03.08.10
  Көйгөй

Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт же билим берүүнүн тескейлери
Билим берүү жана мезгил
Эгемендик алгандан кийин өлкөбүздө бир топ ЖОЖдор ачылып, мектептер ишке берилип, сан жагынан өсүп жатат. Албетте, акыркы жылдары айрым ЖОЖдордун аймактагы бөлүмдөрү ар кыл объективдүү себептердин негизинде жабылууга да дуушар болушту. Сапат жагынан билим берүү тармагы коомдогу бардык ( экономикалык, социалдык, саясый, өндүрүштүк) тармактарга салыштырмалуу төмөндөп кеткенин, жыл өткөн сайын ого бетер артка кетип жатканын эч ким тана албайт. Анын кесепети эми гана көзгө көрүнүп, байкала баштады. Белгилүү композитор А. Пахмутованын ырында айтылгандай: "Ничто на земле не проходит бесследно". Биздин өлкөдө социалдык-экономикалык жактан натыйжалуу өнүгүү үчүн илимге болгон табигый муктаждык болгону менен коомдо билимдин кадыры кетип, билимдүү жаштарга көңүл бөлүнбөй келет. Максатка ылайыктуу, ырааттуу кадр саясатыбыз да жүргүзүлбөй, жетекчилерибиз, Президентибиз баш болуп билим берүү тармагын биринчи реформалайбыз деп элди алдап, адаштырып, өз көмөчүнө күл тартып келишиптир.

Айылдагы акыбал
Учурда, өзгөчө айыл жерлериндеги билим берүү тармагында окуу сапаты өзгөчө мышык ыйлай турган деңгээлде. Мектептерде сабактардын окутулбай калышы жаңылык болбой калган. Мунун эң жетектөөчү себеби, айлык маянанын төмөндүгү, педагогикалык жамаатта чыгармачылык түгүл, көңүлүндө иштейин деген ниеттин жок болушу, үмүттүн үзүлүшү, демилгелүүлүктүн өчүшү, окутуу-усулдук иштердин жер-жексен болушу. Билим берүүнүн бардык тармагында өлбө жаным, өлбө деп күн өтүп жатат. Бул мамлекет тарабынан билим берүүгө болгон көңүл кош мамиле. Ага толгон-токой мисалдарды келтирүүгө болот. Мамлекеттин билим берүүдөн башка иштери аз эмес,
ал туура, бирок, бардык тармактардан коомго эң маанилүүсү билим берүү экенин кантип танабыз, анан кандайча эртеңкиге калтырууга болсун? Антип Жогорку Кеңешти, Өкмөттү ак-
тоого болбойт. Бул чоң катачылык экенин мезгил далилдеди. Ушул күнгө чейин билим берүүгө каражаттын арткан-үрткөнү берилип жатпайбы? Өткөн мүчүлүштүктөрдү мугалимдер, коом кечиргени менен мезгил кечирбейт, бир убакытта кетирген катачылыгыбыз үчүн тескерисинче мезгил жазалайт. Бирок, Р.Отунбаева баш болгон азыркы Өкмөт мүчөлөрү өткөнгө салыштырмалуу төрт тарабы төп келишкен жетекчилер, эртеңкини көрө билчүлөр. Өлкө тагдырын чечүүдө билимдин маани-маңызы канчалык экенин баалай алышат, жеке ишеничим бар. Калганын келечек көрсөтөт, албетте, бүгүн эле билим берүү жаатында майрам болбойт, бирок үмүт чоң.

Сынак жок
Быйылкы ЖОЖдордогу кабыл алууга арыз берген абитуриенттердин санынан эле мектепте билим берүүнүн деңгээлин аңдап билүү кыйын эмес. Быйыл педагогдук кесиптер боюнча абитуриенттер үчүн дээрлик сынак (конкурс) жок деп айтсам ашык болбос."Кутбилим" гезитиндеги (16-июль, 2010-жыл) А. Каниметованын "Приемная кампания -- все идет по плану" аттуу макаласынан сөзмө-сөз мисал келтирейин. БГУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Каныбек Кенжешевдин жообу: "Педагогические специальности как всегда не пользуется популярностью у абитуриентов", ошол эле көз карашты КУУнун басма сөз-катчысы Рахат Кеңешева да төмөндөгүдөй айтат: "Первый тур приемной кампании показал, что самые невостребованные у абитуриентов специальности - педагогические. К сожалению, сбор талонов показал, что очень мало заявок на педагогические специальности". Ал эми Бишкектеги ЖОЖдордун кабыл алуу комиссияларынын мүчөлөрү контрактык кабыл алууга экзаменсиз эле кабыл алабыз деп, кол куушуруп отурушат. Бул өзүм көргөн факт. Педагогдук профилге кабыл алуунун быйылкы жылдагы акыбалы ушундай. Бүгүнкү билим берүү тармагынын абалы, бул өткөн чактагы мамлекеттин жасаган мамилесинин натыйжасын "Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт" деген макалдын маңызы далилдеп жатат.
Педагогдук кесиптин бюджеттик бөлүмүнө тапшыргандардын дээрлик көпчүлүгү ЖРТ боюнча араң эле 105ден ашкан баллга ээ болгондор. Алар окууга өтүшсө сөзсүз ЖОЖду деле ортосаар баалар менен аяк-таары бышык. Баарынан кызыгы мектеп ЖОЖдорго өткөрүп, ЖОЖдор кайрадан мектепке аман-эсен тапшырмай айланпасы башталды. Эмки кезек мектепти ортосаар кадр менен толтурсак, келечекте мектептен кандай билимдүү окуучулар бүтүп чыгаар экен ыя, окурман? Көрүнгөн тоонун ыраагы жок, анын натыйжасы эртең эле байкалат.

Педагогдук кесип жана анын аброю
Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары ЖОЖдорду бүткөн мугалимдердин жашы жетип, пенсияга кетип жатышат. Азыркы жаш мугалимдерди жамандагым келбейт, бирок алардын билим деңгээлинин кандай экенин канчалык жашырсак деле, силер ойлогондой эмес деп, турмуш чындыгы кашайып, далилдеп койду. Эми бул көрүнүш да, илгертен келаткан өкмөт жетекчилеринин, Билим берүү министрлигинин коомго берген "татыктуу, эстен кеткис" белеги. Эчак эле (башталышы 1975-жылдардан) коомдо педагогикалык кесиптин аброю кетип, коомчулукта сый-урматка ээ болбой калган. ЖОЖдордун педагогдук кесип берчү факультеттерине кабыл алууда бюджеттик орундардын санын көбөйтүү маселелери Билим берүү министрлиги тарабынан каралып, жыл сайын көбөйтүлүп келсе да, мугалимдик кесипти тандоочу абитуриенттердин саны тескерисинче азаюуда. Бул тескейдин себебин коомчулук көрүп турду, бирок казынада каражат жок деп, өкмөт жетекчилери бүгүн, эртеңге калтырышып келишкен. Окуянын сол жак бетинен караганда бул мугалимдердин "тартиптүүлүгү, сыпайылыгы, чыдамдуулугу, түшүнүктүүлүгү". Ал эми оң жак бетинен караганда билим берүү кызматкерлеринин жогорку бийлик органдарына бардык шартка карабай өзгөчө билим берүү тармагына бөтөнчө көңүл борборун буруу зарыл экенин ынандырып жеткире алышпагандыктан, коомду ушундай билим берүүнүн кризисине алып келишти, ал процесстин ичинде, албетте, мугалимдер да бар.
Ал эми ЖОЖду бүтүргөндөрдүн айрымдары мектепке барышпайт. Анын сыры ЖОЖду орто- саар баа менен бүткөндөр мектепке иштөөдөн качат, кай бирлеринин башка жерде жылуу орду бар, ага диплом гана керек. Үчүнчүлөрүнө мектепте айлык маянанын аз экени канааттандырбайт. Жалпысынан бардык бүтүрүүчүлөрдүн мектептен качуусунун эң негизги себеби эле айлык маяна болуп саналат. Эми деги, буга ким күнөөлүү деген табигый суроо туулары белгилүү эмеспи. Албетте, Өкмөт жана билим берүү жетекчилеринин коомдун өнүгүү күрөө тамырын кармай билбегендиги, мамлекетти башкарууда ырааттуулуктун жоктугу, коомдун социалдык, экономикалык, саясый өнүгүүсүндөгү негизги артыкчылык берилген тармактын али аныктала электиги. Ошол мезгилдеги ӨКМӨТтүн, БИЛИМ БЕРҮҮ жетекчилеринин көсөмсүздүгү, реформаторлук сапаттарынын жоктугу, чыныгы элдин патриоту эместиги, жогору жактын көрсөтмөсүн карап турушу, кызматтын кулу экени белгилүү болду. Мүмкүн мындан башка да маанилүү себептер бардыр. Жогорку айтылган ойлордо калет жок, бирок бул маселелер да чечилүүнүн астында, жаңылануу жыты жыттанып, поезд ордунан жылганы калды.

Мектепте кимдер иштейт?
Ушул тапта айыл мектептеринин жалпы кадрдык курамын тактап көрсөк: пенсия курагына жакын калгандар, пенсионерлер, негизинен аялдар, сырттан окугандар, азыраагы атайын билими жок, жалпы орто билимдүүлөр эмгектенишет. Мындан эки кылым илгери Француз революциясы мезгилинде пайгамбардын сөзүндөй болгон төмөнкүдөй кеп Францияда таралган: "После хлеба самое важное - школа". Дагы эки, үч жылдан соң мектепте жалаң эле ортосаарлар, атайын кесиптик билими жок жаштар иштеп калаары түшүнүктүү. Көпчүлүк жаштар педагогдук кесипти аркалагысы келбейт, иши оор, айлык маянасы эч кимди канааттандырбайт деп жогоруда айттым. Андыктан, жаштар педагогдук окуу жайына тапшырууну максат кылышпайт. Ал жагы да туура, ар кимдин жеке кызыкчылыгы биринчи орунда турат да. Мындан, жыл өткөн сайын мектептеги кадрлардын жалпы саны менен кошо, анын сапаттык курамынын да улам төмөндөп бараткандыгын далилдейт. Бир эле мисал, КУУда 2009-жылы менин билишимче 14 студент жогорку билимдүү физик адистигине ээ болушкан, ал эми 2010-жылы 18 студент ээ болушту. 1970-80 жылдарга чейин 60тан 100гө чейин студенттер бүтүрүшчү эле. А бирок азыркы учурга салыштырсак, ал мезгилде мектептин саны аз эле, азыр тескерисинче көп. Азыр мектепте деги кимдер иштеп жатышат, кимге болсо да түшүнүктүү да. Эми келечек кандай болот?. Айылда билим берүү тармагында чоң КРИЗИСТИН башы көрүндү. Бир, эки жылдан соң такыр сазга батып, эмне кылаар айланы таппай калаарыбыз чындык болот. Байкаган кишиге ушундай, бул эч кандай көзү ачыктык эмес. Бул коомдо болчу табигый процесс эмес, жетекчилердин маани бербегендиги, бул процесске эч кимдин милдеткер эместиги, мугалимдердин айтып жүрүп чарчагандыгы, мамлекеттин каерде өрт болсо, аны өчүрүү менен алек болуп жаткандыгы. Өрт тутанып-тутанбай, ичинен быкшып жаткан жерлерге акылдары жетпейби же чолоолору тийбейби, азырынча белгисиз... Бул табалап айткан сөз эмес, күйгөндөн чыккан сөз. Быкшып жаткан өрт өтө коркунучтуу, ал процесс жарылуу менен коштолушу да мүмкүн. Бул кубулуш келечекте чоң социалдык, экономикалык, саясый кыйроого алып келиши ыктымал. Дагы кайталап айтаарым, мугалимдин айлык маянасын көтөрүү, аларды ар тараптуу колдоо маселеси кечигип жатат. Бул ошонун эле алгачкы натыйжасы.
Баардыгынан педагогдук кадр маселеси, чыны өтө оор маселе, бирок эң сүйүнүчтүү жери, жаңы бийликтин эл үчүн күйүп-бышып иш-
тейин дегени, жан дүйнөлөрүнүн тазалыгы элге шык-дем берип, адамдарда коомго эмгек кы-
лайын, жардам берейин, мамлекеттин акыбалы кыйналышта деген ниетти элде пайда кылды.

Дүйшөн СУЛТАНКУЛОВ,
Бишкек шаары
Сүрөттөр "Кыргыз Туусунун" архивинен жана интернеттен алынды