30.07.10
  Каяша

Журналист, жазуучу Казат АКМАТОВ:
"Азезилдер азгырбаса, араздашуу болбойт "
("Вечерка" (күүгүм) гезитиндеги Д.Маслованын макаласына жооп)
Өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу кагылышуу кантсе да унутулуп бара жаткандыктан, кыргызстандыктар эми гана жакшылыктан үмүт эте башташты. Адамдарга сергек акыл-эс берегөр Кудайым, шайтандын азгырыгын ооздукта, кишинин өзү бир колу менен жараткан жамандыкты экинчи колу менен жок кылууга аларды мажбурла. Бүткүл Борбордук Азия боюнча исламдык куралдуу баскынчылык даярдалып жаткандыгы жана анын келечекте түндүктөгү өлкөлөргө жайылышы жөнүндө кайсы бир саясатчылардын божомолдоруна жол бербе Кудайым.

Кыргыздан ашкан чыдамдуу улут барбы?
Акыл-эстүүлүк менен ой жүгүрткөн бардык кыргызстандыктардын учурдагы милдети - карттанып бараткан жараны тырмап ырбатпоо, жок дегенде, азырынча болсо да, түшүнүксүз акыл үйрөтүү, ушунчалык коркунучтуу кырсыкты баштарынан кечиришкен көп сандаган адамдарды мазактаган жарлыктарды тагуу менен алпурушпоо. Ошондуктан, окуяга күнөөкөрлөрлү териштирип, чечим чыгарууга укук коргоо органдарына убакыт жана мүмкүнчүлүк берүү керек.
Тилекке каршы, бизде андай болбой жаткандыгы өкүнүчтүү. Айрым ЖМКлар өтө эле шашылышып, эми өлкөнүн түндүгүндө да чуу чыгарууну баштаган өңдөнүп калды. Мына ушул коркунучтуу жарышта, өзүнүн өзгөчө берилгендиги менен акаевдик-бакиевдик бийликти колдоп келген белгилүү "Вечерний Бишкек" гезити жана анын кымбаттуу редактору Ким бардык күчүн жумшап жатат! Анын гезитинин беттерине Д.Маслова, Б.Маликова ж.б. сыяктуу журналисттердин жеңил тобу жайнап чыкты. Алар мезгилинен мурда эле кыргыздар баарынан мурда сабырдуулук деген түшүнүктү таптакыр билишпейт, ошондуктан бул эл цивилизациялуу эмес, жапайы ж.б.д.у.с., мына ушунун кесепетинен этникалар аралык кагылышуу болуп жаткандыгы жөнүндө өздөрүнүн аныктоо бүтүмүн чыгарып коюшту. (Караңыз - Д.Маслова "ВБ" 9.07. 2010-ж., Б.Маликова 2.07. 2010-ж.).
Көрсө, "толерантность" деген латын сөзүнүн кыргызча онго жакын (сабырдуулук, айкөлдүк, токтоолук, чыдамкайлык, оор басырыктуулук, көтөрүмдүү, ак көңүл, жоош ж.б.д.у.с.) синоними бар экен. Жер жүзүндө миңдеген жылдардан бери жашаган бардык байыркы элдер сыяктуу эле, кыргыздар да, күндөлүк жашоодо жана тиричиликте, аталган түшүнүктөргө ээ болушкан, баарынан мурда, организмдин биологиялык өзгө-чөлүгүн психологиялык тартиптеги ар түркүн түшүнүктөр менен аныкташкан деп болжолдоо керек.
Дүйнө жүзүндө бардык адамдардын тулку-бойго каршы келген белгилүү бир көрүнүштөргө иммунитети бар, ошол эле учурда, ар бир организмдин, акыркы жыйынтыгында адамдарды терең коркунучка алып келе турган, чыдамсыздык деп аталган касиети болот. Элдик жаргон менен айтканда, бул кимдир-бирөөнүн чыдамдуулугу чегинен ашып кетти деген түшүнүктү билдирет. "Вечёрканын" мурдагы мезгилдеги ар түркүн эзүүлөрдү жана басмырлоолорду айтпаган күндө да, биздин эки экс-президентибиз башкарган мезгилде гана кыргыз эли канчалык ачуу чыдамсыздыкты башынан өткөргөнүн байкап көргүлөчү, "Вечёрканын" урматтуу сынчы-журналисттери.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Болот Жанузаков өзүнүн АиФке берген маегинде, Европа өлкөлөрүнүн биринин элчиси Кыргызстандан кетип бара жатып: "Кыргызстанды жети президент - Курманбек, Максим, Жаныш жана башкалар... башкарып жаткандыгы" жөнүндө айтканын эске салган.
Акаевдин учурунда деле башкаруучулар андан кем болбогонун кошумчалай кетели жана алардын баарына келечекте пайда алып келүүчү "мүмкүн болушунча көп алуу, алыс ыргытуу" шашылыш керек болгон. Жыйынтыгында кыргыз жерлери, алтын кендери, өнөр жайынын, айыл чарбачылыгынын тагдыр чечүүчү объекттери, имараттар, пансионаттар, мобилдик телефон чалуулардын наркына чейин сатылды.
Кыргызстандын ЖМКлары, албетте, бир гана жалгыз "Вечёркадан" башкалары мына ушундай бардык кылмыштар жөнүндө кыжырдануу менен күн сайын канкакшап жатты. Бул үчүн аларды токмоктошту, майып кылышты, түрмөгө отургузду, өлтүрүштү, тирүүлөй өрттөштү. Ал эми, "Вечёрка" болсо, мына ушулардын бардыгында Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда унчукпай, бетин тултуйтуп, өзүнүн айныксыз майлык позициясында кала берди.
Кечирим сурайм, "ВБ" унчукпай калган жок, А.Акаевдин доорунда, өзүнүн беттеринде Акаевдин тукумдары Кыргызстанды түбөлүк башкарууга, Улук кудай тарабынан дайындалганына адамдарды ишендирип жатты (Безбородова). Ким мырзанын доорунда "Вечёрка" (баса, бул сөз кыргызчага которгондо "күүгүм" дегенди билдирет) мырзайым Малеванаянын ханзада Максимдин жана анын каны сиңишкен бир туугандары, Гуревичтин, Надельдин, Елисеевдин аябагандай сергек жетекчилиги менен Кыргызстандын бардык "жети президентин" көкөлөтө мактап жатты. Ал кезде "Вечёрканын" көзү кызгылтым чүмбөт менен тумандап, коркуп, калчылдоо менен ал өз кожоюндарынан өздөрүнүн жеке жашоо-турмушу үчүн дагы кыйла кирешелүү келечекти, дагы кыйла бактылуу келечекти күтүп жатты. Анда аларга, кыргыз "улутчулдарына", айталык, мамлекеттик тилге же кыргыз маданиятына жана искусствосуна кам көргөндөргө көңүл бурууга убактысы жок эле, туурасы, атүгүл капарына да алган эмес.
Деги, алар, ушул санда жок мекенчилдер кимдер экен өзү? Ошентип мырзайым Малеванаянын көрсөтүүсү боюнча президент Бакиев өзү калем сабы менен бир чийүү аркылуу Маданият министрлигин, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны, Мамлекеттик архивди, Туризм министрлигин, кыргыз элинин искусствосун үгүттөөгө жана дүйнөгө таратууга чакырылган ЮНЕСКОнун бөлүмүн жойгон кезде, алар андан ары илгерилешти. Кыскасы, кыргыз улутунун бүткүл арсеналын жок кылышты. Өзү жакшы көргөн бийликтин мына ушундай бардык кордугуна, атүгүл "Вечёрканын" кылы да кыйшайган жок, тескерисинче, ага жагып турду.

"ВБ" калыс сөз айтты беле?
Биздин "Күүгүм" Максимдин ушул наадандыгына жан-дүйнөсү жаркып, терең канааттануу менен биригеринен мен шек санабаймын. Анткени, улут жок болгон кезде, бирдиктүү, ынтымактуу эл жок болгон кезде анын Ата Мекенин сактай турган эч ким болбойт, чындык жана адилеттик үчүн болгон ыңкылапта өз канын төгө турган эч ким калбайт. Ошондо ээси жок өлкөнү анын жер үстүндөгү дагы жана жер астындагы дагы байлыктарына чоочундардын ээлешине оңой болот. Ошондой эле, аябагандай сабырдуу, чоочун пикирге жана чоочун кылмыштуу кылтакка өлчөөсүз чыдамдуу калктын өзүн башкаруу оңой болот.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан чоң кайгыда. Ал аз келгенсип, президент болуп шайланган анын "мыкты уулдары" тилекке каршы, өздөрү аябай маскара болушту, өз элин бүткүл дүйнөгө маскара кылды, атүгүл өлкөнү да карактап кетишти, республиканын жарымын канга бөлөдү. Мына ушунун баары кылгылыкты кылып, эч бир күнөөсүз адамдарды канга бөлөп, эми качып жүргөн келесоо К.Батыровдун жарылуу коркунучун жарата турган талаптарынан улам келип чыкты.
Ошондо Өзбекстандын Анжыян, Наманган, Ташкент, Фергана облустарында жашап жүрүшкөн 1 миллионго жакын кыргыздар автономияны жана кыргыз тилине расмий статус бергиле деген талапты койбой эле жүрүшпөйбү деп "ВБ" өзүнүн калыс сөзүн айта алат эле да. Эгерде Батыров ошондой эле кыйын, майда анклавдардын эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн күрөшүүчү болсо, анда ушундай эле талаптарды өзбек бийликтерине, Россиянын бийликтерине, Азербайжандын бийликтерине жана башка бийликтерге койбойт беле.
Бир катар гезиттер бул тууралуу жазышты, бирок, бир гана "Вечёрка" үн каткан жок. Көрсө, аны республикадагы чындык жана тынчтык маселелери таптакыр кызыктырган эмес жана кызыктырбайт да окшобойбу, ага баарынан мурда жапайы улутчулдарды, аң-сезимдери артта калган, элдик үрп-адаттарды жана элдик адептүүлүктү карманган адамдарды издеп табуу керек болгон - (Д.Маслованын айтканы). Баса, (аң-сезими кыйла өнүккөн, сабырдуу, алардын катарына Маслова, албетте, биринчи иретте өзүн кошору табигый нерсе) элдик салттарга, үрп-адаттарга жана өзгөчө элдик адеп-ахлакка чыдай албаган адамдар болорун, мен билген эмесмин.
Мейли, журналистти азыркы сөз болуп жаткан учурда балким, эч кандай башка улут эмес, жалаң эле кыргыз элинин адеп-ахлагын айтып жатат деп коёюн. Бирок, кандай болгон күндө да, Маслова, мен аны канчалык аяганым менен, кокусунан эле, анын үстүнө эң эле туура, ал өзү эле россиялык публицист Никоновдун чыдамсыздыкты (ар кандай) "интеллектуалдык жактан өсүп жетилбегендиктин ачык-айкын белгиси катары мүнөздөгөн сөздөрүнө шилтеме жасап, өзүнө-өзү так кесе аныктама берет. Мына ушундан соң, алардын кимисиники туура экендигин эми ажыратып билип көрчү? Маслова өзүнүн макаласында кыйла эле кеңири түрдө (ал психологиялык кайсы-бир окуу китебинен көчүрүп жазып алганы көрүнүп турат), барынан мурда кыргыздар чыдамсыз, ошондуктан алар интеллектуалдык жактан жетиштүү өсүп, жетилген эмес деп далилдеши туурабы? (Кыргызстанда жиндилер жана фанаттар өтө эле көп экендиги жөнүндө журналист аял өзүнүн "илимий ачылышын" кошумчалайт. Алардын баарынан мээси аябай бузулган, ошондуктан алар менен талашып-тартышууга болбойт деген бүтүм чыгарат). А балким, кантсе да, окумуштуу Никоновдуку туура болуп жүрбөсүн? Муну окурмандар өздөрү чечип алышсын.

Отунбаеванын кыргызча сүйлөгөнүнө ичи күйөт
Түштүктөгү кайгылуу кырсык жөнүндө көздөрүнүн жашын тегеретип, жан-дүйнөлөрү кейип, дээрлик бардык кыргыз журналисттери, бардык гезиттер, телерадио каналдары кайгыруу менен жазышты жана жазып да жатышат.