20.08.10 Эгемберди Эрматов
Чыңгыз кайрык
(ыр түрмөк)
1.
Кыргыздар кыйын элбиз,мактанабыз.
Чындыкты ачык айтпай сактанабыз.
Удулу өтүп кетсе
Ал эле,бул эле деп актанабыз.
Адамдык парзыбызды
Биз качан көрсөтмөсүз аткарабыз?
Чыңгыздын сегиз тому - бүт дүйнөсү,
Мөмөсү өмүр сайган,
Кудирет-күчүн алган,
Түгөнгүс дүйүм аалам -
Мынаке, жарык көрдү!
Адам жок таңыркаган, жан үрөгөн,
Руху ачка калган, өзөөргөн.
Кайдыгер карап турат
Бир илдет чырмагандай,
Курт кирип жеп жаткандай өзөгүнөн.
Аларга мата керек,
Май керек,килем керек.
Оокатын өткөралбай,
Үйүнү эмирекке толтуралбай
араң жүрөт.
Айтматовдун жөнү бөлөк,
Акча жок алчу төлөп...
Кокустан сатып алса билбей турат:
Ал кандай пайда көрөт?
2.
"Чыңгызга күйөм", -
дейсиң кайран досум.
Чыңгыздын чыгармасын окубастан,
Билбестен жан дүйнөсүн,
Үстүрттөн айткан сөздү
Кайталап тоту куштай
Күйгөнүң - арзыбаган сокур тыйын.
Жадатма тезис менен,
Жаттама дарис менен
Өткөрүп жугуму жок эптеп жыйын
Чыңгызды билүү кыйын.
Күйгөн көп илим жактап шагыраган,
Кээ бири атын гана кабыл алган
Айгайлап жүргөн шардын агымынан.
Анан сен кантип ага күйөм дейсиң?
Күйбөсө президентиң,
Күйбөсө тайке-жээниң,
Кыздарың, инилериң, келиндериң,
Күйөм деп ооз учунан
Куйкамды куруштурба,
Жинимди келтирбегин!
3.
Ыраа көрбөй бир бүдүр жамандыкты,
Тирүүсүндө кадырлап алалдыкпы?
Улуулугун тана албай пенде болуп
Көрсөттүкпү ич күйдү чабалдыкты?
Ушак кетти артынан уюлгуган, Чыкты дешти адептен,чыйырынан.
Ката издешти чалкыган туюмунан,
Жок болоорун билишпей куюнунан...
Дөөнүн жашап жүргөнүн көралбадык,
Дөөгө дөөдөй көңүлдү бөлалбадык,
Кыялына дөөнүн түк көналбадык,
Дөөдөн калды мураска түмөн байлык.
Өлбөстүккө жол алып кете берди,
Ичтен аяп көралбас бечелдерди, Таңдайынан чаң чыккан чечендерди,
Көзү ачыктык кылышкан
"көсөмдөрдү".
4.
Өкүмөт сегиз томдун каржысына
Бербеди сегиз тыйын.
Капчыктан пул чыгаруу -
Жан бергенден жаман кыйын.
Кокустан берген болсо
Ысык-Көл соолуп калмак,
Токтогул ГЭСи жүрбөй тоңуп калмак,
Сансыган быкы-чыкы жыйын өтпөй
Өкүмөт кетмек тарап.
Анан биз ай-ааламга салабыз кеп:
"Айтматов бактыбызга жаралган", - деп.
"Миллиондоп китептери таралган", -
деп.
Сексен жаш курагына
Сегиз том кылсак белек
Таптакыр итке минип калат белек?
Улууну сыйлабаган улут дөдөй,
Кыргызга Чыңгыз качан болгон өгөй?
Руху уюткусуз эл акыры
Жок болот өсүп-өнбөй.
Орустар Толстойду барктабаса,
Испандар Сервантес деп какшабаса,
Кытайлар Ду Фу, Ли Бо деп турбаса
Ааламды чарк айланып кетет беле?
Чыңгызга көрсөткөн сый -
Сый болмок кыргыз элге.
5.
Улутту улут кылган байлык эмес,
Улутту көкөлөткөн рух дүйнө.
Ал дүйнө көркөм сөздүн өмүрүндө.
Ким эгер багыт алса бул өнөргө
Башыны салат көйгө.
Көк мелжип бийик тоолор
Көрүнөт көзгө даана.
Пастыкты бийик менен алмаштырба Атакты көтөралбайт пас адамдар,
Жарашат атак дагы жарашканга.
Бийикке өжөрлөнүп чыгуу үчүн,
Бийиктин күү, авазын угуу үчүн,
Бийиктин бийиктигин туюу үчүн,
Бийикте баш айланбай туруу үчүн
Айтматов болуу керек.
Улутту улут кылбайт элдин саны,
Улутту улут кылган инсандары,
Кудайдан даарып келген илхамдары,
Айтматов сыяктанган тулпарлары,
Ааламга учуп чыккан шумкарлары...
6.
Олтуруп бир үстөлдө шарап ичип,
Бир бастым көчөлөрдө,
Бир болдум кечелерде,
Түбөлүк өлбөс болуп көрүндү эле,
эсил пенде!
Көңүлү назик эле жаш баладай,
Жүрөгү кенен эле астанадай,
Калыс сөз айтаар эле устарадай,
Жан эле чулу бүткөн аскалардай.
Дүйнөгө назар салып Еверестен, Ал жалаң алптар менен эрегишкен.
Доордо жашап өттү
Маселе биротоло чиелешкен.
Дос болуп Федерико Майор менен,
Аргондун,Ауэзовдун чайын ичкен.
Саясат капканынан амал менен
Билинбей чыгып кеткен.
Сабагы Айтматовдун башталды
эми гана.
Пирдин бул пир экенин тааныгыла,
Салынбас кайдагы бир былжыраган,
Бармактан шимип араң соруп алган
Жасалма эреженин калыбына.
Бергиле Айтматовду сепке кошуп
Кыздардын калыңына.
Туулган жаш балдардын
Чуркасын канга айланып тамырында.
Бир басып көчөлөрдө.
Бир болуп кечелерде
Бир аба жутуп жүрдүм.
"Ал сенин кимиң", - деди айрымдары.
"Пирим!" - дедим.
Мен аны пир катары тутуп жүрдүм.
7.
Фикре деген досум
Шашылып кирип келди бөлмө ичине:
- Капкара колум менин
Агарып кетти, - деди көзү жайнап.
Сурадым: "Не болду?" - деп.
- Чыңгызга колум берип учураштым.
Асманга тийип турду шондо башым.
Менчелик Эфиопияда бактылуу жок,
Билемин мындан кийин туулбасын.
...Өзүнө батпай турду.
Сөздөрүн таппай турду.
Чыңгыздын колу тийген
Колдорун катпай турду.
Капкара ошол колдор
Ырларды жазды далай аппак нурдуу.
8.
Устаттын өмүр жолу татаал болду,
Өзүнө өчөшкөндөй катаал болду.
Мелжеди куш өталбас дабандарды,
Болочок болумушту кабарлады.
Дилинде болгон мүлкүн чачып кетти,
Этегин кагып туруп басып кетти.
Жетти да пайгамбарлык сыпатына,
Ааламды калкалады канатына.
Төгүлдү нөшөр сымак ыйык жерге,
Күч берип,азык берип ийилгенге.
Кыргызды кыргыз кылып кылымдарга,
Айланып кетти устат чырагданга.
Чыгыштан руханий бир улуу көчтү
Баштады...Жан дүйнөгө кетти көчкү.
9.
"Айтматов сараң", - дешти.
Сараң эле.
Канеке ,болсо ошондой
Чулу ойду жык толтурган
Сараңдык көркөм сөзгө,
Көңүлгө кыт куйгандай орноп калган.
Кыргыздын Ысык-Көлүн,
"Манасын", кызыл тилин сактап калган.

"Дүйнөлүк адам", - дешти.
Адам эле.
Адам эле мезгилден озуп кеткен,
Мейкиндиктин уч-кыйрын созуп кеткен.
Бейишти бейиш атап,
Коркпогон тозогуңду тозок дештен.
"Айтматов пенде", - дешти.
Пенде болчу.
Ааламды чарк айланып жүрсө дагы
Көңүлү жерде болчу.
Оозунда басса-турса келме болчу,
Сыр болчу көтөрүлгөн зоболосу.
Шекспир генийликке жеткен кезде
"Жөнөкөй артист", - дешчү курбалдары.
Каяктан билсин алар
Канатты дулдулдагы, Көмөкөйдү булбулдагы?
Ошондой көкүрөгү сокур болгон
Адам көп бүгүн дагы.
10.
Ай тийбес тоону айланган
Ак шумкар учту, көрдүңбү?
Күн тийбес тоону айланган
Көк шумкар учту, көрдүңбү?
Жаабарс сымал күрүлдөп
Үн чыкты тоодон, уктуңбу?
"Миң кыял" сымал күүлдөп
Күү чыкты тоодон, уктуңбу?
Манастын чоролорундай
Чороңдон, кыргыз, айрылдың.
Манасың өлүп жаткандай
Кайгыргын, кыргыз, кайгыргын.
11.
"Руханий кулдуктан эл качан чыгат?" -
Деген ой аны дайым кылчу кунап.
Мыжыгып көкүрөгүн турчу бурап,
Жүрөгүн канга чылап...
Ушул ой миң жылдардын катмарына,
Жетелеп алып кетти
Саргарган барактарга,
Таштагы жазмаларга,
Сайма таш сүрөтүнө,
Болумуш, аңыздардын тарыхына.
Ушундай көйгөй менен алышты
өмүр бою,
Жеталбай ой түбүнө ызаланды.
Эстеди Чыңгызханды, Адилханды,
Кырк жылдай элин чөлдө алып жүргөн
Мусадай пайгамбарды.
"Руханий кулдуктан эл качан чыгат", -
Деп ыйлап китеп жазды.
Кулдукка неге моюн сунду экен деп
Аңтарып рух казды.
...Өзүнө өзү кишен салып алган,
Өмүрүн шорго терең малып алган,
Өзүнүн ким экенин тааныбаган
Бул күндө адам азбы?
12.
"Шекерим - кичи мекеним,
Секетиң болуп кетейин.
Өзүңө жетпей кылымда
Кыдырдым кыйыр неченин.
Күркүрөө суусун кечемин,
Күмүшүн сузуп ичемин.
Күйүтүң алып мойнума
Күкүгүң болуп кетейин", -
Деп ырдап Чыңгыз өттү дейт.
Көкүрөк дартын төктү дейт.
Шекердин бүгүн турпагы
Чыңгызды эстеп өпкөлөйт.
13.
Бүт дүйнө Айтматовду жазуучу дейт.
Мен аны акын деймин.
Мен андан көрүп турам акын кейпин.
Сүйүүнү Петрарка ырдагандай
Жан сабап махабатты ырдап өттү.
Махабат анын дөөдөй жүрөгүндө
Ааламды чарк көтөрүп дүңгүрөттү.
Акындык зор шыбага тийбегенде
Каяктан жалын, өрттү жазмак эле?
Көлкүлдөп көл-шал болуп, элеп-желеп,
Дирилдеп сезимдери оттой бийлеп,
Ай-аалам эс оодарган арзуу күүлөп
Жатканын акын гана туят, сезет...
Эгер ал мажнун акын болбогондо
Армандуу ашык сымал өтпөс эле,
Көз жашын көкүрөктөн төкпөс эле,
Каранар сыяктанып чөкпөс эле,
Көздөрү сулуулукка өрт көз эле.
Эгер ал мажнун акын болбогондо
Жамила, Зарипалар жаралмакпы?
Бүбүсара, Таттыбүбү периштелер
Тартуулай алат беле кумар-бакты?
Мен аны акын деймин,
Ал акын ээлеп алган сүйүү-такты.
14.
Жымылдап көпкөк болгон,
Акканы билинбеген улуу бир
дайралар бар.
Иримдеп ээ-жаа бербейт түпкү
агымдар...
Ал агымда туйлаган аалам аккан,
Үстүндө эч кабар жок алааматтан.
Созулуп уч-кыйры жок мейкиндерге
Агызып дүр-дүйнөнү
Келатат алмуздактан.
Айтматов ошол дайра,
Башаты болумушта,
Аягы кеткен кайда?
Бир учу Кемалайда,
Бир учу толгон айда,
Бир учу Амазонка.
15.
"Жазуучу боломун деп жүрөт көбү,
Жалыны түк сезилбейт жүрөктөгү.
Эрдиги жок коркпогон, жалтанбаган.
Кыялы жок чек билбей шайтандаган.
Чабыты тиги кырдан ары кетпейт,
Анан ал не кыйратат, нени көксөйт?" -
Деп оюн айткан эле
Бир жолу Союздагы кеңсесинде
От күйүп карегинде...
Азирети, кайран пенде!
16.
"Манас" деп көкүрөгүн окко тоскон
Көкжалдын бири болчу.
Саякбай сыяктанган улуу тоону,
Сагынбай сыяктанган аскар-зоону
Туу кылып алаканга салып өттү,
Аткарды озуйпасын азбы, көппү.
"Манастын" миң жылдыгы өткөн кезде
Төгүлдү нөшөр болуп,
Ыр болуп, дастан болуп,
Калдайып туруп берди асман болуп.
...Борбордун чок ортосунан,
Эскирген китептерди сата турган
Дүкөндүн бир бурчунан,
Эң арзан бааланган
"Манасты" бая күнү көрүп алып
Чыдабай жашып кеттим.
Анан да "Манас" деген түрдүү шарап
Жарнагы не керемет көз уялтат,
Миң түркүн дүкөндөрдө жайнап турат.
Оо, кыргыз, дүйнө кууп неге жеттиң?
"Манасты" арзандатып неге тептиң?
Уяты калбады го эки беттин!
Айтматов аздектеген казынаны
Кар кылып түкүрүпсүң,
Кадырын түшүрүпсүң,
Улуттук намысыңды
Жоготуп бүтүрүпсүң.
А Чыкем "Манас" десе
Бүт жанын сууруп берчү,
Жалбарып жаратканга туруп берчү.


(Уландысы бар)