30.07.10 Кубанычбек НАЗАРОВ:
"Камбартеп" - кыргыз рухунунтүбөлүк кыймылы"
Кубанычбек Назаров- "Камбартеп" мектебинин негиздөөчүсү. Аксы районунун Каражыгач айылында туулган. Ушу, цигун менен шугулданган. Профессор Ли Ци Шен жетектеген Пекин ушу академиясынын адистеринин колунда машыгып, эл аралык квалификацияга ээ болгон.1985-жылдан бери тайцзи стили менен машыгып, өзүн- өзү рухий физикалык өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп келатат.

- Кубанычбек мырза, кытайлардын ушусу, жапондордун каратэси сыяктуу эле байыркы кыргыздардын да мушташ өнөрү болгонун азыркы муундардын көбү биле бербесе керек?
- Дюманын "Граф монте Кристо" романын окусаңыз керек, байыркы Европада королдордун, улуу даражалуу башка кишилердин жансакчыларынын бирөө-жарымы сөзсүз кытай улутунан болгон. Анткени, кытай жансакчылары аябай ишенимдүү деп эсептелген. Даостордун системасы боюнча жансакчы өзүнүн жанын толугу менен кожоюнуна арнап койгон. Ошондой канжарколдорду кытайдын императорлору кыргыздарга да чалгынга жиберишкен. Алардын төртөө-бешөө кунфунун, ушунун ыкмаларын пайдаланып, жүз, миң кишиден турган колду чаап таштаган учурлар болгон.
"Манаста" деле кытайдын канжарколдору Кырк Чоронун кантип шайын оодарганы айтылат го. Мына ушул нерсе кыргыздардын коргонуу техникасын өзгөртүп түзүүгө түрткү болгон. Аттан түшүп, жөө согушууга көнө башташат, төрт тарапка бут менен согууну -"таштаман" техникасын ойлоп табышат. Кармаш учурунда жылкынын кыймылдарын туурагандыктан бул стилди байыркы кыргыздар "Камбартебиш" деп аташкан.
Ата-бабаларыбыз бул өнөрдү тереңдетип үйрөнүш үчүн кытайдын канжарколдорун инструктор катары жалдап келишкен. "Манастагы" Алмамбет дал ошондой жалданма инструктор болушу мүмкүн. Албетте, мындай божомолго каршы болгондор чыгаар. Бирок, менин версиям ошондой. Себеби, Алмамбет кыргызга жан тарткан каракулак шер, Манастын жакын кишиси катары эсептелгени менен акыр аягына чейин кытай деп ага кандайдыр бир шек болгон.
- Суроо туулат, ошол байыркы доордо пайда болгон кытайлардын ушу, кун-фу өнөрү андан ары өнүгүп, азыркыдай бийик деңгээлге жетти. А эмне үчүн "камбартебиш" өнүкпөй, унутулуп калган?
- Унутулуп калганынын бир гана себеби бар. Биз жетимиш жыл мурда аттан түшкөнбүз. Ошол аттан түшкөндө үзүлгөн. Орус империясы бизди аттан түшүрүп алып, анан башкача сүйлөшө баштаган. Скоболевдин айткан сөзү бар. "Киргиз когда на лощаде сидит он смотрит далеко- далеко, он волен и бесстаршен. Когда пешком, он бедный человек" дейт. Ошол аттан түшкөн учурдан баштап кылымдардан бери келаткан рухий, маданий салттардын баары үзүлүп калган. Бирок ал жүрөктө, мээде, ойдо жүрө берген.
Элибиз отурукташкан менен шаардын турмушуна эми -эми гана аралашып атат.Тоодо жүрүп кыргыз сооданы, бизнести билген эмес. Ушундай абалда көтөрүлө албай жатат. Кылмыштуулук күчөп, кыздар денесин сатып атканы да ошондон. Майышып туруп калды да. Эгер өзүнө өзү ишеним пайда болсо кыргыз эли кайра улуу держава абалына келээри бышык. Тоодогу система Саякбай айткан "Манастын" ичинде турат. Ошону бүгүнкү шаарга апкелип, калаанын, цивилизациянын мыйзамына камтыш керек.
Биз табигый процесстен ажырап калганбыз да. Дух ичибизде турат, бирок кыймыл жок. Ошондуктан, духту бир жерде машыктырыш керек. Духту кыймылга алып келчү система түзүлгөн. Ал- "Камбартеп". "Камбартеп" аркылуу бүт кыргыздын духу практика жүзүндө көрүнөт. Ага жалпы эл кызыгып ээрчий баштайт. Рухий храм курулган жерде космоско жол ачылат. Ошол жерде машыккан духу күчтүү, көкүрөгү таза адамдардын арасынан лидерлер, саясатчылар чыгышы мүмкүн. Анан алар тибеттегидей ыкма менен бийликке келишет.
Тибетте тогуз лама тогуз күн медитация кылып, баарына тең аян болгондо гана анан лидерди шайлашат. Аны машыктырып, философияны окутуп туруп анан шайлашат. Дух аркылуу, илим аркылуу бермет түзүшөт. Ал жерде эч кандай саясат болбойт. Лидердин акылы, руху, ар бир клеткасы элдин гана ишин аткарат. 14-Далай ламанын "Америкада жылтыраган үйлөр, ажатканалар бар, бирок духовность жок" деп айтканы бар. Анткени, жан дүйнөнү сактап, өстүрүп, өнүктүрүп, көбөйтүш керек. Анын бир жолу катары мен Манастөр курууну сунуш кылып жатам.
Шаардын чок ортосунда Нарын рестораны эч кимге кереги жок бош эле турат. Ошону жасалгалап, Манастөргө айлантыш керек. Бул ыйык храмдын төрт жагында төрт коңгуроосу болот. Күнүгө саат он экиде коңгуроолор кагылса бүт Бишкек дүңгүрөп кетет. Аны уккандарда дух ойгонот. Жашы дебей, карысы дебей келип машыгат. Ошондо биздин оюбуз туш тарапка чачырабай бир жерге топтолот. Шаар менен тоо биригип, дух бирдиктүү болот.
Шаарда өзүбүздү аруу абалда кармап тура алабыз. Ансыз жөн эле сөз менен айта бергенде болбойт да, практика жүзүндө жасаш керек. Ар ким эле бийликке умтулуп, мансапка жеткен соң май-талкандын кызыгына кирип кетсе, анда мунун аягы болбойт. Себеп дегенде курсак күнүгө ачат, ар бир кишинин даамдуу тамак жегиси келет. Анда жаштарды ким тарбиялайт? Рухий храмсыз кыргыз эл катары жок болуп кетет.
- Демек, кыргызды прогресс-ке цивилизациянын туу чокусуна алып барчу жол өзүбүздүн эле маданиятыбызда, тарыхыбызда,каада- салттарда катылып жаткан турбайбы?
- Биз өзүбүзгө ишенбесек, өзүбүздүн пайдубалыбызга таянбасак башкаларды туурагандан эч нерсе өзгөрбөйт. Өзүбүздү сыйлап, Ата мекенди сүйүш керек. Ошондо гана оңолот. Азыр болсо Ата мекен, эл жөнүндө сөз жок. Баары эле партия түзөбүз дешет. Илгери баарын Курултай чечкен. Партия , сартиянын кереги жок. Жакыр жашасак да бактылуу жашайлы. Эл өзү ойлонуп чечиши керек. Же элди он пайыз буржуазия, элита каалагандай калчап, бийлесин, же же баарыбыз бирдей, теңдикте жашайлы. Партия түзгөндөр эмне үчүн элден сурабайт? Эгер эл макул болуп ушундай партия чындыгында эле керек десе ошондо түзө беришсин. Партия 1872- жылы Париж коммунасы учурунда пайда болгон, парламентти англичандар, президенттин институтун америкалыктар түзгөн. А алардын бизге эмне кереги бар? Нукура кыргызча, ата-бабалардан келаткан салттар менен эле жашасак болот да.
- Мушташ өнөрүнө кандайча кызыгып калдыңыз?
- Мен архитектор болуп, жыйырма жыл Ошту курдум. Сулайман тоонун үңкүрүндөгү музейди жыйырма беш жашымда баштап, Султан Ибраимовичтин колдоосунда үч жылда куруп бүттүм. Бул тармакта жыйырма жыл иштеп, бүтүндөй бир ансамблдерди курдум. Анан архитектор катары мен өз мүмкүнчүлүгүмдү толук сарптап бүттүм деген чечимге келдим да биротоло өзүмдү рухий -физикалык өркүндөтүү жагына өттүм.
Спорт менен 12 жашыман машыгып, бокс боюнча Орто Азиянын чемпиону болгом. ЖОЖдо окуп жүргөндө ушу менен машыгып, Пекин академиясынан кун -фунун мастери Ли Ци Шендин шакирти болдум. Айкидого катыштым. Кийин архитектураны таштаган соң өнөрдү тереңдетип үйрөнүү үчүн Тибетке, Түндүк Кореяга, Кытайга , Японияга бардым. Үч жыл үйдөн чыкпай отурдум. Терезеден карасам сыртта кыш, кайра дагы бир карасам жай, күз өтүп дагы кыш келип калган болот. Эгер ушу менен эле машыга берсем мен мастер боло албайт элем. Себеби ушу кытайдыкы да. Кытайда кандай гана мастерлер бар, эч качан алардан өтө албайсың. А мен колдонуп аткан система ал нукура кыргызча система. Мына, аялым менен жашап жатканыма быйыл жыйырма жыл болду. Мен "Камбартепти" баштаганымда келинчегим мөлтүрөгөн жакшынакай кыз эле. Үйлөнгөндөн бери экөөбүз тоо таштын арасында жүрөбүз. Уулумду төрт жашарынан бери машыктарам. Дал "Камбартеп" системасына. Күнүгө саат беште, кээде төрттө турам. Качан турууну космос өзү айтат. Эртең менен бир-эки саат машыкмайын мен эч жакка чыкпайм. Калган иш өзүнөн өзү болот. Себеби аң-сезимиң ачык, тунук болсо ишиң шыр кетет. Оорукчан, алсыз организмде дух болбойт. Медитациянын, духту концентрациялоонун эки жолу бар. Кыргызча жайлоодо жүргөндөй эле жакшы нерселерди ойлоп медитация кылса болот. А мен Куран менен трансмедитация кылам. Айкидонун негиздөөчүсү Морихей Уешиба транска кирип, төртүнчү измеренияга өтүп кеткен. Бир кассетасы бар. Салмагы 130 килограммдык үч сумоисттин ортосунда турат. Бир сокку менен үчөөн бир учурда оодара коёт. Көрдүңүзбү, духтун күчү менен эмнелерди гана жасаса болот.
- "Камбартепти" массалык спортко айлантса болобу?
- Кытайда ушу мамлекеттик программа катары ар бир мектепте киргизилген. А эмне үчүн бизде Манастын системасы менен аскердик өзүн өзү коргоо ыкмаларына үйрөтсөк болбойт? Биздин система кытайдыкынан ашса ашат, бирок кем калбайт. Бул үчүн атайын миниатюралык робот аттарды жасаганбыз. Керек болсо аларды ар бир мектепке, ар бир балдар бакчасына коюш керек. Ушул идея мага тынчтык бербейт. Ар бир айылда мектептер болот.
Мен алардын схемасын да чийип койгом. Эки кабаттуу боз үй. Ичинде эки ат турат. Төрүндө Саякбай отурат. Саякбайдын Манасынын коштоосунда балдар машыгып атат... Ушундай иштерди кылганда гана кыргызды дүйнөдө тааныйт, сыйлайт. А биз болсо саясат менен алекпиз. Муну менен эмнеге жетишесиң? Баарыбыз бул дүйнөдө убактылуу мейманбыз. Бири-бирибизге жаман айтпай, бири -бирибизди сыйлап жашашыбыз керек. Ошондо мен чоңмун дегендер азаят эле дагы эл жыргап жашайт эле.
Маектешкен

Жанболот Бердигулов

РЕДАКЦИЯДАН: Байыркы бабалар пайдаланган эртаймаш өнөрү "Камбартеп" системасы, анын ички сырлары, философиясы, өнүгүү эволюциясы жөнүндөгү кенен материалдарды гезитибиздин кийинки сандарынан окуй аласыздар.