. "Жок, мен пайдубалы менен үй салдырам", - дешсе биз чечкен жогоркудай вариант менен үстөксүз кредит менен үй салдырышат. Анда мамлекет кирпич, шифер, цементти заводдун
баасы менен алып берет. Ошондой эле 10-15 жылга жеңилдетилген кредит алышып, бүтпөгөн жерлерин бүткөрүшөт. Мындан сырткары
БУУнун жардамы менен жабыр
тарткандар 5 миң доллардан алышат. Калган жумушту тургундар өздөрү уюштуруп, ашар ыкмасы менен курушса болот.
- Демек, бүгүнкү күнү жабыр тарткандарга бардык жагынан жардамдар берилип жаткан турбайбы?
- Биринчи кар жааганча үйлөрдү бүтүрсөк деген ниет менен аракеттенип жатабыз. Бүгүнкү күнү мамлекеттик дирекцияга 425 млн.сом акча берилди. Табигый кырсыктардын алдын алганга болот. Эл да ошого психологиялык жактан даяр. Ал эми момундай үйлөрү өрттөнүп, талкаланса, маанайлары чөгүп, үйүн салар-салбасын билбеген кырдаалга учурайт экен. Жогоруда айтып кеткендей айрым күчтөр да коркутуп-үркүтүп, тескери үгүт жүргүзүп жатышат. Болбосо кечинде макул болгон адам эртеси айнып, толугу менен мамлекет салып берсин деп тескери сүйлөп калбайт эле да. Россияда үйү өрттөнүп кеткендерге 200 миң рублден жардам беришти. Биздин Өкмөт ушунча жардам бергенге сүйүнүш керек да.
Маектешкен
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"