Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_9.htm on line 2


п»ї
  Бүткүл Дүйнөлүк банктын "Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү" долбоору

Азык-түлүк коопсуздугун болтурбоо аракеттери

Айыл чарба министрлигинин алдында Дүйнөлүк банк гранттык негизде каржылаган "Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү" деген долбоор 2008-жылдан бери иштөөдө. Анда жайытты пайдаланууну жакшыртуу, мал чарбасында ветеринардык кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүү, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу сыяктуу олуттуу маселелерге колдоо көрсөтүлүп, бир топ иштер аткарылып жаткандыгы тууралуу гезитибиздин мурдагы чыгарылыштарында маалымат бергенбиз. Бул жолу азык-түлүк коопсуздугун болтурбоо аракеттериндеги дыйкандарды бекер сапаттуу үрөн, жер семирткич менен камсыздап, арбын азык-түлүк өндүрүү иштеринин жүрүшүнөн кабар алмакчы болуп, Жайыл районундагы Ак-Башат айылындагы "Коомдук үрөн фондунун" иштери менен тааныштык.

Алдын-ала сүйлөшүлгөндөй Республикалык "Коомдук үрөн фонду" бирикмесинин жетекчисинин милдетин аткаруу-
чу Жакшылык Сатиев менен Бишкек-Ош жолунда
Жайыл районун көздөй жөнөдүк. "Ат жалында казан асып" дегендей Ак-Башат айылына жеткиче бирикменин иши тууралуу Жакшылык Жунусович төмөнкүлөрдү айтты.
Дыйкандардын негизги муктаждыктары камсыздалды
"Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү" долбоору 2008-жылы жайында башталды. Алгач биздин республикалык "Коомдук үрөн фонду" бирикмеси күздүк буудайдын үрөнүн элге таркатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыкты. Алты облустун айыл өкмөттөрүнө барып, алардын жер шартын, сугат суу менен камсыз болоорун, канча дыйкан канча жерге күздүк буудай себээрин, канча өлчөмдөгү үрөн талап кылынарын аныктаган монито-
ринг жүргүздүк. 32 айыл өкмөтүнө
"Коомдук үрөн фонду" (КҮФ) түзүп, ага мүчө болгон дыйкандарды чогултуп, "Коомдук үрөн фондунун" уставын ошол эл менен экинчи жолу талкуулап, алардын макулдугу менен бекитип, бир нускасын айыл өкмөтүнө, экинчи көчүрмөсүн жергиликтүү фонддун башчысына бердик.
КҮФтүн жетекчисин мүчөлөрү өздөрү шайлап, айыл өкмөтүнөн ал кишиге мүнөздөмө, кепилдик кат жазылып алынды. Долбоордун максаты элди жогорку түшүм бере турган үрөн менен камсыздоо гана экендигин, биз берген үрөн мүлктөрү болуп каларын түшүндүрдүк. Эки кап таза үрөн алсаңар, күзүндө төрт кап тазаланбаган үрөн тапшырасыңар. Аны фонддун жетекчиси тазалап, кондицияга жеткирип,
кийинки жылдын үрөнүнө кааласаңар өзүңөргө, болбосо башка дыйкандарга таркатат деп үрөн фондуна мүчө болуу шарттары менен тааныштырдык. Айыл чарба министрлигинин алдында тийиштүү адистерден атайын комиссия түзүлгөн. Ал комиссия тажрыйба участоктор сынагандан кийин жактырган үрөндүн сортторуна тендер жарыялап, утуп алгандардан Дүйнөлүк банктын каржылоосунда үрөндөрдү сатып алып, үрөн фондусуна мүчө болушкан дыйкандарга колдоо катары бекер таркаттык.
2008-жылдын июнь-июль айларында 6 облуска "Азиброш" жана "Зубков" сортундагы 350 тонна күздүк буудайдын үрөнүн, 204 тонна фосфордук жер семирткич-аммофосту 980 фермер мүчө болгон 32 коомдук үрөн фонддорун түзүп, облуска чейин долбоордун каржылоосунда жеткирип бердик.
Ал эми 2009-жылы 1291 фермердин башын бириктирген 31 жаңы КҮФ түздүк. Жаздыкка буудайдын "Интенсивдүү", "Жамин" сортторунан 200 тонна, арпанын "Нутенс-89", "Бестам" сортторунан 290 тонна, картошканын "Санте" сортунан 100 тонна, гибриддик жүгөрүдөн 2 тонна, бедеден 4 тонна үрөн жана 750 тонна селитра, 300 тонна аммофос берилди. Ага жалпы 1 млн. 603 миң АКШ доллары сарпталды.
2009-жылы күзүндө фонддон үрөн алышкан дыйкандар буудайдын күздүгүнөн гектарына 44,4 центнерден, жаздыгынан 31,7 центнерден, жаздык арпадан 29,4 центнерден түшүм алышты. 2008-жылга салыштырмалуу гектарына 13-20 центнерден көп түшүм алынган.
Ушул көрсөткүчтөрдү биз Дүйнөлүк банктын адистерине баяндама катары эсеп-кысап бердик, алар Кыргызстандын көрсөткүчү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен абдан жакшы деп таап, Америкада өтүүчү "Ярмарка Инноваций" деген программада биздин иштерди бет ачар кылып көрсөтүп, Кыргыз Өкмөтүндө "азык-түлүк коопсуздугу" программасы жакшы аткары-
лууда деп, кат жазышты. Бул алар тарабынан бизге берилген экинчи жакшы баа болду.
Үстүбүздөгү 2010-жылда малга тоютту мол жетиштүү өндүрүү жагына көңүл бөлүнүп, 24 коомдук үрөн фондусу уюштурулду. Ага мүчө болушкан 436 фермерге 81 тонна жаздык арпанын, 6 тонна беденин, 17,87 тонна эспарцеттин үрөнү берилди.
Учурда жалпы республика боюнча жүздөн ашык коомдук үрөнчүлүк фондусу иштөөдө. Жылда үрөндү 20%га көбөйтүшүп, улам жаңылары пайда болууда. Элдин чөнтөгү жука болгондуктан жогорку түшүмдүү үрөн, жер семирткичтер менен камсыздап, азык-түлүк коопсуздугун болтурбоо аракеттерин көрүүдөбүз.
Ак-Башат айылындагы кырманга келгенибизде "коомдук үрөн фондунун" башчысы Аваз Белекбаев, мүчөсү Мухабат Назаралиева фондуга тийиштүү буудайдын үрөнүнүн топтолушун текшерип жүрүшкөн экен. Таанышып, дыйканчылык иштери тууралуу сурадык.
18 тонна
буудайдын үрөнүн алдык
Аваз Белекбаев, "Ак-Башат" КҮФнүн башчысы:
- Биз 36 дыйкан үч жылдан бери үрөн, жер семирткичти долбоордун колдоосунда бекер алабыз. Алгач 2008-жылы 15 тонна үрөн алсак, быйыл мүчөлөрүбүз көбөйүп, 18 тонна урук алдык. Өткөн жылы мол түшүм алдык. Быйыл андай болбойт. Бирок, Кудайга шүгүр чыгымыбыз акталат. Былтыр 1 гектар аянтты миң сом 20 литр солярка менен чаптырып алганбыз. Азыр деле миң сом 20 литр солярка менен өндүрүп жатабыз. Бирок, мурда солярканын литрин 24 сомдон алсак, быйыл 33-35 сомдон болуп, чыгымыбыз көп болууда. Так айтканда гектар буудайды 1600 сомго комбайн салуудабыз. Өкмөт солярка жагынан жардам берсе дыйкандарга жеңил болмок. Быйыл күйүүчү май жагынан жарытылуу жардам болбоду.
Биз, дыйкандар Дүйнөлүк банкка, алар менен сүйлөшүп, жер семирткичти бекер берүүнү ишке ашырган Айыл чарба министрлигине ыраазылыгыбызды билдиребиз. Алар берген көлөмдөгү үрөндү түшүм жыйнаганда өзүбүздүн үрөн фондубузга кайтарып, кийинки жылы кайра алып колдонуп жатабыз.
Эгин орууну баштаганыбызга бир жума болду. Мына көрүп жатасыздар үрөн фондуна 5 тонна буудай келип түштү. Үрөн бүткөнгө чейин тазаланбаган 36 тонна буудайды жыйнайбыз. Себеби,18 тонна үрөн алсак, шартка ылайык тазаланбаган 36 тонна
буудай тапшырышыбыз керек. Ал кийинки жылга тазаланып, кайра урук болот.
Үрөн
берилбесе эмне кылмакпыз?
Мухабат Назаралиева, "Ак-Башат" КҮФтүн мүчөсү:
- Үч жылдан бери эл ишеним менен үрөндү алып көбөйтүшүүдө. Былтыр жакшы түшүм алдык. Быйыл революциядан кийин үрөндү алсак кандай кайтарабыз дешип, элдер коркушту. Азыр буудай орууга даяр. Чабалык десек комбайн жок. Фонддун мүчөлөрүнөн алган үрөндү кайтаруу жагын эскертсем, түшүмдүн эсебинен чаптыргын да тиешелүү үрөндү ала бер дешет. Ага бир комбайнер макул болсо болот, болбосо көпчүлүгү нак акча сурашат. Эптеп карыздап акча тапсак, ага да комбайн жок.
Биз солярканы Казакстандын чек арасынан литрин 30 сомдон алып келип жатабыз. Бүгүн бул жерде 36 сомдон сатууда. Кечээ эле 35 сомдон эле. Баасы күндөн күнгө көтөрүлүүдө. Өзүбүздүн коомгобу, айыл өкмөтүнөбү гуманитардык жардамга келген соляркадан берүү чечилсе абдан жакшы болмок.
Колдон келсе, КҮФ даныбызды чаап берсе. Азыр 36 дыйканыбыз үрөн алып, чабууга келгенде нак акчалары жок, мукурап турушат. Өзүбүздүн техникалар болгондо мындай кыйналбайт элек. Техниканы алалык десек нак акча жок. А банктардан насыя акча алалык десек, үстөгү 22 пайыз. Ага да макул болуп алып алсак, түшүм кандай алынып калат, чыгаша көп болуп, карызга олтуруп калабызбы деп андан да чоочуйбуз.
Айыл чарбасына колдоо керек
Сабыр Жанышбаев, фермер, КҮФтүн мүчөсү:
- Чарбада 19 жыл башкы зоотехник, кырманда башчы болуп иштеп жүрүп, жеке дыйкан чарба болуп бөлүндүк. Биринчи эле муктаждыгыбыз техника болду. Өзүңдө жок болгондон кийин бул жумушумду бүтүрүп бер деп жалдырап бирөөгө барсаң, ал көрүнгөн шылтоолор менен артынан ээрчитет. Айыл
банктан алгач 500 миң сомго
чейин насыя алып, өзүмдүн 2 комплекстүү сарайымды, жүздөн ашуун уюмду сатып, чет өлкөлөрдөн айыл чарба техникаларын алып келүүнү баштадым.
Айыл банкынын бир жакшы жери, алты жолу алганыңдан кийин 12 пайыздан бере баштачу. Азыр эч кандай жеңилдиги жок, 22 пайыздан түшпөйт. 5 жылда Прибалтикага жолдош балдар менен барып, жүздөн ашык германиялык чөп таңгактагыч, чөп чабуучу, ОБТлар
сыяктуу, айыл чарба техникаларын алып келдим. Мамлекет элге лизинг аркылуу бергенден эки эсеге арзан келди. Мисалы, быйыл 12 чөп таңгактагыч, 4 чөп чабуучу техника алып келдим.
Байкем экөөбүз 100 гектар жерге арпа, беде айдап, өзүбүздүн эки МТЗ-82, бир Т-40, эки чөп чаба турган "Ешка", эки чөп таңгактагыч, бир комбайн менен дыйканчылык жасоодобуз. Өзүбүз менен өзүбүз болуп жатабыз. Дыйкандарга мамлекеттен техника, үрөн, күйүүчү май, жер семирткич сыяктуулардан жеңилдетилген колдоолор болсо, мол түшүм алып, азык-түлүктүн кымбатчылыгы, жетишпестиги болбой, жакшы жашоого мүмкүнчүлүктөр бар. Жаңы бийлик, Өкмөт бул жагына көңүл бурат го деген үмүттө турабыз.
Бул жолку иш-сапарыбызда жалгыз эле жайылдык дыйкандарга эмес, абалы бирдей жалпы айыл чарбасында эмгектенгендерге колдоо керектиги сезилип турду. Дүйнөлүк банктын грантына түшүм менен кайтарса да жерди иштетүүгө үрөн берилгенине, беш пайызы гана төлөнгөн, дээрлик бекер жер семирткич таркатылганына дыйкандар
ыраазы.

Марип Тайчабаров, "Кыргыз Туусу", сүрөттөрү автордуку







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"









??.??