23.07.10 Бөдөш МАМЫРОВА:
"Акыл-эси тетик балдарыбыз
четте кара жумуш жасап жүрүшөт"
Алдын-ала маалымдалгандай, 14-июлда гезитибиздин түз байланышында ошол кезде Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Бөдөш Мамырова окурмандарыбыздын суроолоруна жооп берген эле. Ушул күндөрү Бөдөш Аманбаевна депутаттык ат салышууга катышуу үчүн кызматын өткөрүп бергени белгилүү болду. Азыр министрликти кайрадан Айгүл Рыскулова жетектөөдө. Ошол себептен аталган мекемеге байланыштуу суроолорду калтырып, Б.Мамырованын жеке өзүнө берилген суроолорго берген
жообун жарыялоону туура көрдүк.

- Бөдөш Аманбаевна, шайлоо өнөктүгү жакындап келатат, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн көбү парламенттик башкаруу жакшы экен деп кетип жатышат. Сиз дагы министрлик орунду таштап, шайлоого катышпайсызбы?
- Бул жөнүндө бүгүн-эртең билесиңер. Менин дагы, биздин пар-
тиянын дагы алдыга койгон максаты - парламенттик башкаруу жана шайлоо системасы менен элдин көйгөйүн чечүү болчу. Ошон үчүн мен дагы шайлоого катышайын деп жатам. Парламент түзүлгөнгө чейин жаңы өкмөттүн курамы бекип, мамлекеттин, элдин көйгөйүн чече турган адамдар келип иштешет. Парламент келгенден кийин туруктуу Өкмөт түзүлүп, иштей баштайт.
- Шайлоого "Ар-Намыс" партиясынан барасызбы? Бул партиянын башка партияга кошулуу ою барбы?
- Ооба, бул партиянын мүчөсү болгондон кийин ушул партия аркылуу барам. Ал эми шайлоого өз алдынча кетип жатабыз. Буюруп, парламентке келип калсак, башка партиялар менен коалиция түзүшүбүз мүмкүн.
- Кыргызстанда деле колунан иш келе турган идиректүү, билимдүү жаштар бар. Ушундай жаш муундарды атайын даярдоодон өткөрүп, саясатка аралаштырыш керек дегенге кандай көз караштасыз?
- Жаштардын саясатка аралашышын мен колдойм. Бул менин максатым. Биз жаштарды тарбиялашыбыз керек. Анткени, келечегибиз жаштарда. Эски муун кеткенде артында даярдыгы бар жаш муун болушу зарыл. Кийинки кезде жаштар керек болгон маалда гана эске алынабыз, акция бүткөндөн кийин унутулуп калабыз деп нааразы болуп жүрүшөт. Мындай болбошу абзел. Өзүңөргө белгилүү, жаңы Өкмөт жаштардын маселесин эске алуу менен жаштар министрлигин түзүп отурат. Муну менен чектелбейт болуш керек деп ойлойм. Себеби, жаштар коомубуздун ар кыл тармагында иштешет. Жергиликтүү бийликтен баштап жогорку Өкмөткө, ошол эле кезде парламентке чейин элдин маселесин чече турган, көйгөйлүү жерлерге жаштарды аралаштырыш зарыл. Советтер Союзунун бир жакшы жагы идиректүү, дээринде бар, жогорку билимдүү, мамлекеттин жүгүн мойнуна көтөрүп кете турган жаштарды байкап калса, аларды тепкич-тепкич менен даярдап отурчу. Комсомолдук, партиялык кызматтарда такшалтып, даярдап келип, кайсы жерде маанилүү иш болсо, колунан иш келе турган жаштарды ошол жерге дайындашчу. Менден кыйын, менден өткөн жаштар мага келсе, кылчайбай туруп, ордумду берет элем.
- Сиз айткандай өзгөчө айыл жеринде идиректүү жаштар акчасы жогунан окуусун уланта албай жатышат. Аларга мамлекетпи же башка уюмдарбы, жардам берип окутушса, келечекте мыкты кадр болуп чыгышат эле. Бул маселе тууралуу эмне дээр элеңиз?
- Чындыгында бул көйгөй бар. Жакшы окуган, акыл-эси тетик айылдык балдар акча каражаты жогунан окуй алышпай, аргасыздан коңшу мамлекеттерде кара жумуш же соода-сатык менен алектенип жүрүшөт. Ошол эле мезгилде татыктуу билим алышкан балдарыбыз деле Кыргызстандан татыктуу орун таппай чет мамлекеттерде иштешүүдө. Муну моюнга алышыбыз керек. Азыр баамдап жатсаңар керек, жаштарга иш бергендин ордуна бир өтүктү чечип, экинчи өтүктү кийгизгендей баягы эле өңү тааныш, "казанга кайнап, куурулуп калган" адамдар кызматка келип жатышат. Кечээки муундарга караганда мамлекеттин көйгөйүн дүйнөлүк дең-
гээлде түшүнгөн кыз-жигиттерибиз кызматка тартылбай жатат. Тилекке каршы, буга каршы күрөшүүнү аягына чыгара албай жатабыз. Бул нерсеге жалпы коомчулук, жаштар активдүү болуп чогуу күрөшсөк жакшы болот эле. Мына ушул себептен парламентке аттандым десем жаңылышпайт элем. Парламентте чечүүчү роль ойноп, көбүрөөк үн кошо аламбы деген максат менен парламентке шайлоого аттанып отурам.
- Пара алуучулуктун, коррупциянын тамырын канткенде кыркабыз?
- Өнүгүүбүзгө жолтоо болгон ушул нерсе болуп жатпайбы. Бул бардык тармагыбызды каптап кеткен жаман көрүнүш. Коррупциянын тамырын кыюунун жолу эле эч кимге пара бербөө. Пара алгандарды деле өзүбүз үйрөтөбүз, акча ж.б. беребиз. Өзүнө ишенген киши пара бербейт. Ал эми жогорку окуу жайларында окугандар баа алам деп пара бербей, билим алуу үчүн окушу керек. Мисалы, "төрткө" татыктуу окуган студент баарын жеңет. Анткени, анын билими бышык, ал чындап окуду, билимди өзүнө жуктурду. Акча берип окуган студент кандай билимге ээ болот, ал түшүнүктүү эле болуп турбайбы.
- Кайсы жердин кызысыз? Канча балаңыз бар?
- Табияты кооз Алайдын кызымын. 1974-жылдан бери Чүй боорунда жашап келатам. Эки кыз, бир уул, үч неберем бар. Балдарым окууларын бүтүп, иштеп жүрүшөт.
Окурмандардын суроолорунун негизинде даярдаган
Бермет МАТКЕРИМОВА,
Сүрөтүн тарткан
Дайырбек Мейманов,
"Кыргыз Туусу"