Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_8.htm on line 2


п»ї

  Ата Журт алкагында

"Манас" эпосун дүйнө эли жети тилде окушат
КРнын Улуттук китепканасынын директору Ж.Бакашова жакында эле дүйнөлүк электрондук китепканалардын өнөктөштүгүнүн Вашингтондо болуп өткөн кеңешмесине барып катышты.
Анда Ж.Бакашова "Манас"- кыргыз элинин маданий улуу мурасы" - деген темада доклад жасап, "Манас"-эпосу Кыргызстан тарабынан электрондук китепканага киргизилген алгачкы басылма экенин сыймыктануу менен белгиледи. Эске салсак, "Манас" www.wdl.org сайтына С.Каралаевдин кыргыз тилиндеги варианты жана С.Липкин которгон орусчасы, ошондой эле, англис котормочусу Уолтер Мей которгон англис тилиндеги варианты жайгаштырылган. Мындан сырткары, дүйнө окурмандары үчүн эпостун жети тилдеги (араб, кытай, англис, француз, орус жана испан) кыскача аннотациялар киргизилген.

Рэкет- балдардын көзү менен
Кыргызстанда "Рэкет - балдардын көзү менен" балдар кинофестивалын өткөрүү пландаштырылууда. "Наше право" коомдук фондунун маалыматы боюнча, долбоордун максаты - киноискусствонун жардамы аркылуу аталган укук бузууларга каршы мамилени жайылтуу.
Фестивалга "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин студенттери, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын 4 райондорунан жаштар борборунун активисттери катышмакчы.
Кинофорум үстүбүздөгү жылдын күзүндө өтөт. Калыстар тобунун курамына ЕККУ, "Манас" университетинин, Ички иштер министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, "Наше право" коомдук фондунун өкүлдөрү, ошондой эле республикалык белгилүү кинематографисттер кирет.

Б.Миңжылкыевди Эскерүү кечеси болот
КРнын ТИМ маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, 20-июлда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы убактылуу өкүлү У.Чыналиевдин Москвада РФ КМШ иштери боюнча Федералдык агенттигинин жетекчиси, РФ президентинин атайын өкүлү Ф.Мухаметшин менен жолугушуусунда ушул жылдын октябрь айында Санкт-Петербургда Б.Миңжыл-кыевди "Эскерүү кечесин" жана Москвада кайрымдуулук концертин өткөрүү маселеси көтөрүлүп, андан түшкөн каражатты Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүүгө жумшоо тууралуу сөз болду.
Ф.Мухаметшин көтөрүлгөн маселелерди колдой тургандыгын жана жардам берүү ниетин билдирди. Ошондой эле РФ Президенти Д.Медведевдин тапшырмасы менен Росскызматташтык Кыргызстанга башка маселелер
боюнча да жардам берүүгө даяр экендиги айтылды.

Өрт кырсыгы
Өткөн сутка ичинде республика боюнча 21 өрт кырсыгы катталды. Борбордо 8, Чүй облусунда 7, Ош облусунда 2 , Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл башкармалыгынын Эртек айылындагы 46 жаштагы Мукаш Исмаиловго тийиштүү эки бөлмөлүү үйдө өрт чыккан. Натыйжада бардык үй-мүлкү өрттөнүп кеткен. Өрт кырсыгы электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккан. Ал саат 14кө жакын өрт өчүрүүчүлөр тарабынан токтотулган. Келтирилген зыян такталууда.
Ушундай эле кырсык Ош облусунун Алай районундагы Коңур-Дөбө айыл башкармалыгынын Кара-Шоро айылында болуп, М.Абдиевдин сарайы менен кошо, 2 тонна чөбү өрттөнгөн. Саат 21.30да өрт өчүрүлгөн , өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген зыяндын көлөмү учурда такталууда.

"Харакаттын" маалыматына маданият министри жооп кылды
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын Өзбекстанда атабоого тыюу салынганы тууралуу "Харакат" менчик интернет сайты маалымдап чыккан.
Буга карата Кыргызстандын Маданият жана маалымат министри Садык Шернияз өз оюн билдирди.
"Чыңгыз Айтматов тууралуу бул маалымат Өзбекстандын расмий бийлиги тарабынан атайын тастыкталып таратылган эмес. Андыктан муну өзбек бийлигинин атынан кароо туура эмес. Бул эки элдин ынтымагын ыдыраткысы келгендердин аракети болушу мүмкүн",- дейт министр.
"Бүткүл дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын дүйнө эли менен кошо Өзбекстанда да сүйүп окушат деп ойлойм" деп кошумчалады министр.

Т.Мамытов "Кыргыз жерине" кошулбаптыр
Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов азырынча бир дагы партияга мүчө эместигин, кайсы партия менен парламенттик шайлоого баруу тууралуу чечим кабыл ала электигин билдирди. Ал "Кыргыз жери" жана башка партиялардын лидерлери менен сүйлөшүүлөргө гана катышканын, анда парламенттик шайлоону чыр-чатаксыз өткөрүү, улуттар ортосундагы биримдик, өлкөдө тынчтыкты сактоо боюнча маселелер талкууланганын кошумчалады.
Мындан эки күн мурда "Азаттыктын" кабарчысына буга чейин таратылган Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев Токон Мамытов менен алдыдагы парламенттик шайлоого "Кыргыз жери" партиясы менен баруу тууралуу сүйлөшүүлөр болгонун билдирген эле.

Жалал-Абадда кол бомба табылды
21-июлда Жалал-Абад шаарынын Пушкин-Шатманалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн милиция кызматкерлери Ф-1 маркасындагы кол бомба табышты.
Көпүрөнүн алдындагы түтүккө тыгылып калган кол бомбаны зыянсыздандыруу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, өрт өчүргүчтөр, саперлор чакырылган. Жарылууга даяр кол бомбаны тартип сактоо органдарынын кызматкерлери дароо шаар четине алып чыгып, зыянсыздандырышты.




  Аалам алкагында

"Фейсбуктан" пайдалангандар жарым миллиардга жетти
Мунун өзү жер шарындагы ар бир он төртүнчү адамдын "Facebook" интернет-ресурсунда өзүнүн катталган эсеби бар дегенди билдирет. Бул маалыматты Калифорния штатындагы Пало-Алто шаарында "Фейсбуктун" негиздөөчүсү, 26 жаштагы Марк Цукерберг жарыялады. "Facebook" 2004-жылы ишке киргизилген, төрт жылдан соң андан пайдалангандар 100 миллион кишиге жеткен, акыркы эки жылда алардын катарын 400 миллион адам толуктады.

Кытайда суу ташкын
Кытайдагы суу ташкындан 700 киши набыт болду.
Дагы үч жүздөй киши дайынсыз жоголду. Соңку он жылдан бери Кытайда мынчалык катуу суу ташкын боло элек болчу. Өзгөчө өлкөнүн Сычуан жана башка провинцияларында кыйын абал түзүлдү, жүз миңдеген турак-жайларды суу каптап калды. Табигый кырсыктын кесепетин бийликтер 20 миллиард доллардан ашты деп баалап жатышат.

АКШда экономиканын абалы морт
Бирок рецессия болушу күмөн экендигин 21-июлда кечээ конгресстеги сөзүндө Федералдык резервдер системасынын башчысы Бен Бернанке билдирди.Ал өлкөнүн экономикасы азыр "арасат маалдан" өтүп жатат деп баалады. Муну менен Бернанке АКШнын экономикасы алсызданып баратканын айтышкан инвесторлордун чочулоосун бышыктады.

Өкмөт түзүү кечеңдөөдө
Иракта 21-июлда он үч киши мерт болду.
Коопсуздук күчтөрү маалымдашкандай, Бакуба шаарында дүрмөттөлгөн машина жарылган. Байкоочулар Иракта өкмөт түзүү иши кечеңдеген сайын козголоңчулар жандана баштаганын айтышууда. Жалпы элдик шайлоо өлкөдө 7-мартта болгон, ошондон бери коалициялык өкмөт түзүү үчүн саясый күчтөр тил таба албай жатышат.

Обама тарыхый мыйзамга кол койду
Документ расмий түрдө "Уолл-Стрит реформасы жана керектөөчүлөрдү коргоо жөнүндөгү мыйзам" деп аталат. Мыйзам финансы рыногундагы кооптуу операцияларга чектөө салып, ири банктарга көзөмөл жүргүзүү механизмин түзөт. Документ конгрессте жактырылган эле. Мыйзамга кол коюп жатып, президент Барак Обама документтин башкы максаты эки жыл мурдагыдай кризисти ооздуктоодо турганын дагы бир жолу белгилеп өттү.

Кыргыз социологдорунунчабыты
11-17-июлда Швециянын Гетоборг шаарында Дүйнөлүк социологдор ассоциациясынын 17-конгресси болуп, ага 104 өлкөдөн 4900дөн ашуун илимпоздор катышты. ДСАнын аткаруу комитетинин чечими менен Кыргызстандын социологдор ассоциациясы бул мартабалуу уюмдун мүчөлүгүнө кабыл алынды. Белгилеп койчу нерсе, Кыргызстан Дүйнөлүк социологдор ассоциациясына мүчөлүккө кабыл алынган Орто Азиядагы биринчи өлкө. Бул боюнча кенен маалыматты гезитибиздин кийинки санынан окуйсуздар.

Косовонун мурдагы премьери кайра соттолот
Эл аралык трибунал Рамуш Харадинайды актаган чечимди жокко чыгарып, анын жана дагы эки адамдын ишин кайра териштирүү тууралуу өкүм чыгарды. Судьялар мурдагы процесс учурунда күбөлөргө кысым жасалган деп табышты. Харадинай учурунда Косово боштондук армиясынын командачысы болгон жана аймактын көз карандысыздыгы үчүн күрөштө аскерий кылмыштарды жасаган деп айыпталып, 2008-жылы акталган эле.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"









??.??