30.07.10
  Эрдик

Ботосун издейт боз инген...
2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргон районундагы баш аламандыкта милициянын капитаны Мыктыбек Сулайманов каза болгон. Аны жаалданган топтун баш кесерлери мыкаачылык менен өлтүрүшүп, өрттөп ийишти. Жанында куралы болсо, жок дегенде тигилердин бирөөсүн атып анан өлмөк. Куралы жок милиция кызматкерлерин каракчылардын тобуна каршы койгон милиция жетекчилигин эки жашоомдо кечирбейм, - деп кан какшайт Мыктыбектин апасы
Карамат апа. Улуттар аралык чырды утурумдук бийлик алдын алып, уюштуруу-
чуларын убагында камаса
адам өмүрү кыйылмак эмес
деп, шейит кеткен уулунун
күйүтү менен кошо кыргыз
элинин тагдырына да
бушайман.

Бул менин балам менен кошо дагы эки милициянын өмүрүн алган башаламандыкты кимдер уюштургандыгын жергиликтүү калк жакшы билет. Ошондуктан биз тергөөнүн адилет жүрүп, менин Мыктыбегимдин өлүмүнө шектүү деп кармалгандар татыктуу жазасын алмайынча тынч жатпайбыз. "Ботосун издейт боз минген" кейпин кийген Карамат апа уулунун "Апа мен сизди чоң профессорго алып барып дарылатам, ооруңуздан сакайтып алам", - деген сөзүн уулунан калган керез катары жадыбалынан чыгарбай, кайгысын кимге айтаарын билбей турат.
41 жаштагы Мыктыбек кыргыз элинин
коопсуздугун сактоо аракети учурунда бир топ жаракаттан улам көз жумду. Артында ата-энеси, бир туугандары менен кошо төрт баласын бооруна кысып жубайы Чынара калды.
"Тополоң башталганда Мыктыбек эмнегедир "мен бүгүн Ата-Мекенимди коргогону баратам!" - деп, эзели байкатпаган сезимин сыртына чыгарып жиберген. Анын патриоттук духу бийик болчу. Кооптуу ишке аттанып жатса да көңүлү көтөрүңкү эле. 7 жашыбыздан жетелешип чогуу окуган классташым, 20 жылдан бери бир коломтодон түтүн булатып келе жаткан жолдошумду акыркы жолу жумушуна узатып жатканымды тан албаптырмын. Райондук милиция жетекчилиги бизди кооптуу аймактан чыгарып койгонго да жарашкан жок. Кыргыздарга каршы аттанган кара мүртөз адамдардын арасынан күйөөмдүн сөөгүн алып өтүү биз үчүн аябай кооптуу болду" - деп, 13-июндагы кандуу окуянын азасынан арыла албай боздогон Чынара өмүрлүк жолдошу Мыктыбектин
баатырларча курман болгондугунан шектенбейт.
Өмүрүнүн 47 жылын мектеп турмушуна арнап, анын 22 жылы мектептин директору болуп иштеп пенсияга чыкса да элдин өтүнүчү менен жакында кайрадан мектепти жетектөөгө келген Жусуп Сулайманов башына кайгы түшүп турса да салабаттуулугунан жазбай, уулунун тирүү кезиндеги ыймандуу,
боорукер мүнөзүн байма-бай эстейт. Массалык маалымат каражаттары окуяны бир жактуу чагылдырып жаткандыгына нааразы болгон Жусуп ава, кыргыздардын тагдыры көмүскөдө калып жаткандыгына зээн кейитет.
- "Он баланын оюну башка, кырк баланын кылыгы башка" - дегендей 7 балабыздын катарында Мыктыбегибиздин да өзгөчө орду бар эле. Балабыз өзү үчүн эч нерсе жасабай кетти. Жалаң айлыгы менен жашап, өзүнчө үй да кура алган жок. Балдарын чындыкка, адалдыкка тарбиялап, алды бойго жеткенде о дүйнө салып кетти. Болор иш болду, эми акты ак, караны кара деген калыстык менен күнөөлүүлөр кармалып, татыктуу жазасын алмайынча нааразылык кала берет", - деген Жусуп Сулайманов бийлик тараптан катуу тартип, калыс башкаруу болмоюнча башаламандыкты ооздуктоо мүмкүн эместигин айтат.
Мыктыбек Сулайманов 1969-жылы Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылында жарык дүйнөгө келген.
Аскердик кызматын өтөп келгенден
кийин милициянын жогорку мектебин, андан соң дене тарбия институтун бүтүргөн. Укук коргоо тармагына кызматка киргенден кийин он жыл бирге окуган классташы - Чынара экөө баш кошушуп, 4 перзенттүү болушкан. 13-июндагы кандуу окуя бул бактылуу үй-бүлөнүн алдыга койгон улуу максаттарына кедергисин тийгизип, Мыктыбектин уул-кызынын бейкут жашоосун кайгыга бөлөп, наристе сезимдерге бүлүк салды.
Мыктыбекти айылдаштары, жолдош-жоролору кишиге жамандык кылбаган, дайыма шайыр жүргөн ишенимдүү дос, өз ишин билген адам катары сыйлашчу. Ошол тополоңдо башкаларчылап башын калкалап, элден четтеп, өз жанын ойлогондо мындай кырсыкка кабылбас беле. Бирок, анте албады. Элди ынтымакка, биримдикке чакырып, баатырлардын ишин жасап, баатырларча курман болду. Себеби, Мыктыбектин мүнөзү, тарбиясы ошондой болгон. Кыйчалышкан убакта кара башын калкалабай, эрдик жасоо ар кимдин эле колунан келе бербес иш экенин көрсөттү. Өзү да, олбурлуу, баатыр мүнөз жигит ал жерден бир-эки адамды ала жатканга дарамети жетмек дешет айылдаштары. Бирок, өмүр бою элди кырсыктан арачалап келген жигит өз колун канга боёгусу келген эмес чыгаар.
Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши" дегендей, буга чейин айылдаштарыңын арасында токтоо, салабаттуу, боорукер, таза адам катары айтылып келсең, эми жалпы кыргыз элинин эсинде эл-жери үчүн курман болгон баатыр катары калдың, Мыктыбек. Сага кол көтөрүп, каныңа зыян болгон канкорлор да жазасын алат.
Ал эми Мыктыбектин эл үчүн кылган эрдиги жогору бааланып, милициянын капитаны Сулайманов Мыктыбек Жусуповичке Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы - III-даражадагы "Манас" ордени менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш жөнөтүлдү.
Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев маркум Мыктыбек Сулаймановдун үйүнө барып куран окуп, анын үй-бүлөсүнө акчалай жана гуманитардык жардам берип кайтты.
Ашыркул ОМОРОВ,
сүрөттөрү автордуку