30.07.10 Улуттук биримдиктин мамлекет үчүн орошон зор мааниси бар экендигин, ал эми мамлекеттин улуттар аралык карым-катнашка кылдат, астейдил мамиле жасоо керектигин кийинки мезгилде Кыргызстанда болуп өткөн окуялар айкын айгинелеп койду.
Кабарчыбыз Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бейбит Исабаев менен Казакстандагы улуттар аралык мамиле жана азыркы учурдагы кыргыз-казак алакасы жөнүндө маек курган.
Ата Мекен
Бирөө болгон соң, андагы улуттардын тагдыры бир
- Бейбит Өксүкбай уулу, Улуттук биримдик жана улуттар аралык мамилелер боюнча Казакстанда кандай иш-чаралар аткарылууда?
- Учурда Казакстан бүткүл дүйнөнү камтыган каатчылык капсалаңынан чыгып, социалдык-саясый жана экономикалык жаңылануунун жолуна түштү. Улуттар аралык жана конфессиялар аралык карым-катнаштардын туруктуулугу бул ийгиликке өбөлгө болду.
Дүйнөнүн ар кыл аймактарында улуттар аралык жана диндер аралык проблемалардын чыңалышына себеп болгон ааламдашкан кризиске чейин эле Казакстандын Президенти өлкөбүздүн Улут биримдиги доктринасын иштеп чыгууга тапшырма берген. Ошондо мамлекет башчысы: "Биз баарыбыз Казакстан - 130 улуттун өлкөсү, бизде 46 конфессия бар деп сыймыктанабыз. Калкыбыз ынтымак-ырашкердикте жашап жатат, өлкөдө туруктуулук өкүм сүрүүдө. Бирок бул - кокустан болгон бактылуулук эмес.
Бул - күндөлүк татаал эмгектин натыйжасы. Бул - менин, мамлекеттин жана бардыгыбыздын, ар бир казакстандыктын иши экендигин айтуудан уялбайм",- деген болчу.
Доктринанын долбоору Казакстан калк ассамблеясынын ХV сессиясына (2009-жылдын октябры) карата даяр болду. Сессияда мамлекет башчысы долбоорду ар тараптуу жана дыкат серептен өткөрүүнү жана аны толук иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топту түзүүнү сунуштады. "Доктринанын максаты - улутуна, динине жана саясый көз карашына карабай өлкөнүн бардык жарандарын бириктирүүчү негизги принциптерди калыптандыруу. Өлкөнүн тарыхында бул эң маңыздуу документ, бир жагынан алганда, ал элдин көз карандысыз өнүгүүсүнүн баа жеткис тажрыйбасын жалпылайт, ал эми, экинчи жактан, саясый туруктуулукту, коомдук жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиялык мыкты пайдубал болушу керек", - деп баса белгиледи Н.Назарбаев.
Доктрина долбоорунун алгачкы варианты өлкөбүздө ар кандай пикирлерди, бир катар коомдук уюмдардын кабатырлануусун жаратты, басма сөздө кеңири талкуу жүрдү. Казакстандык коомдун бардык катмарынын өкүлдөрүнүн пикирлери эске алынуу менен 500дөн ашуун сунуштар жалпыланып киргизилген долбоордун акыркы вариантын Казакстандын Президенти 2010-жылы 29-апрелде жактырганын билдирди.
- Боордош жана жакын коңшу Казакстанда болуп жаткан олуттуу окуялар кыргызстандыктарды эч качан кайдыгер калтырган эмес. Ассамблеянын ХV сессиясынан кийин кыргыз басма сөзүндө да Улуттук биримдик доктринасы тегерегинде ар кандай пикирлер айтылды. Доктрина
боюнча Казакстанда улут жоюлуп, казакстандык деген жалпы аталыш пайда болот, биздин Кыргызстанга да анын таасири тийип жүрбөсүн деген чочулоо пайда болгон.
- Доктринанын алгачкы варианттарында да улуттун жоюлуусуна жол берген пункттар болгон эмес. Жогоруда белгиленгендей, айрым мүчүлүштүктөр кеңири элдик талкуулоонун жыйынтыгында четтетилди. 20-январда Доктринанын долбоорун бышыктоо үчүн Парламент депутаттары, улуттук бирикмелердин жана коомдук уюмдардын жетекчилери кирген коомдук комиссия түзүлгөн. Анын курамында Мухтар Шаханов, Дос Көшүм сыяктуу белгилүү ишмерлер болду.
- Эми, окурмандарыбызга Доктринанын маани-мазмуну жөнүндө айтып берсеңиз.
- Доктринанын башкы идеясы - Казакстандын көз карандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттикти сактоо, казак улутун казакстандык коомдун биригүүсүнүн өзөгү катары таануу.
Казакстан Республикасынын Улут биримдиги доктринасы үч негизги жана бекем принципке негизделген. Биринчиси - ар бир жаран тагдырынын жана Ата Мекенинин би-рөө - Казакстан Республикасы экенин туюнуусу. Экинчиси - этникалык же башка да чыккан тегине, динди тутуусуна жана социалдык абалына карабай бардык жарандардын укугунун бирдейлиги жана мүмкүнчүлүктөрүнүн теңдиги. Үчүнчүсү - бириктирүүчү жана бекемдөөчү башат катары улут рухун чыңдоо жана өнүктүрүү. Биринчи кезекте бул мамлекеттик тилди колдонуунун чөйрөсүн кеңейтүүгө тиешелүү. Мамлекеттик тилди билүү, Казакстандын ар бир жаранынын парзы жана милдети, өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн аныктоочусу жана коомдук турмушка активдүү катышуучусунун өбөлгөсү болушу керек. Бул - руханий жана улуттук биримдиктин башкы көрүнүшү.
Доктрина мааниси жагынан "Казакстан Республикасынын 2020-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы" менен мазмундаш, ошондуктан ал коомду бириктирүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган кон-креттүү мыйзамдык чечимдер менен программаларды иштеп чыгууга негиз түзүп берди.
- Улут биримдиги доктринасынын турмушка ашырылышы кандай болуп жатат?
- Ушул жылдын 18-майында Казакстан Өкмөтүнүн Доктринаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын караган отуруму өткөн. Жыйынтыгында план кабыл алынды. Ал да жогоруда аталган принциптерге ылайык үч бөлүктөн турат. Биринчиси "Бир өлкө - бир тагдыр" деп аталат. Мында калктын биримдигин жана казакстандык патриотизмди бекемдөө көздөлгөн. Бул максатта Аксакалдар кеңеши жана диний темаларды чагылдыруу боюнча усулдук кеңеш түзүлүп, улуттар аралык карым-катнаштар боюнча жетектөөчү журналист-серепчилердин клубунун ишмердиги камсыз кылынат жана Дин лидерлеринин кеңешинин иш концепциясы иштелип чыкты. Элдин биримдигине коркунуч келтирүүчү кез келген аракетти болтурбоо боюнча алдын алуучу иштер күчөтүлөт.
"Теги ар кандай, мүмкүнчүлүгү бирдей" деп аталган экинчи бөлүк жашоонун бардык чөйрөлөрүндө ар бир казакстандыктын өз жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоочу социалдык жактан маанилүү программалык документтерди кабылдоо жана ишке ашыруу боюнча иш-чараларды камтыйт. Мында адам укугу жаатында аракеттенүүнүн улуттук планы, Казакстанды индустриялаштыруу картасы, айылды өнүктүрүүнүн мампрограммасы жана кайрылмандардын "Нурлуу көч" программасы, андан тышкары "Айыл жаштары" жалпы улуттук демилгеси, "Диплом менен айылга" долбоору жүзөгө ашырылат.
Ошондой эле, 2011-2015-жылдарга арналган "Дени сак Казакстан" мампрограммасын, 2010-2014-жылдары эмгек рыногун жөнгө салуу жана эмгек ресурстары менен камсыздоо программасын, илимий-усулдук иш-чаралардын комплексин, анын ичинде, улуттар аралык жана конфессиялар аралык толеранттуулук боюнча ЖОЖдор үчүн типтик программалардын долбоорун иштеп чыгуу каралган.
Доктринанын үчүнчү - "Улуттук рухтун өнүгүүсү" бөлүгүнө мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, "Маданий мурас" улуттук стратегиялык долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу, этно-маданий бирикмелердин жана мамлекеттик, улуттук тилдердеги ЖМКлардын ишмердигин колдоо боюнча иш-чаралар киргизилген. Быйыл 2011-2020-жылдары тилдердин колдонулуусу жана өнүгүүсү боюнча мамлекеттик программанын долбоору дайындалат. Казак тилинде телеканалдар түзүлүп, казак тилиндеги басма сөз каражаттарынын жана интернет-ресурстардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча чаралар кабыл алынууда.
- Президент Н.Назарбаев жыл сайын бир эле жолу жыл башында Казакстан калкына кайрылуу менен чыгып, эски жылды жыйынтыктап, Казакстан коомчулугуна жаңы жылда аткарылуучу милдеттерди тастыктап берерин билебиз. Быйылкы кайрылуусунда улуттар аралык жана диндер аралык маселелер кандай даражада көрүндү?
- Быйылкы кайрылуу мурдакылардан өзгөчө. Быйыл жаңы он жылдык башталды, анын үстүнө Казакстан ЕККУга төрагалык кылууда. Кайрылуунун "Жаңы он жылдык - жаңы экономикалык бийиктөө - Казакстандын жаңы мүмкүнчүлүктөрү" деп аталышынын өзү көп нерсени туюндуруп турат.
Бул кайрылуу биздин өлкөбүздүн алдыдагы он жылдык өнүгүүсүнүн терең ойлонулган жана чыныгы мүмкүнчүлүктөргө таянган стратегиялык программасы болуп табылат. Мамлекет башчыбыз патриотизм менен интернационализмге, эмгекти сүйүү менен акыйкаттыкка, билимдүүлүк менен гумандуулукка негизделген, ааламдашкан дүйнөгө жуурулушууга жөндөмдүү улуттук идеяны так көрсөтүп берди. "Алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруунун кепили - Казакстандын бардык улуттарынын жана коомдун бардык катмарынын биримдиги", - деп белгиледи Президент.
Бүгүнкү күндө этникалык плюрализмди камсыз кылуу - Казакстандын улуттук түзүлүшүнүн курамдаш элементинин бири. Бул багытта айтарлыктай натыйжаларга жетиштик. Улуттар аралык ынтымактын өздүк, башкаларга окшобогон казакстандык модели калыптанды.
- Улуттар аралык ынтымактын казакстандык моделинин жүзөгө ашырылуу жолдорун чечмелеп берсеңиз?
- Моделдин ишке ашырылышы төмөнкүдөй деңгээлдерден турат: концептуалдуулук; конституциялык жана саясый-укуктук; институционалдык; илимий-усулдук.
Концептуалдык деңгээлдин негизги милдеттери: социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка факторлордун өз ара байланышынын негизинде улуттар аралык ынтымакты бекемдөө; Казакстандын бардык улуттарынын өздүк традициясын сактоо үчүн шарттарды камсыздоо; өлкөнүн бардык калктарынын кызыкчылыктарын коргоо, колдоо жана көтөрмөлөө.
Конституциялык жана саясый-укуктук деңгээл Казакстандын Конституциясынын жана башка расмий документтеринин, атап айтканда "Казакстан Республикасынын жарандыгы тууралуу", "Казакстан Республикасындагы тилдер жөнүндө", "Коомдук бирикмелер жөнүндө", "Маданият жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо жана пайдалануу тууралуу" мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт. Бул деңгээлдин жаркын бир көрүнүшү 2007-жылы конституциялык реформанын алкагында Казакстандын калк ассамблеясынан (ККА) республиканын жогорку өкүлчүлүк органы Парламентке депутаттар шайланды. Ошентип, ККА Казакстан калктарынын кызыкчылыгын коргогон чыныгы жогорку ыйгарымы бар уюмга айланды.
Институционалдык деңгээл так ушул Казакстан калк ассамблеясынын белсемдүү жана натыйжалуу иштери менен камсыздалат. Ассамблеянын тутумунда 470 облустук, шаардык жана райондук уюмдарды бириктирген 22 республикалык жана аймактык улуттук-маданий борборлор иштейт. ККАнын милдеттерин аткарууда анын аймактык филиалдары Кичи ассамблеялардын орду өзгөчө.
Илимий-усулдук деңгээл улуттар аралык карым-катнаштардын абалы менен өнүгүү тенденциясына мониторингди, чакырыктар менен коркунучтарды аныктоону, фактылар боюнча талдоону жана көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууну камсыз кылат.
Учурда республикабыздын 80 этникалык жана 108 жалпы билим берүү мектептеринде 22 улуттун өкүлдөрү эне тилин окушат, 76 орто мектепте эне тили факультативдик түрдө же кружоктордо үйрөтүлөт. Улуттук кайра жаралуу мектептеринде 11 тилди үйрөнүү боюнча 29 бөлүм иштеп жатат. Мындан тышкары, Казакстан калктарынын тилдери окутула турган 170 жекшембилик тилдик борбор бар, бул жекшембилик мектептерге жыл сайын Өкмөт тарабынан 12 миллион теңге колдоо көрсөтүлөт жана жергиликтүү бюджеттен жардам берилет. Жыл сайын мамлекеттик тапшыруу аркылуу улуттар тилинде жалпы баасы 80 миң доллар турган китептер жарык көрүүдө. 19 республикалык жана аймактык улуттук гезит, радио жана телепрограммалар маалымат айдыңында иштеп жатышат. 6 улуттук театр республикалык бюджеттен каржыланууда.
Коомго ынтымак-ырашкердикти жасалма түрдө таңуулоого болбойт. Коомчулук, ар бир адам өз ынтаасы, эркин тандоосу менен бул ишке тартылышы керек.
- Бейбит Өксүкбай уулу, маегибизди эки өлкөнүн азыркы учурдагы өз ара карым-катнаштары жөнүндөгү баян менен жыйынтыктасак дейм.
- Кыргыз элинин башына түшкөн кыйынчылык эгиздин түгөйүндөй казак элин да түйшөлттү. Казакстан Кыргызстандын жазгы-талаа иштери үзгүлтүккө учурабашы үчүн 3,7 миң тонна күйүүчү-майлоочу майды гумжардам иретинде жеткирди. Мамлекет башчысынын көрсөтмөсүн Өкмөт дароо аткарып, Кыргызстанга 11,6 млн. доллар каражатты кайтарымсыз грант түрүндө бөлүү жөнүндө токтом кабыл алды. Анын алкагында зарыл азык-түлүк жана курулуш материалдары топтоштурулуп, темир жол аркылуу жөнөтүлүүгө даяр болуп калды.
Эки өлкөнүн президенттеринин Астанадагы жолугушуусунун натыйжасында Казакстан Өкмөтүнүн башчысынын биринчи орун басары Ө.Шүкеев жетектеген атайын жумушчу топ түзүлүп, алар Кыргызстандын түштүгүндөгү абал менен таанышып, эми Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча иштерге даярдык көрүүдө.
Кыргызстандын түштүгүндө жапа чеккен 50 жаш өспүрүм Жамбыл облусунун "Тау самалы" эс алуу жайында кайрымдуулук негизде эс алы-
шууда.
Алдыдагы күз мезгилинде Президент Н.Назарбаевдин демилгеси менен Алматыда ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде Кыргызстанга жардамдарды тартуу боюнча донордук конференция өтөт. Ага уюмдун 56 мамлекетине кошумча Казакстан төрагалык кылып жаткан эки чоң уюм - Шанхай кызматташтык уюмунан жана ЕврАзЭШтен жогорку даражадагы өкүлдөр чакырылууда. Жогорудагы жана бул иш чаралар Казакстан лидеринин Кыргызстанга
ырааттуу түрдө кол кабыш кылууну өзү колго алганын билдирет.
Экономикалык байланыш улантылууда. Жакында казакстандык компаниялар Кыргызстандан 2,3 млрд. кВт саат электр энергиясын сатып алуу жөнүндө келишим түзүштү.
Быйыл эки өлкөнүн ортосунда билим берүү чөйрөсүндө жакшы саамалыктар болууда. Л.Н.Гумилев атындагы Евразия университетинин ректору Б.Абдырайым баштаган делегация Ж.Баласагын атындагы КУУ жана И.Раззаков атындагы КМТУ менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшту. Жаңы окуу жылында өкмөттөр аралык келишимге ылайык Кыргызстандын жараны болгон 5 студент Казакстандын ири ЖОЖдорунда бюджеттик негизде окуй турган болду.
Эки элдин ортосундагы маданий байланыштар да үзүлүп калган жок. 25-30-майда Алматыда өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн III эл аралык театралдык фестивалында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры койгон Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизиндеги "Чыңгыз хандын ак булуту" спектакли Гран-прини жеңип алышын казак калкынын кыргыз тилиндеги чыгармаларга ынтызарлыгы, урматы деп бааласак болот.
Казак-кыргыз акын-жазуучулары жана драматургдары өз ара тыгыз кызматташып, жемиштүү иштеп жатканы салттуу достук алакабыздын белгиси.
- Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүзгө ырахмат. Казак-кыргыз байланыштарынын ширелип, бекемделишине элчи катары олуттуу салымыңызды кошуп, Сизди эки элдин достугуна данакер болот деп ишенебиз.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"