23.07.10 "Манас" эпосу - улуттук куту, көркөм бермети…
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаеванын
"Манас" эпосу китебинин бет ачар аземинде сүйлөгөн сөзү
Урматтуу мекендештер!
Ардактуу Манас Ата урпактары!
Кыргыз эли жана мамлекеттүүлүк деген түшүнүк ар бирибиз үчүн кандай ыйык, кандай кымбат болсо, айкөл Манас атабыз жана дүйнөдө эч бир эпикалык чыгарма теңдеше албаган руханий мухитибиз "Манас" эпосу да дал ошондой ыйык, дал ошондой кымбат, каны-жаныбыздан артык болуп саналат. Ушундан улам биз, кыргыз эли, "Манастай" улуу руханий наркыбыз менен ар дайым сыймыктанып келебиз. Мындай сыймыктануу, мындай улуу жана ыйык сезимге ээ болуу башка элдердин биринин бактысына да ыроолонбоптур. Адам ге-нийинин алп чыгармасы кыргыз элинин туу чокусундай миң жылдан ашуун мезгил бою ооздон-оозго, муундан-муунга өтүп, ата мурасы, улут куту катары кылым карытып келет...
Мындай рух куту, мындай улуу көркөм бермет жалгыз гана кыргыз элинин - мына сиздердин энчиңиздерге жаралган, мунун өзү залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, "байыркы кыргыз рухунун туу чокусу" саналган баа жеткис улуттук көрөңгө жана күн суктанып, жер сүйүнгөн бакыт. Анткени, анда кылымдан кылым карыткан тарыхыбыз, урпактардан урпакка өткөн улуу кыргыз тили бар. Биз, тилибиз менен дилибизди, маданиятыбыз менен тарыхыбызды "Манас" эпосунан алганбыз. Экинчиден, кыргыз улутунун улуулугу менен түбөлүктүүлүгү да дал ушул ыйык эпосубуздан башталат. "Манас" эпосу - кыргыз элинин руханий энциклопедиясы!
Манас кыргыздардын биримдигин негиздеген жана "курама кылып журт жыйнап" эр күчүндөй элдик биримдикке ширелтип, кас душман менен карасанатай калк бузарлар даай алгыс улуу журтту кураган. Ошондуктан, Манас атабыздын доорунан биздин азыркы мезгилге чейин элибиздин Улуу Түндүгү - кылым карыткан кыргыз эли жана кырк кыямат келсе да кыйрата алгыс улуттун улуу Биримдиги болуп саналат.
Манас атабыздан бери ширелип келген биримдик, ынтымак идеясы азыр да бизге өтө бийик нарк, ыйык түшүнүк. Ушул ыйык нускоону , мурасты дайыма көкүрөгүбүздө бекем сактап келсек гана биз кыргыз бабанын, Манас Атанын балдарыбыз дей алабыз! "Манас" эпосунун идеясы, мазмуну кыргыз элинин биримдигин, бир туунун, бир максаттын алдында болууга үндөп келет.
"Манас" эпосун биз кыргыз элинин кубаттуу руханий энергиясынан жаралып, нечен кылымдык дүйнө-таанымдык түшүнүктөрүн, турмуштук тажрыйбасын, кайгы-капасы менен кубаныч-сүйүнүчүн өзүндө уютуп, улут, эл, мамлекет катары нечен кылымдык тарыхый жолубузду камтыган улуттук руханий асыл нарк катары көрүп сыймыктанып келебиз. Улуттук мүнөз, үрп-адат, жашоо-турмуш, адеп-ахлак, коомдук аң-сезим "Манасыбызда" камтылып турса да, анын жалпы адамзаттык философиялык мааниси зор жана терең экендигине дүйнөлүк окурмандар тамшанып, суктанып келе жатышат.
"Манас" - көчмөн цивилизациянын кайталангыс, уникалдуу, ка-сиеттүү кубулушун, руханий уюткусун түзгөн көркөм сөз өнөрүнүн
туундусу, ал күн батыш цивилизациясынын аалам кереметтеринен эч бир кем калышпай, керек болсо бир топ өз артыкчылыгы менен
айырмаланып тургандыгы менен таң калтырат. Анткени, материалдык байлыктар, эстеликтер нечен кылымдап катып турса да, мезгил өткөн сайын ал бара-бара билинбей эскирип, "карып", өзүнүн алгачкы сапат-касиетинен ажырай баштаса, биздин эпосубуз ооздон-оозго,
муундан-муунга өтүп, нечендеген доорлорду өзүнө сиңирип, кошулуп, жаңыланып, толукталып, кемелине келип биздин күнгө жетип отурат.
"Манас" эпосу да кыргыз элинин тагдыры менен тарыхынын рухий күзгүсү. Ал дүйнөлүк адабият билермандарынын аныктамасында оозеки поэзиянын руханий океаны катары саналат. "Манас" эпосунун автору эл, ошол эл арасынан жанар тоодой атылып чыккан улуу, залкар манасчылар бу керемет чыгарманы жаны менен айтып, көкүрөгү менен сактап келди. Өткөн жүз жылдык мезгилдеги Келдибек, Акылбек, Назар, Тыныбек, Балык, Дыйканбай, Суранчы, Чоңбаш, Чоюке, Шапак, Тоголок Молдо, Багыш, Молдобасан, Мамбет, Сагымбай, Саякбай, Шаабай, Каба сыяктуу манасчылардын өнөрү азыр Уркаш Мамбета-лиев, Назаркул Сейдиракманов өңдүү манасчылар тарабынан рух салты катары уланып келет. Жаш манасчылардын жаңы мууну пайда болду.
"Манас" эпосу кыргыз элинин, айрыкча кыргыз интеллигенциясынын тагдыры менен тагдырлаш болгон. Эпосту жазып алуу, аны басуу иши өткөн кылымдын 20-жылдарынан башталат. Аны илимий жактан изилдеп, элдик адабий мурас экендигин аныктоо 30-жылдарга туш келет. Айрыкча, "Манасты" башка элдерге таанытуу жана жайылтуу иши да дал оту өчпөгөн 30-жылдарга таандык. Мындай иштин башында И.Арабаев, К.Тыныстанов, Т.Айтматов, Б.Исакеев, К.Карасаев, Т.Байжиев, З.Бектенов, Т.Саманчин өңдүү кыргыз интеллигенциясы турган.
Ал эми ошол жылдары он төрт тилде жаза алган, баш-аягы отуз тилде сүйлөгөн, дүйнөлүк даңазалуу полиглот-тилчи Евгений Поливанов "Манас" эпосуна кайрылып, орус тилине которгон. Кыргыз элинен чыккан биринчи кызыл профессор, кыргыз алфавитинин атасы Касым Тыныстановдун эпосту терең изилдөөдөгү эмгеги өтө баа жеткис.
Кыргыз эпосуна кызыгуу, изилдөө өткөн кылымдарда эле башталган. "Манас" эпосу" дүйнөлүк атактуу окумуштуулардын көңүлүн бурган, өз кезегинде илимий изилдөө иштерине В.В.Радлов, Ч.Валиханов, Э.Петери, В.В.Бартольд, Г. Алмащи, Е.Д.Поливанов жана башкалар эбегейсиз салым кошушкан. К.Тыныстанов, К.Рахматуллин, Б.Юнусалиев, З.Бектенов ж.б. окумуштууларыбыз "Манаска" бүткүл өмүрүн арнап, тагдырын берген. Ал эми А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, К.Маликов, Ч.Айтматов, Б.Жакиев өңдүү акын-жа-зуучуларыбыз эпостун жарык көрүшүнө баа жеткис салым кошкон. Манастаануу илиминин өркүндөшүнө С.Мусаев, Э.Абдылдаев, Р.Кыдырбаева, Р.Сарыпбеков, А.Жайнакова, К.Кырбашев ж.б. окумуштууларыбыз эпосту ар тараптуу изилдеп келишти.
Урматтуу замандаштар!
Бүгүн "Манас" эпосунун майрамы, кыргыз элинин маданий-адабий турмушундагы чоң жаңылык. Байыркынын Улуу сөзү - "Манас" эпосу менен анда ырдалган Манас баатыр бабабыз кайрадан биз менен бирге болуп олтурат. Залкар манасчылар Сагымбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин айтуусунда "Манас" эпосу, белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиевдин вариантында "Семетей" эпосу алгач жолу толук жарык көрдү. Айрыкча, "Манас" эпосу Сагымбай Орозбаковдун вариантында биринчи жолу түп нускасы бурмаланбай, кыскартылбай чыгарылды. Өз учурунда "Манасты" көп эле жомокчулар айтып келген. Алардын ар биринин устаттыгынан күмөн санабай, Сагымбай Орозбаковдуку башкалардын жогорку көркөмдүгү менен
айырмалана тургандыгын моюнга алабыз.
Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам анын сөз байлыгына, акындык чеберчилигине сүрөткер кудуретине жогору баа берет. Кезинде Ч.Айтматов да: "Бул бир ааламда бир жаралган уникалдуу укмуш талант", - деп айткан эле. Ошол уникалдуу укмуш таланттын "Манасы" уруксат кылынбаган архив материалы катары туура 84 жыл бою ачылбай жатты. Кыргыз маданияты менен "Манас" эпосун басып чыгаруу тарыхында Сагымбайдын 182 миң саптан турган "Манасы" биринчи жолу толук, түпнускасы бурмаланбай чыгып отурат. Бул ишти биргелешип жүзөгө ашырган Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту (директору академик Абдылдажан Акматалиев) менен "Кеңеш" коомдук бирикмесинин "Хан-Теңир" басмасына (директору Айнагүл Алымжанова) ыраазылык билдирүү керек.
Мындай демилгени "Турар" басмасы (директору Тилек Мурата-лиев) да колго алып, ХХ кылымдын Гомери аталган Саякбай Каралаевдин "Манасынын" толук вариантын биринчи жолу окурмандарга тартуулады.
Белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев биздин заманда да эпостун элдин көркөм мурас катары өмүр улашына өзүнүн татыктуу салымын кошуп келүүдө. Анын айтуусундагы "Семетей" көпчүлүктүн көөнүн бура алат деп ишенебиз.
Бирок, бул "Манас" жаатында баары чечилип бүттү дегенди билдирбейт. Ал дагы эле чети оюлбаган кенч сыяктуу жатат. Бүгүнкү күндө Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар бөлүмүндө "Манас" үчилтигинин 80ден ашуун кол жазмалары сакталып турат. Ушунун баары кыргыз элинин көөнөрбөс энчиси, эртеби-кечпи алардын жарыкка чыгуу учуру да сөзсүз келет.
Бүгүнкү мезгилде коомчулукта "Манас" эпосуна байланыштуу ар кандай сөздөр жүрүп кеткенин жакшы билесиздер. Мен "Манасты" башкалар тартып кетти, башкалар каттатып алды, кыргыздар "Манассыз" калдык деген сөздөрдү угуп, таң калып жатам. Бул жерде түшүнбөстүк болуп жаткандай. Кыргыздан "Манасты" эч ким тартып кеткен жок, тартып да ала албайт. "Манас" кыргыз элинин дүйнөлүк мураска кошкон зор салымы болуп саналат. 1995-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун 49-сессиясында чечим кабыл алынып, бүткүл дүйнө өлкөлөрү, 120 мамлекет "Манас" эпосун "Кыргыз элинин руханий дөөлөтү" деп таанып, "Манастын 1000 жылдыгын" жарыялаган! Мындан өткөн бийик баа жок!
"Манас" - улуттун жаны, Манастын тили - кыргыздын тили!
"Манас" эпосун мамлекеттик символ катары санашыбыз керек. Ал Кыргыз Республикасынын Гимни, Герби, Туусу сыяктуу эле мамлекеттин жана улуттун ыйык көркөм мурасы болуп саналат.
Мен, "Манас" эпосун мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү катары карагым келет;
Жакын арада кыргыз өкмөтүнө "Манас" эпосун сактоо жана өркүндөтүү жөнүндөгү Мамлекеттик Программаны иштеп чыгууну тапшырам.
Өкмөт эпосту өнүктүрүү жана жайылтуу жаатында тиешелүү иш-чараларды иштеп чыксын.
Өкмөт тарабынан:
биринчиден, калктын ар кандай катмарында "Манас" эпосун кеңири таратуу үчүн шарттарды түзүүгө жана чаралар көрүлүүгө
тийиш.
Экинчиден, манасчылардын аткаруучулук чеберчиликтерин өнүктүрүүгө жана алардын чыгармачылыгына мамлекеттик колдоо көрүүсү керек.
Үчүнчүдөн, "Манас" эпосунун тексттерин жана эпоско байланыштуу илимий эмгектерди басмадан чыгаруу, изилдөө иштерин жандуу жүргүзүү, чет тилдерге которуу боюнча Улуттук илимдер академиясына колдоо көрсөтүлүшү зарыл.
Төртүнчүдөн, бала бакчадан тартып мектептерге, жогорку окуу жайларына чейин "Манас" эпосун окутуу программасына киргизүү жайын Билим берүү министрлиги карап көрүшү керек.
Бешинчиден, кыргыз элинде "Миң айткандан бир көргөн артык" деген сөз бар, биз алдыбызга "Манас" эпосун экрандаштыруунун мамлекеттик амбициясын коюшубуз керек, ошондой эле эпостун жаш балдар үчүн мультфильм вариантын да тартуу зарыл.
"Манасты" жалгыз эле мамлекеттин иши деп кароого болбойт, "Манастын" алдында жалпы бардыгыбыз, ар бирибиз жоопкерчиликтебиз, милдеттүүбүз. Айкөл Манасыбыз ар кимибиздин жан дүйнөбүздө жашап турганда, манасчылардын муундары уланып турганда, кыргыз тилибиз сайрап турганда, "Манас" эпосу менен кыргыз эли түбөлүктүү экенине толук ишенем.
"Жакшы тилек - жарым ырыс" дейт эмеспи элибиз, мен эпос тууралуу сөзүмдү элибизде илгертен "Манаска" байланыштуу келаткан ишеним менен жыйынтыктагым келип турат. Байыртадан элибиз "Баарын коюп Манасты айт" деп, чачылганды жыйнаган, чабылганды түзөгөн Айкөл Манас баянын
бийик тутуп, ыйык тутуп, анын касиеттүү күчүнө ишенип, анда ар кандай кырсыктан, оору-сыркоодон, чыгашадан сактоочу, тазар-
туучу, коргоочу күч бар деп ишенип, кыйын-кысталыш учурларда манасчыларды алдырып, "Манас" айттырып, ар кандай кара күчтөрдөн, жамандыктардан арылууга, аруула-нууга аракет кылышкан учурлары болгон экен.
Мамлекетибиздин адилет, айкын, демократиялуу жолдон тайбай өнүгүшү болгон апрель окуялары жана соңку калабалуу, кайгылуу окуяларды баштан өткөргөн өлкөбүздү Манас бабабыздын улуу, ыйык руху колдоп, "тар жол, тайгак кечүүлөрдөн" мекендештерибиз, Кыргыз журту сабырдуулук, ынтымактуулук, биримдиктүүлүк менен өтүп, кыйынчылык, тоскоолдуктарды жеңип, гүлдөгөн өлкөгө айлансак экен деп тилейм.
Бар болуңуздар, Манас Атабыздын руху баарыбызды колдоп жүрсүн!