20.08.10
  Дил маек

Ушул суроону бир кыргыз өзүнүн алдына коюп көрдүбү? Чынында эле жаратылыш байлыктарыбыз көп болсо, анда макалдагыдай болуп байпагыбыз эмне үчүн манаттан эмес. Же жаратылыш байлыктарыбыз жөнүндө кандаштарыбыз айтылгандардын баары кыргыздардын адаттагы "жөн эле" мактанып коймоюбу? Анда чет элден келишип, жерлерибизди көрүшкөндөрдүн басымдуу көпчүлүгү да эмне үчүн ушундай пикирге келишет?
Мына ушул суроолорго жоопту Кыргыз Республикасынын Тоо-кенчилер ассоциациясынын президенти, КРнын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев менен бирге издеп көрөлү.

Байлыгыбыз көп, а байпагыбыз эмне үчүн манат эмес?..
- Орозбек Дүйшеевич, кыргыздардын тоо-ташында далай байлыктар катылып жатканы чындыкпы? Же кыргыздардын "жарымы - жалган, жарымы - чын, жанында турган киши жок" дегендейиби?
- Ооба, андай пикир чындык. Өлкөбүздөгү ачылган кен байлыктардын бүгүнкү так эмес, баалануучу баасы 65-70 триллион долларга (!) барабар. Адистердин айтуусунда суу-энергетикалык ресурстарыбыз 140 160 миллиард кВт/саат. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө алардын 10 пайызын эле өздөштүргөнбүз.
Талааларыбызда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дээрлик бардык түрлөрү өсөт. Окумуштуулардын божомолунда биздин айдоо аянттарынан 10-15 миллион адамдын керектөөсүн камсыз кыла турган түшүм алууга болот.
- Макул, ага ишенели. Бирок 5 миллиондон бир аз ашкан элибиз азырга чейин жакырчылыктан кутула албай жүргөнүн кантип түшүндүрөбүз? Анын ичинен миллиондой кандаштарыбыз эмгек мигранттары болуп жүрүшөт, элибиздин турмуш деңгээли да союз мезгилиндегиден алда канча төмөндөдү...
- Бул - өлкөбүздөгү мамлекет байлыгын талап-тоноочулук, үй-бүлөлүк кызыкчылыкты көздөгөн гана саясаттын, коррупциянын кесепети. Кийинки эки бийлик тушунда тең жалгыз "Кумтөрдөн" башка бир да ири ишкана кура албадык. А Кыргызстанда, жогоруда айтканымдай, көптөгөн кен байлыктар бар. Канчалаган алтын кендеринен "Кумтөрдөн" башкасын иштете албадык.
Баса, ал ишканадан 2009-жылы бюджетке 3 миллиард 400 миллион сом түштү. Торонто шаарындагы баалуу кагаздар биржасында биздин өлкөгө 77 миллион акциябыз жүгүртүлүүдө. Анын баасы 900 миллион доллардай сумманы түзөт. Бул акцияларды күрөөгө коюп кредиттерди алсак, керек болуп калса, сатсак болот. Ал Кыргызстандын чоң резерви.
- А Таластагы "Жерүй", Чүйдөгү "Сол жээк Талды-Булак" ири алтын кендери боюнча абал кандай?
- Айтылган кендер толук изилденип, запастары такталып, бекитилип, иштетилүүгө даяр. Бирок бийликтегилердин жеке кызыкчылыктарынан улам алар ишке киргизилбей, мамлекетке пайдасы тийбей жатат.
"Жерүй" кени совет мезгилинде толук изилденип, такталып, 1989-жылы курулуш иштери башталып, 1991-жылы каражат жоктугунан улам токтоп калган. Алгач ал Кара-Балта тоо-кен комбинатынын карамагында болсо, кийин "Кыргыз-
алтын" түзүлгөндө ага берилген. Ошондон бери канчалаган инвесторлор алмашылып, 2002-2003-жылдары бул маселе парламентте да каралып, анын ишке берилишин тездетүү чечими кабыл алынган. Ошол кездеги инвестор "Оксус" жакшы иштерди жасап, курулуш иштери боюнча график түзүп, 2006-жылы август айында ишкананы ишке киргизмек. Инвестор убадасын аткарып, 2003-2004-жылдары көптөгөн иштерди аткарды. Бирок, 2005-жылы К.Бакиевдин көрсөтмөсү боюнча ал кездеги өкмөт башчысы Ф.Кулов келишимди бузуп, эч жерде белгисиз "Глобал Голд" компаниясы менен кенди иштетүүгө келишим түзөт. Натыйжада... кен алиге чейин ишке бериле элек.
Кен иштетилсе, 2006-2009-жылдары Талас облусун өнүктүрүү фонду эле 12 миллион доллар алмак, 2 миңдей адам туруктуу, чоң эмгек акы төлөнүүчү иш менен камсыз болмок, мамлекетибизге миллиондогон суммадагы кирешелер түшмөк. Ошондуктан, айрым жеке кызыкчылыктардан улам бул маселени үзгүлтүккө учураткан тиешелүү кызмат адамдарын мыйзамдарга ылайык жоопко тартуу керек.
"Сол жээк Талды-Булак" кенин иштетүү жана курулуш иштерин жүргүзүү татаал болсо да ал өзүн актайт. Бирок мында да белгисиз себептерден улам ишкана куруу кечеңдетилүүдө. "Андаш" кени боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Жергиликтүү калк түшүнбөгөндөн улам кенди иштетүүгө каршы чыгууда. Муну Убактылуу Өкмөт өз колуна алса, жакшы болмок.
- Өткөн кыш ызгаардуу болду. Ошондуктан көмүрдүн баасы асмандап кетти. Электр энергиясына гана күч келтирүү да туура эмес экенин билебиз. Мындай абалдан чыгуу жолдору барбы?
- Кыргызстан көмүрдүн запастары боюнча Орто Азиядагы эң бай өлкө. Мурда союз мезгилинде жылына 4 - 4,5 миллион тоннага чейин көмүр казып алчубуз. Өз алдынча мамлекет болгонубуздан кийин бул көрсөткүч 8-10 эсеге азайды. Эң жаманы - ири шахталардын дээрлик баары талкаланып, азыр майдаларынан гана көмүр казып алып жатабыз. Өткөн жылы болгону 600 миң тонна казып алдык. Ошол эле учурда Кыргызстанга жылына 40 миллион доллардык көмүр сырттан ташылып келүүдө. Мунун баары көмүр өнөр жайындагы баш аламандыктын, коррупциянын кесепети. Биз тармактагы абал боюнча кеңири изилденген, анализденилген документ түзүп, Убактылуу Өкмөттүн кароосуна киргиздик. Эми андан жыйынтык чыгарылат деп үмүттөнүп турабыз.
- Жогоруда сиз айткандай кен байлыктарды өздөштүрүү үчүн геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүү талап кылынат эмеспи...
- Бул боюнча мыйзам кабыл алынган, ага ылайык, иштетилип жаткан кендерден түшкөн каражаттын бир бөлүгү ушул иштерге жумшалышы керек. Кийинки 5-10 жыл аралыгында бул сумма 500-700 миллион сомду түзгөн. Бирок андан 30-35 эле миллион сом геологиялык-чалгындоо иштерине жумшалат. Ошондуктан кийинки мезгилде жаңыдан ачылган, изилденген кендер жок. Бул маселеге да жаңы бийлик тарабынан жетиштүү көңүл бурулушу керек.
Негизи тоо-кен тармагы бүгүнкү күндө терең кризисте турат. Анткени ал татаал тармак. Ага илим менен техниканын акыркы жетишкендиктерин колдонуу менен мамиле жасоо зарыл. Мисалы, айрым региондордо жергиликтүү калк кендерди иштетпөө боюнча тоскоолдуктарды жасап жатышат. Бул тиешелүү түшүндүрүү иштеринин жоктугунан улам болууда. Айрым жерлерде көмүрдү кустардык ыкмалар менен эч кандай коопсуздук, экологиялык, өндүрүштүк эрежелерди сактабастан туш келди казып жатышат.
Кенди иштетүүдө экологиялык, техникалык коопсуздуктардын сакталышы чоң мааниге ээ. Экинчиден, элдин байлыгын сарамжалдуулук менен иштетүү керек. Ал үчүн кен иштеткен ишканалардын ишине мамлекеттик жана коомдук көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Республикабыздагы тоо-кен иштеринин коопсуздугуна көзөмөл жүргүзгөн инспекциянын иши көрүнбөйт.
Мына ушундай жолдор менен маегибиздин башында айтылган зор байлыктарыбызды иштетип, элибиз үзүрүн көрө алмак.
Маектешкен
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"





  Долбоор - аракетте

Айылдык аялдарга жардам
Бүткүл дүйнөлүк банктын "Айыл чарбачылыгына инвестиция жана кызмат көрсөтүү" долбоорунун "Азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу" компонентинин жана ЮНИФЕМдин "Кыргызстанда айылдык аялдардын экономикалык коопсуздугун жакшыртуу" долбоорунун алкагында айыл жерлериндеги аялдардын аялуу топторуна жардам көрсөтүү программасы Кыргызстанда иш жүзүнө ашырылууда.

Программаны иш жүзүнө ашыруу максатында өткөн жылдын аягында ОРСП (Айыл чарба министрлигине караштуу айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү), ЮНИФЕМ (БУУнун аялдардын кызыкчылыктарын ишке ашыруу фондусу), WESA ( Ишкер аялдарды колдоо асоциациясы) жана CDA (Коомдоштуктары өнүктүрүү үчүн альянсы) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган болучу.
Аталган меморандумга ылайык, Бүткүл дүйнөлүк банк бөлүп берген 30 миң доллар өлчөмүндөгү гранттык каражатка айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан сабиздин, баклажандын, кызыл кызылчанын, пияздын, калемпирдин, томаттын гибриддик үрөндөрү апрель айынын башында сатылып алынып, аялдар топторуна акысыз бөлүштүрүлүп берилген эле.
Бул программанын алкагында бүткүл республика боюнча 18 айыл аныкталып, ар бири алты кишиден турган өз ара жардамдашуучу 51 топ түзүлгөнүн жана аталган үрөн фондусуна биригишип, айыл өкмөтүнүн деңгээлинде каттоодон өтүшкөнүн эске сала кетейин. Атап айтканда, Чүй облусунда 12 топ, Ошто-10, Баткен жана Ысык -Көл облустарында 7ден топ, Талас менен Жалал-Абадда 6дан, Нарында 3 топ түзүлгөн.
ЮНИФЕМдин кызматкерлери тарабынан Нарын жана Ысык-Көл облустарынын үч айылында аталган программанын ишке ашырылышынын жүрүшүнө жакында байкоо жүргүзүлгөн. Жергиликтүү коомдоштуктарды өнүктүрүү боюнча эксперт Асыл Жакиеванын айтымында, байкоо жүргүзүү учурунда топтордун мүчөлөрү жетишкен ийгиликтерге баа берилген. Атап айтканда, Нарын облусунун Куланак айылында Үрөнчүлүк фондусу түзүлүп, аялдардын үч тобу иштеп жатат. Байкоо учурунда белгилүү болгондой, топтордун мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн иштери жакшы. Жашылча өсүмдүктөрү жакшы багылгандыктан, өнүмү жаман эмес, отоо чөптөрдөн тазаланган. Ал эми, айрым топтордуку ойдогудай эмес, өсүмдүктөрдүн өнүмү начар, анткени жер семирткич өз учурунда себилген эмес. Ошондуктан, ишти мындан ары жакшыртуу максатында аларга кеңештер, сунуштар айтылды.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Балтабай жана Оргочор айылдарында байкоо жүргүзүлгөн учурда Балтабай айылындагы аялдар тобунун мүчөлөрү биринчи түшүмдү жыйнап алып, сатып да жатышкан экен. Бул айылда аялдардын үч тобу иштейт. Топтордун мүчөлөрү белгилегендей, алар бат-бат жолугушуп, ар кандай маселелерди талкуулашат, кимдин өсүмдүгү кандай өсүп жаткандыгына кызыгышат. Албетте, топтордо тажрыйбасы жок жаш аялдар да бар. Ошондуктан кыйла тажрыйбалуу иш билги аялдар жаштарга өздөрүнүн бай тажрыйбаларын үйрөтүшөт.
Долбоордун Нарын облусу боюнча координатору Касымакун Мамырбаев мындай дейт: "Нарын облусунан бул долбоорго Куланак айылы кирген. Бүгүнкү күндө 17 кишиден турган үч топ түзүлүп, иштеп жатат. Биз помидордун, кызыл кызылчанын, сабиздин, пияздын жана бадыраңдын үрөнүн алганбыз. Алардын баары топтордун мүчөлөрүнүн короолоруна себилген. Нөшөрлөгөн жамгырга жана суукка карабастан, талбай аракеттенгендиктен жашылчаларды жакшы өстүрө алдык. Учурда аларды агротехникалык эрежелердин негизине жакшылап багып жатабыз. Бул иште бизге агрономдор олуттуу жардам берүүдө".

"Биздин айылда үч топ бар, - дейт, Балтабай айылындагы өз ара жардамдашуу тобунун мүчөсү Нурила Токторбаева. - Мен ушул топтордун биринин мүчөсү болгонума кубанычтуумун. Анткени, биз жашылчалардын үрөнүн сатып алсак кыйла каражат чыгымдалмак, ал эми, үрөндөрдү долбоордон бекер алганыбыз каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берди. Анын үстүнө үрөндү өз учурунда алганыбыз жакшы болду. Учурда жашылчалардын түшүмүн ала баштадык. Түшүмдү сатуудан алган каражат үй-бүлөлүк бюджетти арбытууга мүмкүндүк берери талашсыз. Албетте, бул иште агрономдордун жардамы зор болгондугун баса белгилей кетким келет. Чындыгын айтсам, мен мурда парникти пайдаланууну да билген эмесмин. Эми болсо, тажрыйба топтоп, жашылчачылыкты улантууга чечкиндүүбүз. Кудай буйруса, бул иштен баар таап, жашоо-турмушубуз олуттуу жакшырарына ишенимибиз чоң".

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"