30.07.10 КРнын Президенти Роза Отунбаева:
"Теке-секирик" долбоору - Баткендин келечеги"
Мамлекет башчысы Р.Отунбаева жана ИИМ, тран-спорт жана коммуникациялар, жаратылыш ресурстары жана башка министрлер ж.б. расмий жетекчилер Баткен облусуна иш сапар менен келишти.

Президент Р.Отунбаева алгач Баткен облусундагы "Теке-Секирик" каналын куруу долбоорунун схемасы менен таанышып, бул каналды куруу демилгесин колдоду. "Бул каналды ишке киргизүү облустун экономикасын өнүктүрүүгө жакшы натыйжасын берет жана мындай долбоорлорду колдош керек", - деди президент. Айта кетсек, "Теке-Секирик" - бул Баткен районунун Кара-Булак жана Чоң-Талаанын сугат жерлери үчүн Сох дарыясынан өзү агуучу каналды куруу долбоору. Анын ишке ашуусунун натыйжасында облустун ирригация, электр энергиясы менен жеринде камсыз кылуу маселелери чечилет. Ошол эле учурда жүздөгөн жумушчу орундар пайда болот. Андан соң мамлекет башчысы "Айгүл-Таш-Согмент-Таян" жолунун курулушу менен таанышты. Аталган жолдо кызуу иш жүрүп, бүгүнкү күндө
16 млн. сомдук жумуш аткарылган.
Мындан тышкары Р.Отунбаева облустун активи менен жолугуп, өлкө ичиндеги акыркы кырдаал туурасында жыйындын катышуучуларына кеңири маалыматтарды берди. Андан сырткары, өлкө башчысы Баткен жергеси анын жүрөгүнө жакын экендигин, буга чейин Баткен районунун Самаркандек айылынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бул аймактын көйгөйлөрүн жакшы түшүнө тургандыгын билдирди. Өзгөчө бүгүнкү күндө өлкө ичиндеги оор кырдаалда биримдик менен ынтымакта системалуу иштерди алып барып жаткан облус жетекчилигинин иштерине, жүзөгө ашуу алдында турган "Теке-Секирик" долбоорунун максаттуу багыттарына ынануу менен бул иштер Баткен элинин Кыргызстан үчүн кошкон салымы боло тургандыгын баса белгиледи. Өлкөбүздөгү абалдын курч экендигине карабай кырдаалдан чыгууну максат кылган Президент айым кышка карата
даярдык жөнүндө кеп козгоп,
быйыл кышта электр энергиясынын үзгүлтүксүз бериле тургандыгын баса белгиледи. "Кыргызстанды сактап калалы десек, бөлүнүп жары-луусу жок, биримдик менен баарыбыз чыгуубуз керек. Бүгүн түндүк-түштүк деген бөлүнүү жок. Техникалык өкмөттө 17 министрлик бар. Анын 8и түштүктөн, 8и түндүктөн, ортосунда Костюк бар", - деп тамаша аралаштырган Президент элди ынтымакка чакырды.
Андан кийин жарыш сөзгө чыккан ар кайсы район-шаарлардан келген атуулдар кара алтындын кени болгон Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын жана цемент заводунун кызматкерлеринин, шахтачылардын, мугалимдердин көйгөйлөрүнө токтолушту. Ошондой эле жарыш сөзгө чыккандар Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорундагы ичүүчү суу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагылардын маянасы, жол, чек ара маселелери, район-шаар жетекчилеринин орун басарларынын кызматтык автоунаага муктаж экендиктери, "Теке-Секирик"долбоору ишке ашса 50 миң гектар жер өздөштүрүлүп, бир канча жылдар бою турак жай маселеси чечилип, миграцияда жүргөн жаштар өз жеринде эмгектенээри, коомдук жана саясый ишмер И.Раззаковдун 100 жылдык
мааракесин белгилөө туурасында өз ойлорун ортого салышты.
Жарыш сөзгө чыгуучулардын пикирлери угулган соң, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Э.Исаков жол көйгөйлөрүн айткан баткендиктерге Ош-Баткен-Исфана жолунун Көк-Талаа-Пүлгөн, Пүлгөн-Бүргөндү тараптарында иш жүрүп жаткандыгын маалымдап, Ош-Пүлгөн, Баткен-Исфана тараптарында да ишти баштоо үчүн донорлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлады. Ал эми Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолунда 16 млн. сомдук жумуш аткарылган. "Быйыл 3,5 млн. сомдук жумуш аткарылуу алдында турат. Лейлек районундагы чек ара көйгөйүн жараткан (Оочу тараптагы) 3,5 чакырым жол тиешелүү адистер тарабынан тез аранын ичинде колго алынат", - деп белгиледи министр мырза.
Жыйын соңунда Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева бардык маселелерге өзгөчө көңүл бөлөрү жөнүндө билдирди. Мугалимдер жана дарыгерлер калкты кармап турган негизги катмар болгондуктан, колдон келишинче көңүл бөлүп жардам берерин, чек ара көйгөйлөрү легалдуу парламент, өкмөт келгенде биротоло жакшырарына басым жасады. Суу маселесин чечүү - айыл-чарба көйгөйүн эле чечкендик эмес, адам ресурсундагы негизги меселени чечкендик болуп саналат. Анткени суу көйгөйү чечилсе, жерлер өздөштүрүлүп, иштер арбын болуп, чет тарапта жүргөндөр жеринде иштеп калат деген оюн айтты.
Улуу инсан Исхак Раззаковдун 100 жылдыгын өткөрүү туурасында бир канча каттар Президенттин жеке өзүнө келип жаткандыгын, алардын ичинде быйыл өлкөдөгү оор шарттарга, чоң саясый өнөктүктөргө байланыштуу мааракени келерки жылы белгилөө туурасында да сунуштар келип түшкүндүгүн белгиледи. Өлкө башчысы бул багытта дагы бир жолу кеңешип, бир тыянакка келерин кошумчалады. Акырында билими, тажрыйбасы мол губернатор С.Айжигитовду Баткенди индустриалдык облуска жеркирүүчү инсан катары колдоорун билдирип, жумушчу сапарын улантты.
Түштөн кийин иш сапарын Кадамжай районунда улантты. Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл округуна караштуу Какыр
айылындагы жаңыдан Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын демөөрчүлүгү менен курулган орто мектептин ачылышына катышты. Бүргөндү дюкери курулушу менен таанышты. Аталган дюкерге Өкмөттөн 337 млн. сом каралган, анын 34 млн. сому берилип, дюкердин курулуш иши токтоп калган. Акча каражаты толук каралып дюкер ишке кирсе, 3,5 миң гектар жер өздөштүрүлөт. Андан соң Президент Р.Отунбаева мунай зат бургуларынын абалы менен таанышты. "Пүлгөн-Бүргөндү" жолунун курулушунда иштеп жаткан Кытай компаниясынын ишине күбө болду. Өлкө башчысы өзүнүн иш сапарын Кызыл-Кыядагы цемент заводунун абалы менен таанышуу менен аяктап, Ош облусуна жөнөп кетти.
Гүлчехра Тажибаева,
"Кыргыз Туусу"






Жабыркагандарга даректүү жардам берилет
КРнын вице-премьер-министри Өктөмхан Абдуллаева Ош, Жалал-Абад облустарында болду.
Өлкөбүздүн түштүк аймагын кайра калыбына келтирүү боюнча Президенттин алдындагы ведомстволор аралык комиссиянын төрайымы Ө.Абдуллаева аталган иш сапарында аймактагы орун алган көйгөйлөр менен жеринде таанышып, иликтеп жана улуттар ортосундагы мамилени чыңдоо боюнча иш-чаралардын программасын иштеп чыгууну максат кылган.
Ө. Абдуллаева Ош, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында облустук бийликтин жетекчилери жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздандыруу кызматкерлери менен иштиктүү жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын биринде ал КРнын Президенти Роза Отунбаеванын Жарлыгы менен түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын аткара турган иштерине токтолду. Ошондой эле, июнь айындагы коогалаңда Ош шаары көбүрөөк талкаланып, жабыркаганын белгиледи. Аны менен бирге: "Ар бир жабыркаган үй-бүлөгө даректүү жардам берүү керек. Өзгөчө, азыр күйүп кеткен документтерди кайрадан калыбына келтирүү же, жоголгон паспортторду кайрадан жасап берүү маселесин чечүүбүз зарыл", - деди Ө.Абдуллаева.
- Коогалаңда ата-энесинен айрылган жогорку окуу жайларында окуган балдарга окуусунун келишимдик наркын жоюу боюнча жардамдар берилет. Ошону менен катар ар бир мектепке бирден психолог жана коопсуздугун сактай турган милициянын штатын чечип берели деп жатабыз. Айылдарды өнүктүрүү программасын түзүп, жумушсуздарды иш менен камсыз кылуу керек", - деди Ө.Абдуллаева.
Вице-премьер-министр Жалал-Абаддагы жолугушуусунда, айрым ата-энелердин балдары үчүн тынчсызданып, Жалал-Абаддагы окуу жайларында окууларына каршы болуп жаткандыгынан кабардар болду.
Бул боюнча Ө.Абдуллаева Убактылуу Өкмөттүн жакынкы отурумунда А.Батыров университетинин маселеси чечиле тургандыгын билдирди.
А.АКИМБАЕВА




Эл сотторго нааразы
Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров өзүнүн Туркияга жасаган иш сапары боюнча маалымат берди. Азимбек Анаркуловичтин айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Туркиянын милиция академиясына Кыргызстандык студенттерди окутуунун квотасын беш кишиден жыйырма кишиге көбөйтүүгө жетишилди. Мындан тышкары, 200 киши алты айлык милиция курстарында окуй алышат.

Азимбек Бекназаров ошондой эле Президент Р.Отунбаева бир катар судьяларды бошотуу жөнүндөгү Жарлыкка кол койгонун маалымдады. "Апрель окуясынан кийин сот, прокуратура органдарынын куратору катары мен жарандарды такай кабыл алып аттым. Мага кайрылган ар бир жүз кишинин токсону негизинен судьялардын үстүнөн арызданышат. Мындай арыздар ушу күнгө чейин тынбай түшүп атат. Сот органдарына нааразылык абдан күчтүү", - деди Азимбек Анаркулович.
Азыр татыксыз судьяларды бошотуу багытында гана эмес, убагында мыйзамсыз кызматтан алынгандарды кызмат ордуна кайра калыбына келтирүү боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Мурдагы бийлик тарабынан куугунтукка дуушар болгон кээ бир судьялар бар. Мисалы, Бишкек
шаардык сотунун судьялары Садыков, Панкратов убагында Ак үйдүн заказын аткарбай койгондугу үчүн кызматынан алынган.
"Бул иш-аракеттер кызматтан бошогон судьялар жана алардын туугандары үчүн оор экенин билебиз. Бирок алар адамдардын тагдырын чечип атканда ойлонуш керек болчу. Булар да бирөөнүн ата-энеси, баласы деп түшүнүү менен калыс чечим чыгарыш керек эле. Бирок судьялардын көпчүлүгү Ак үйдүн көрсөтмөсү менен мыйзам бузууга барышкан. Бул иш ушу менен эле токтолуп калбайт. Эл судьялардын 80-90 пайызынын ишине нааразы. Кызматтан бошотуу ошол судьялык корпуска дагы деле болсо эсиңерге келгиле, мындан кийин оңолгула, акыйкат чечим чыгарганга үйрөнгүлө, мыйзам чегинде иштөөнү баштайлы деген чакырык болсун. Бул элдин талабы", - деп жыйынтыктады Азимбек Бекназаров.
Мамат БОСТОН




  Жолугушуу

Корея "Кыргызпочтасына" кол сунууда
Жакында Транспорт жана коммуникациялар министри Эркин Исаков биздин өлкөгө расмий иш сапары менен келген кореялык делегация менен жолугушуп, баарлашты.

2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк почта байланышынын 24-конгрессинде "Кыргызчпочтасы" мамишканасынын өкүлдөрү Корея, Монголия, Казакстан биргелешкен кооперативинин мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эле. Аталган кооперативдин негизги милдеттери жана максаттары менен таанышкан соң, "Кыргызпочтасы" ага мүчө болууга даярдыгын билдирген болучу. 2009-жылы "Кыргызпочтасы" кооперативдин толук укуктуу мүчөлүгүнө кабыл алынган.
Жолугушууда чыгып сүйлөгөн "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Жусуп Тургунбаев белгилегендей, маалыматтык-телекомуникациялык технологиялар ыкчам өнүгүп жаткандыгына карабастан, республиканын калкын почта кызматы менен камсыздоодо маанилүү роль ойноодо. Анткени, почта жарандардын, өзгөчө аз камсыз болгон жана калктын социалдык жактан аялуу катмарынын баарлашуусунун бирден-бир механизми, бул болсо, республикабыздагы саясый жана экономикалык туруктуулукту сактоодогу факторлордун бири.
Ж.Тургунбаев ошондой эле, учурда республиканын почта кызматында көп жылдардан бери чогулуп калган чечиле элек маселелер кыйла экендигине токтолду. Атап айтканда, материалдык-техникалык база начар, компьютердик жабдуулар жетишсиз. Почта объектилерин оңдоп-түзөө зарылдыгы бар. Ансыз почталык жөнөтүүлөрдү акча каражаттарын сак-
тоону камсыздо кыйын.
Жолугушууда айтылгандай, кореялык тарап "Кыргызпочтасына" 6 млн. доллар жардам көрсөтмөкчү. Кореялык делегациянын максаты - Кыргызстандын почталык инфратүзүмүнүн учурдагы абалын талдоо жана аны модернизациялоо мүмкүнчүлүгүн баалоо, ошону менен бирге, Корея почтасынын маалыматташтыруу моделинин негизинде техникалык кеп-кеңеш берүү.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"