Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 2
Бишкекти Манас шаары деп атайлы!
Өткөн айларда эркин гезиттердин бирине согуштун жана эмгектин ардагери Качкын Нускаевдин "Келечек үчүн добуш берели" аттуу макаласы жарык көргөн. Анда автор: "Борбор калаабыз Бишкектин атын - Манас шаары деп атоо керек", - деген сунушун айткан.
Ошол макаладан улам, биздин редакцияга аталган демилгени колдоого алган каттар түшүүдө. Бу саныбызда КРнын баатырлары, согуштун жана эмгектин ардагерлери, республикабызга эмгек сиңирген кызматкерлер жана Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү кол коюп, баш калаанын атын өзгөртүү сунушун колдогон катты биздин гезитке да жөнөтүшкөн. Авторлор ушул эле кайрылуу каттарды КРнын Президенти Р.Отунбаеванын дарегине да жолдошкон.
- Биз, төмөндө атыбыз аталган согуштун жана эмгектин ардагерлери, Кыргыз Республикасына эмгеги сиңирген кызматкер Качкын Нускаевдин "Келечек үчүн добуш берелик" деген макаласындагы: "Борбор шаарыбыздын атын жаңыртып, "Манас" деп атайлы" деген мамлекеттик жана улуттук деңгээлде көтөргөн демилгесин зор кубаныч менен колдоп, кубаттоодобуз.
Бул сунушту Качкын Нускаев май айында, жаңы Конституциянын долбоору талкууланып жатканда Сизге, Роза Исаковна жана Ө.Текебаевге да жазып, кайрылган экен.
Чындыгында эле Бишкек баатырга караганда Манас баатыр кыргызстандыктар үчүн белгилүү, бийик, ыйык ат. Манас жалгыз эле кыргыз элине эмес бүткүл дүйнөгө тааныш ат. Улуу Ата Мекендик согушта биз Манас атабыздын арбагына сыйынып жүрүп, кандуу кагылышта жеңишке ээ болгонбуз.
Эгерде борбор шаарыбыз "Манас" деп аталса, баатырдын арбагы колдоп, өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрөт деген ишенич бар. Манас атабыз чачылган элди чогулткан, үзүлгөн элди улаган баатыр болгон. Түштүктөгү улут арасындагы болуп өткөн кайгылуу коогалаңдардай окуялар токтолот деп ишенебиз. Анткени Манастын арбагы колдоп, Кыргызстанда жашаган баардык улуттар биримдикке келип, түбөлүк достукта жашаганга толук мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойбуз, - дешет кат ээлери.
Катка Кыргыз баатырлары, эл акындары, согуштун ардагерлери С.Эралиев, С.Жусуев, "Манас" орденинин ээси, согуштун ардагери Б.Чодобаев, ардагер академиктер С.Ахметов, К.Оторбаев, И.Айтматов, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин төрагасы Т.Токомбаев, академик, эл аралык Айтматов клубунун президенти А.Акматалиев жана академик, ардагер Б.Иманакунов, Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген геолог, геология илиминин доктору К.Осмонбетов, Кыргыз Республикасына эмгеги сиңирген кызматкер, Айтматов клубунун мүчөсү К.Нускаев, согуштун ардагери, артист С.Шаршенов, согуштун ардагерлери А.Алсеитов, А.Сейитходжаев, К.Орозбаев, ж.б. 300 адам кол койгон.
Ушундай эле маанидеги катты Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү - федерациянын төрагасынын биринчи орун басары Т. Жаналиев, Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын төрагасынын орун басары О.Жайлообаев, Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын кеңешинин мүчөсү Ж.Абдрахманов, ж.б. болуп бардыгы 31 адам кол коюп жөнөтүшкөн.




Ким келди, ким кетти?
КРнын Президенти Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Иманкулов Марат Муканович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.
КРнын Президенти Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
КРнын Президенти Роза Отунбаеванын буйругу менен Замирбек Осмонов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
* * *
КРнын Президенти Роза Отунбаева "КРнын жергиликтүү соттордун судяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу" жарлыкка кол койду. Ага ылайык Булатова Мира Күмөновна Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судясынын укуктарын аткаруучу, жергиликтүү соттун судялыгынан, Бешкоруков Орозбек Молдокматович Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун төрагасынын укуктарын аткаруучу, жергиликтүү соттун судялыгынан жана Житишикова Гүлнара Аскарбековна Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судясынын укуктарын аткаруучу, жергиликтүү соттун судялыгынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушту.
Кеңештин мүчөлүгүнө дайындалды
КРнын "Мамлекеттик кызмат тууралуу" Мыйзамынын 12-беренесине ылайык КРнын Президенти Роза Отунбаева Мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин мүчөлүгүнө КРнын Өкмөтүнөн бир жылдык мөөнөткө КРнын Президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары (КРнын Өкмөтүнүн ишкердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча) Момуналиев Нурханбек Сакеновичти жана КРнын Президентинин администрациясынын мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы Муканбетов Мурат Картайбековичти дайындоо жөнүндө Өкмөттүн токтомуна кол койду.
КРнын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июлундагы №264, 2008-жылдын 29-январындагы №26, 2009-жылдын 13-февралындагы №126 токтомдору күчүн жоготту.
С.Орозобеков





Суулар көбөйүп, дамбалар бузулууда
Акыркы жети айдын ичинде Жалал-Абад облусу боюнча жалпысынан 120 жаратылыш кырсыгы катталып, анын ичинен 29 сел каптоо болгон.
Жалал-Абад облустук администрациясынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Ажымамат Исаевдин айтымында, быйыл дарыялардагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү дамбалардын бузулушуна алып келүүдө. "Биздин дамбалар 400 куб. метр сууга туруштук берүүгө ылайыкталган болсо, апрель-май айларында суулардын көлөмү секундасына 580-600 куб. метрди түзүп жатты",-дейт А.Исаев. - Ал эми суулардын көбөйүп жатышына Яссы жана Куршаб дарыяларына Андижан суу сактагычынан келип кошулган 2000 куб. метр суу жана Өзбекстан тараптын да сууну көп көлөмдө коё берүүгө мажбур болушкандыгы таасирин тийгизүүдө,-дейт ал.
А.АКИМБАЕВА

6 кило баңгизат
Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынын жана Баткен облусунун милиционерлеринин такай аңдуусунун натыйжасында 6 кило баңгизат алып бараткан чабарман колго түшүрүлдү.
Болжолдоолор боюнча ал героин окшойт.Баңги бизнеси боюнча адистердин айтуусуна караганда, 6 целлофан баштыкка салынган ак түстөгү порошок Ооганстандын өндүрүшүнөн чыгарылган героин. Мунун чын- төгүнүн кесипкөй криминалисттер аныкташат. Эгерде ордо калаанын милиционерлеринин болжолдоолору туура чыкса, ал "уунун" наркы 60-70 миң доллардан кем болбойт. Бул дүңүнөн саткандагы баа, ал эми, бизде анын 1 граммынын чекене баасы 1 миң сомго бааланат, Россияда болсо, 2-3 эсе кымбат турат.
Сергей СЯЧИН, журналист.




Байкоочуларды Убактылуу Өкмөт сунуштайт
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында Коомдук телерадио корпорациясын түзүү жөнүндө" 2010-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган Декретине өзгөртүү киргизилди.
Ага ылайык, 3-пункттагы экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда берилет: "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү Убактылуу Өкмөттүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Убактылуу Өкмөт рейтингдик добуш берүү жолу менен коммерциялык эмес уюмдар сунуштаган талапкерлердин арасынан 15 кишини тандап алат. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жыл".

Мамлекеттик жардамдар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жабыр тарткан адамдарга мамлекеттик жардамдарды көрсөтүү боюнча токтом кабыл алды.

Кабыл алынган токтомго ылайык, Ош, Жалал-Абад облустарын кайра калыбына келтирүү боюнча дирекцияга бир нече тапшырмалар берилди. Аталган аймактардагы жарандарга үстөксүз, узак мөөнөттүү жеңилдиктерди берүү үчүн, атайын тизме түзүү зарылдыгы белгиленди. Ал тизме түзүлсө 200 миң сом өлчөмүндөгү жеңилдик, жалпы аянты 100 кв. метрди түзгөн үйдү куруп жаткандарга берилмекчи. Алар бул сумманы 20 жыл аралыгында мамлекетке кайра кайтарып берүүлөрү керек. Эгерде, мындай жардамдан баш тарткандар болсо, аларга 50 миң сом өлчөмүндөгү каражат берилип, тизмеден чыгарылмакчы.
Ошондой эле, КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке, үстүбүздөгү жылдын 10-октябрына чейин, Ош менен Жалал-Абаддын башкы пландарын иштеп бүтүп, Өкмөткө сунуштоосу тапшырылды.
Ош шаардык мэриясына мамлекеттик дирекция менен биргеликте, 2010-жылдын 1-сентябрына чейин Ош шаарындагы муниципалдык базарды жайгаштыруучу жерди аныктап, Өкмөткө жиберүүсү белгиленди. Андан сырткары, КРнын Президентинин администрациясынын Оштогу маалыматтык-координациялык борборуна иштин жүрүшү боюнча маалыматтарды өз убагында берип туруулары тапшырылды.
Ал эми ушул жана башка иштердин аткарылуусуна көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри жана мамлекеттик дирекциянын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге жүктөлдү.
Өз маалыматыбыз.

Мектептерде коопсуздук
кызматтары түзүлөт
Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Ош, Кара-Суу жана Базар-Коргон райондорундагы пилоттук мектептер үчүн коопсуздук кызматтары түзүлөт.
Бул иш ЕККУ менен биргеликте ишке ашырылып, каржылоо булагы да Европа коопсуздук кызматташтык уюму болмокчу. Ар бир пилоттук мектепте төрттөн кем эмес кызматкер иштеп, алар айына 5 миң сом өлчөмдөгү айлык-акы менен камсыз болушмакчы. Учурда коопсуздук маселеси айрыкча өзбек, кыргыз, орус тилдеринде сабак өтүлгөн мектептерде курч болуп турат. Ушуга байланыштуу аралаш тилде окуган балдардын коопсуздугу үчүн, кызматка ошол жерде окуган балдардын ата-энелери жана мугалимдери тартылмакчы.
Бул маалымат КРнын вице-премьер министри Өктөмхан Абдуллаеванын Жалал-Абаддагы социалдык жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
А.АКИМБАЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
24-август, 2010-ж.:
1-бет
Максат - жөн гана калыбына келтирүү эмес,
келечектин пайдубалын түптөө
2-бет
Көңүл борборунда - Кыргызстан
3-бет
Өкмөт сапар
4-бет
Бишкекти Манас шаары деп атайлы!
5-бет
Маанилүү маек
6-7-бет
Чет өлкөдө жүрсөм да, каным кыргыз!
8-бет
Ата Журт алкагында
9-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Казакстан: индустриялык-инновациялык өнүгүү жолунда
11-бет
Саламаттык сакчылыгында
12-бет
Ооруну сурасаң, айыкканга тете
13-бет
Руханият
14-бет
Чыңгыз кайрык
15-бет
ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
16-бет
Кубанычбек Назаров
Камбартеп - кыргыздардын эр өнөрү




Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 73

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 73

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 73


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 73

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 73

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 73


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 73

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 73

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/0824_4.htm on line 73