Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_5.htm on line 2


п»ї

  Кайчы пикир

Топчуке -кыргыз демократиясынын атасы
Топчубек Тургуналиев кээ бир чиновниктердей жакын арада эле жарк этип чыга калган саясатчы эмес. Бул инсандын кылган иштери, жасаган жумуштары көтөргөн демилгелери жаамы журтка маалым. 80-жылдардын экинчи жарымынан эле саясатка аралашып, коммунисттик диктатурага каршы күрөшкө чыгып, бул диктатурага каршы саясый ачкачылык акциясын алгачкы болуп баштап, тоталитардык системанын запкысын тартып куугунтукталып келген. Ал эми 90-жылдары элибизде биринчи болуп Кыргызстан Демократиялык Кыймылдарын негиздегендердин бири.

Бааны эл гана берет, адилеттүүлүк тарых барактарында калат дегендей демократияны өнүктүрүүгө кошкон салымын, ак эмгегин баалап эл аны "демократиянын атасы" деп келишүүдө. Анткени, Топчуке көп жылдардан бери Кыргызстандын гана эмес Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү коңшу мамлекеттердин демократтарын бириктирген Борборазиялык демократиялык конгресстин төрагасы. Демократияга кошкон салымы, саясаттагы карманган позициясы, принципиалдуулугу жана туруктуулугу үчүн ал 2002-жылдын 10-ноябрында Нью-Йоркто "Адамдын ар-намысын коргоочу" эл аралык сыйлыгын алган. Ошондой эле 2007-жылы Нобель сыйлыгынын "Тынчтык" номинациясы
боюнча Кыргызстандан көрсөтүлгөн талапкерлердин бири экени жашы-руун эмес.
Т.Тургуналиев КРнын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жетекчилик кызматка келгенден баштап бул мекемеде карапайым калктын кызыкчылыгын көздөгөн алгылыктуу иштер жасала баштады. Элибизде "кадрлар баарын чечет" деген сөз бар. Кытай элинин байыртадан калган "Шуцин" кол жазмасында "мамлекетти асыл адамдар башкарганда гана адилеттүү, жыргал заман болот" деп жазылыптыр. Ал эми мындай жыргал турмушка жетүүнү эл дайыма эңсейт. Бирок, бул аруу тилектерди ишке ашырууда чыныгы карапайм калк үчүн күйгөн, таза, патриот кадрлар керек. Манас бабабыз деле акылмандары, баатырлары, ишенимдүү чоролору болгону үчүн улуу иштерди жасаган.
Акыркы учурда, кээ бирөөлөр кыйкырып жаткандай Топчубек Тургуналиев бүгүн гана кыргыз элинин табигый байлыктарын, токой чарбасын коргоп чыркырап чыга калган жок. Буга мисал, 2006-жылы Авлетим токой чарбасынын жаңы директорунан 2000 доллар пара талап кылган дубандык жетекчилер тууралуу, атактуу ак карагайга, керемет жаңгак уюлуна суук колун салгандар жөнүндө ачык айтып, аёосуз күрөш жүргүзүп келген.
Чындыгында Кыргызстанда алкынган аткаминерлер, терсаяк төбөлдөр, былгыган бюрократтар, көп болуп, карапайым эл ага бар, буга бар деген кыйнамайга көбүрөөк кабылып жатат. Ал эми бюрократиянын шериги алдым-жуттумчулук эмеспи. Буларды жок кылуу үчүн биринчиден, бийликтегилердин өздөрү таза болуш керек. Экинчиден саясый эрк, үчүнчүдөн, шылуунчулуктун сазайын кармата турган катуу мыйзам, темирдей тартип керек. Балким жаңы жетекчинин ушул үч принципти катуу кармангандыгы, алдым-жуттумдарга каршы күрөшү кимдир бирөөлөрдүн түн уйкусун төрт бөлүп, уйку бербей жаткандыр...
Памир ИЛБИРСОВ




Топчубек токойчуларга тополоң салууда
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаевага
Экологиялык коомчулуктун кайрылуусу

Урматтуу Президент айым!
Биз, экологиялык коомчулуктун өкүлдөрү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамагенттиктин директору Т.Тургуналиевдин тескери аракеттеринин натыйжасында түзүлгөн Кыргызстандын экологиялык коопсуздугунун негизи болгон жаратылышты коргоо жана калыбына келтирүү ишиндеги кемчиликтерге терең тынчсызданып жатабыз. Кетирилип жаткан кемчиликтерди четтетүү үчүн жаратылышты коргоо ведомствосун кесипкөй жана жооптуу жетекчилик менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнү өтүнөбүз.
Биз Т.Тургуналиевде агенттиктин директорунун милдетин аткаруу үчүн зарыл сапаттардын жок экендигине ишендик. Буга анын бул кызматта иштеген үч айдын ичиндеги иш-аракеттери күбө.
Ал административдик ресурсту партиялык кызыкчылыктарга пайдаланууда. Көңүлүнө жакпагандарды иштен бошотуп, өзүнө берилген, "Эркиндик" партиясына мүчө болгон жана мүчөлүккө өткөн адамдарды кызмат орундарына дайындоодо. Ал партиялыкка мүчөлүккө алуу үчүн өзү кол койгон актай партиялык билеттерди пачкалап таратууда.
Токой чарбаларынын жогорку билимдүү директорлорун массалык түрдө кызматтан бошотуп, аларды токой ишинде билимсиз, бирок макул деп турган адамдар менен алмаштырды. Кадр "саясаты" эмгек мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлүүдө. Натыйжада ал өзүнүн авторитардуулугун, демократ эместигин, адистерге, адам укуктарына кылдат мамиле жасабагандыгын айкындап көрсөттү. Иш жүзүндө иштен бошотуунун негизинде бир да жолу ал түгүл кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн эмес.
Мамагенттиктин директорунун орун басарлык кызматтарына экология жана токой чарба проблемаларынан алыс болгон компетентсиз адамдарды дайындаган. Мисалы, директордун биринчи орун басары Рустамов Адкалык бул кызматка дайындалганга чейин болгону 1 жыл Москва районунда курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча райондук инспектор болуп иштеген. Орун басары Анарбаев Эсен Балыкчы университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Токой чарба тармагында директордун орун басары болгонго чейин 3 айга жакын убакыт гана иштеген. Бул адамдарды Мамагенттиктин коллегия мүчөлөрү дайындашкан жана алар оор кырдаалга алып келген бардык чечимдердин кабыл алынышына колдоо көрсөтүшкөн.
Жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык конвенциялар менен келишимдерди билбегендиктен, корголуучу жаратылыш аймактары мал жайыттарына айланууда. Ошол аймактарда мал жаюу электоратты мыйзамсыз сатып алганга барабар.
1) Кара-Буура коругу боюнча Кочкор-Ата, Сулуу-Арабек, Ашуу-Төр, Алтымыш-Карын ж.б. капчыгайлардагы коруктун орто аймагында мал жайылууда. Жерлер Кара-Буура районунун Көк-Сай жана Чимкент айыл округдарына мал
жайыт үчүн бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө коруктун бардык аймагында мал жайылууда.
2) Сары-Челек мамлекеттик биосфералык корук боюнча - Макмал капчыгайынын коругунун аймагында, Ири-Көл көлүнүн аймагында Кызыл-Суу айылынын жашоочулары мал жайып жүрүшөт.
3) Беш-Таш мамлекеттик улуттук жаратылыш паркында мал жайылууда.
Тургуналиевдин ал келээр замат республиканын токойлорунда карагайларды кыюунун токтогондугу жөнүндө айткандары чындыкка дал келбейт. Буга Михайловка айылынын бет маңдайындагы Каракол токой чарбасынын Жыргалаң токойчосундагы кыйылган дарактар далил.
Агенттиктин башкы бухгалтеринин ордуна ишти түшүнбөгөн өзүнүн партиясынын бухгалтерин дайындап, жеке күзөткө агенттиктин каражатынан 160 миң сом чегерген.
Т.Тургуналиевдин мындан ары Мамагенттиктин директору боло берүүсү Кыррызстандын жаратылышына, анын токойлоруна, өлкөнүн экологиялык коопсуздугуна коркунуч туудураары айкын.
Э.Шүкүров, Кыргызстандын "Алейне" экологиялык кыймылынын төрагасы, профессор, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер; И.Доматов, "БИОМ" экологиялык кыймылы; У.Мамбеталиев, көз карандысыз эколог; Е.Родина, эксперттердин коомдук "Туруктуу табият таануу" ассоциациясы; М.Беккоенов, пестициддер боюнча эл аралык уюмдун элчиси; И.Жакыпова, ОФ "Экоис"; Т.Фомина, ОО "Бигль", доцент, география илиминин кандидаты; Э.Жолдошева, "ЭлЭко" жаштар экологиялык кыймылы; А.Жумабаева, ОФ "Таалим-Форум".



1800 үй-бүлө үй-жайсыз калды
- Түштүктөгү кандуу окуялардан жабыр тарткандарга мамлекет менен бирге эле эл аралык уюмдар да жакындан жардам берип жатышат. Бирок, ошол бериле турган жардамдардын баарын бирдей тегиз, даректүү жеткирүү үчүн атайын координациялоочу борбор иштеши керек. Кээ бир маселелерди жеринде эле жөнөкөйлөтүп чечип берсе болот, - дейт КРнын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Өктөмкан Абдуллаева.
Учурда жабыр тарткандардын 1600гө жакын балдарын жайкы эс алууга жиберүү үчүн мамлекет 5 млн.
сом акчалай каражат бөлгөн. Бүгүнкү күндө 270 бала эс алуу кезегин күтүшүүдө. Анын ичинен 80 баланы 25-июлда, калганын дагы өз кезеги менен эс алууга жиберүү иш-чаралары көрүлүүдө. Мамлекет алардын лагерге жолдомосун, самолётко жол кире каражаттарын да кошо чечип берээри анык болду. Азыркы күндө турак-жайлары өрттөнгөндөр чатырларда убактылуу жашап жатышат. Ал эми азык-түлүк боюнча гуманитардык жардамдар абдан көп келип жаткандыгы анык. Мындан ары азык-түлүк өтө муктаждарга даректүү бериле турган болду. Атайын кампаларда тамак-аш азык-түлүктөрү кышка карата сакталып турууга тийиш.
- Кандуу окуялардын кесепетинен канча үй-бүлө турак жайсыз калды? - деген "Кыргыз Туусунун" кабарчысынын суроосуна Өктөмкан Абдуллаева мындайча жооп берди.
- Алдын ала эсептөөлөргө караганда түштүктөгү коогалаңдын кесепетинен жалпысынан1800 үй-бүлө турак-жайсыз калды. Бул жерде так маалыматтын жетишсиздиги да кендирди кесип жатат. Ушугу байланыштуу үйүнөн айрылган жарандардын абалын иликтөө боюнча атайын тез чара көрүүчү жумушчу тобу иштөөдө. Кимдин үйү канчалык деңгээлде жабыр тарткандыгын аныктап чыгуу зарыл. Алардын кээ биринин каралашып, жардам бере турган туугандары бар. Айрымдары биротоло тышкы жардамдан кур жалак калышууда. Ошондуктан ыкчамдуу топ баарын тез арада иликтеп чыгуулары зарыл болуп жатат. Жабыр тарткандардын айрымдары үйүн ашар жолу менен куруп алууга аракеттенип жатышса, айрымдары мамлекеттен көп кабаттуу квартираларды куруп берүүнү туура көрүп суранышууда, - деди вице-премьер-министр.
Мына ушундай бир катар маселелер түштүк аймагын турукташтыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кечээ күнү өткөрүлгөн жыйынында каралды. КРнын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Өктөмкан Абдуллаева комиссиянын мүчөлүгүнө кирген министрликтер менен ведомстволордун биринчи жетекчилери гана жыйынга катышуусун талап кылып, республика үчүн эң орчундуу бул маселеге кайдыгер карабоо маселесин катуу койду.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"









??.??