13.08.10 ЕККУнун Саммитинин Астанада өтүшү казак эли үчүн сыймык
2010-жылдын 5-августунда Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев ЕККУнун Саммитин 1-2-декабрда Астана шаарында өткөрүү боюнча чыгарган чечимине байланыштуу билдирүү жасады. Нурсултан Назарбаев өз сөзүндө аталган Саммиттин Казакстан жергесинде өткөрүлүүсү өзүнчө бир сыймык экенин баса белгиледи.

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин ЕККУнун Саммитин 1-2-декабрда Астанада өткөрүү боюнча чыгарылган чечимге карата жасаган
Кайрылуусу
Урматтуу казакстандыктар!
Үстүбүздөгү жылдын 3-августунда ЕККУга катышуучу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңеши, аталган эл аралык уюмдун 2010-жылдагы Саммитин 1-2-декабрда Астана шаарында өткөрүү жөнүндөгү акыркы чечимин чыгарды.
Белгилүү болгондой, Саммитти өткөрүү жөнүндө мен январь айындагы видео-кайрылуумда, ЕККУнун туруктуу кеңешине айткам. Кабыл алынган чечим эл аралык коомчулук арасында Казакстан элинин ийгиликтерин жана ошондой эле, эгемендүүлүк жылдардан берки жетишкендиктерибизди сыйлагандыктын белгиси катары кабыл алынат. Биз мындан улам ЕККУнун төрагалыгынын биздин өлкөгө масштабдуу колдоо көрсөтүп жатканын көрүп турабыз.
Уюмду жетектөө менен Казакстан европалык коопсуздукту камсыз кылууда, алыскы континенталдык рамкалардан сырткары чыгып, өзүн көрсөтүүдө. Натыйжада көрүнүп тургандай, бүгүн эл аралык коомчулук евро-атлантикалык жана евразиялык коопсуздуктун категорияларын пайдаланышууда.
ЕККУнун төрагалыгына киришип жатып, биз биринчи кезекте ар кандай коркунучтар менен кошо терроризмге жана баңги заттарды колдонууга каршы турууда Уюмдун ээлеген ордун, ролун бекемдөө ниетибиз бар экенин билдирдик. Ушуга байланыштуу, биз Афганистандагы кырдаалды калыпка салуу боюнча казакстандык приоритеттердин эң башкысын алып чыга алдык. Биз Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өнөктөштөрүнүн көңүлүн Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелерине буруу аракетин көрүп жүргөнүбүздө, Кыргызстан мындай терең саясый кризиске учурайт деп эч ким ойлогон эмес. Бул өлкөдөгү кайгылуу окуялар бардык аймактарда туруктуулукту орнотуу үчүн негиз болуп берди. Бул нерсе ЕККУ тараптан жана башка эл аралык уюмдардын, жалпы эле дүйнөлүк коомчулуктун кийлигишүүсүн талап кылды.
Биз алдыбызга экономикалык, экологиялык, өзгөчө Аралдагы көйгөйлөрдү чечүүдө ЕККУнун ролун көтөрүү боюнча максат койдук. ЕККУнун Саммитин Астанада өткөрүү тууралуу чечимдин чыгышы, оңой эмес кырдаалды башынан өткөрүп турган уюмдун өзү үчүн чоң жетишкендик экенин мен дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет. Бизди алдыда Евразиялык жана Евро-атлантикалык өлкөлөрдөгү буга чейин болуп келген жана жаңы пайда болуучу коркунучтарга каршы кадамдарды иштеп чыгуу милдети күтүп турат.
Астанада өтүүчү Саммит ЕККУнун "жол карталарынын" өнүгүүсүнө жана стратегиялык багыттарды аныктоого негизделген. ЕККУнун Саммиттин Астанада өткөрүү боюнча чечимдин чыгышынын тарыхый күн менен дал келип калышы да жөн жеринен эмес деп эсептейм. Мындан 35 жыл илгери, тактап айтканда 1975-жылы 1-августта Хельсинки жыйынтыктоочу актысына кол коюлган.
Биздин жолугушуубуз уюмдун акыркы көрүнүштөргө туура баа берип, туура чечимдерди чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүп берерине ишенем. Саммит дүйнөлүк коомчулукка ЕККУнун "Хельсинкиден Астанага чейинки" ийгиликтүү өөрчүп-өнүгүшүн жар салат.
Алдыда өткөрүлүүчү форумдун Казакстан үчүн маанилүүлүгүн баса белгилеп кетким келип турат. Эл аралык саясый окуянын Астанада өтүшү, биздин өлкөнүн атак-даңкын көтөрүп гана тим болбостон, Казакстандын социалдык-экономикалык жана демократиялык жактан өнүгүшүндө ошону менен бирге, казакстандыктардын патриоттук сезимин күчөтүп, биримдиктерин мындан да бекемдөөгө салымын кошот.
ЕККУнун Саммитин өткөрүү чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик. Эми биз бул иш-чараны өз деңгээлинен төмөн өткөрбөө аракеттерин көрө башташыбыз керек. Биздин өзүбүздүн баалуулуктарыбызды, толеранттуулугубузду, салт-санааны сыйлай билгенибизди, бири-бирибизге болгон ишенимибиз менен түшүнө билүүбүздү көрсөтүп алууга эң чоң мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.






Выдвижение в составы районных, городских комиссий продлится до 18 августа 2010 года
ОБРАЩЕНИЕ
Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов
Кыргызской Республики политическим партиям, избирателям

Указом Президента Кыргызской Республики №93 от 9 августа 2010 года выборы депутатов Жогорку Кенеша назначены на 10 октября 2010 года.
Кандидаты в составы районный, городских избирательных комиссий должны быть выдвинуты от политических партий согласно их уставу и собрания избирателей по месту жительства, учебы, службы и работы, в том числе от некоммерческих организаций.
Протоколы о выдвижении кандидатов в состав территориальных (районных, городских) комиссий референдума от политических партий заверяются подписями председателя и секретаря конференции (собрания) и печатью политической партии либо ее регионального отделения.
Протоколы от собраний избирателей, общественных объединений заверяются подписями председателя и секретаря собрания. К протоколу собрания прилагается список участников собрания с указанием места жительства. Список должен быть заверен подписью председателя и секретаря собрания.
В протоколы конференций (собраний) политических партий прилагаются:
- заявление кандидата о согласии работать в составе избирательной комиссии с обязательством выполнять требований избирательного законодательства.
В протоколы собраний избирателей прилагаются:
- список участников собрания с указанием адреса (список должен быть заверен подписью председателя и секретаря собрания).
- заявление кандидата о согласии работать в составе избирательной комиссии с обязательством выполнять требований избирательного законодательства.
Документы по выдвижению кандидатов принимаются областными и Бишкекской, Ошской городской избирательными комиссиями до 18.00 часов 18 августа 2010 года.


ОБРАЩЕНИЕ
Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики к средствам массовой информации и информагентствам
Указом Президента Кыргызской Республики № 93 от 10 августа 2010 года назначены выборы депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики нового созыва. В связи с этим ЦИК Кыргызской Республики сообщает:
Согласно пункту 18 статьи 30 Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, редакции периодических печатных изданий, телерадиокомпании и информагентства, желающие участвовать в предвыборной агитации, должны опубликовать не позднее 10 дней после официального опубликования указа о назначении выборов сведения о размерах и других условиях оплаты эфирного времени, печатной площади.
В этот же срок СМИ должны представить в Центральную комиссию по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики:
- уведомление о готовности участвовать в предвыборной агитации, в котором необходимо указать Ф.И.О. руководителя, координаты и контактные данные СМИ;
- копию устава СМИ, заверенную нотариально;
- копию номера газеты, в которой опубликованы сведения об условиях оплаты.
Уведомление должно содержать также обязательство СМИ о предоставлении равных условий для проведения предвыборной агитации всем кандидатам, политическим партиям.
Документы от СМИ для участия в предвыборной агитации принимаются в Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов до 18-00 часов 19 августа 2010 года в кабинете №309.
Справки по телефонам: (0312) 62-62-87
Факс: (0312) 62-08-23